Аркадаш

Садык Коку, "Биринчи кадам" фондунун төрагасы:
"Кыргызча сүйлөбөгөндөргө жаным чыгат"
Садык Коку түрк улутунан. Бир топ жылдан бери Кыргызстанда кайрымдуулук иши менен алектенип жүрөт. Учурда "Биринчи кадам" фондун жетектеп келет. Кызыгы кыргыз тилин сүйлөгөндө тилин жутуп калган кээ бир мекендештерден төөлүк өйдө сүйлөп, тарыхты суудай билет. Өзүнүн кабинетинде да жалаң кыргыздын колдонгон буюмдары, желек, калпактар турат… Өзгөлөр ошентип аткандан кийин, өз тилин билбеген өздөргө не демек элек…


- Кыргызстанга келип, балдарга кайрымдуулук кылып, жакшы саамалык кылып атасыз. Эмне максаттарыңыз бар? Кандайдыр бир кызыкчылыктар болуп жүрбөсүн?
- Көпчүлүгү ойлойт, түрктөштүрү саясаты барбы деп. Түрктөштүрү саясатына келсек, баары бир кыргыздар түрк, түрктөр кыргыз, эгиз эл. Эки улут бир-биринен бөлөк эмес. Баарыбыз эле түрк атанын балдары болгондон кийин кыргыздар түрктөштү, түрктөр кыргыздашты десек жарашпайт. Мисалы, Ысык-Көлдүн бир бурчу менен экинчи бурчунан суу алгандай, баарыбыз бир эле элбиз. Ошондуктан биздин саясатта түрктөштүрү саясаты жок.
- Анда кандай кызыкчылыктар бар?
- Сооп деген бар, жетим жесир, жарды-жалчыларга көмөк кылса адамгерчиликтин, мусулманчылыктын парзы. Тарыхтагы кыргыздардын түрктөргө канчалаган жакшылыктарын, берген жардамын унуткан жокпуз. Осмон империясы 1-дүйнөлүк согушта кыйналып турганда кыргыздардан көп жардамдар келген. Шабдан баатыр атабыз 3 миң алтын жиберип, Осмон империясынын падышасынын ыраазычылыгын алган. Андан тышкары көптөгөн жакшылыктарын санап бүтө албайбыз. Мурда кыргыздар бизге көп көмөк берген, бүгүн кезек бизде. Кыргызстан азырынча экономикалык жактан аксап турат, бул деле убактылуу. Кудай буюрса алдыда Кыргызстандын келечеги жарык экени көрүнүп турат. Болгону бизде бир гана максат, тууган, бир боор элбиз. Адамгерчилигибизди туугандык сезимибизди көрсөтөлү деген ой. Окшоштугубуз тилибиз, дилибиз, динибиз. Биз да меймандоспуз, кыргыздар да меймандос, конок келсе кубанат. Анан кыйкым таппай эле койгон жакшы. Кыргыздын өзүнүн каада-салты өзүнө жетет. Кыргыздын сонун маданияты, уңгусу бар, түрктөрдүкүн алып келип кереги жок.
- Сиздердин фонд дагы кандай иш-чаралар менен алектенет?
- Материалдык, моралдык жактан көмөк кылып келебиз. "Алтын уя" балдар үйү бар. Андан тышкары Токмок, Ош, Жалал-Абадда дагы балдар үйүбүз, филиалдарыбыз бар. Билим берүү жаатында министрлик, дин комитети менен иштейбиз. Анткени, азыр ар кандай багытта окутуулар болуп, балдарды туура эмес багытка же бир мамлекеттин миссиясын аткара турган кылып тарбиялап атпайбы.
- Канча бала тарбияланып, билим алып атат?
- Мекемеде 100гө жакын бала, ал эми Кыргызстан боюнча 500дөй бала бар. Андан тышкары колледж, институттарыбыз билим берет. Балдарды бай, кедей дебейбиз. Жагдайы болбосо өзүбүз карап, окутуп, кийим кечесинен бери камсыздайбыз. Жардамга муктаждарына стипендия беребиз. Максатыбыз жагдайы жокторго жардам кылып, жагдайы барлар менен бир деңгээлде жарыштырыш. Баңги заттардан оолак, арактан алыс болуп тарбияланса, биздин тилек орундалат. Улуттун уңгусу бузулуп, баласы атасын сыйлабай атат. Ата-энеси жок, жетим, жарым жетим 35 миңдей бала бар экен. Аларды көздүн сыртында калтырбай, жакшы тарбия бериш керек. Акыркы убактарда оорунун түрү күчөп кетти. Эмне үчүн? Себеби, биз кыргыз ата-бабаларыбыздан калган улуу салтты, баалуулуктарыбызды сактабай, башка элдин көз карашын ээрчип калганыбызда. Ошон үчүн биз кыргыздын тарыхына кайрылып, нарк-насилдерибизди кайрып келели деп атабыз.
- Алдыда кандай максаттар бар?
- Келечекте Кыргызстандын көп аймактарына ачуу пландар бар. Өлкөбүздө ата-эне мээримине зар болгондор ээн өспөй, тарбия алып, мекен, кыргыз, намыс деген ыйык сезимди билип чоңойушу керек. Анткени, кыргыздар өз тилин сыйлабай калышты. Базарга барып "канча сом" десең, "пятьдесят сом" десе жаным чыгып кетет. Орус тилин билген да жакшы, бирок кыргыз өз тилинде айтса, бул оброй! Кыргызстанда кыргыз тилин биз колдонбосок, ким колдонот же сырттан бирөө келип кыргыз тилин көтөрөбү?!
Дайырбек Орунбеков