Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Оо, спорт

"Таэквандо - жашоом, келечегим"
Жакында эле Кожомкул атындагы спорт сарайында таэквандо боюнча республикалык мелдеш өттү. Мелдешке республикабыздын булуң-бурчунан спортчулар катышып мыкты чеберчилик көргөзүштү. Кыздар арасында 58-64кг салмакта алдына камчы салдырбаган Жылдыз Бектурова биринчиликти багындырды. Кара курдун ээси Жылдызды жеңиши менен куттуктап кепке тарттык.


Жылдыз тууралуу:
Туулган жылы: 1995-жыл, 15-декабрь
Кичи мекени: Чоң Кемин
Бою: 172 см
Салмагы: 56 кг
Окуган жери: №10 орто мектептин 9-классынын окуучусу
Жакшы көргөн сабагы: физкультура, география
Жактырып жегени: Куурдак, беш бармак
Кумири: Машыктыруучусу
Жактырган гүлү: Кызыл роза
Фобиясы: Жылан
Машыктыруучусу: Нозадзе Тимури
Адамда балаган сапаты: Жан дүйнөнүн тазалыгы
Ачуусу келгенде: Мушташып кетет

- Спорттун бул түрүн эмне себептен тандап алдың?
- Таэквандого 10 жашыман келгем. Кичине кезимен эле көчөдөгү балдар менен урушуп жүрчүмүн. Спорт сарайына атамды ээрчип волейбол көргөнү кирип калдым. Ал учурда таэквандо боюнча машыгуу болуп жатыптыр. Көрдүм да дароо жактырдым. Таэквандого катышам дегенимди атам да колдоп, келип калдым.
- Балдар менен урушканың эсиңде жакшы эле калса керек?
- Кичине кезимде короодогу балдар менен мушташып эле жүрчүмүн. Алардын чүкөсүн тээп кетип, аларды сабап коюп, кээде көзүм көгөрүп таяк жеп келчүмүн.
- Азыр деле балдар менен мушташасыңбы?
- Азыр жок, классттан деле балдар коркуп калышкан, тийишишпейт. Мурун бир баланын көзүн көгөртө чаап койгом. Андан кийин урушпай калдым.
- Кыздар мененчи?
- Кыздар менен такыр урушпайм.
- Кыргызстандын канча жолку чемпионусуң?
- Төртүнчү жолку чемпиону болуп атам.
- Чет өлкөлөргө чыгып жүрөсүңбү?
- Казакстанга барып жүрөм. Ал жактан да бир катар жеңиштерге жетишкем. Коңшу өлкөдөн сырткары чыга элекмин. Чет жакка чыгуу үчүн каражат, демөөрчү керек.
- Эгерде казактар чакырса кетесиңби?
- Жок эч качан кетпейм. Мен кыргызмын.
- Спорттогу атаандашың ким?
- Оксана.
- Жеңип келесиңби же…
- Үчүнчү ирет жеңип атам.
- Биринчи мушташың эсиңдеби?
- Албетте, биринчи чыкканда коркосуң, толкунданасың. Мен биринчи чыкканымда эле экинчи орунду алгам. Финалга чыгып, бирок финалда утулуп калгам.
- Утулуп калган учуруңда кандай сезимде болосуң?
- Кийинки чыкканда утканга аракет кылам. Машыгып даярданам.
- Үйдөгүлөрүң спортко келишиңе каршы болбойбу?
- Жок, тескерисинче атам такай жанымда болот. Кээде апам да келем дейт. Бирок, мен келтиргим келбейт. Келгенде мени көрүп жүрөгү ооруйт. Андан көрө үйдө эле отурсун дейм.
- Таэквандо сен үчүн?
- Таэквандо - жашоом, келечегим.
- Мектепте кандай карашат?
- Бардыгы мелдеш учурунда жеңилдиктерди кылышат. Өзүм деле "4", "5" деген бааларга окуйм.
- Келечекте кандай болот, спорт менен каласыңбы же башка кесипти тандайсыңбы?
- Спортту таштабайм, кийинчерээк машыктыруучу болсом дейм. Аны менен катар юридикалык факультетке тапшырсам деген оюм бар.
- Спорттогу айымдардын мүнөзү катаал болот. Сеникичи?
- Мүнөзүм, кыялым эркектикиндей.
- Үйдө эркек балдар менен өскөнсүң го?
- Жок, үйдө эркек менминда.
- Апаңа караганда атаңа жакын окшойсуң?
- Ооба. Бирок, апама деле жакынмын.


Мээрим Айталиева









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??