Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жөнөкөй маек

Исхак Масалиев,
"Коммунисттер" партиясынын лидери:
Саясаттын казанында кайнаган саясатчыларыбызга жөнөкөй суроолорду узатууну чечтик. Биздин суроолорубузга "Коммунисттер" партиясынын лидери Исхак Масалиев жооп берет.

"Женнифер Лопес
менен бийлегим келет"


- Исхак мырза, эркектер ушакчы болот дегенге кошуласызбы?
- Кошулам. Кээ бир учурда аялдардан ашып кетишет.
- Кайра жаралсаңыз ким болмоксуз?
- Ой билбейм, кайра жаралсам кайра баягы эле Исхак болмокмун.
- Өзүңүзгө кайсы суроону көп бересиз?
- Эмне үчүн деген суроону акыркы жылдары көп берип келем.
- Эгерде журналист болсоңуз Масалиевге кайсы суроону бермексиз?
- Журналист болсом өзүмдү мактап жазмакмын.
- Себеп?
- Өзүмдү жакшы көрөм да.
- Сын пикирге кандай көз караштасыз?
- Чындыгында сын-пикир жакпайт. Бирок, айла жок чыдайбыз. Кээ бир жарандарга окшоп чычалап кетип, кол көтөрүп мушташканга барбайм. Ичимдеп тызылдап капа болуп кала берем.
- Өзүңүз тууралуу мемуар жазылса кандай аталат эле?
- Мемуар жаза албайм го. Бирок, өзүм жөнүндө жаман жазбайт элем. Аталышын билбейт экем. Анткен менен жеке өзүм тууралуу китеп жаза албайм го. Же ашыкча мактап же сындап кетмек болушум керек.
- Ийгилик ачкычы эмнеде деп ойлойсуз?
- Албетте эмгекте, аракетте.
- Жети атаңызды билесизби?
- Абсамат, Масалы, Байбала… Мурун студент кезде 11ге чейин жазып алган элем азыр эсимде калбады.
- Орустар айтмакчы "Друг познается в беде" деп башыңызга мүшкүл түшкөндө ары карап кеткендер болдубу?
- Аябай так суроо болду. 4-майга чейин мен түрмөгө да отуруп чыктым, тергөөдө жүрдүм, абдан чоң сыноо болду. Тааныш, достордон кээси калды, кээси кетти. Айрым колдойт дегендер сыртка чыгып кетти, тескерисинче ошол учурда келип колдогондор болду.
- Акталып чыкканыңыздан кийин адамдардын мамилеси өзгөрдүбү?
- Жылуураак мамиле кылып, кээ бирлер учурашып калышты. Базарга көп чыгып калдым темир-тезек алып чарбага. Ал жактан көптөр таанып көңүл айтып калышчу. Айрыкча жөнөкөй жарандар соттолгонума, акталганыма жакшы мамиле кылышат. Менимче ал жүрөктөн чыккан сөздөр . Ал эми саясатчылардын "мы за тебя переживали" дегени "аман бол" деген сөз да. Бирок, ага да рахмат.
- 18 жаш дегенде эмне келет эсиңизге?
- Жыргал, жыргал кез да. 18 жашта көйгөй, кыйынчылык, тоскоолдук жок. Каалаган нерсе колуңдан келет. Бирок, каалаган нерсени жасай албайсың. Себеби, 18 жашым Советтик мезгилде болду. Атам партиянын жетекчи кызматкери болгондуктан мен теңтуштарга окшоп анча-мынча нерсени жасай албайт элем. Жалпы айтканда 18 жаш э-эй кайдагы 18 жаш деп айта турган жашоомдун маалы эле.
- Жаш курагыңызда кыз ала качууга катыштыңыз беле?
- Жок, менин досторумдун бир, экөө кыз ала качып үйлөнүшкөн. Бирок, мен ал процедурасына катышкан эмесмин. Өзүм сүйлөшүп эле кыргызча куда түшүп үйлөнгөм.
- 40 жашка чейин патриархат, андан кийин матриархат болот деп коет го. Сиздин үйдө кандай?
- Кээ бирлер үйлөнгөндөн кийин эле матриархатка өтүп кетишет. Кээлер көкүрөгүн уруп турган менен билинбей эле сиз айткандай 40 эмес 50 жаштан кийин матриархатка өтө турган шарт болуп атат. Эркектер чычалап кетип атканыбыз менен баары бир байбичеси башкарып калат. Бул жерде табигаттын мыйзамы. Бул мыйзамды миңдеген баатыр, жүздөгөн аттуу-баштуулар буза алган эмес. Убакыт келгенде орусча айтканда пленге түшөт. Кечкиргенде баары бир менин колума түшөсүң деп бекер айтпайт да. Күндүзү короңдоп кыйкырганың менен кеч киргенде колго түшөсүң.
- Демек, сиздин үйдө матриархат болуп калган экен да?
- Жок, мен азырынча колдон келишинче тоскоолдук кылып жатам. Бирок, анча-мынча элементтер пайда болуп атат.
- Биринчи маянаңыз эсиңиздеби?
- 1978-жылы Казакстанга темир жол курууга барып, ошол жерде 350-400 рубль айлык алгам. Үйгө келе жатканда атама саат, апама жоолук дагы бир нерселерди алып келгем. Калганын барын өзүмө коротком.
- Атактуу айымдар менен ак бийге түш десе кимисин чакырмаксыз?
- Дүйнөлүк атактуулардан болсо Женнифер Лопес менен түшмөкмүн, эгер ошондой эле бийлегенди билсем. Лопес профессионалдуу бийчи, бирок бийлеп коет элем.
- Кыргыздардан бийлөөчүлөр жокпу?
- Ойлонбоптурмун. Жаш ырчылардан тартсам керек.
- Жаш ырчы деп калдыңыз, ырларын угасызбы?
- Тойлордо, машинеде кетип жатканда радиодон угам. Жаш ырчылар көп экен, бири-бирине үндөрү да, жүргөнү да окшош. Көп болгону жакшы. Менимче азыр Токтогул гана эмес, ар бир райондо ырчы бар. Илгери Токтогулдун монополиясы болчу. Ырчылардын басымдуу бөлүгү ошол жактан болчу. Жаш ырчылардын көбүн тааныбайм. Бирок, акыркы кездери жаш ырчылардан Каныкей деген жагып жүрөт, Нэнанын үнү укмуш экен, жигиттерден Ома, Омар деген жигиттер жакшы ырдайт.
- Эгерде кыз болуп калсаңыз кимди чапмаксыз?
- Кудай сактасын. Кыз болсом билбейт экенмин. Оюма да келбейт.
- Акыркы кездери колуңуздун кычуусун алып, рингге чакырып жалпайта чапкыңыз келгендер барбы?
- Чындыгында менин андай душмандарым жок. Саясатта душмандар болушу мүмкүн бирок сиз айткан акыбалга жеткирбейт. Ачуум келсе сөгүп коюшум мүмкүн, бирок жакалашып мушташканга барбайм. Мүнөзүм андай эмес. Эртеңки күндү да ойлош керек.
- Биринчи сүйүүңүздү билсек болобу?
- Биринчи сүйүүм менин аялым. Жогоруда айтып өткөн Казакстанга барганда чогуу барып калып, 3 жыл артынан чуркап жүрүп 4-курста үйлөнгөнбүз. Ал эми мектеп курагындагыны сүйүү деп айтууга болбойт го.
- Сизди үч жыл чуркатканына караганда жеңебиздин мүнөзү татаал окшойт?
- Жок, андай эмес. Азыр ойлосом мен 1-курста "двоищник" болуп сессияны тапшыра албай, балдарга кошулуп пиво ичип сасып жүрө бергем да. А бул тарбиялуу, тынч, назик кыз болчу. Азыр ойлосом капкара негрге окшогон, өзүн карабаган жигит кимге жакмак эле. Кыздар деле принцти издеп жүрөт да. Бирок, 3-жыл өткөндөн кийин макулдугун алып үйлөнгөм.
- Демек, артынан калбаган өжөр экенсиз да?
- Мен аз болгонсуп 3 досум бар болчу, Казакстандан келгенден баштап, башка бирөө кыздын жанына келсе урушканга чейин барышкан. Бир жигитти кармап алып "көзүңдү ач, бул кыз досубуздун ашыгы, сен унут" дешип жолотушкан эмес. Ошентип келинчегимди 4-курска чейин коруп жүрүп үйлөнгөм.
- Кат алышып калдыңызбы?
- Советтик мезгилде антип кат жазышчу деле эмеспиз. Азыр эле валентинка деген балакеттер чыгып жатпайбы.
- Жубайыңызга биринчи жана акыркы берген белегиңиз?
- 3-курстта Италияга барып калгам. Ал кезде жубайым эмес мага жаккан кыз эле. Мага жооп бербей четке кармап жүргөн кези болчу. Эсимде джинсы юбка алып келип бергем. Аным да тар болуп калып сиңдисине берип койгон. Акыркы берген белегим анын туулган күнүндө бергем. 29-февраль 4 жылда бир жолу келет. Ошондо кичинекей бриллианттары менен алтын белек кылгам.
- Интервью берген учуруңузда үй-бүлөңүз тууралуу көп айтпайсыз го. Эмнеге?
- Атайын сураса айтып кетем. Коомдук ишмер болуп саясатка аралашып жүргөн соң атам үйрөткөн, эч убакта элге үй-бүлөңдү, балдарыңды мактап кереги жок деп. Бул деле балдарга жаман таасирин берет. Балким ошол себептен уул-кызымды мактагым келбейт. Дайым бир кызматта жүрбөйсүң, учуру келгенде кетесиң дегендей. Балдарым да жаман иштерди кылып, мени капа кылышкан жок, мен ыраазымын.
- Бош убактыңызда эмне кыласыз?
- Жаш кезимен бери балык кармоо деген эрмегим бар. Акыркы бир жарым жылдан бери "Озерный" айылындагы көлдү алып балык уюштуруп жатам. Азыр эки күндө бирден барып иштеп, чөп, арпа, жүгөрү өстүрүп балык семиртип жатам. Күздө буюрса сатабыз деген пландар бар. Жалпылап айтканда чарбалык иштер менен жүрөм. Чоң дыйкан болуп калдым. Бирөө айткандай банкрот болгуң келсе дыйканчылыкка бар деп. Мага жагып жатат.
- Кой союп жиликтей аласызбы?
- Жок, кой сойгонду билбейм. Тоокту сое алам. Бир жолу талаада болуп калып, тоок соерго киши жок сойгом. Кой сойгонго аракет да кылган жокмун. Теңтуштарым канча көргөзүштү, бирок үйрөнө албадым. Жиликтегенде анча-мынча негизги жиликтерди кимге тартыштан түшүнүгүм бар. 6-8 кишиден ашык болуп кетсе кыйналып калам. Көп учурда келинчегим же апам айтып тейлейт.
- Спирт ичимдигине кандайсыз?
- 23 жылдан бери ичпейм. Студент кезде ичип койгон учурлар болгон.
- Ашыкча ичип ботинка алмашкан учур болсо керек?
- Ал эч нерсе эмес, ичип алып Түптө, Ошто болуп калган учурларыбыз болгон. Ичип алып милийсага да түшкөнбүз. 1-курста аянтта кетип атып, азыр эстесем потруль, "балдар акырын кетип калгыла" деп суранса деле болбой аларды сөгө бериптирбиз. Анан бизди алып келип 2 саат кармап, тарбиялоо иштерин жүргүзүп, капитан бизди сөгүп чоң атабызды эстетип кое берген. Кийин 1-май райондук бөлүмгө кызматка келсем ал киши дагы эле иштеп жаткан экен. Мени эстеп жатасызбы десем жок дейт. Ал мезгилде чоңдордун балдары көп түшчү, кимиси экени эсимде жок дейт.
- Сизди президенттикке барат деп уктук?
- Эгерде партия чечим кабыл алса албетте барам. Шайлоо деген татаал нерсе, биздин партия башкалардан кем эмеспиз, кээ бир учурда алардан потенциялыбыз бийик. Коюшума мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн. Бирок, бул маселе толук июнь айында курултай болгондо чечилет. Программабызга бүгүнкү күнгө ылайык өзгөртүүлөрдү киргизип, президенттик шайлоого көз карашыбызды иштеп чыгабыз. Президенттик шайлоого катышуу маселеси талкууланышы керек. Азырынча катышабыз же катышпайбыз деп айта албайм.
Мээрим Айталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??