Көзирмем

Өктөмкан Абдуллаева, Эсеп палатасынын аудитору:
"Эркек болбой калганыма өкүнөм"
- Өктөмкан Авазовна, адегенде жаңы иш ордуңуз менен куттуктайм! Сиздин талапкерлигиңизди Президент көргөзүп парламент көп добуш менен колдоп берди.
- Рахмат. Эмнеге мындай көп добуш алганымдын себеби, биринчиден көп депутаттар менен ар кайсыл мезгилде жумуш тууралуу көп иштештик. Көп мыйзамдарды коргоп, ал үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзчүмүн. Көпчүлүк социалдык тармактагы мыйзамдар депутаттардын колдоосуна ээ болчу. Таза иштеп, ак эмгектенсең колдоону дайыма табат экенсиң.
- Мен абдан кадырлап сыйлаган адам, "Мен эч качан адамды түндүктөн, түштүктөн деп бөлбөйм. Адам экиге эле бөлүнөт. Жакшы жана жаманга. А мен жаман адамды дайым жакшы кылганга аракет кылам. А эгер кылбасам менин жакшылыгым кайда" деп айтар эле. Ошол сыңарындай эл көзүндөгү адамды ушак ээрчийт эмеспи. Убактылуу өкмөттө иштеген убагыңызда сизди Бишкектен өзбек экен деп чыгышты, түштүктө сизди түндүктөн деп жаман көрүштү?
- Биринчиден мен кыргыздын кызымын. Кичи мекеним Ноокат, туулган жерим Кара-суу району, балалыгым Ош шаарында өттү. Орто мектепти Аксы районунда окуп бүтүрдүм. А түндүк же түштүк жөнүндө сен айткан же сага айткан сөз абдан туура. Мен Нарын жана Ысык-Көл областарынын аксакалдарына, жашоочуларына абдан ыраазымын . 1996-жылы финансы министринин биринчи орун басары элем, 10-декабрда министрликтин кызматкерлерине аресттер, текшерүүлөр башталган. Бир айдан кийин Ысык-Көл, Нарын областарынын аксакалдары, кызым биз сизге тынчсызданып жатабыз, тынчсызбы деп кабатыр болуп келишиптир. Аябай ыраазы болдум. Өз иш ордумда экенимди көрүшүп алар да тынчтанышты. 2009-жылы Ысык-Көл областынын, Ак-Суу районунун ардактуу өкүлү кылышты. Аксуу районун бүт кыдырып жакырчылыкты кыскартуу боюнча көп иштерди жасадым десем болот. Аксуулуктарга абдан ыраазымын.
- Тегиңиз, ата-энеңиз ким, балалыгыңыз кайсыл жерде өткөн?
- Кыргыздын он канатындагы (отуз уул) баргы уруусунан болом. Атам Аваз Абдуллаев, апам Идаят Абдуллаева. Атам финансист эле, кайсыл жерде гана иштеген жок. Жашап барган жерде курбу досторду күтүүгө үлгүрбөй калчумун. Атам кызмат жолун финагент катары Алай районунан баштаган, андан кийин Өзгөн районунда салык инспекциясында жетекчинин орун басары болду. Кийин Кадамжай райондук финансы бөлүмүнүн башчысы болду. Менин кесибиме атамдын салымы чоң.
- Балалыкты эске салсаңыз, келечекте ким болууну кыялданчу элеңиз?
- Ленинградка барып физика-математика окуу жайына тапшырып математик болууну кыялдангам. Бирок, биздин КУУда 1966-жылы "Финанс жана кредит" деген жаңы факультет ачылып, ошол факультеттин биринчи бүтүрүүчүсү болуп калдым.
- Студенттик күндөрдөн алтын элестер калгандыр?
- Студенттик кез эң бактылуу сезимдер жана күндөр десе болот. Айрыкча айыл-чарба иштерине аралашып пахта талааларындагы күндөрүбүз…
- Кызмат жолуңуздун башталышы?
- Окууну аяктаарым менен каржы министрлигине калтырышты. Мен Ошко кетүүнү чечтим. Кызмат башатын Ош облфинде башкы инспектр, бөлүм башчы болуп эмгектендим. Кийин каржы жана эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде орун басар, министр болдум. Вице-премьер-министр кызматын да аркаладым.
- Сиз Акаев, Бакиев, Отунбаева мезгилинде чоң кызматтарды аркаладыңыз, парламенттик башкарууга өткөн соң депутаттар көпчүлүк добуш менен жаңы кызматка дайындап беришти. Мунун сыры эмнеде?
- Мамлекеттик чиновникмин жана ошону менен сыймыктанам. Эң аз айлык акы алып баштап министрдин айлык акысына чейин жетиштим. Кадыр баркы жогору бир чиновник бир жолу: "Өктөмхан Авазовна, мен сизди аябай сыйлап калдым, себеби сиздин артыңызда жүндүү колдор, кландар жана партиялар жок экен" дейт. Жалпысынан 14 жыл министрдин орун басары болуп эмгектендим. 10дон ашык министр менен иштештим, ар бирине өзүнө жараша пил же төө эмес экениңди аныкташ өтө кыйын болду. Кадыр баркка өз эмгегим жана билимим менен жеттим.
Эсимде, 1996-жылы мага премьер-министр Апас Жумагулов телефон чалды (мен орун басар, ал эми министр Америкада болчу). Өктөмкан Авазовна мен сизге өтө ишенич артам ошол ишеничтен кетпеңиз. Өзбекстанга 10 млн. доллар карыз төлөш керек ошону чечиңиз" деди. Эртең менен саат 9. 00 болчу, кечки саат 16.00гө чейин төлөбөсөк алар газды өчүрүп, биздин калк жаңы жылды газсыз тосушмак. Казынада акча жок, мугалим, врачтар 10 айдан бери айлык, пособие алыша элек, карызыбыз абдан көп эле.
Ошондо болбогонду болтурганым эсимде. Саат 15.25те премьер-министрге кабар жибердим, акча которулду деп. Ошончо акчаны табыш үчүн мен анализ жасадым, эгер ушул акчаны карызга алсак (улуттук банктан) кандай болот деп ал акчаны жабуунун мехинизмдерин иштеп чыккамын. 31-декабрда министр учуп келди ага кабар беришкен экен. Ал мени чакырып "Сени менен 2-январда сүйлөшөбүз"деп кабагын салды. Ишенесизби мен үчүн жаңы жыл кандай өткөнүн билбейм, тоскон да эмесмин. 2-январда иштен кетүү тууралуу арызымды жазып кирдим. Ал мен деле сен жасаганды жасамакмын, азаматсың" деп мени таң калтырган. 1999-жылы "Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри болуп дайындалганымда льгота, пособиелерге карыз абдан көп эле. Бул күндөрү карыздардан кутулуп, өнүгүүнүн жолун издегенмин. 2001-жылы карыздардын барын жаап пенсия, пособие, льготаларды өз убагында төлөй баштаганбыз. Жандүйнөмдө мен реформатормун, дайыма жаңы нерселерди издеп жүрөм, жана аны иш жүзүнө ашырууга аракет кылам. Кандай гана реформа же палемика болбосун аны терең анализдебей ишке ашыра албайсын. Бул менин стихиям.
- "Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат" дейт эмеспи. Президенттик шайлоодо ким жол көрсөтүп, элди көтөрөт деп ойлойсуз?
- Жүгүргөн албайт, буйурган алат дейт. Кудай бизге жүрөгү кыргызга, карапайым калкка жакын руху бийик адамды берсин!
- Байлык менен бакыттын айырмасы?
- Айырмасы жоктой, бирок маңызына кирсең материалдык байлыгы жок руханий бай адамдар бар. Бирөө бай, бирөө бактылуу болушу мүмкүн, байлар дагы ыйлашат дегенди унутпасак. Мен үчүн байлык менин элим, бул гезит бети үчүн же бийик нравалык сөз эмес. Эгер элим бактылуу болсо, балдарым, неберелерим бактылуу болоорун билем. Өзүм эч качан байлыкка умтулган эмесмин. Ишимди жакшы бааласа, ошол ишимден пайда болсо, эл ичинде мен жөнүндө жакшы сөз жүрсө ошол мен үчүн байлык.
- "Досту башыңа кыйынчылык түшкөндө билесиң" дейт. Досторуңуз ким?
- Эң оор нерсе бул сени сатып кеткендик. Улан сиз бизди билесиз. Үй-бүлөдө сегиз кыз элек. Атам дайыма уул күтүптүр, тагдыр ушундай экен. Мен дайыма кыздар деле балдардан кем эмес экенин ишим, жүрүм-турумум менен атама көргөзүүгө аракет жасап жүрүп чоңойдум. Курбу күтүүгө да убактым болбоптур. Эркек коллективде көп иштегендиктен коллега катары эркек досторум курбуларыма карганда көп экен. Өзүмдүн кесиптештеримди дайым жакын досторум деп эсептейм.
- Сын-пикирге көз карашыңыз кандай?
- Эгер сын пикир акыйкат болсо туура кабыл алып аны оңдоого бүт күчүмдү жумшайм. А башка сындарга көңүлүмдү буруп, убактымды кетирбейм. "Комсомольская правда" гезитине НПОлор Вице-премьер кызматын аркалап турганымда коррупцияга аралашкан деп жалаа жабышты жана текшерүүнү талап кылышкан. Алдыңызда финансы полиция кызматынын жыйынтык кагаздарын көрүп турасыз, эч бир коррупцияга байланышым жок, баары мыйзам чегинде. Кээ бир арам акча жегендердин жолун тосуп, бөгөт болсом керек. А бул кагаздар Транспорт министрлигинин, Кыргыз почтасынын, Соцфонд жана Кадамжай интернатынын гезит бетинен окушуп мени колдогон кайрылуу кагаздары.
- Чарчаганда кантип эс аласыз?
- Даамдуу тамак жасаганды жакшы көрөм. Даамдуу тамак менен конок тосконду жактырам. Ошондо барын унутуп эс алып калам.
- Эмнеге өкүнүп, сүйүнүп, түшүнбөй жана эмнеге таң калып жүрөсүз?
- Өкүнгөнүм эркек болбой калганым. Сүйүнгөнүм уулум Эмил авариядан кийин тирүү калганы.Таң калып жана түшүнбөй жүргөнүм жакын адамдарымдын сатып кеткени. Алар жөнүндө сүйлөгүм да келбейт. Саясат тууралуу да кеп козгогонду каалабайм.
- Кандай белектерди алганды жактырасыз?
- Бардык аялдардай эле гүл алганды,жакшы көрөм. Айрыкча талаа гүлдөрүн, Глория гүлүн өзгөчө жакшы көрөм.
- Жаш кезиңиздеги мүнөзүңүз менен азыркы мүнөзүңүздүн айырмачылыгы. Өзгөрдүңүзбү?
- Жаш кезим менен азыркы кезди салыштырууга болбойт. Аябай тынч, өзүнө ишенбеген, сүйлөбөгөн, бирөө менен достошо албаган адам, убакыттын өтүшү менен өзүнө ишенген, өзүн сыйлаган адамга табигый башкаруу үнүнө ээ болгон адамга айланды.
Улан АТТОКУРОВ