Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Атактуунун айымы

Бул ирет биздин рубриканын мейманы ВалеТудо федерациясынын президенти Эмил Токтогоновдун жубайы Аида Токтогонова.
Аида Токтогонова:
"Эмил ички дүйнөсүндө романтик"
- Күйөөсү менен аялы окшош болушат, сиздерде да окшоштук барбы?
- Көптөр окшошсуңар деп айтышат. Балким сарылыгыбыз окшоштур. Ал эми мүнөзүбүз жактан экөөбүз тең берешен, ак көңүлбүз.
- Алгачкы жолугушууңузду эстеп көрсөңүз?
- Эмилдин машыктыруучусу менин байкемдин досу. Байкемдин туулган күнү болуп анда машыктыруучусу Эмилди ээрчите келген. Ошентип өзүмдүн үйүмдөн таанышканбыз.
Бир караганда абдан сүрдүү көрүнгөнү менен жактыргам. Кыз жигит болуп жүргөндө эки жыл сүйлөшүп анан турмуш курабыз деген планыбыз бар болчу. Бирок, алты айдан кийин эле үйлөнөбүз деп чечим кабыл алып баш кошуп калганбыз. Буюрса октябрда 7 жыл болот.
- Байкеңизден тартынып кыйналган чыгаарсыздар?
- Албетте, биринчи жашырып жүрдүк. Байкемден биринчи апамдар билген. Кийин үйлөнөргө жакын айтканбыз. Анткени байкемдин мүнөзү катаал болчу.
- Спортчубуздун жүрөгүн багынтуу оңой болбосо керек?
- (Күлүп) спортчуңар ушул кезге чейин айта берет туулган күндө салаттарга бир нерсе кошуп койсоң керек, сүйүп калгам башым айланып деп.
- Сүйгөн адамыңдын окуучусу болуш кыйынбы?
- Кандай десем, кыз жигит болуп жүргөн кезде "строгий" болчу. Машыктыруучум дагы, жигитим болсо эки жакка бастырбай, курбу кыздарыма жибербей жүрчү. Азыр андай эмес, же багынтып алдым дегени го. Азыр фитнеске, бийге бар деп турат. Эмилдин башкалардай болуп отур, чыкпа деген жактары жок. Мүмкүн бири-бирибизге болгон ишеним бар болгондуктанбы. Мен деле аны барба, баспа дебейм.
- Сиз да рингге чыгып калдыңызбы?
- Анча жакшы билбесем да көлгө сборго баргам. Жайында Казакстандын Баравое деген курорт шаарына барып 8 угольникке чыккам. Ал жактан 2-орунду алгам. Көзүм ооруганына байланыштуу врачтар тыю салып алып ташташкан. Азыр айтып калам алдап эле чыгарып салыптырсың деп. Себеби, мен профессионал эмес болчумун. Эмил мени кичине даярдап эле чыгарып салган. Сүйүүнүн күчтүүлүгү го сөзүн угуп чыгып кеткениме караганда.
- Экөөңүздөр тең эрежесиз мушташтын чебери болгон соң үйдө да "прогиб" чаап ойногон учурларыңыдар болобу?
- Жаш кезибизде аябай ойночубуз. Бирок, 1,5 жаштагы балабыз экөөбүз ойногон кезде урушуп атышат деп ойлойт окшойт, ыйлайт . Ошол себептен мурункудай ойнобой калдык.
- Эмил байкени ашканада көрө алабызбы?
- Турнир, жолугушуу деп жумушунан колу тийбейт. Бирок, анда-санда көрүүгө болот. Маселен ашканада жумуртканы жакшы кууруйт, этти кууруганды жакшы көрөт.
- Колуңузду сураган күнгө токтолсоңуз?
- Биз ал күндү, дегеле даталуу күндөрдүн бардыгын белгилеп келебиз. 13-июнда апамдар менен тамактанууга келерин четин чыгарып айткан. Ата-энемдин алдында сөйкө-шакек салып колумду сураган. Эмил өзү сүрдүү болгону менен ички дүйнөсүндө романтик.
- Романтик болсо белекти көп берет экен да?
- Ооба, көбүнчө гүл берет. Өзү деле сөйкө-шакек дегендерди жакшы көрөт. Эки-жакка чыгып калган учурда сөйкө шакектерди көп алып келип берет.
- Мушташка чыккан учурда сүрөп барасызбы?
- Башта Кыргызстанда өткөн мелдештерине барып сүрөп турчумун. Ал эми чет жакка барганда бара алчу эмесмин. Кийинчерээк бала багып, очоктун отун өчүрбөй үйдөн күтүп алам.
- Эмил байке сыртта көп жүрөт, убактысы аз. Антсе да кантип эс аласыздар?
- Табигаттын койнунда, шишкебек жасап, балдарыбызды ойнотуп эс алабыз. Кээде парктарга чыгабыз. Айрым учурда диско клубдарга барабыз.
- Балаңыздар 5 чыкса да диско клубдарга барган жакшы экенсиздер…
- Эмилдин ушул жагы да жакшы. Көбүнчө балалуу болгондон кийин эки-жакка чыкпай калышат го. Бизде андай жок. Дискотекаларга барып бийлеп, көңүл ачып келебиз.
- Жолдошуңузга кандай мүнөздөмө бересиз?
- Күчтүү, "властный", боорукер. Ал эми кемчилиги мага көрүнбөйт.
- Ул-кызыңыздын атын ким койгон?
- Кызыбыз августта 6 жашка чыгат. Аты Анеля. Атын атасы Австралиялык Анеля Карло деген чемпионканын атынан койгон. Кийинки баласын да өзү койгон Эмир деп. Эки балабызда тең жанымда болгон жок. Кызыбызда Казакстанда Азиянын чемпиону болуп жүргөн. Балабызда да Жалал-Абадда турнир өткөрүп жүргөн. Өзү абдан баласаак. Кызын өзгөчө жакшы көрөт. Анткени өзүнө окшош. А балам мага окшош
- Ачууланып, таарынган учурда кантип жазылат?
- Таарынган учурда сүйлөбөй коет. Болбой эле ар нерсени айтып сүйлөп атып жазып алам. Өзү деле ак көңүл, азыр урушсак бир сааттан кийин табышып алабыз.
- Келиндин келген күнү эсинен кетпейт дешет…
- Ооба, али күнгө чейин эсимде. Ак көйнөк кийип барганда күлкүлүү окуя да болгон. Бизди сырттан жеңелерибиз күтүп алышкан. Эки жеңем эки жагыман кармап алып, бутумду чечейин дегениме карабай сүйрөп көшөгөгө кийришкен. Кийин жеңелерим "Эмнеге сени антип сүйрөп кирдик, качып кетчүдөй болуп. Өзүң ак көйнөк кийип келип атсаң" деп күлүп калышат.
- Кичүү келин экениңизден кабарым бар. Кайын журтка кандай кызмат кыласыз?
- Кайын журтка барганда жоолук салынып, халат кийем. Колуман келишинче оокат кылам. Эмилдин атына жаман сөз тийгизбегенге аракет жасайм. Абысындарым көп, баардыгыбыз ынтымактуубуз.
- Эмил байке кандай күйөө бала?
- Өзү Кочкор жергесине эле күйөө бала болду. Бирок, мен бул жакта өскөм. Атам экөө аябай жакшы. Апам болсо жолдошумду өз баласындай көрөт.
- Баш кошкондон кийинки биринчи жасаган тамагыңыз эсиңиздеби?
- Чындыгында эсимде жок экен. Башта тамакты ылгачу эмес, мага бары эле жага берет дегендей жей берчү. Кийинчерээк ылгай баштады. Камыр тамактарды жактырбайт. Өзгөчө эт менен картошканы жакшы көрөт.
- Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
- Мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Эмилдей кыргызымдын жигитине турмушка чыкканыма сүйүнөм.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??