Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Күркүлдүн өткөн күнү

Максим жөнүндөгү
бардык чындык
2-бөлүк

Бакиевдер кланында орун алып жаткан мамилелер тууралуу калайык-калк ушактардан гана эмес, кечки жаңылыктардан да кабардар болуп турган. Расмий булактарда кичүү Бакиевдин өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агентствосунун жетекчиси болуп дайындалды деген маалымат жарык көргөн замат, акылман кыргызстандыктар дароо баарын эле түшүнүп коюшту: атасы уулунун туулган күнүнө карата мартабалуу белек жасап атыптыр деп (дайындоо жөнүндө жарлыкка 29-октябрда кол коюлган. Ал эми өзүнүн 32-жылдык туулган күнүн ханзаада эки күн мурун өткөргөн). Ошентип биринчи жолу мамлекеттик кызматкер боло калган баланын жаны тынч алып, атам мени улуу уулу Маратка жана Назгүл аттуу экинчи аялынан төрөлгөн кичүүсүнөн көбүрөөк жакшы көрөт экен деп калды. Башкаларга салыштырмалуу дал ушул Макс атасынын токолу жана анын балдары менен мамилеси баарынан начар болчу. Энеси, Татьяна Бакиевага кыйбастык менен мамиле жасаган Макс, атасы үй-бүлөсүн таштап, башка аял менен жөн жерден эле, никесиз жашап алууга макул болгону үчүн аны чыккынчы деп эсептеген. Максим, тажрыйбалуу бизнесмен катары, келечекти көрө билүүгө жөндөмү жетип, өзүнүн келечегинин опузасын дал ошол токолдун кичүү баласынан күтүп турган. Атасы Назгүлдөн төрөлгөн балдарга кыйбастык мамиле жасаганы көрүнүп турган, андыктан бул балдар үчүн баарына даяр болчудай көрүнгөн.

Өзүнө ишенбестик

7- апрелге чейин Кыргызстанда эң инабаттуу деп саналган адамда өзүнө ишенбестик кайдан пайда боло калды? Бул суроого жоопту анын балалыгынан издеш керек. Өзүнүн жаш чагын Максим Жалал-Абад областында өткөргөн. Казармандагы мектепти бүтүрүп, шаарга келип, аны багындырып алайын деген максаттары бар болчу. Албетте юридикалык факультеттин студентине бутуна туруш үчүн анын атасы - ал кезде Чүй областынын губернатору жардам берген. Ошол кездеги акаевдик алтын жаштарга салыштырмалуу ошол кездеги айылдык бала ким эле? Ошол кездеги Айдардын достору ээн-эркин жашап атканын көргөн Максим, кыязы өзүнө убада берген - эмнеси болсо да аларды кууп жетип, ашып өтүп жыргал турмушка жетишүүгө. Дал ушундай окуя болду деген сөзгө сизди ынандырыш үчүн мурунку ханзааданын жашоосундагы бир кызыктуу эпизодду келтирсек.

Макс менен дос болуу ал кезде кадыр-барктуу болбой тургай, коркунучтуу болчу, анткени, ал кезде атасы оппозиционер болуп турган. Ошентип Максимге Айжана аттуу кыз жагып калат. Ал факультеттин эң эле көрүнүктүүсү болчу. Көрүнүктүүсү анын сулуулугунда гана болбостон, Чүй областынын Ысык-Ата районунун акиминин кызы, жетишкен, жакшы жактан чыккандыгында да болчу. Дал ошол кыз Айдар Акаевге жакын болгондордун өзгөчө тегерегинде жүрүп, анын колуктусу Сайкал Чокубаева менен жакын дос болуп, президенттин уулунун жап-жакын досунун колуктусу болоюн деп турган кези эле. Дал ошол мезгилде казармандык бала эмнеси болсо да, кандай баа менен болсо да тиешелүү абалга жетип, ушуну менен бирге сулуу кызга жагып калайын деген максат койгон.

Бийлик үчүн баарын сатып салмак

Айжана Кененбаева бир топ жылдан кийин Макстын аялы болуп калды. Бирок, көптөн бери күткөн олжого жетер замат ханзаада тагдырга жазылган сулууга тез эле көңүлү кайтып, үлгүлүү деп аталып келген үй-бүлө башчысы көптөгөн роман жана азгырууларга туш болуп калганы билинип калат.

Кантсе да балалык комплекстерден жаралган айылдык баланын ичиндеги ич күйдүүлүк жана шектенгендик эч бир жакка жоголуп кеткен жок. Оппозициянын башчыларынын аркасынан аңдып, тыңшагандай эле өзүнүн достору жана шериктери артынан да аңдуу, тыңшоо койгон. өзүнүн курчоосуна персоналарды тандоодогу жападан жалгыз критерий - шеф менен бирге сууга да, отко да кирип кеткен, уч-кыйыры жок кошоматтык кылган жана чуу дегенде эле чуркап келген адамдарды тандаган. Дал ушул себептерден улам акыркы жылы ал бизнес боюнча негизги шериктери жана достору менен урушкан. Муну көбү билбей эле кээ бир кишилерди Максим менен байланышы дагы эле бар деп айтып жүрүшөт. Мисалы үчүн, бизнес-шериги болгон Михаиль Надель менен мамилеси эбак эле сууктап калган. Айта кетчү нерсе, Надель президенттин уулунун алдында жүгүнүүнү каалабаган, жөн гана пара берип, Максимди өзүнүн бизнесине жолотпоону каалап турган. Мындай жагдай Максимге жакпагандыктан, ал өзүнүн тегерегине башка чет элдик жараан-еврей Евгений Гуревичти тартып келген. Ал алда канча лоялдуу келип, Максимге ал уккусу келген кеңештерди берип келген.

Максимге кошоматчылыкта анын досу Арслан Темирбаев абдан жетишип келген - ал Айдардын мурунку тегерегинен чыккан да, жаңы падышасы менен бат эле иришип табышып кеткен да, "Мегаком" компаниясынын башчысынын орун басары кызматына жетишип, Андрей Силичтен кийин турган адам болгон. Белгилей кетчү нерсе, аталар Курманбек Бакиев менен Курманбек Темирбаев да жакшы мамиледе болуп: бири президент жана экинчиси анын администрациясынын иштерине башкаруучулук кылып келишкен. Бүгүнкү күндө бул адамдардын баары издөөгө алынган.

"Ханзааданын" тусовкалары

Эх, чиркин, алар кандай гана жыргап эс алып жашап келишкен! Эгерде Бишкекке капыстан эле кандайдыр бир россиялык же чет элдик эстраданын ырчысы концерт берип келип калса, анда эл - Макс эс алып жатат деп шыбырашып калышчу. Эгерде Ысык-Көлдүн жээгиндеги жолдун кыймылы токтоп калып, кымбат баалуу джип машиналарынан турган кортеж трасса менен өтүп баратса, эл билчү - жаш мураскор эс алганы баратат деп. Күчү-байлыгы бар Максимдикине ким гана конок болуп кеткен жок? Көңүл ачуу үчүн кечки чогулуш, кечки-зоокторго акча аябаган Максим, айтып кетиш керек жетим балдарга, жакыр адамдарга да жардам берип келген, бирок, бул тууралуу какшап айтпай эле жасаган.

Мындай иш-аракеттеринде да өзүн баалай албастык жана өзүнө ишенбестик байкалып келген: ал баарына акча, бийлик жана өзгөчө абал менен мурунку Айдарды ашып өткөнүн далилдегиси келген. Бирок, Акаев династиясынын ханзаадасы жазык иштерге: аракечтик, наркотик жана бузукучулукка өтө берилип кетүүсү менен белгилүү болсо, Макс бардык күч-аракети менен шаардык бала болуп көрүнүүнү каалап, өзүнүн тегерегинде кымбат ичкилик, сигара жана оюн-зоокко мода киргизип койгон. Эл арасында, Максим экстремалдуу нерселерге чеги жок, өтө берилип кеткен деген сөздөр да жүрөт. Мисалы үчүн, самолеттун штурвалында да туруп, асманга көтөрүлгөн, скутерге түшүп, тез айдаган, ок атууну да жакшы көрчү деп калышат. Бакиевдин кичүү баласы менен атасынын бир тууган агасынын ортосундагы ок атышуу тууралуу ушак-айыңдын дүңгүрөп турганы эсиңердеби?

Баса, белгилей кетчү нерсе, Макстын мүнөзүндө агрессия акыркы жылдары өзгөчө жана көзгө көрүнөөр байкала баштаган.

Анын тегерегиндегилердин көпчүлүгү шыбырашып, бир катар: кичүү Бакиев менен баарлашуу, аны менен байланыш түзүү коркунучтуу болуп баратканын айтып келишкен. Ал тинтип, аңдып, тыңшап, тил албаган досторун жазалап баштаган. Анын таарынычынын себеби тээ бала чактагы себептерге окшошуп кетчү: келбей койдуң, тигил же бул кечке кечигип келдиң, айтылган сөзгө баш ийкеп койбодуң, каяша айттың же сөз талаш-тартышына түштүң деп таарына баштады. Күн өткөн сайын абал начарлаган. Макс мамлекеттик кызматка келер замат таанылбай калганга чейин өзгөрүп кетти. Кудайга шүгүр, ушунча жылдан бери каалап келген жерге жеттим, орун басуучу болгону турам деп бир аз тынчтанып басылгандын ордуна, Макс кайдагы бир душмандарды ойлоп таап, досторун да шектенип баштаган. Надель, Елисеев, Ширшов жана башка көптөгөн достору өзүнөн-өзү четтеп кетүүгө аракет жасашкан. Анткени, Макс менен дос болуу катаал жазага алып келе турган болду. Ханзаада болсо жаман нерсе жасап коюдан корккон эмес эле…

Апрелдеги революция болбой турган болсо Макстын катуу мүнөзү кайда алып барат эле, ойлоп көрсөң коркуп кетесиң. Дагы канча деген жол-транспорт окуялары, терезеден кокустан түшүп кеткен журналисттер жөнүндө угат элек? "Мурасчы" аттуу операция ийгиликтүү ишке ашып кала турган болсо байкуш кыргыз эли эмне деген гана президентке туш болмок… Ошентип Аллах азап тарткан элине аркасын салып туруп албаптыр да…
Азиз Турсункулов
P.S. Бул маалымат Максим Бакиевдин мурунку тегерегинде болгон булактан алынган. Бул булакты мурунку ханзаада 2010-жылдагы апрель айынан кийинки окуядан кийин өзүнүн мурунку командасын таштагандай эле, таштап басып кете берген. Биздин булактын өтүнүчү боюнча, анын ысымын атабайбыз. Анын ордуна булак мындан да баалуу маалымат берүүгө убада берди.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??