Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Айбан

3 жашар кызды зордуктаган Тимур
4 жыл мурун Түп районунун айылында 3 жашар кыз Алинаны 29 жаштагы жигит зордуктоого аракет кылган. Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышып, кылмышкердин ысымы Тимур экенин аныкташат. Опер-топ айылды түрө кыдырышат. Бирок, тиги кылмышкер мурда соттолгондугуна байланыштуу, кылмыш чөйрөсүндө тажрыйбасы бар адам, изин суутуп качып кеткенге үлгүргөн. Жогорудагы кылмышкерге кылмыш иши козголуп, мурда кийин жашаган үйлөрү, батирлери текшерилип, дос, тууган, кошуна бүт суралышып өз убагында эч кандай жыйынтык чыкпай койгон. Акырында 3 жаштагы кызды зодуктоого аракет кылган айбан Кыргызстанды таштап кетти деген жыйынтыкка келишип, эл аралык иликтөө жарыяланат.
Жабыркаган кичинекей Алинанын ата-энесинин көз жашын көргөн милиция кыматкерлеринин ичтери ачышып, кайгыларын тең бөлүшүп, айбанды издеп таап, темир тордун аркасына тыгабыз деп убада кылышат. Атайын бул иш менен жүрүшкөн ыкчам кызматкерлер издөө учурунда күч-кубат, акчаларын коротушуп, чекесинен тер агызып күн-түн үй бетин көрүшпөй, ар кайсыл жерде конуп түнөп, ушул кылмыштын бетин ачсак экен деп жүрүшкөнү аз келгенсип, жетечилерден кагуу жеп далай жолу "сөгүш" алышат. Ошентип билинбей арадан бакыйган 4 жыл өтөт. Милиция кызматкерлери кылмышкер Бишкек шаарында ар кайсыл батирде конуп түнөп, дагы да болсо изин жашырып жүргөнүн аныкташат.
Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иштерди жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмышкер 1978-жылы туулган, улуту өзбек Мурзапаров Тимур Рахимджановичти кылтака илишет.
Алинанын апасы Наргиза эже, айбанды кармашкан милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, дагы канча деген энелердин көз жашын төктүрбөй, кезектеги кылмыштын алдын алдыңар деп көзүнөн жаш куюлтуп төрт жыл мурунку адам эмес, айбандын колунан келе турган окуяны айтып отурду.
Наргиза эже, Алинанын апасы:
- Кызым күндөгүдөй эле көчөдө ойноп жүргөн. Күндүз болчу. Бир маалда апакелеп ыйлап мага чуркап келип кучактап калды. Кызымдын бир нерседен катуу жүрөгү түшүп калганын сезип турдум. Кийими булганып калганынан алмаштырайын деп үстүңкү көйнөгүн чечсем ичинен жагымсыз жыты бар суюктук экенин баамдадым. Чаңырып эле ким, ой ким кылды? Айбан, жырткыч деп эле көчөгө атып чыктым. Эч кимди таба албай чачымды жулуп эле жатып калдым. Канча жаттым билбейм, бир маалда милиция кызматкерлери келип калышыптыр.
Руслан Балапанов, Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын лейтененты:
"Мындайларды абакта да жазалайт"
- "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деген сөздүн канчалык чындыгы бар экенине күбө болдум. Кыргыз элинин ар бир макалы чындык, өзүнчө бир философия экендигине ынандым. Азыр кылмышкер убактылуу кармоочу жайда сурак берип жатат. Күнөөсүн толук мойнуна алды. Эми сот канча жыл берет азыр белгисиз. Бирок, мындай айбандыкты кылмыш дүйнөсүндө да колдобойт, тескерсиниче жазалашат. Алар да абактын нары жагында бул айбанды өзүлөрүнчө суракка алышат болуш керек. Эмнеси болсо да айбан абакта, Алина биринчи класстын мыкты окуучусу, милиция кызмактерлери "өх…!" деп бир дем алып, кезектеги кылмыш бетин ачуу менен алекте.




Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма "Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар
ошол түн
(Башы өткөн санда)
- Ушунча катуу тепкилейби? - таң калды Нурлан. - Ичиң ооруган жокпу?
- Балам үчүн бардыгына чыдайм да.
- Ушундай болуп калганына сүйүнүп жүрөсүңбү?
- Ананчы. Мен эчактан бери эле балалуу болсом деп эңсечүмүн. Бирок Мирбек… - Нурландын колдору тык токтоду. Баян өзүнүн бактысыз никеси тууралуу кеп салганы орунсуз экенин түшүндү. Ал ыңгайсыздана ийнин куушуруп:
- Ооба, Нурлан, мен чексиз бактылуумун, - деди.
- Бирок атасы мен экеним сени кейитет, ушундайбы?
- Мен антип айткан жокмун.
- Айтпасаң да түшүнүктүү.
- Жаңы Жылда…
- ...Ката кетирдик. Сен муну жанараак айткансың.
Нурландын жагымсыз үнү келинди кейитти.
- Кырдаалды башкара албай, өзүбүздү кармана албай, сезимге эрк берип койбодукпу. - Баян күнөөлүүдөй күңкүлдөдү.
- Ооба. Эч нерсе ойдо жок эле ошондой болуп кетти. А ата-энең билишеби?
- Ушуга чейин кантип жашыра алмак элем. Билишет.
- Атасы мен экенимди да билишеби?
- Жок.
Нурлан нааразы болгондой эриндерин кымтып алды.
Ах-х! Анын эриндери!.. Ошол түнү Баян бардык уят-сыйытты жыйыштырып коюп, ушул эриндерди кандай гана өпкүлөдү эле, чиркин…
- Мен аларга баланын атасы экенимди айтсам, кандай кабыл алышаар экен? Сен кандай ойдосуң?
- Бир сыйра эстери ооп, жыгылып-турушкан соңбу? - Баян башын көтөрсө алдында баягы МММ турат, анын сөзүнө деле көңүл койбогон түрү бар. - Маңдайыңдан сыламак беле, урушушат да!
- Түшүнүктүү. Бирок ачуусун бат эле унутушат. Мен аларга балам тууралуу укпагандыгымды айтам.
- Ошентесиң да. - Баян эрдин тиштенди.
- Анан мен аларга сага үйлөнөөрүмдү да айтсам…
- ...Кубангандарынан так секирип, алакан чапкылашат. - Баян кекээрлене кошумчалады.
- Ооба. Мен да ошентип ойлойм, - кийинки сөздү айтаардан мурун бир саам убакыт берди Баянга. - Кана, жеңилгениңди мойнуңа аласыңбы?
Баян тамагына келип тыгылган көз жашын араң жутту. Нурлан анын ата-энесин чынында жакшы билет. Баяндын бир туугандары аябай ынтымактуу, бири-бирине күйүмдүү чоң үй-бүлө. Алар кызынын кош бойлуу экенин укканда кубанышкан. Бирок баласынын атасын айтпаганына көпкө тынчсызданып жүрүштү. Сыртынан билгизбегени менен экөө тең ичтеринде чийки май жегенсип, капаланып жүрүшкөнүн Баян билчү.
- Ошентип бир жылга никелешип, мен ИССде калам. Толук эмес, жарым күндөн иштейм. Бир жылдан кийин менин үлүшүмдү сен сатып алып, менин башымды бошотосуң. Сүйлөштүкпү? - Баян Нурланга колун сунду.
- Сүйлөштүк. - Нурлан да колун сунуп жатып, саатына көз жүгүрттү. - Мен сага эртең менен туура 9да келем, экөөбүз нике кеңсесине барабыз.
- Эртең элеби?
- Убактыбыз ченелүү, алтыным. Мен баламдын атасыз, фамилиясыз жарык дүйнөгө келишин каалабайм. Баса, бир туугандарыңдын никелешүү аземине катышканын каалайсыңбы?
- Аларды келбе десең да болбой келишет. - Баян бир туугандарын эстеп жылмайып койду.
- Анда чечиштик.
Бир саам унчукпай турушту. Анан Баян эртең эле өзүнө күйөө болчу эркектен кысына, ордунан араң козголду.
- Этият бол. - Нурлан аны колтуктай ордунан тургузуп, экөө босогого чыгышты.
- Гемма, Баянга каралаш! - Эшикти ачып жатып тапшырды Нурлан. - Эгер бир аз эле кыйынчылык болсо, дароо мага билдир.
- Өтүнүчүңүз кабыл алынды, Нурлан мырза. Кечиңиз көңүлдүү өтсүн.
- Токтой тур… - Баян кабак бүркөй карады.
- Сен мына-мына төрөгөнү турасың, кара жан, - деди Нурлан жайкай сүйлөп. - Мен сенин кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болушуңду каалабайм. Гемма болгону сага кам көрөт.
- Артымдан бирөөнүн аңдып жүргөнүн каалабайм.
- Гемма сени аңдыбайт. Ал өз ишин аткарат. Сени коргойт.
- Убактылуу элеби?
- Мен өз буйругумду алмайынча.
- Анда ачык эле экөөбүз ажырашканча дебейсиңби. - Баян тултуя түшүп, кайра сурады. - Эмне үчүн Америкадан эрте келгениңди айтпадың го?
- Кандай десем, өзүмдүн сөзсүз кайтышым керек экенин жүрөгүм сезгендиктен.
- Сездиңби? - Келин мыйыгынан жылмайып койду. - Сен да бир нерсе сезгенге жөндөмдүүсүңбү?
- Ошол түн сага чала болуп калган болсо, өзүмдүн компьютер эмес экенимди дагы бир күнү далилдейм. Азырынча жакшы жатып, жай тур, алтышка. - Нурлан чыгып кетти.
(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??