Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Толстуновдун кербези

Өмүрү өрнөк адам
"Корни и Крона" деген китеп колума тийип калды. Биринчи эле барагында кыргыздын жерин кооздоп, айтып бүткүс сөздөр менен сүрөттөп жатканынан улам авторду тааныбасам да сыйлап калдым. Ары карай кызыгып окуй бердим. Ар бир сүйлөмдө ушунчалык кыргыз дегенде жан дили менен берилип бийик деңгээлде сүйгөн патриот адамга таандык экени сезилип турду. Бул өлкөбүздүн бараандуу кишилеринин бири Толстуновду эскерүү экен. Чынгыз Айтматов, Турдакун Усубалиев, Мар Байжиев ж.б сыймыктануу, суктануу менен Толстуновду эскеришиптир. Жөнөкөй дыйкан болуп артында өлбөс из калтырган кыргыздын орус уулун жакындан изилдөөнү эп көрдүм. Таласта колхозду биринчилерден болуп уюштурган Василий Ивановичтин бир небереси Венгрияда орун очок алып калган экен. Ал эми кызы Мария Васильевна 85 жашка таяп, Бишкекте турат. Атасы тууралуу азыноолак маалымат алуу үчүн барганымда Мария апа анча-мынча киргиздерден өйдө туруп, кыргыз салтын карманып, өзүн кыргызмын деп эсептеп жайдары тосуп алды. Анда кеп учугун Мария апанын маеги уласын:


- Мария апа, ата-тегиңиз кайдан?
- Атакемдин айтымы боюнча биздин түпкү тегибиз Воронеж облусунан. 1861-жылы падыша крепостнойлук укукту жойгондон тартып кыргыздар тарапка ооп, Ысык-Көлгө отурукташып калыптыр. Алгач Толстуновдордун үй-бүлөсү бир топ башка орустар менен келген экен. Атам 1906-жылы 12-февралда төрөлүптүр. Ошондуктан биз Толстуновдордун үй бүлөсү өзүбүздү толук кандуу кыргыздарбыз деп тамашалап калабыз (эки келини кыргыз).
1939-жылы атам эң биринчилерден болуп колхоздоштуруу компаниясына катышкан. Ал убакта колхоз "Красный пахарь" деген ат менен таанылган болчу. Кийин атамды Нарын кылаасына которуп жиберип, согушка чакырыкты Нарын аскердик бөлүмүнөн алды. Согуш аяктаганда өз кичи мекени Таласка кайтып келип 1949-жылы "Калинин" колхозунун башкармалыгына дайындалып калды.
- Китепти барактап отуруп атаңыздын күжүрмөндүгүнө баа бердим. Аз убакыттын ичинде колхоздун деңгээлин 3 эсе көтөрө алган, уюштуруучулук касиети бийик адам үйдө кандай болду экен деген ой кетип жатат…
- Үйдө аз болоор эле. Өзүн толугу менен жумушка арначу. Дегинкисин айтканда колхоз дегенде ичкен ашын жерге койгон адам болчу. Биз балдары атабызды дээрлик аз көрчүбүз. Себеби, анын жумушчу күнү таңкы саат 6да башталып түнкү 12-1де бүтөөр эле. Бизди катуу урушканы эсимде жок, ар дайым кандайдыр бир олуттуу жаза берүүгө каршы турчу. Кыргыз тилин суудай билип, кыргыз элин, кыргыз жерин жанындай сүйчү. Ар дайым тамшанып, суктанып, сыймыктанып кеп кылып калчу. Жада калса кыргыз-орус сөздүгүн түзүүчүсү академик Юдахин атамдан келип кеңеш сурап кеткен экен.
- Жөнөкөй адам катары эмнеге сүйүнчү?
- Өз ишинин кичинекей да жемишин көрсө, жумушчуларынын айлыгы көбөйсө да сүйүнчү. Бир окуя эсиме келип жатат. Таластагы аскер кызматына чабандарды да аскер кызматын өтөөгө чакырып калды. Атам атайын барып жолугуп, бир адам жок армия жашай алат. Ал эми бир чабан жок колхоз жашай албайт деп сөз менен жеңип кеткен экен. Ошол чабандарга бара жатканда да куру кол барчу эмес. Апама келип "Наташа таттуу-паттууңан болсо салып бер. Чабандарга баратам, балдарына кантип кур кол барам" деп кыйкырып калчу. Анан апам даярдаган баштыгын көтөрүп алып сүйүнүп жөнөп калчу. Жада калса ушул кичинекей буюм да атамды кубандырчу экен.
- Акырындап сөз апаңыз жакка бурулуп бара жатат. Ошол тууралуу кеп салыңыз?
- Апам тууралуу айта турган болсом көзүмөн жаш тегеренет. Эч убакта апамдын атама карап үнүн бийик чыгарып же кабагы түйүлүп калганын көрбөдүм. Атам кайсы убак келбесин апамдын ысык тамагы, таза кийими даяр турар эле. Атам да укмуш да, эч убакта үйгө жалгыз келчү эмес. Ар дайым 3-4 киши жандап жүрчү. Апам бардыгын кабагым-кашым дебей тосуп алып, күлүп жайнап узатат. Биздин үйдүн эшиги такай ачык болчу. Эл да кайгысын, кубанычын апам менен тең бөлүшүшчү. Өзгөчө базар күнү эртеден баштап "Ой, Наташа чай бар?" деп келишсе, апам болсо "бар, бар" деп ошентип эртели кеч апамдын дасторкону жыйналчу эмес.
- Азыркылар андай адамгерчиликтүү сапаттан алыстап бараткандайбыз...
- Азыркыларды көрүп таң калам. Ооба, заман өзгөрдү, бирок биз адамдар ошол эле бойдон калып жатпайлыбы. Адамдык эң чоң сапат касиет азайып бараткандай сезилет. Баалуулугубуз төмөндөдү окшойт. Мына атам канча жыл колхозчулар деп жашап, ошолор менен бирге болуп, жарды колхозду миллионер кылганга жанын үрөп иштеп, жада калса там да салбаптыр. Өмүр бою колхоздун тамында жашап, андан соң эс алууга чыгып өмүрүнүн акырына чейин ошол эле үйдө болду. Азыркыларда "мамлекеттин иши" деп үйрүлүп түшкөндөр жокко эсе.
- Айылдаштарыңыз тууралуу кеп салып бербейсизби?
- Мен эми көпчүлүгүн унутуп калыптырмын. Эсимде атамдын досу Наизбек калыптыр (көзүнө жаш алып). Бир ирет үйгө келип калды. Даам сызганы чакырса үстүндөгү чапанын чечпейт. Эмнеге чечпей жатасың деген атамдын суроосуна, ичимде эч нерсе жок деген эле. Атам дароо үстүндөгү костюмун чечип, ички көйнөгүн досуна карматкан. Наизбек бизге согуш учурунда көп каралашкан атамдын жакын досу болчу.
- Маегибиздин соңунда жаштарга каалоо айтсаңыз.
- Азыркы жаштарга эмне каалаар элем. Эң оболу эли-журтубузга тынчтык каалайм. Журт башында тургандарга ыйман берсин, ынтымак берсин.
Айылдагы миллионер колхозунда бирге иштегендердин аты-жөнүн жакшы билбейт экенмин деген Мария апанын сөзүнөн кийин ал учурда ынтымактуу коллектив болуп, жетекчисине жардам кылгандарды кантип эскербейбиз деген ой келди. Кийинчерээк Василий Иванович менен тыгыз байланышта болгон Аалы чоң атанын байбичеси Барпыгүл апаны таап калдым. Өзү 83 таяп калса акылынын тунуктугу, эс тутумунун бекемдиги таң калтырды. "Толстунов тууралуу канча жазсаң да түгөнбөйт кызым" деп сөзүн улады. Эми чоң эненин айткандарын угуп отуруп ошол кездеги тартиптин, достуктун бекемдигине тан бердим. Апанын айткандарын жазсам гезит бети чак келбестир. Андыктан ал учурдагы бирге иштешкен адамдардын аты-жөнүн гана берүүнү туура көрдүм.
Колхоздун өнүгүшүнө салымын кошкондор:
Акылбек Эшалиев - порторг
Токтогул Усубалиев - порторг
Жолдошев Мырзабай - бухгалтер
Абдаалы Нуралиев - кампачы
Пряткин Иван, Пряткин Мишка - чоң догдур
Акбар - бригадир
Масалбек Акматбеков - башкарманын жардамчысы
Ракым Бокоев - мал догдур
Али Оган (түрк) - тегирменчи
Алыбай Медеров - жылкы ферма
Ажыбек Эшалиев - уй ферма
Анатай - зоотехник
Дүйшөнбек Оторбаев - зоотехник
Акматжан Мамыров -склад башчы
Талип Осмоналиев - сельсовет
Токон Молдокулов - кассир
Айтбай Барпиев - агроном, тамекичи
Бандоренко - тракторист
Заводский, Лопухова, Хабиба апа
Төлөбек Аманалиев
Валерко - Толстуновдун орун басары
Асан Жаналиев - ревизор
Садырбай Кабаев - мектеп директору
Канай Момбеков - завуч
Ковалев -врач
Анарбек - балдар врачы
Жогоруда "Калинин" колхозун гүлдөткөн адамдардын апанын эсинде калганы гана берилди.

Мээрим Айталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??