Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Шаманка

Чолпон Токтоналиева, Москвадагы чыгыш медицина институтунун кызматкери:
"Кимдин ким экенин ачык айтканы келдим"
"Асман пресс" гезитибиз чыккан күндөн баштап окурмандар телефон чалып, же өздөрү редакциябызга баш багып, ойлорун, сын пикирлерин ыраазычылыктарын билдирип турушат. Ар бир гезиттин өз окурмандары болот эмеспи. Биздин окурмандарыбыз башы көрүнгөн саясатчылар эле эмес, бардык катмарды камтыгандар. Өзгөчө аалам сырларына кызыгып, жандүйнө аруулугуна кам көргөндөр. Бүгүн да эшигибиз кагылып, мени сурап бейтааныш айым кирип келди. Ал жайды сурашып, Москвадан келгенин билдим. Эмесе Москва шаарында "чыгыш медицина институтунда" эмгектенип жаткан жердешибиз Чолпон Токтоналиева менен болгон маекти окурмандарыбызга тааныштырабыз.
- Куш келипсиз, Чолпон айым, биздин редакцияга кандай максат менен келдиңиз?
- Мен сиз жөнүндө "Асман пресс" гезитинен окуп, парапсихология илимин аркалап жүргөн адам катары, Ааламдан алган аяндын, касиеттин маанисин түшүнөт деп, элиме чындыкты айтууга атайын Москвадан келдим.
- "Кыргыз көппү же жылдыз көппү" дегендей, азыр кыргыздын буту баспаган дүйнөнүн бурчу калбай калды окшойт. Сиз кандайча, качан, эмне максат менен Москвага барып калдыңыз?Ал жакта жашаганыңызга көп болдубу? Эмне кызмат кыласыз?
- Москва шаарында жашап, иштеп жатканыма эки жыл болду, Алматыда төрт жыл иштедим. Буга чейин 1990-жылы Сузактан Бишкек шаарына, "Бейиш" элдик медицина тармагына Оморбай Нарбековдун чакыруусу менен келип иштеп калдым. Андан кийин 14 жыл өзүмчө элдерди кабыл алып иштеп жүрдүм. Бир уул, бир кызым бар. Уулум Москвада окуйт, кызым ошол жакта иштейт.
- Биз СССРдин учурунда "Кудай жок" деп атеисттик көз карашта өскөндөрдөнбүз, өзүңүздүн элден башкача экениңизди, мындай айтканда касиетиңиз бар экенин кантип, качан билдиңиз? Кудайга ишенчү белеңиз?
- Союздун убагында эл катары мектепте окуп, пахта терип жүрүп чоңойдук. Бирок, ошондо эле "кайсы кыз ким менен жакшы, кимди жакшы көрөт" сыяктуу нерселерди так айтып, төлгө салып берчүмүн. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө Кудайга болгон ишенич терең жашап, кандайдыр бир күч бар экенин ошондо эле баамдап сезчүмүн.
Бишкекте иштеп жүргөнүмдө Дүйшөнкул Адылов агайдан психотехниканын көп сырларын үйрөндүм. Психотерапияда, гипноздо, психоанализде болобу негизи элдик медицинадан алынган. Мен бирөөлөрдүн жолун ачып, бизнес жолдорун тазалап, ден соолуктарын калыбына келтирип жардам берип жүрчүмүн. Бирок, бул нерселер эмне себептен болуп жатат түшүнчү эмесмин. Бул агайдан көптү үйрөнүп, көптү түшүндүм. Көрсө, кыргыз элинин дээринде, канында, генинде өзүнүн ырым-жырымдары аркылуу, башка элдер 20 жылдап йога, кун-фу, тай-цзи, аркылуу жетишкен психотехниканын сырлары жашап келатыптыр. Кыргыз эли көчмөн калк болгондуктанбы башкаларга окшоп атайын даярданып шаан -шөкөт кылганга убактысы жок. Даярдыксыз эле ат жалында, согуш убагында жарадарларды айыктырып, ар кандай татаал жагдайлардан чыкканды билишкен. Азыр деле ошол ыкмалар биздин элдин дээринде сакталып калгандыктан сезим аркылуу келген аян менен жана ырым-жырым менен эле азыркы врачтар айыктыра албаган ооруларды сакайтып жатабыз. Мен иштеп жаткан Москвадагы "Чыгыш медицина институтунда" мени шаманка деп коюшат. Жакында мага сүйлөбөгөн үч жаштан ашып калган баланы алып келишти. Мындайга даяр эмес болчумун. Атайын үмүт менен келген адамдардын үмүтүн үзгүм келген жок. Сыртка чыгып дарактын кичине бутагын жана жаңы чыккан чалканды үзүп келип, баланын бетине бутактын жалбырагы менен акырын -акырын сыйпагылап, дуба окуп, "Сен сүйлөйсүң, сен чечен болосуң, сен Задорновдой кыйын сүйлөйсүң" деп бутак менен кытыгыладым. Бала жыргап күлүп жатканда чалканды тилине, бетине тийгизсем, күлүп жаткан бала "Апалап, аталап " бакырып ыйлап жиберди.
- Буга чейин сүйлөчү бекен?
- Жок сүйлөөчү эмес экен. Азыр сүйлөп калды. Бул ыкма мага баланы көрөөр замат келди. Буга чейин колдонуп көргөн эмесмин. Бул биздин генибизде катылган, мага ошол маалда ушундай чабыт келди. Биз өзүбүздүн ички дүйнөбүздү укканга даяр болсок, уга билсек дээрибизде катылган сырлар өзү эле калкып чыгат. Дагы бир мисал, бала кезде көргөм, баспаган баланы бададан келаткан уйлардын жолуна олтургузуп коюшканда, уйлардан корккон бала ошол замат басып кеткен. Ушул сыяктуу бабаларыбыздан келаткан психотехникалар толтура. Миң жылдап каныбызга, жаныбызга сиңип калган тажрыйбаларды Ааламдын маалымат талаасына тез киргенди билсек кандай жерде, кайсы убакытта болбосун алып пайдалана алабыз. Көчмөндөрдө эки сааттап ойлонуп, медитацияга олтурганга шарты болгон эмес, бардык нерсени тез чечкенге туура келчү. Негизи маалымат талаага кирип, керектүү маалыматты( аянды) алганды билиш керек. Менден Россиянын атактуу адамдары бизнеске, ишке жолдорун ачтырып, тазаланып жана кеңеш алып турушат.
- Кечиресиз, Чолпон айым, ушул кызматыңызды өзүбүздүн элге жасагансызбы? Биздин атактуулар сиздин кызматтан пайдаланышканбы? Биздин өлкөдө болуп өткөн эки революция тууралуу аян алгансызбы? Мурунку эки президентибиз тууралуу эмне айталасыз?
- Ооба, далай атактуулар кеңеш сурап кайрылышкан. Алган аяндарымды айтып, кеңеш берип турчумун. Мисалы, Курманбек Салиевичти, Максимди, Татьяна Бакиеваны, жана башка аттуу баштууларды жакшы тааныйм. Мурунку жана азыркы бийликтегиледин көбүн жакшы билем. Кыргызды Отунбаева, Мадумаровго окшогон калмактар бийлик башына келсе жыргатпайт. Мен эми кимдин ким экенин элге ачык айтканы келдим...
(Уландысы кийинки санда)




Кызык экен
Акыр заман алдыга жылдырылды
Американын Гарольд Кемпинг аттуу чиркөө кызматкери дүйнөнү дүңгүрөтө "акырзаман" 2011-жылдын 21-майында болот деген суук кабар таратканы тууралуу жазып, кудай сактасын дедик эле. Бул кабар Америка түгүл Россиянын ар кайсы шаарларында да таркап, жарнактар илинип, элдин үрөйүн учурган. Кудайдын жардамы менен "акырзаман" бизди айланып өтүп кетти окшойт. Бирок, бары бир бул күн, күндөгүдөй тынч өткөн жок. Европанын, Россиянын, Американын кээ бир жерлеринде кандайдыр бир деңгээлде катаклизмалар болуп өттү. Мисалы, Исландияда "Гримсвотн" аттуу вулкан атып чыкты. Анын күлүнүн бийиктиги 20 км бийиктикке көтөрүлүп, Европанын үстүнө тонналаган күл сапырылды. Ошол эле күнү аябагандай чоң комета Күн планетасына урунуп, зор толкунду жаратып, күндүн энергиясы эбегейсиз күч менен ыргыды. Муну Американын NASA космос агентствосу Гелиосфера обсерваториясында видео тасмага тартып алышкан. Гарольда Кемпинг буга чейин да акыр замандын келиши тууралуу "көзү ачыктык" кылып бирок, жаңылышып калган эле. 21- майда да Кудай адамзатка боору оорудубу, бир аз эскертүү берип кетти окшойт. Акыр заман тууралуу бардык олуя, көзү ачыктардын 2012- жылга чейин болот деген алдын ала айтуулар бар. Бул биздин Жер планетабыздын башка деңгээлге өтүшү менен байланыштуу экенин буга чейин бир нече жолу жазганбыз. Акыр замандын апаатынан жандүйнөнүн аруулугу гана сактай турганын да айтканбыз. Гарольд акырзаманды 2011- жылдын 21- сентябрына жылдырды.Кудайдын буйругу менен ал күн да адамзатты айланып өткүсү бардыр. Бирок, Кудай да "сактанганды сактайм" деген. Ошондуктан ар бир адам жандүйнөсүнүн тазалыгына көңүл бөлүп жүрсө ашыкча болбос.




Нижневартовскиден келген коноктор
Ааламды кыргыз сактайбы?
"Адам Ата, Обо Эненин энергиясы Алай тоолоруна түштү. Биз барыбыз кыргыз болушубуз керек !" дейт Россиядан келген "Кристал" философиялык группасынын жетекчиси Хизреева Рая. Бул тууралуу алар менен болгон кенен маек гезитибиздин кийинки санында. Сиздер бул маектен айтылып жүргөн акыр замандан ааламды кыргыз сактаарын, алдыда боло турган жаңы доордун энергиясы кыргыздын генинде сакталганын жана да көптөгөн кызыктуу сырлар менен таанышасыздар. Андыктан "Асман прессти" үзбөй окуңуз.

Даярдаган Лариса Асанбекова




  Маалым-ат

Ө.Бабанов: Мен Максим Бакиев менен сүйлөшкөн жана эч кимден акча сураган жокмун
Баракелде - Интернет булактарында 24-майда Ө.Бабановдун М.Бакиев менен телефон сүйлөшүүлөрү болгон деген маалымат чыкты. Бул телефон сүйлөшүүлөр жасалма жана бул мага жана өкмөткө болгон ишеничти кетирүүгө багытталган, деп билдирет Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов 25-майда өзүнүн кайрылуусунда. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
"Мен Максим Бакиев менен сүйлөшкөн жокмун жана эч кимден акча сураган жокмун деп расмий айта алам. Бул - Өмүрбек Абдрахмановдун жумушчу тобунун жыйынтыктары чыгаар алдында арзан баадагы саясатчылардын оюну. Бул жалган жалаа жана чагымчыл иштер деп баалайм. Телефон сүйлөшүүлөрдү иликтөө боюнча тиешелүү укук коргоо органдарга кайрылдым. Мындай сүйлөшүүлөрдү калп кылып жасаганга чейин барган саясатчыларды түшүнбөйм", - деп жазылат билдирүүдө.
Айрым саясатчылар "кара пиардын" өзгөчө технологиялары менен жийиркенбей иштей беришкендиги таң калтырат
Досалы Эсеналиев:
Интернет-түйүнүндө дагы бир кезектеги компромат же дагы бир жалган жалаа чыкты. КР 1-вице-премьер-министри Ө.Бабанов менен М.Бакиевдин сөздөрү деп, ар жерде сүйлөнгөн сөздөрдү кесип бириктирип, сүйлөштү имиш аракет кылган баш аламан аудиоматериал жарыяланды.
Азыр өлкөдө "кара пиар" технологиясынын арааны күчөп турган кези. Биз бул ыкмалар аркылуу Ө.Бабановго каршы уюштурулган саясий "кара пиарлардын" көбүнө күбө болдук.
Бүгүнкү жасалма сүйлөшүүнүн текстин, массалык маалымат каражаттарына электрондук почта менен жайылткан Өмүрбек Абдрахмановдун жардамчысы Урмат Иманалиев болуптур. Буга чейин деле урматтуу депутатыбыз массалык маалымат каражаттары аркылуу Ө.Бабанов жөнүндө көптөгөн ушактарды тараткан. Азыр деле ошол ишин улантып келүүдө. Тилекке каршы, биздин кээ бир саясатчылар "кара пиардын" өзгөчө технологиялары менен жийиркенбей иштей беришкендиги таң калтырат.
Булак: баракелде







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??