Жаңырык

Манас Атанын сөөгү түштүктө коюлганбы?

Саи Баба каза болгондон бери окурмандар, тааныштар чалып мага көңүл айтышты. Мунун себеби менин "Саи Бабага сапар" аттуу бир жыл бою гезитке жазган макалам болду. Чындыгында бул макаладан кийин көп жакшы адамдар менен тааныштым. Былтыр жаңы жылды өткөрүп коюп Индиянын эң атактуу духовный лидери, аватар Саи Бабага мени менен бирге барган Замира экөөбүз жолугуп Бабаны эскерип көпкө чейин сүйлөшүп олтурдук. Замира андан бери Турция, Эмират, Өзбекстандын ыйык жерлеринде болгонун, көп касиеттүү адамдарга жолукканын, өзгөчө Башкуртстандык касиеттүү эки аялга жолукканын айтып берди. Ал аял: "Кыргыздар Манастын сөөгү коюлган жерди таап, курмандык чалып, тийиштүү ырым-жырымдарды жасасаңар Кыргызстан кыска убакыттын ичинде гүлдөп өсөт" деген экен. Биздин гезиттин окурмандарын Замира Алымбекова кандайча духовный жолго келгени тууралуу окурмандарга тааныштырып кетүү максатта маек курдум.
Жакындарымды жоготуп жол издедим
Сиңдим Гүлнара айыкпас дартка чалдыгып врачтар дароо эле көкүрөктүн рагы деген бүтүм чыгарганда, кандай жардам кылсам экен деген ой менен интернеттен рак оору жөнүндө издеп, бул оору таарынычты сыртка чыгарбай ичке каткан, кечире албаган адамдарда пайда болоорун билдим. Ошол кезде элдик медицинанын академиги атактуу Мирзокарим Норбековдун ден соолукту чыңдоо курсу болоорун угуп Гүлнарага айтсам макул болбой койду. Балким окуп билип алсам Гүлнаранын оорусун жеңилдеткенге жардамым тиер деген ойдо ал курска бардым. Көзүм начар көргөндүктөн көз айнек менен жүрчүмүн. Курс мени көз айнектен арылтты. Мындай жакшы жыйынтыктан кийин кызыгуум артты. 2005- жылы Гүлнара каза болуп, 9 жаштагы уулу Медер менин колумда калды. Уулум экөө тең болгондуктан экөө бир класста окушчу. Бир күнү мектептен келатып Медерди машина уруп кетти. Ошондо биринчи оюма сен келдиң. Себеби, мен элдик медицинадан бир аз түшүнүгүм бар болгондуктан комада жаткан Медерге жардам бере алаарыңа эмнегедир ишендим. Реанимациянын врачтарына да рахмат, сени киргизип, Медерге жардам бергенге уруксат берди. Кудайдын жана сенин жардамың менен Медер үч күндө комадан чыгып, тез айыкты. Бул окуядан кийин менин кудайга болгон ишеничим ого бетер бекемделип, Норбековдун Алматы шаарында өткөн "Интуицияны өрчүтүү, бизнести туура өнүктүрүү" курсунан окуп келдим. Кудайга шүгүр, окуунун жардамы тийип, ишим жакшы жүрүп жатат.
Саи Баба жашоого көз карашымды өзгөрттү
Былтыр Саи Бабага баргандагы менин абалымды өзүң билесиң. 24 жаштагы уулумдан айрылып, көзүм жашка, көкүрөгүм муңга толуп жаным жай таппай турган. Уулум Билгиз ооруп, жаны кыйналып жүрүп өмүрдөн кетсе, балким өлүмдү жеңил кабыл алат белем. Ал ден соолугу чың, күчкө толуп турган кезде, 2008- жылы 24- августа жарылган самолетто күйүп кетти... Ушундай оор стресстен мени жакындарым жана духовный жол гана алып чыкты. Ошондо да толук депрессиядан чыгалбай жүргөм. Саи Бабага барганым менин жашоого болгон көз карашымды түп тамырынан бери өзгөрттү. Мен Саи Бабага чексиз ыраазымын. Ал физикалык денесин таштап бул дүйнөдөн кеткени менен ар дайым биз менен экенин билем.
Манас Атабыздын сөөгү түштүккө коюлган дейт
Саи Бабага барып келгенден кийин жашоого жаңы көз караш менен карап, жаңы күч менен иштөөгө кириштим. Ишим боюнча дүйнөнүн көп бурчунда болдум. Иш менен кошо жандүйнө аруулугуна да көп көңүл бөлүп, Турциядагы ыйык мечитке зыяратка барып келдим. Бул мечит Мекке, Мединадан кийинки үчүнчү орунда турат экен. Кооздугу укмуш. Адам Кудайды сүйө баштаганда керектүү адамдар өзү жолугат тура. Өзбекстандык суфий Ишен баба менен таанышып, Алматылыктар, Россиялыктардан түзүлгөн группа менен Самарканд, Бухара, Хива шаарларындагы ыйык жерлерге зыяратка барып келдим. Ошол жактан Башкуртстандык бир суфий аял менен тааныштым. Туркистанга зыяратка барган башкурт аялга аян келип, "Кыргызстан үчүн, кыргыздар үчүн ыйык жерге курмандык чалып, керектүү ырым-жырымдарды жасайсың, бирок бул үчүн кыргыз адам сенден сураныш керек" дептир. Зыяратка баргандардын арасында кыргыз жок болгондуктан ар ким өзү тааныган кыргыздарга телефон чалып, эч кимиси байланыша албай коюшат. Кечинде башкурт аялдын түшүндө кыргыз кийимчен аял кирип "Мен Кыргыз Энемин, бардык кыргыздардын атынан суранганы келдим" деген экен. Тигил аял кербенди баштап келген касиеттүү Ишен бабага түшүн айтып берет. Ишен баба "курбандык чала бер" деп уруксат берген экен. Ал аялга Өзбекстандын ыйык жерине зыяратка барганда группанын жетекчиси "мына кыргыз" деп мени көрсөтүп тааныштырды. Башкурт суфий аял: " Кыргыздар Манас Атанын сөөгү коюлган жерди таап, курмандык кылсаңар Манас Атанын энергиясы мындан да зор күчкө ээ болуп, Кыргызстан кыска убакытта гүлдөгөн өлкөгө айланат" деп айтты. Ал буга чейин Орол Баатырдын (Урал) сөөгү коюлган жерди тапканын айтып берди. Мен дароо "Манас Атанын коюлган жерин таап бере аласызбы, бизге табышканга жардам бербейсизби" деп Кыргызстандын картасын көрсөттүм. Картаны карап, биз ойлогондой Манас Атанын сөөгү Талас жергесинде эмес түштүк жакта коюлганын айтып, "чакырсаңар табышканга жардам берем" деди. Алматыга келгенибизде ал аялды Кыргызстанга алып келүүнү чечтим. Бирок, Ишен баба "Башка убакта атайын чакыргыла, зыяраттан кийин үйүнө барышы керек" деп уруксат бербей койду. Биздин Кыргызстанда ыйык жерлер көп турбайбы. Башка улуттун эли биздин жерлердин ыйыктыгын, энергиясынын күчтүүлүгүн айтып суктанып жатышат. Башка мамлекетке барганда ыйык эмес жерди да кастарлап ыйык кылып, гүлдөтүп койгонун көрүп, "Эмне үчүн биз ушунчалык кайдыгербиз?" деген ой келет экен. Жерибиздин сулуулугун, элибиздин улуулугун баалай турган, барктай турган күн келди окшойт.
Лариса Асанбекова