Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Мурас

Адамзатта аты улук, манастап ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.



Кенжебек Алдаяр, күүчү:
- Кыргыз элинин жан дүйнөсүн тазарта турган Манастын руху. Бабабыз кыргыз элинин кудайдан кийинки колдоочусу, коргоочусу. Манастын үйүн куруш керек деген идея абдан туура себеби, Манас үйүн курабызбы же академиясын салабызбы кыргыздар терең мааниде урматтап, сыйлап, аздектеп, жан дүйнөсүн бириктирип жашай турган чоң сыймыктуу нерсебиз. Муну майда чүйдөлөп жибергенден качыш керек. Борборубузда Манастын үйү, атайын илимканасы болсо эмнеге болбосун ичинде кеңири маалыматтар камтылып, бир гана кыргыз эли үчүн эмес башка улуттардын өкүлдөрү билим алганга чоң өбөлгө болот. Биз билбегенибиз менен илимий негизде Манаска кызыкан чет элдик жарандар абдан көп. Биз ошону аңдап түшүнө билишибиз керек. Бул жер этнографиялык комплекстүү музейкана болуп, күн-түн дебей Манас жаңырып, кыргыздар Манас жөнүндөгү түшүнүгүн кеңейтсе пайда гана табабыз. Негизинен бул үй аябай керек. Манасты кичинекей нерсеге колдонуп баркын түшүрүп ийбей таасирин, касиетин сыйлашыбыз керек. Айтайын дегеним тамеки, ичкиликтерге атын коюп алышканын көрүп ичим тызылдайт. Бул абдан туура эмес иш, ушундай майда нерселерге тыю салыш керек. Буга каршы чараларды колдонуп, үйүн курсак бабабыздын куту көтөрүлүп, касиети мындан да күчөйт. Абдан колдойм ишиңерде ийгилик болсун!
Рысбай Исаков, манасчы:
- Манас тууралы жакшы иштердин баарын жасаса болот. Манас үйүн да куруш керек. Мен мамлекеттик манасчылардын бирикмесин түзүү керек деп жүрүп тилим тешилди. Эмне үчүн бирден-бир сыймыгыбыз болгон Манасты даңзалап, урпактарга жеткирген манасчыларды мамлекеттик камкордукка алышпайт. Кайда мамлекеттин эл алдындагы жоопкерчилиги.
Албетте, Манас үйүндө Манас тууралуу бардык китептерди, сүрөттөрдү, манасчылар жөнүндө тартылган фильмдер бар, бардыгын чогултуш керек. Манас бул кыргыз элинин тарыхы. Андыктан тарыхый баалуу нерселерди койсо болот. Мындайча айтканда тарых музейинде эмдигиче Лениндин документтери турат. Ошолорду карап олтуруп мындай деп суроо туулат. Кыргызга Манастан артык ким кызмат кылды эле, кыргыз такыр жок болуп кеткен жерден "Кулаалы таптап куш кылып, Курама жыйып журт кылып", Манас өзүнчө бир мамлекетти түптөбөдү беле. Азыркы чоңдорубузду көрүп жатабыз. Манас атабыз түптөгөн мамлекетти чет-четинин кертип, сатып жан багып келе жатышат. Анан кайра уялбай Манаска асылып коюшат. Буга тарых музейин деле алып койсок болот го. Албетте, баалуу буюмдар тура берет, анан Манас музейи деп койсок деле жарашат. Андан сырткары бир манасчы болуш керек деп ойлойм, Манас дүйнөсүн келген-кеткендерге тааныштырып, Манас айтып берип, турганга. Манас кандай айтылаарын келген адам угуп, мурда уккан болсо дагы бир жолу ошол кереметке тунуп, кайрадан кайрылып келгидей болушу керек. Эгер өзүнчө Манас бабабызга атап салына тургун үй болсо мыкты архитекторлор менен кеңешип курулушу керек. Үйдүн өзүнүн кунары болуш зарыл. Кирген-чыккан адамга жакшы таасир, жакшы маанай калтырып кайрадан келсем деп эңсеп тургудай болушу керек. Негизи Манаска байланыштуу нерсе тамаша эмес өтө ойлонуп сүйлөп, ойлонуп иш кылыш керек. Жоопкерчилиги аябай күчтүү.
Назгүл ЭСЕНГУЛОВА




  Сандан-санга

Ричард Хевитт, илимпоз
БӨЛҮНГӨН ДИНДЕРДИ БИРИКТИРҮҮ
(Башы өткөн санда)
Эң кызыктуусу, бул көчтөрдү жетектеген эки адамдын төрөлүшү да окшош. Мисирдин фараону Жакыбдын эли күчтөнүп келатат деп корккон. Эсенканга б.а. кыргыздарга үстөмдүк кылган душман падышасына да ушундай коркунуч келген. Фараон жаңы төрөлгөн эркек балдарды бүтүндөй кыра баштаган. Аярсыздык басмырлап аткан маалда өзгөчө эркек наристе төрөлөт. Байкасаңыздар бул жердеги "өзгөчө бала" эки элдин тең ыйык уулдары эле.
"Леби уруусунан бир адам ошол эле уруудан аял алды. Аялынын боюна бүтүп, эркек бала төрөдү. Баланын абдан жакшынакай экенин көрүп, ал аны үч ай жашырып жүрдү."
"Манас" эпосу да буга окшош окуяны чагылдырат. Муса сыяктуу эле, айтор Манас да өзгөчө уул болуп жарыкка келеринде душмандардын падышасы кыргыз ымыркайларынын жанын сууруп алган болчу.
"Курсактан балаң түшкөндө
Кулак учу тешилүү,
Мунун сүрүнөтү кесилүү
Ой, Жакыбым, ойлончу.
Курсактан түшкөн балаңдын
Мынчалык болду жышана."
Кытайдын башкаруучусу Манастын төрөлүүсү жөнүндө билип калып, өзүнүн аскер жоолорун Манасты кармап өлтүрүүгө жөнөтөт. Ошол себептен кыргыздар Манасты душмандарынан жашырып, тоого жөнөтүшкөн.
"Мындан мурда жети жыл
Чыны Какандын даңзасына чийилди.
Манастын атын укканда
Калайыкка чыр салып,
Бээжиндин калкы күйүнгөн,
Белгилүү Манас уул ошол."
Анан:
"Киши жүрүп, эл билбес,
Каракалмак-манжуга
Бирөөсүнө билгизбей,
Бирөөсүнө туйгузбай,
Манасты сактап багалы!"
Манас жашырылып, тоодо атасынын малын кайтарган. Арадан убакыт өткөн соң Муса да чөлгө качып, кой кайтарып жүргөнү бар. Куран Алла-таала Исаны булак жана мал-жандыгы бар тоолордо жашыргандыгын айтат. Атүгүл Дөөт падышасы да билинбей, мал багып өскөн. Бул окшоштуктар архетиптерден да ашып түшөт жана менин кебиме ылайык келбейт, бирок алар тууралуу сөз учугун чыгара кеткеним - эпос менен диний окуялардын кенен изилденишине кызыккандар үчүн арналмакчы.
Ушул учурдан пайдаланып, өзүбүздөн "Манас эпосуна библияда айтылган окуялар өз таасирин тийгизген эмеспи?" деп сурасак эмне болот? Кыргыз тарыхчылары "Манас" эпосу - көптөгөн каармандардын санжыраларын түпкү тарых-таржымалына чейин камтыйт дешет.
Балким, Муса кыргыздардын тарыхындагы бирден бир алдыңкы каармандардан болгон. Жөөт соодагерлери же мусулман, балким несториялык дербиштери кыргыздарга библиялык окуяларды Улуу Жибек-Жолу аркылуу сооданын жана дин жанданган мезгилдерде кошо ала келишкендир.
Манас да, Муса да, орчундуу кайгыда кабаатыр болушканда, экөөнүн тең кайнаталары көчтү жетектегенге жардам көрсөткөн. Мусанын кайнатасы Итрон Мусанын ал-ахбалын сураганы келет. Келгенде Муса өз элин жетектөө үчүн күрөш жүргүзүп атканын байкайт. Аксакал жаш жетекчиге кеңеш айтып, бул өз учурунда Мусанын жетектөөсүнүн ыкмасын өзгөртүүгө таасир тийгизип, коомго жардам алып келет. Манастын Нааманга кайрылып келүүсүнө бышык аскерлерин бириктиргени үчүн күрөшкөн. Ошондо Манастын кайнатасы Кайып черик жыйнап, кыргыздардын өздөрүнүн байыркы жерине көчүп баруусуна жардам бергенге келет.
Манас жана Муса болуп көч маалында кошо жылып согушкандардын да саны бирдей. Манас 600 000 аскери менен жолго чыккан:
"Алты жүз миң кол менен,
Нааманды көздөй жол менен…"
Жана:
"Аз гана эмес, мол менен
Алты жүз миң, отуз миң
Азар түмөн кол менен
Башчылары бар экен."
Мусанын Канаанды көздөй бет алганы жөнүндө да кызыктуу окшоштуктар бар:
"Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жөнөштү. Балдарды эсептебегенде, алардын саны алты жүз миң жөө эркек эле."
Жана:
"Алар Ысрайыл уулдарынын согушка жарактуу жыйырма жана андан жогорку жаштагы эркек атуулдарынын баарын үйбүлөсү боюнча санап чыгышты. Жалпы саны алты жүз миң беш жүз элүү болду."
Анан Мусага да, Манаска да кайра кайрылгысы келген бечаралар туш болгон. Бул наалыгандардын моокуму эркиндиктин сыноолорунан көрө аларды эзүүчү турмушка моюн сунуп, момундук менен жашаганда гана канмак.
"Кан Айдаркан, Мунар кан:
"Катылбастан капырга
Кайтсак кандай болду деп"
Келип турган кеңешман
Бу сөздү айтып салганы.
Айтканына Манастын
Ачуусу келип калганы."
Жадагалса Манастын атасы Жакып кайра артка кетүүнү каалады:
"Алтайга кайра барам деп
Айтып турду Жакып бай."
Ачууланган Манас кебин айтып, өз элин көчтү улантуу нугуна алып келет. Муса да ушундай кылат. Бул тууралуу Библиянын айтканы:
(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??