Аскербаза

Полковник Дуайт Соунс, "Манастагы" Америкалык жүк ташуучу борбордун директору:
"Жашыра турган сыр жок, барын ачык айтып берем"

Көпчүлүк кыргыз эли үчүн Кыргызстандагы Америка аскер базасы тууралуу кеңири маалымат жок болгондуктан, терс кабыл алынчу. Бир ай мурун мурунку "Ганси", азыркы "Транзиттик жүк ташуу борбору" менен кеңири таанышып, алардын ички жашоолорун, эмне кызмат аткарып жаткандарын, кандай техникалары бар экенин өз көзүбүз менен көрүп кайтканбыз. Бул борбордун директору менен кеңири маек курганга макулдашып кеткен элек. Белгиленген күнү полковник Дуайт Соунс менен жолугушуп, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

- Полковник мырза, сиз жетектеген жүк ташуу борбору эмне иш менен алек? Мурдагы авиабаза менен азыркы жүк ташуучу борбордун айырмасы эмнеде?
- Экөөнүн өтө деле көп айырмасы жок. Себеби, мурда кандай иштерди аткарган болсок азыр деле ошол иштер менен алектенебиз. "Транзиттик жүк ташуучу борбор" деген ат биздин аткарып жаткан ишибизге шайкеш келет. Борбор негизинен төрт тармактуу иш алпарат. Биринчиси, Афганистанга Америкалык аскерлерди ташуу. Экинчиси, жүк ташуу. үчүнчүсү, абада учактарды күйүүчү май менен камсыз кылып, май куюу. Төртүнчүсү гуманитардык жардам көрсөтүү. Гуманитардык жардам боюнча былтыр үч адам иш алпарса, быйыл 30 адам иштеп жатат.
- Күнүгө Афганистанга канча учак, канча ирет каттайт жана эмне ташыйсыздар?
- Бизде 16 КС 135 жана төрт СИ 17 деп аталган учактар бар. Андан тышкары коммерциялык учактар бар. Мисалы, аскер күчтөрүн Америкадан Германияга, ал жерден Кыргызстанга, бул жактан Афганистанга ташуу үчүн келишим менен акча төлөп башка компаниянын учактарын алабыз. Ал эми биздеги КС 135 учагы 4000, СИ 17 учагы 3000 жолу бир жылда учуп, 13 миллион фунт жүк ташыган. Бир айда 10 миллион галллон майды учактарга аба майданында куюп, 2500 адамды ташыган.
- Кечиресиз полковник мырза, кандай жүк ташыйсыздар, билсек болобу?
- Белгилей кетчү нерсе, биз курал-жарак ташыбайбыз. Биз тамак-аш, кийим-кечек, техникалык жабдууларды, ар кандай техникалык тетиктерди, айыл- чарба техникаларын жана башка керектүү буюм-тайымдарды ташыйбыз.
- Коалициялык аскер күчү Талиптерге, террористтик күчтөргө жана бангизатка каршы түзүлгөн деп түшүндүрүп келесиздер, анда эмне үчүн азыркыга чейин аларды да, бангизатты да жок кыла албай келет? Же мунун саясий сыры барбы?
- Албетте, Америкалык базалар террористтер менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Биз ал иш аракеттерди аткарып жатабыз, андан тышкары афган элине айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жашоо шартын оңдоого жардам берип жатабыз. Сиздер билгендей афган эли бангизат өсүмдүктөрүн көп өстүргөн эл. Биз ошого каршы иш алпарып бангизаттын ордуна башка керектүү жана зыянсыз өсүмдүктөрдү өстүргөндү үйрөтүп жатабыз. Ушундай иш-аракеттин аркасында бангизат азыр эки жыл мурдагыга караганда бештен бир бөлүккө азайды.
- Сиз айтып жатпайсызбы афган элине жардам берип жатабыз деп. Жардамды Америкадан афган эли өздөрү суранып жатышабы же сиздердин демилгеңиздер менен күчкө салуу менен болуп жатабы? Балким алар сиздердин жардамды каалабаган болсочу?
- Мен ал жакта иштебегенден кийин божомолдорду айта албайм, бирок ишенич менен айталам, биз бул жерде кыргыз эли менен чогуу ачык иш алпарып жатабыз. Ошондуктан мен ойлойм ал жерде деле афган эли менен чогуу-чараң ачык иш алпарып жатышат деп.
- Афганистандан учуп келген учактар жерге коноордо ашыкча күйүүчү майды абада төгөт экен, ошондон Манас аэропортуна жакын айылдардын айдоо аянттарына зыян келтирип, өсүмдүктөр өспөй жатат деген эл арасында доомат кептер тарады эле. Ушул чынбы?
- Бул туура эмес маалымат. Биз күйүүчү майды сатып алабыз жана ал кымбат турат. Ошондуктан күйүүчү майды төгүү өзүбүзгө көп зыян апкелет. Бир ирет, 2008-жылы бир учак абага көтөрүлгөндөн кийин тетиги бузулуп, түтүн чыга баштаганда 8 миң бийиктикке көтөрүлүп, бардык эрежелерди колдонуу менен күйүүчү майды абада төккөнгө туура келген. Себеби, учакта 125 миң киллограм күйүүчү май болгондуктан ал жерге коно алмак эмес жана жарылса өтө көп зыян апкелмек. Ошондуктан абадан төгүүгө туура келген. Бирок, 8 миң бийиктиктен төгүлгөн май абада майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп, бууланып кеткендиктен көп деле зыян апкелген эмес. Ошондон бери бир да учак андай жагдайга туш боло элек, демек күйүүчү май да төгүлө элек.
- Америкалык аскер базасы Афганистандагы терроризмге каршы түзүлгөн дегени менен түпкүрүндө Кытай менен Россияга сес көрсөтүш үчүн түзүлгөн деген эл арасында түшүнүк бар. Чын эле ошондойбу?
- Кыргызстандын географиялык жайгашуусу Россияга да, Кытайга да жакын болгон үчүн айтылып жатса керек. Мен мисалы Россиянын аскер базасы менен да, Кытай менен да жакшы алакадамын.
- Канттагы Россиянын базасы менен байланыш барбы?
- Ооба. Жакында эле биздин чакыруубуздун негизинде Россиянын Кант шаарында жайгашкан аскер базасынын жетекчиси Молотов үй-бүлөсү менен келип, биздин иш менен таанышып кетишти. Биз алар менен өнөктөш мамиледебиз.
- Американын аскер базасы дүйнөнүн канча өлкөсүндө жайгашкан жана канча база бар?
- Американын аскер базасы 160 өлкөдө бар. Мисалы, Японияда, Кореяда, Германияда, Италияда, жана Перси булуңунда жана башка мамлекеттерде бар. Бирок, базанын көбү Американын өзүнүн штаттарында жайгашкан.
- Биздин кыргыз эли демократияны сүйгөн эркин эл. Эгерде элибиздин эркиндиги чектелип, көңүлгө жакпаган иш жасалса керек болсо президенттен да жооп сурай алат. Ошондуктан эки революцияны баштан өткөрүп олтурабыз. Сурайын дегеним, сиздердин авиабаза Кыргызстанга канча акы төлөйт? Акаев учурундагыны, Бакиев учурундагыны жана азыркы учурдагыны айта кетсеңиз. Себеби, элге толук маалымат жетпегендиктен, жашырганда эмне, карапайым элдин Америкалык базага көз карашы терс. Ачык-айрым демократиялык мамлекет болгон соң муну эл билиш керек. Билүүгө аябай кызыкдар. Анткени, буга чейин бийлик жашырып, коррупциялык негизде сиздердин төлөгөн акчаны бюджетке толук бербей айрым бийлик төбөлдөрү, балдары жеп келгени айтылып жүрөт.
- Бизде жашыра турган эч кандай сыр жок болгондуктан мен сиздин сурооңузга факты менен ачык жооп берем.
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова




Экинчи дүйнөлүк согуштун кара тагы

СССР
Төрт жылга созулган апаат жылдары Советтик Кызыл Армия 11 944 100 адамын жоготкон. Анын ичинде 6 885 000 адам өлгөн. Нечен адамдар дайынсыз жоголуп, 4 559 000 колго түшкөн. Жалпысынан алганда Советтер Союзу 26 600 000 жаранын жоготкон. Ата-Мекен үчүн болгон согушта 34 476 700 жоокер катышкан.


Германия
1941-1944-жылдар аралыгында 6,5 миллион адамын жоготкон. Немецтер эң көп жоготууга СССР менен болгон салгылашууда учураган, анда 742 миң жоокери набыт болгон. Ал эми Польша, Норвегия, Англия, Франция, Бельгия, Голландия, Дания өлкөлөрү менен болгон кагылышта 418 805 солдатын жоготкон.


СССРдеги кыйроолор
СССР боюнча 1710 шаар, 70 ашуун айыл-кыштак, 32 миң завод-фабрика, 98 миң колхоз кыйроого учураган.


Согушка кеткен чыгым
Согушка катышкан бардык өкөлөрдүн чыгымы 1117 миллиард доллар.


Кыйроого кеткен чыгым
260 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинен СССР - 128 млрд, Германия - 48 млрд, Франция - 21 млрд, Польша - 20 млрд, Англия - 6,8 млрд.