Ойго келди
- Чочуганда, корккондо, ачууң
келгенде оозундан чыккан биринчи сөз?
Кундуз Канатбек кызы, ырчы:
- Чочуганда "мама" дейм. Корккон учурда болсо ичимден "ла илаха илла аллах" деп айтам. Ачуум келген учурда ар кандай болот. Бирок, эң көп колдонгон сөзүм "да пошли вы все" деп айтам го.


- Жигиттерден алган биринчи катыңыз?
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
- Мектепте окуп жүргөндө кийимдерибизди чечип коючу жай бар эле. Ал жакка пальтомду чечип кетип сабак бүткөндөн кийин кийип колумду чөнтөгүмө салсам эле кагаз жүрөт. Алып окусам эле признание в любви экен. Бул окуя 8-классымда болгон. Кимден келгени белгисиз анонимдүү кат болчу.


- Биринчи сүйүүңдү сүрөттөп берсең?
Баян Акматов, ырчы:
- Унчукпайм сүйүүм катып жүрөгүмө,
Ашыгам ичтен сызып мүнөзүңө.
Табыштың акыры сен башка менен,
Табышмаксың азыр деле бир өзүмө.
Канча сүйүү жыл карытты кат менен,
Кечирип кой карындашым жаш белең.
Анты бекем өчтү сүйүү мөлтүрөп,
Көздөн тамган жалгыз тамчы жаш менен.

Сени эстейм өзүм менен сырдашып,
Мүнөзүмдү арылбаган муң басып.
Сагынычтын күйүтүнө чыдабай,
Айлам жок ак баракка ыр жазып.
Ыйлаптырсың ак сүйүүнүн жазын таппай,
Кезинде билсең эмне жалындатпай.
Сен экөөбүз ак сүйүүгө алданып,
Азыр арман, махабаттын балын татпай.

- Биринчи МАИ кызматкери тоскондогу абалыңыз?
Жакут Сыдыков, куудул:
- Биринчи алган машинем "опел кадет" болчу. Ал кезде айдоочулук күбөлүгүм да жок. Көк-Жардын жанында май куюучу жайга келип токтой албай, май куйган тешигин тууралап токтото албай кыйналгам. Ошол жакта милийсалар бар экен. Алар жөн эле отурган, мени менен иши деле жок болчу. Бензин куйганга токтой албай артка айдап, кайра алдыга айдап атсам эки милиция келип МАИ кызматкерин чакырып, алар 4-5 машине менен келишип мафияны алып кеткенсип алып кетишип, машинемди камап коюшкан. 2-3 күндөн кийин көп акча төлөп машинемди алып чыккам. Ошентип биринчи МАИлерге мафиядай эле түшкөм. Андан бери кудайга шүгүр ырдап коюп эле жүрөм.
Газды катуу баспагын,
ГАИ тоссо качпагын, айланайын айдоочу 60тан ашпагын деп.
Махабат Сексенбаева