Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Асман кабар

Орусия элчилиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте Улуу жеңиштин 66 жылдыгына арналган майрамдык кече өткөзөт. Кече 9-май күнү 11.30дан кечки саат 21.00 чейин болот. Ардагерлер үчүн "Брестская крепость" кинотасмасы көрсөтүлөт. Мындан тышкары майрамдык стол даярдалып кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти менен аяктайт.
Кожомкул атындагы спорт ордосунда 21-22-май күндөрү таэквандо ITF боюнча мелдеш өтөт. Аталган мелдешке жети дубандан 250 ашуун спорчу катышат.
Ош шаарында кечээ террорчулукка каршы күрөшүү аскердик окуусу болуп өттү. Ага өлкө башчысы катышып, коңшу өлкөлөрдүн өкүлдөрү дагы күбө болушту. МУКК төрагасынын орун басары Марат Иманкулов түштүк аймакта террорчулук коркунучу бар, аларга каршы күрөшүүгө жетишерлик мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
9-10-майда республикада үшүк жүрүшү күтүлөт. Аба ырайынын кескин төмөндөшү гүлдөп келе жаткан бак-дарактарга залакасын тийгизбей койбойт. 5-8-майга чейинки убакта республиканын тоолуу аймактарында нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыяларда суунун көлөмү жогорулайт.
10-майда НАТОнун Кавказ жана Борбор Азия боюнча генералдык секретардын өкүлү Джеймс Аппатура Кыргызстанга келет. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматы билдирди. Генсектин өкүлүнүн иш планы тууралуу так маалымат жок, бирок "НАТО-Кыргызстан" аттуу тегерек столго катышаары маалым болду.
Өткөөл мезгилдеги президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев декларацияга ылайык 2010-жылы 734 миң сом иштеп тапкан. Мындай маалымат анын байлыктары тууралуу отчетунда келтирилген. Документте Каптагаев СССР убагында 5 миң рублга алган үйү бар экенин, кыймылдуу мүлктү 8000рублга алганын айтат. Мындан тышкары чиновниктин менчигинде 3 жер участогу бар. Каптагаевдин туугандарында 1997-жылы алынган жер тилкеси жана 180 миң сомдук кыймылдуу мүлкү бар.

Беков белен деди
"Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер" долбоорунун алкагында 1 млрд. сомдун 455 млн. сому берилди.
Бул тууралуу 2011-жылдын 28 - апрелинде, КР айыл-чарба министри Т.Беков Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирген.
Министр "Айыл Банкка" Кыргызстандын фермерлеринен 2 миң 817 кайрылуу түшүп, анын 2 миң 593 кайрылуусу канааттандырылганын маалымдады.
"РСК Банкка" 1 миң 619 кайрылуу түшүп, анын 1 миң 409 кайрылуусу канааттандырылган.
Ошентип жарым миллиард акча дыйкандар үчүн жакшы эле колдоо болду. Жыл аягына чейин калган бөлүгүн алышат.

МЧС арак жыттанат
Жаз келгени табияттын кырсыктары күч алып өлкөбүздүн тоолуу аймактарындагы айылдарга кыйынчылык апкелди. Кечээ жакындагы нөшөр жамгырдан көп айылдарды суу каптап, жолдорун жеп кетти. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын Сай кыштагынын жолдорун суу жеп кеткени тазалаган, оңдоп-түздөгөн жан жок. МЧСтин кишилери келип үстүртөн сүрүмүш этип, аракты ышкырта ичип кете берди. Айыл эли акимге арызданып атышат. Али күнчө машине кирип, чыга албай эл убара. Ыя, Болот мырза, кайда жүрөсүз? МЧС арак жыттанып атыр. Карап койсоңуз боло.


Шадиев шапар тебеби?
Илгери алга кыргызстанчы, кийин акжолчу, эмки республикачы министр Аскар Шадиев Бабановдун ордуна барып отуруп, Атамбаев шайлоого аттанса и.о. премьер-министр болууга шымаланып, көкүйдү айланып жүрү. Алмаз мырза да түштүктүн добушун алууга муну жөндүү көрүп атыр дейт. Сай-сат деген ушу.


Ош мэринен "ода"
Премьер-министр акыркы күндөрү ат тезегин кургатпай аймактарга айылчылай баштады. Өткөндө Ошко барып, эл кыдырып келген соң резиденцияда чай үстүндө баарлашуу башталат. Кеп кезеги боло турган президенттик шайлоого келип такалат. Ананле Атамбаев менен Мырзакматов урушуп кетет. Ошко "атаман" болуп алган Мекең шайлоодо сизди колдой албайм деп кокуйлатты дейт.


Атамбаев Бабановго тетири карайбы?
Атамбаев менен Бабановдун ортосун кара мышык араладыбы же Атамбаев үчүн Өмүрчиктин пайдасынан зыяны көппү ким билсин айтор, Бабановду борттон ары ыргытууга аракет жасала баштады. Депутаттык комиссияга Бабановго иленчек тапкыла деген жашыруун команда берилген имиш. Билермандарды тыңшасак, Өмүкең өз ордуна отурбай калганы турат. Анын ордуна "Ар Намыстан" же "Республикадан" талапкер таптап атыр дейт. Атамбаевдин мунусу Өмүрчикти өгөйлөп таасирдүү республикачыларды өзүнө тартып, арнамысчыларга айай көрүнүп, атажуртчуларды алкап шайлоого шаңдуу баруунун амалы экен.


Ширинге кыргыз ММК "какашкабы"?
Жөнөкөй маек алалы деп ЖКнын "ширин" депутатына байланышып калдык. Бизден электрондук дарегине суроолорду жөнөтүүбүздү өтүндү. Суроолорубуздун ичинде "Кайсы бир басылмадан машинесине жыныскап салып жүрөт деп окудук эле. Эмнеге салып жүрөсүз?" деген сурообуз бар эле. Бул суроону окуганда чындап чочудубу, же жооп берүүдөн баш тартып жумурткадан кыр издегениби айтор, түшүнө албадык. Эки күн күткөндөн кийин жардамчысы чалып, Ширин Чыңгызовна бошобой жатат, азыр депутаттык комиссияда деп жооп кайтарды. Эртерээк айтпайт белеңер дедик. Ал ортодо Ширин айым интернет булагына кызык маалымат жазып кирбеспи. Анда эмесе Шириндин "ширин" сөздөрүнөн: "Одни какашки от кыргызских СМИ…и теперь еще угрозы! "пусть Айтматова не жалуется теперь," передали асман моей ассистентке". Бул сөздөрдү окуп алып кайрадан ассистенткасына байланышып биз качан коркуттук десек. Анысы өзүнчө актанып кирбеспи. Ширин комиссияда отуруп интернеттен колу бошобой жаткан турбайбы десек, "жанында "I-phone" бар, мен болгон айтканыңызды эле айткам" дейт. Бир аздан кийин Ширин эжебиз мындай сөздөрдү жарыялады, "Газета асман пресс мне угрожает, за то что я отказалась отвечать на их вопросы, в особенности презервативы". Ширин айым неге мынча жыныс капка чычаладың. Чычалаган чын болот дейт кыргыз. Интернетке ойду-тоону жарманке кылганың кызык экен. Төө десе бээ деген сенин түшүнүгүң курусун.
Чириген ооздон ириген сөз чыгат дейт, кыргыз. ММКлар эмес, ошол сөздү айткан кишинин өзү "какашка".




  ар бир үйгө!

Шашылыңыздар! Шашылыңыздар! "Асман пресс" гезитине жазылыңыздар!
2011- жылга жазылуу Кыргызстандын бардык байланыш бөлүмдөрүндө экинчи жарым жылдыкка жазылуу жүрүп жатат. Жазылуу бир айга Бишкек шаары боюнча 82 сом 89 тыйын, 3 айга 248 сом 67 тыйын, 6 айга 497 сом 34 тыйын. Башка аймактар үчүн бир айга 87-54, 3 айга 176-64, 6 айга 525-24 тыйын. "Асман пресс" эң кызыктуу коомдук саясий гезит.
Шашылыңыздар! Шашылыңыздар! "Асман пресске" жазылыңыздар! Ой жеткен жерге кол жетет! Жазылсаңыздар биздин гезит ар бир үйгө жетет!




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«