Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова

Сандан-санга
Өзүмдү тапкан жол
(Башы өткөн санда)
Бир жолу эртең мененки сыйынуу убагында денем бир башкача болуп, абада калкып калган сыяктуу жепжеңил абалга келдим. Ошол замат сүттөй аппак коюу булут мени баштан аяк чулгап калды. Аппак булут мени жерден бийик көтөрө баштагандай сезим келди да анан көзүм караңгылашып барып камгак сыяктуу каякадыр учуп кеткендей болдум. Караңгылык эми күмүш түстүү туманга айланды, Акырындап туман суюлуп жок болуп кетээри менен күн төбөдөн жаркырап тийип, алтын нуру айлананы жарык нурга бөлөдү. Төрт тарабы бийик тоо менен курчалган, бетегеси белден буралган, жыпар жыт гүлдөр жайнаган, ар түркүн куштар сайраган, бейиштей кооз жерде туруп калдым. Бул жер менин жети атамдын жери экенин ички туюмум менен сезип турдум. Түбүндө ташы көрүнгөн, ат агызчудай алкынып аккан туптунук суунун жээгинде толтура аял-эркектер каз катар тизилип, алоолоно жалбырттап күйгөн отту тегеректеп олтурушуптур. Бул адамдар менин жети чоң-ата, чоң-энем, жети тайата-таэнемдер экен. Жандарына жакын барып ийилип саламдашып жатып кээ бирөөлөрүнүн жүздөрүндө кара көлөкө түшүп турганын байкадым. Аларды таңыркай карап турганда, "Кызым, сен туура баамдадың, булар сенин жети ата -бабаң, мен сенин астралдык устатың болом. Мындан ары мен сени менен дайыма бирге болуп, сага жардам берип үйрөтөм. Менин айткандарымды аткарышың керек" деген бир башкача үндү укканда бир чети таң калып, бир чети коркуп үн чыккан жакты карап ого бетер таң кала карап турган жеримде катып калгандай болдум. Себеби, менин маңдайымда аппак булут сыяктуу өтө зор аксакал турган эле. Ак сакалы жайкалган, аппак кийим кийген бул абышканын көздөрүнөн нур чачырап, мени мээримдүү көздөрү менен эркелете карап турган эле. "Мен сиздин айткандарыңызды аткарууга даярмын устатым", деген сөз менин оозуман өзүнөн-өзү чыгып, оң колумду жүрөк тушка коюп аксакалга ызаат көргөзүп ийилдим. Бул кыймылдарым да мен ойлонгуча эле өзүнөн өзү болгондой сезилди. Булуттай жумшак нерсе башыма коюлгандай сезим келип, бул азыркы менин устатымдын колу экенин сездим. Денем көлкүлдөп эрип бараткансып керемет сезим келди. Устатым мага мындан ары эл менен кандай иштешим керек экенин, ооруну кантип айыктыраарымды көргөзүп да, түшүндүрүп да жатты. "Жети ата-бабаң сенин түп тамырың, эгерде тамырга доо кетсе бутагы куурап, жалбырак соолуйт. Ошондуктан жети ата-бабаңдан башта" деди. Каз катар тизилип олтурган адамдардын жанына жакын барып:
Оо жараткан теңирим, Сенин касиетиң чексиз! Бардык нерсе сенин гана буйругуң, сенин гана жардамың менен болот. Ушул олтурган менин жети чоң ата-эне, жети таята-таэнелеримдин билип билбей, пендечилик кылып, мурунку жана кийинки жашоолорунда кетирген күнөөлөрү болсо кечирегөр деп айтаарым менен чагылган сыяктуу жарк этип барып жалынга айланып, жанагы кара көлөкө түшүп турган адамдардын денесиндеги кара көлөкө дүрт этип күйүп кетээри менен чакалап куйгандай нөшөр төгүлүп кетти да жарк этип күн ачылды. Тигил адамдардын жүзүндөгү кара көлөкөлөр жок болуп, жүздөрүнөн нур чачырагандай жапжарык болуп калды. Ошол замат жапырт ордуларынан тура калышып, алакан жайып мага баталарын берген соң арасынан бир чал-кемпир суурулуп чыкты. Тааныш өңдөрдү көргөндө сүйүнүп кеттим. Бул менин чоң атам Асанбек, чоң энем Бурул эле. Атамдын күлмүңдөп күлүп турчу көздөрү, апамдын ак жуумал сулуу жүзү мага жакындап келээри менен, заматта тоо этектеп жайгашкан, узун айылдын аягынан орун алган үйдө атам, апам үчөөбүз болуп калдык…
Менин бала кезим ушул айылда чоң-ата, чоң-энемдин жанында өттү. Атам Асанбек шыңга бойлуу, көп сүйлөбөгөн, бирок эртеден кечке жаны тынбаган иштерман киши болчу. Апам Бурул орто бойлуу, көздөрү сурмалуу, ак жуумалынан келген сулуу да, акылдуу да, колунан көөрү төгүлгөн уз адам эле. Сүйлөсө макал-лакап кошуп сөзгө да чечен болчу. Атам 1941-жылкы согушка катышып,оң колунун ортоңку эки манжасынан ажырагандан кийин согуш бүтөөргө аз калганда кайтып келген экен. Ал кезде биздин айылда колу жок, буту жок адамдар көп болчу.
- Ата, эмне үчүн сенин манжаларың жок, ким кесип салган? - деп балалык суроо бергеним эсимде. Ошондо атам согушта колунан кандайча жаракат алганын, немецтен "тил" (пленник) кармап келгенин айтып берген. Негизи согуш жөнүндө көп сүйлөгүсү, эстегиси келчү эмес. Кээде көңүлү келгенде:
- Согуштун жүзү курусун, биз көргөндү ылайым силер көрбөгүлө. Канча миллиондогон адамдын каны төгүлдү. Эки манжамдан айрылсам да элиме, жериме аман кайтып келип, минтип жалгыз уулумдун балдарын жыттап олтурам. Колу-буту жок болсо да жалгыз иним Намазбек кайтып келсе болбойт беле, - деп көзүнө жаш тегерене түшкөнүн көрбөсүн дегенсип тескери карап үшкүрүп жатып калчу. Атам болгону эки бир тууган экен. Иниси согушка кеткен бойдон же кара кагаз келбей дайынсыз, өлүү-тирүүсү билинбей, көп жыл өткөндөн кийин ашын өткөрүшкөн. Атам өзү өлөөр өлгөнчө "балким колго түшүп, чет өлкөдө жүргөндүр" деген үмүт менен жалгыз инисин күтүп жашады. Кээде көңүлү ачылганда апам экөө узун сөзгө киришип, жаш кездеринен кеп салышчу. Айылдагылардын көпчүлүгү атам, апамдан кеңеш сурашып көп келишчү. Аялдар чогулганда узун сабак кептин аяк башы түгөнбөй черлери жазылчу. Андайда апамдын жанынан чыкпай сөз тыңшачумун. Атам менен апам өтө ынтымактуу жашагандыктан аял-эркектин урушаарын келген аялдардын гана сөздөрүнөн укпасам, көзүм менен көрбөгөндөн кийин анчалык элестете алчу эмесмин. Кичине кезимде бирөө катуураак сүйлөсө да коркуп, атам-апамдын этегине жармашып эт бетимден кетип жыгылып ыйлачу экенмин. Айылда атам теңдүү бир киши бар эле, катуураак сүйлөсө урушуп жаткандай угулчу. Сырттан келатып эле кыйкырып келчү.
- Кудай жалгагыр, акырын сүйлө, кызымдын жүрөгүн түшүрөсүң, - деген апамдын сөзүн көп укчумун. Чындап эле эки күндүн биринде этим ысып, кусуп, ичим ооруп жатып калчумун. Андай кезде апам арча түтөтүп, чыныдагы сууга бир нерселерди айтып мага ичирип, бети-колумду жууп, оң колу менен ичимди сылап койсо уктап калчумун. Ойгонгондо этимдин ысыганы түшүп, көңүлүм ачылып ойноп кетчүмүн. Бир жолу апамдын бирөөлөргө "дагы жүрөгү түшүптүр, жүрөгүн ордуна салып койгондон кийин жакшы болуп калбадыбы" деп мен жөнүндө айтып жаткандарын угуп калдым.
(Уландысы бар)




  Улуу адамдын уңгусу

Саи Баба алдабаптыр
Миллиондогон шакирттерин, аны сыйлаган, сүйгөн адамдарды дүйнөнүн төрт бурчуна таштап Сатья Саи Баба башка дүйнөгө кеткенден бери талаш- тартыш токтой элек. Бири Баба 96 жашка чейин жашайм деген, айткандары туура чыккан жок дешип ишенбөөчүлүк менен терс көз карашта болсо, башкалары Саи Бабанын эрте кеткенине кейип чын дили менен сүйгөндөр. Ооба, Баба ар дайым 96 жашка чейин жашаарын көп айтчу экен. Ал эми алдын ала айтуучу олуя пайгамбарлардын айтуусу боюнча деле Саи Баба 95 жашка чыкмак. Кызык. Анан эмне себептен бул алдын ала айтуулар дал келбей калды? Адашса бир адам адашат эле, Баба жөнүндөгү ушунча көп алдын ала айтуулардын баары дал келип, эмне үчүн канча жашаары туура келбей калды? Көрсө Сатья Саи Баба алдабаптыр, ал өзү айткан жашка чейин жашаптыр.
Рим календары боюнча Саи Баба быйыл ноябрь айында 85 жашка чыкмак, бирок ал 85 жылдыгын былтыр майрамдаган. Себеби, Индиялыктардын салты (кыргыздын да) салты боюнча эненин курсагындагы 9 айлык жашоо бир жаш деп саналат. Саи Бабанын айткандарына эми көңүл бөлүп окуучулары карап көрсө, ал жаш жөнүндө айтканда биз көнүп калган күн санак менен эмес, жылдыз санак менен сүйлөчү экен. Мисалы, Индия астрологиясы боюнча бир айда 27 жылдыз күн болот экен. Ошондо бир жылда 12 ай болсо, демек бир жыл 324 жылдыз күндөн турат. Баба 23-ноябрь 1926- жылы туулуп, 24-апрель 2011-жылы дүйнөдөн кетти. Бабанын жыл санагы боюнча алсак, ал 30 миң 834 жылдыз күн жашаптыр. Бул санды 324кө бөлсөк, Саи Баба 95 жаштан ашыптыр. Индиялыктардын, кыргыздардын, тибеттиктердин салты боюнча курсактагы бир жашты кошсок Баба 96 жаштан өткөн болот. Демек, Баба алдабаптыр. Ал эми башка алдын ала айтуучулар деле телугу (Саи Баба телугу элине кирет) жыл санагын көрүшсө керек деген ой келет. Ошентип, 114 мамлекетке Саи борбор түзүп, үч миллиондон ашык шакирттерин жана 12 миллиард долларлык байлык калтырып кеткен Бабанын артында калгандар "эми анын байлыгынын ээси ким болот?" дешип жатат. Бабанын колдоосунда индиянын ондогон премьер-министрлери, Голливуд жылдыздары, "Хард-рок-кафе" сетинин негиздөөчүсү Исаак Тигрет, Йорк герцогинясы Голди Хоун, Индиянын президенти Пратибха Патил, премьер-министри Монмахан Синх жана көптөгөн атактуулар болгон экен. Булардын баары Бабаны акыркы сапарга узатуу азасына катышты. Саи Бабанын артында калгандар, анын калтырып кеткен байлыгын ким башкарат дешип, орун басарлар тымызын талашып жатышат дейт (пендечилик).
Алардын арасында Бабанын жээни Р. Ратнакар, эң жакын шакирти Сатьджит бар дейт.
Лариса Асанбекова