Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Тележүз

""Толуктугуман балетке барбай калгам"
- Сулуу кызыбыз кайсыл жерлик болот болду экен?
- Жумгал районунун Чаек кыштагынан болом. О. Ногойбаев атындагы орто мектепти аяктагам. Улуттук университетинин орус филология факультетин бүтүргөн соң 2 жыл журналистиканы окугам. Журналистикада калем курч болуш үчүн маалыматың, билимиң ар тараптуу болушу зарыл деп илимдер академиясына "Саясат таануу" боюнча аспирантурага тапшырдым. Буйруса экинчи курсту бүтүп жатам.
- Жүрөгүңдү ээлеген адамың барбы?
- Азырынча жок. Турмушка чыгууга кеч болуп бара жатат деп да коркпойм. Бул дүйнөдө нике кайып жана ажал кайып деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай качан нике кайып болгон күнү турмушка чыгам деп ишенем.
- Жигиттердеги баалаган сапаттарың?
- Жөнөкөй, чынчыл, намыскөйлөр жагат. Жигиттерди улутуна карап бөлбөйм. Буга чейин сүйлөшкөн орус, пакистан, америкалык дос мырзаларым болгон. Кыздар айтып жүрүшпөйбү башка улуттун менталитети бөлөк турмушка чыгуу кыйын деп. Бирок, маңдайыма жазса, тоскоолдуктарга карабайт болчумун.
- Башка улуттун жигиттери менен дос болуп жүрөт экенсиң канча тил билесиң?
- Эне тилим, орусча эркин, ал эми англис тилин жакшы сүйлөйм десем болот.
- КТРге кириш үчүн ар дайым акчаң же "крышаң"болуш керек деп айтышат. Сен кандай жол менен алпаруучулукка келип калдың?
- Чындыгында крышам жок аябай кыйналдым. "Таанышың болсо танкасың, таанышың жок маңкасың"- деп коёт эмеспи. Кастингден калбай катышып жүргөн күндөрү белгилүү бир адам "айылдан келген жөнөкөй кыздардан эч качан журналист чыкпайт" -деп менин намысымды ойготкон. Ал таарынтып алам деп деле ойлогон эмес бирок, ошол сөз жүрөгүмө абдан катуу тийгендиктенби ошол мүнөттөрдөн баштап аракет кылдым. Акыры кастингден өтүп кеттим. Биринчи КТРдеги "Түнкү каналдан " теленин ашканасы менен таанышсам, кийин замана студиясына тандалып алынып, эки-үч айдан соң эфирге чыга баштадым.
- Кайда барып эс алганды жакшы көрөсүң?
- Театрга абдан жакынмын. Азыр операга, балетке көп адамдар барбай калды. Ал жерге кирген адамдын жан дүйнөсү тазарып, эс алып чыгат.
- Атыңды ким койгон?
- Төрөлгөндө таенем атымды Сайкал деп коюптур. Ал кезде атам командировкада экен. Атам келип, Сайкал деген атка макул болбой Саната деп алмаштырыптыр. Негизинен музыкалык термин "соната" деген сөздөн алынган. Кыргызчалап Саната болуп калган. Атам бизди чыгармачылык чөйрөгө жакын болуп чоңойушсун дечү окшойт. Кичинебизде эжемди балетке берип, менин толуктугума байланыштуу ал жакка бере албай калышкан. Жети жашымдан баштап музыкалык мектепке фортепиано курсуна берген. Ал жактан жети жыл окудум. Бары бир жөндөмдүүлүк кызыгуу деген болбогондон кийин ата-эненин каалосу бир башка, өзүмдүм каалоом башка болуп чыкты. Фортепионону бүтүргөнүм менен профессионал музыка чөйрөсүнө аттанган жокмун. Азыр жөн гана билимдүү адам катары музыка чөйрөсүн жакшы түшүнөм, угам жактырам.
- Чыгармачыл адамдар жаратылышка жакын болот го, сен бул жагынан кандайсың?
- Айылдагы үйүбүз дачада жайгашканына байланыштуубу табигатка жакын өскөм. Жайкысын жайлоого барып уй, кой кайтарчумун. Талаага чыгып картошка чаап, отоп кыскасы ата-энем эмне кылса ошонун барына жардам берчүмүн. Үйдө эркектин жумушун көп жасадым. Мүнөзүм эркектикине окшош болгондон уламбы чөп чөмөлөп атамдын оң колу болчумун.
- Жумгалдын жигиттери көрбөй жүргөн турбайбы?
- Сегиз жылдан бери Чаектик жигиттер тааныбай деле калса керек. Азыр эле кээ бирөөлөр теледен көрүп бизден бүткөн деп калышпаса көпчүлүгү билбейт деле.
- Чыгармачылыгыңа жардамдашкан адамдар кимдер?
- "Замана" студиясынын жетекчилигине ыраазымын. Анткени, эфирге чыккан сайын жетишпеген сапаттардын барын айтып, оңдоп турушат. Азыр илимий диссертациям менен алек болуп жаткандыктан социолог, окумуштуу Гүлнара Ибраева эжеге көп кайрылам. Ал эже жеке жашоомдо болобу же илимий жолумда болобу кыйынчылыкка учурасам ар дайым убактысын бөлүп жардамын берип келет. Ал эженин баскан турганы, сүйлөгөн сөзү кийингени жаштарга үлгү болгудай сапаттарга ээ десем жаңылышпайм.
- Өзгөгө жакпаган адаттарың барбы?
- Абдан жөнөкөймүн (беш тыйындай). Курбу кыздарым кичине өзүңдү барктап, баалап койсоң боло тиги менен деле, бул менен деле сүйлөшө бересиң дешет. Бул мүнөзүм өзүмө абдан жагат, жакшы сапаттарымдын бири. Жашоомдун акыркы мүнөттөрүнө чейин жөнөкөйлүгүм сакталып калса экен деп тилейм.
Назгүл ЭСЕНГУЛОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??