Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Ар-Намысты ажыраткан Акылбек
Акылбек Жапаровду "Арнамысчылар" жек көрүп, Кулов партиясына аралаштырып алганына абдан кейип жүрөт дейт. Жапаровдун сөзү менен бир топ партиялаштарын шайлоо алдында арткы тизмеге жылдырып жиберген экен, жакында кечирим сураптыр. Акылбек Жапаров болсо өзүнчө бөлүнүп, штаб түзүп шайлоого аттанганы атыр. Партия ичин ириткен да ушул дейт. Куловду "чал, муну пенсияга кетириш керек" дегенин партиялаштары угуп алып, капа болуп жүрөт. Таласка өзүнчө партиянын төрагасынын орун басарымын деп кол коюп, координатор дайындаптыр. Ал тууралуу партиялаштары айтып арты менен күлүп, Акылбектин жоругун түгөтө албай түтөп жүрүшөт.


Соцфонд 13 млн. сом жеди
Өзгөн райондук соцфонду менен ВТЕК ортосунда мыйзамсыз иш болуп, пенсияны инвалид эместерге деле бере беришкенин жакында укук коргоочулар таап чыгышты. Көрсө, бу мамлекеттик ишканалар жең ичинен пара алып, таза адамдарды деле инвалид деп жазышып пенсия чегеришкен тура. Ошентип алкымдын айынын бу ишканалар 5 жыл ичинде мамлекеттин чөнтөгүнөн 13 млн. сомду мыйзамсыз чачышкан. Эми эсептешип отурат. Көрсө, соцфонд дегениң ушинтип акча жейт тура.


Хонду тоголото чапты
Өмүрбек Абдрахманов Бабанов боюнча комиссиянын жыйынына Валерий Хонду чакырып, Бабановду каралап бер дейт. Ал каралап бермекке келип, жыйын бүткөндө сыртка карай жөнөйт. Ошол маалда Хондун артынан бирөө келип келиштирип туруп көк желкеге бир уруп, Хон тоголонуп түшөт. Биринчи кабаттагы чакан залдын кире беришинде узунунан сулап жаткан Хонду көрө калган Асия Сасыкбаева залга жүгүрүп кирип "Хонду бирөө жыга чапты" деп айгай салып жиберет. Ошондо залда отурган Бабанов айкырып "эми муну да менден көрүп атасыңарбы. Мен залда отурам го. Ушу силердики өттү!?" деп наалып алыптыр. Имиштерге ишенсек Бабановдун жан сакчылары желкеге урганын бирөө көрүп, оозун басса да дубалдагы кулактар угуп алып, акүй ичин аралап жүрөт. Ошентип Хондун токмок жегени хохма болду.


"Аңкылдаган" Абдракманов, "кыңкылдаган" КТР
Кыргыздын улуу мурасы болгон Манасты бандитке, Рысбекке теңеп, теңирден тескери сүйлөйм деп калың элдин каарына калган Өмүрбек Абдракманов кирер жерин таппай, ар кай жерде "аңкылдап" өзүнүн атын таппай жүрү. Кызыгы бу Өмүкең өлөсөлүү неме тура. "Бети бет экен десе бетон тура" дегендей эле болду. Редакцияга келгенде "мени Бабанов өлтүргөнү атат. Макалага заказ кылган да ушу" деп оозу-мурду кыйшайбай туруп айткан эле. Анан телерадио алдында сүйлөгөндө, Бабановду мындай пастыка барбайт деп өлө мактап, гезиттеги макаланы жалганга чыгарганга жан далбас урду. Буга КТР жан тартып, депутатка сөз берип, биздин гезиттин кызматкеринин сөзүн кырка чапты. Бул маалыматты таркаткан "Асман пресс" гезити экенин да жашырып, "кайсы бир басылма деп" "кыңкылдап" тергеп тим болду. Тастыктап коелу, гезитке чыккан макаланын чындыгы бар. Өмүкеңдин ойду-тоону айтып иймей жагы бар экенин аны билгендер билет. "Асман пресс" гезитин жалган маалымат таратты" деп жалган айтканы үчүн Абдрахмановду биз да сотко берүүгө камынып турабыз. Баса, бир жакту маалымат берген КТРди да (эгер бизге сөз бербесе) буга кошоктойбуз. Эй, КТР чоңдордун сөзүн сүйлөп баягындай сазга батып, балчыкта жата бербей коомдук экениңерди далилдеп так маалымат бербейсиңерби. Көралбастын да, бөлгөндүн да чеги болот.




 7-кабатка жеткенден кийин

Анарбек Калматов, ЖК депутаты:
"Батыровду издеген жан жок"
- Июндагы болуп өткөн Ош окуясын Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия аягына чыгарабы. Эл аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыгы эмне болду?
- Эл аралык комиссияны Жогорку Кеңеш түзгөн эмес, өлкө башчысы чакырган комиссия. Ал чечимин чыгарды, көп нерселери чындыкка жатпайт. Ошон үчүн мен Жогорку Кеңештин отурумунда ошол комиссияны угуп туруп, карап чыксак деген сунуш айттым. Анткени, алар бир эле жерин талкуулап атат. Кыргызстанды "Республика Кыргызстан" деп өзгөртсүн деп мамлекеттин ички саясатына аралашып атышат. Алар Ош окуясына келген, Ош боюнча сөзүн айтып кетиши керек болчу.
- Жогорку Кеңештин комиссиясы кандай чечим чыгарды?
- Комиссия чечимин Жогорку Кеңешке бердик. Ал жерде күнөөлү адамдар бар, аны азыр айтпай турайын, маселе талкууга койулуп өткөндөн кийин белгилүү болот.
- Окуяга күнөлү деп табылган Кадыржан Батыровду сыртынан соттошту, ошол туурабы. Эмне аларды кармап келип жоопко тартканга шарт, мүмкүнчүлүк жокпу?
- Ал кишини тапканга эч ким деле аракет кылган жок. 1 жыл болуп баратат, укук коргоо органдарынын чабалдыгынан эч ким кармалып, бириси да жоопко тартылган жок.
- Эл аралык байланыштар менен качкан кылмышкерлерди кармаганга болбойт беле?
- Көп мамлекеттер менен укук жактан мамиле болуш тууралуу чечимдер жок. Интерпол деген бар, ошол аркылуу издеп таап, жакшы жумуш аткарса болот эле.
Азыр издеп атабыз дешүүдө, жыйынтык чыкпагандан кийин эмне дейбиз? Батыровду сыртынан соттомоктон эмне кылса дагы эл ыраазы болбойт.
(Уландысы 7-бетте)




Өмүрбек Абдрахманов жалгыз калды
"Атамекен" фракциясынын тең төрагасы Өмүрбек Абдрахманов ичкен кудугуна түкүргөн партиялашы Байболовдун "беш өрдөгүн" чын көрүп, экинчи жолу депутаттык топ түзгөн. Иликтөө ишин комитеттер карай электе эле, өзү даярдаган жыйынтыктарды Ө.Бабанов массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат жайылтып жиберген. Бул иш боюнча Ө.Абдрахманов жетектеген депутаттык топтун башка депутаттары ага каршы кайрылуу жасашты. Себеби, өз алдынча түзүлгөн депутаттык топтун төрагасы болуп туруп, аларга бир да жолу комитеттик чогулуш өткөн эмес экен. Ал биздин депутаттык топтун атын пайдаланып, элге туура эмес маалымат берип коомдун башын айлантууда, дейт депутаттык топтун мүчөлөрү З.Жоошбеков, А.Алтыбаев, Э.Обдунов, Б.Жетигеновдор.
Депутаттык топту жетектеген Ө.Абдрахмановдун өзүм билемдик жүрүш турушу менен депутаттык топтун беделине доо кетиргендиги үчүн жана биздин шайлоочуларга жалпы Жогорку Кеңештин кадыр баркын түшүргөндүгү үчүн таризинде Жогорку Кеңештин Төрагасына кайрылуу жасашты.
Жок жерден депутаттык топ түзө калган Ө. Абдырахманов эмне кылаарын билбей калып, Ө.Бабановго кийинки "кара пиар" оюнун уюштуруп, Ө.Бабанов менен М.Бакиевдин сөздөрү деп, ар жерде сүйлөнгөн сөздөрдү кесип бириктирип, сүйлөштү кылганга аракет кылган баш аламан аудио материалдын текстин интернетке тараттырды. Бул ишти жасаган Өмүрбек Абдрахмановдун жардамчысы Урмат Иманалиев экени билинип калды.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгында, депутаттык комиссия бүт ага коюлган күнөөлөр боюнча күнөөсү жок экендигин аныктап чыкты. Мындай маалыматты "Республика" фракциясынын депутаты Элмурат Обдунов билдирген справканы депутаттарга таратып берип, комиеттердин биргелешкен жыйынында Бабановдун эч кандай күнөөсү жок деген чечимге көпчүлүк депутаттар добуш беришти.
"Жер, мүлк, компаниялар боюнча бир да ага коюлган күнөөлөрү далилденген жок", - дейт Обдунов.
Өзү жетектеген депутаттык топту алдап, алардын макулдугу жок жарыялап жиберген туура эмес маалыматтары үчүн Ө.Бабановдон кечирим сурайбы же жардамчылары аркылуу "кара пиар" уюштурганы жатабы, өзүнүн жигиттик абийрине койдук.
"Асман пресс"




  Маалым-ат

Депутаттык комиссия Ө.Бабановго коюлган күнөөлөр далилденген жок деп тыянак чыгарды
Баракелде - Ө.Бабановдун ишмердүүлүгүн, мүлкүн текшерген депутаттык комиссия бүт ага коюлган күнөөлөр боюнча күнөөсү жок экендигин аныктап чыкты. Мындай маалыматты "Республика" фракциясынын депутаты Элмурат Обдунов Жогорку Кеңештин Бюджет жана каршы боюнча комитеттин жана Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитеттин биргелешкен жыйынында билдирди.
"Жер, мүлк, компаниялар боюнча бир да ага коюлган күнөөлөрү далилденген жок", - дейт Обдунов.
Булак : Баракелде
Ө.Бабанов: В.Хон дагы мага карата айткан сөздөрү үчүн жоопко тартылышы керек
Баракелде - Бүгүнкү эки комитеттин биргелешекен жыйыны аяктагандан кийин 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эки комитет депутат Обдуновдун комиссиясынын жыйынтыгын эске алабыз деген чечим чыгарышты, деп билдирди.
Ал эми В.Хон боюнча ал бул маалда жыйындар залында отурганын жана кол салуу кандай болгонун көрбөгөнүн, эч нерсе билбегенин айтты. "Бирок Хон дагы мага карата айткан сөздөрү үчүн жооп бериши керек, анткени менин абройума шек келтирип жатат. Мен бул тууралуу сотко берем", - деди Бабанов.
Ө.Бабанов ошондой эле Максим Бакиев менен болгон сүйлөшүү тууралуу айтып жатып, муну жөн гана монтаждалган саясий заказ экенин белгиледи.
Булак: Баракелде
Ө.Бабанов: Байпак, ич кийимиме чейин текшерип чыктыңар, башка чиновниктерди да ушинтип текшересиңер деп ишенем
Баракелде - Кыргызстандын 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйынында сөз сүйлөп, парламентте түзүлгөн комиссияларга ячейкалар боюнча жана УКМК тууралуу билдирүүлөр тууралуу да текшерүү тапшырмасын берилгенин, бирок комиссия анын гана ишмердүүлүгүн текшерип, башкасын карабаганын айтты.
"Бул маселенин саясий жагы гана көрүнүп турат. Азыр кырдаал өзгөрдү, бизде эркиндик бар, ошону сактап калышыбыз керек. Депутаттык комиссия же Жогорку Кеңеш - бир адамды күнөөлөп, ага чечим чыгарган сот органы эмес. Носки, трусыга чейин текшерип чыктыңар, башка чиновниктерди да ушинтип текшересиңер деп ишенем", - деди Ө.Бабанов.
Ал ошондой эле анда эки паспорт (Казакстан жана Кыргызстандын) болгонун жана эч качан казак жараны болгусу келбегенин айтты. Мындан тышкары, ал "Манас Интернешнл Сервиске" да тиешеси жоктугун айтты.
"Мени колдогон, мага карата башка ойдо болгон, каршы адамдардын баарын убакыт бөлүп иштегенине ыраазычылык билдирем, күнөөм болсо, мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын", - деди Ө.Бабанов.
Булак : Баракелде








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??