Мурас

Адамзатта аты улук,
манастап ураан чакырдык
Манас Атабыздын үйүн (музейин) курсак болобу?

Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Табылды Актанов, КР эл артисти:
- Бул идеяны кош колдоп колдойм. Манас үйү болуш керек. Адамзатка суу менен аба кандай керек болсо, эртеби -кечпи келечек муун үчүн кыргызга Манас эпосу дал ошондой зарыл. Эгер бул иш аткарылып кала турган болсо абдан чоң, ошону менен бирге жоопкерчиликтүү мыкты иштердин бири болуп саналмак. Манас бабабыздын арбагы ыраазы болмок. Ал үчүн алдыңкы архитекторлор өзгөчө долбоор менен иштеп, атына заты жарашкан имаратты атайын арнап курушу шарттуу. Анан эптеген төрт бурчтуу дубалды музей кылабыз деген туура эмес. Ал жер жүзүндөгү керемет дүйнө болуусу керек. Бул үй Манас баянын кадырлаган кыргыз үчүн кенч мурас, ал эми башка өлкөдөн келген туристтер үчүн элдин улуулугун, баатырлыгын көргөзгөн, таасир калтырган ажайып дүйнөгө курчалган сыр катары көрүнүшү абзел.


Улан Исмаилов, манасчы:
- Негизинен бул үй курулса абдан сонун болмок. Тилекке каршы баары сөз жүзүндө айтылып келип, иш жүзүнө келгенде аткарылбайт. Мен сиздин берген сурооңуздун ток этер өзөгүн түшүнгөнүм менен ага жооп бериш абдан кыйын болуп турат. Манастын үйүн качан, кайда курулары тууралуу жалпы түшүнүк болбогондон кийин айтуу өтө оор. Менин жеке пикиримде Манас үйүн кура турган болсок ал кыргыздын улуттук калоритин сактоо менен бирге жалпы кыргыз элинин турмушун чагылдырып, кийген кийимдери, колдонгон буюмдары баш болгон Манас эпосуна тиешелүү илимий изилдөөлөр менен толукталышы абзел. Манас үйүнүн архитектурасы боз үй же театр тибинде болобу анын ички маңызы сыртынан караган адамды өзүнө тартып, улуу үй экендигинен кабар берип турушу керек. Манасты туу туткан инсан катары колумдан келген жардамымды аябайм. Кара жумушуна же акчалай жардам берүүгө да ар дайым даярмын.


Айбек Саипов, "Ак шумкар кут" жаштар коомдук бирикмесинин өкүлү:
- Кыргыздын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жандүйнөсү, жашоо бейнесин чагылдырган үй болушу керек деп ойлойм. Элибиздин күнүмдүк жашоо бейнеси, анан биздин коңшу мамлекеттер менен аскердик байланышын мыкты чагылдырган экспонаттар менен толукталып, Манас эпосундагы кыргызчылыктын тегин кандай алып баргандыгын, негизи эле жалпы системаны түшүндүргөн үй болуш керек. Неге дегенде Манас эпосу дүйнөдөгү эң улуу баяндын бири. Буга көптөгөн каражат сарпталат. Бул үй Манасты тааныта турган үй болуш керек.Чындыгында маданият деген элүү жылда көтөрүлүп кайра түшүп турган нерсе. Ошондуктан бул үй кайсы доордо болбосун өз аткарган максатынан тайбагандай ошол учурга тиешелүү анан дагы келе жаткан доорду да жаңылап турган үй болушу керек. Манас үйүнө киргенде музейге киргендей эмес, тирүү адам жашап жаткандай үйгө киргендей таасир калтырышы абзел. Ал жерге жандүйнөсүнөн баштап колдонгон уникалдуу оокаттарынан бери коюлса абдан сонун болоор эле.





  Эки собол

5-май Конституция күнү беле?

1. Кыргыз Республикасынын Башмыйзамы сизге жагабы?

2. Конститутцияны ким бийликке келсе өзүнө ылайыкташтырып, оңдоп-түздөп өзгөртүп алат дегендердин пикирине кошуласызбы?
Кусеин Исаев, көз карандысыз эксперт:

1. Референдум менен кабыл алгандан кийин Конституция жагабы, жакпайбы жоболорун аткарышыбыз зарыл. Бул жагынан мыйзамды урматтаган, сыйлаган, туура түшүнгөн жарандардан болушубуз керек. Сиздин сурооңузга так жооп бергенде Конституцияда көп кемчиликтер бар. Эң башкысы кыргыздардын кылымдар бою калыптанган менталитетин, каада-салтын эске алган эмес. Батыш Европадан келе жаткан либералдык мыйзамдардын күүсү менен жазылган. Айкындуулугуна келгенде кыргыздардын менталитетинде социалдык мыйзамдарга баш ийиш керек. Боорукерлик жетим-жесирлердин болбоосу, кары-картаңдарды багуу ушунун баары социалдык маселелерге кирет. Бизде либералдык мыйзам үстөмдүк кылгандыктан жүз миңдеген адамдар (төрөт маалындагы кыз-келиндер, жумушка жарамдуу эр жигиттер) жумуш иштеп чет мамлекеттерде жүрөт. Бул көрүнүш биринчиден жалпы элдин келечегине, коомго көп зыяны тиет, экинчиден, ден соолугунан ажырашат. Учурда 1993-жылдагы Конституцияга кайрылабыз деп жатышат. Он сегиз жылдын ичинде кыргыздын жашоосунда көп өзгөрүүлөр болду. Ошол аралыктын ичинде 8жолу Конституция (толуктоолор, өзгөртүүлөр кирип) алмашкан. Конституциянын максаты артка кайрылуу эмес, алдыга карай келечекти көрүп, ошого жараша оңдолууга тийиш.Чындыкты айтканда Кыргыз мамлекетинин турпаты, тарыхый жолу Чыгыш Азия борборунда болгондон кийин биз өзүбүздүн тарыхый ордубузду тактап алышыбыз зарыл. Булардын бардыгын жалпысынан саясат ишке ашырыш керек. Биз ушул маселеден аксап жатабыз. Ошондуктан Конституциянын кемчиликтерин көрө билип, кылдат оңдошубуз шарт.

2. Бул туптуура айтылган сөз. 2005-жылдан 2010-жылга чейинки убакыт элдин айтканын толугу менен тастыктап турат. Мурун Конституциялык кеңеш эки жума бою талкуулашып, бирок ошол талкуунун негизинде кабыл алынган текст эмес, башка бирөөлөрдүн кеңеши менен оңдолуп, такыр бөлөк Конституция кабыл алынган деген сөздөр айтылып жүрөт. Демек, бул жагынан ойлонушубуз керек. Себеби, парламенттик Республика болгондон кийин парламентаризмдин эрежелери, жоболору мүмкүн болушунча күндөлүк жашообузга туура келгидей болушу керек.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

1. Эгемен-дүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1993-жылы 5-майда Конституция кабыл алынган. Бул күндү биз ыйык мыйзамдын кабыл алынган күнү катары тааныйбыз. Бирок, чын-чынында азыр түп тамыры менен жаңы Конституция иштеп жатат. 2007-жылы да, 2010-жылы да жаңы Конституция кабыл алынган. Мындайча айтканда жаңы бала төрөлдү. Бирок, кичүү баланын туулган күнүн улуу баласынын туулган күнү менен белгилеген сыяктуу эле көрүнүш болуп жатат. Мен үчүн бул нерсе түшүнүксүз. Азыр биз кайсы Конституцияда жашап жатсак, ошол мыйзамдын кабыл алынган күнүн майрам деп атообуз керек эле. Мурунку Башмыйзамга кошумча өзгөртүү толуктоолордун киргизилгени башка нерсе. Ал эми түп тамырынан бери башка Конституция кабыл алган бул башка нерсе да. Ошондуктан 5-май биздин Конституциялык эл экенибизди, адам укуктары боюнча жакшы мыйзамдар бар экендигин эске салат.Чындыгында бүгүнкү майрам Конституциябыздын күнү эмес. Дагы бир кошумчалап кете турган нерсе, кыргызстандын 20 жылдык тарыхында кайра-кайра жамачылап өзгөртүп, толуктап олтуруп биздин деле башыбыз айланып калды. Кайсы күн Конституцияны кабыл алган күн экенин өзүбүз деле билбей калдык. Бул көрүнүш укуктук талаада чоң мааниге ээ. Бүгүнкү Конституциянын күнү кайсы күнү экенин тактап алсак жакшы болот эле. Учурда Конституциялык сот дагы жоюлуп кеткен. Эгер болгондо жаран катары кайрылып, Конституциянын күнү кайсы күн экенин тактамакмын.

2. Кептин баары бир эмес, эки Президентти кууганыбыз, улам-улам Кыргызстанда тынчтык болбой толкундап жатканыбызда. Бизде Башмыйзамды ыйык тутуп, сыйлап жаткан жерибиз жок. Аны туура иштетип, сыйлаганды билбей калдык. Биз мыйзам талаасынан таптакыр чыгып кеттик. Чиновниктерди да карапайым адамдардай мыйзам алдында бирдей жоопко тартуу деген жок. Ошон үчүн Конституциянын баркы түшүп жөнөкөй эле китептей болуп калып жатат. Бул деген абдан өкүнүчтүү. 2007-жылдын күзүндө эки айдын ичинде 3 жолу жаңы Конституция кабыл алдык. Бул окуя менен Кыргызстан Гиннестин китебине рекорд койгондой эле абалда болду.
Бетти даярдаган Назгүл ЭСЕНГУЛОВА