Сотка

Бишкек шаардык соту Serpeus Inc Мегакомго болгон талашын мыйзамдуу деп тааныды
Сот Serpeus Inc холдинги тарабынан көзөмөлдөнүүчү ЖАК "Ermen TOO Resourses" компаниясы Megacom уюлдук операторунун үлүшүнүн 100% мыйзамдын негизинде сатып алды деген чечимин чыгарды. Ошондуктан бул компания уюлдук оператордун ак ниеттүү сатып алуучусу болуп эсептелинет.
Сот уюлдук оператордун акцияларын сатып алуу келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык өткөрүлгөн деген чечим чыгарды. "Мегакомду" сатып алганда Ermen TOO Resourses үчүнчү тараптар тарабынан сатылып алынган мүлккө карата мүмкүн болгон талаштарды билиши жана билүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондугун сот тааныды.
Аталган фактылар Бишкек шаарынын Район аралык сотунда 2010-жылдын 9-сентябрындагы Penwell Business Limited холдингинин уюлдук операторунун 51% акциясына болгон укугун тааныган чечиминде эске алынган эмес, ошентип алар "Ermen TOO Resourses ЖАК тын ак ниеттүү сатып алуучусунун укугун жана мыйзамдык кызыкчылыгын бузушкан.
Мына ошентип, сот Республиканын Юстиция министрлигин, Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгын ЖАК "БиМоКом Лтл" ээлик кылган документтерге "Ermen TOO Resourses" ЖАКты "БиМоКом Лтл" ЖАК ынын 100% үлүшүнө ээ экенин өзгөртүп жазууга милдеттендирди. Ошондой эле юридикалык тараптардын мамлекеттик каттоосуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек.
Соттун чечими жарыя кылган күндөн тартып мыйзамдуу түрдө күчүнө кирери жалпыга маалым.
Serpeus Inc. ЖАК "Лорена Холдинг" уставдык фондунун 100% ээлик кылат, бул компания Ermen-Too Resourses ЖАК ээси. Акыркы структура рынокто "Мегаком" соода бренди менен иштеген "БиМоКом ЛТД" ЖАКнын акциясынын 100% ээлейт. Serpeus уюлдук операторду 2008-жылы 195 миллион долларга, Кыргызстандын бюджеттине 851 миллион сом өлчөмүндө салык төлөп сатып алган.




А. Жапаров:
"MegaCom кимге таандык экенин сот гана чечет…"
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жумушчу тобунун башчысы А. Жапаров "Мегаком" жана "Альфа Телеком" компаниясынын айланасындагы абал боюнча өзгөчө пикирин билдирди.
Андан кийин "Альфа Телеком" ЖАКынын пайдасындагы "MegaCom" операторунун абоненттик базасын жана радиожыштыгын, мүлктүк комплексин тартып алуу сот тарабынан мыйзамга каршы келгенин тактыктаганын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Башкы прокуратурасы "БиМоКом Лтд." ЖЧКсынын менчигин кайтарып алуу үчүн мыйзамда каралган бардык иш чараларды колдонуу керек" дейт Жапаров билдирүүсүндө.
Ошондой эле Жапаров уюлдук операторлордун чарбалык маселелерин сот гана чечиш керек деп баса белгиледи.
Азыр "Мегакомдун" мүлкүн талашуу уюлдук оператордун активин 195 млн. АКШ долларына сатып алган "Serpeus" инвестициялык компаниясы, ошондой эле "Penwell" компаниясы ортосунда жүрүп жатат. "Penwellдин" болжолдуу ээлери чыны менен белгилүү орус миллионери Леонид Рейман жана Кыргызстандын экс-президентинин уулу Максим Бакиев болуп эсептелет.
Эки жума мурда жумушчу тобу Жапаровдун пикириндей эле чечимдин долбоорун жарыя кылганын эскерте кетмекчибиз. 21-апрель бейшемби күнү топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү "Penwellдин" кызыкчылыгын бир тараптуу колдогон документке добуш беришти.
Депутаттардын принциптеринин тез арада өзгөргөнүнө байланыштуу "Серпеус" компаниясы Жогорку Кеңештин жумушчу өз ишинде тобу мүлктүн талаштын бардык субьектилерине карата бирдей карап, көз карандысыздык принциптерин бузду деп билдирди. "Серпеус" "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсынын менчик ээси жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык соттук тартипте чечилишин талап кылат. Болбосо, "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсын Serpeus Inc. компаниясы тарабынан 195 млн. долларга сатып алгандыгы үчүн Кыргыз мамлекетине компенсация төлөө милдети жүктөлөт.




"Serpeus Inc." компаниясынын расмий билдирүүсү
Биз, Жогорку Кеңештин жумушчу тобу өз ишинде мүлктүк талаштын бардык субьектилерине карата бирдей карап, көз карандысыздык принциптерин бузбашына жана кызыктар тараптын бири болгон - Penwell компаниясын колдоону максат кылбайт деп ишенебиз. "Serpeus Inc." компаниясы, ЖКнын жумушчу тобунун мүчөлөрүнө Penwellдин кызыкчылыгы үчүн кысым жасалбайт деген ишенимдебиз.
Serpeus Inc. компаниясы 2008-жылы "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсын 195 млн. долларга таза ниети менен сатып алган. Ошону менен Кыргызстандын бюджетине 797 млн. сом түз салык төлөмдөрү катары түшкөн.
Жумушчу топтун жыйынтыктуу документи укукту далилдөөчү эмес, саясый мүнөзгө ээ экенин эске алып, "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсынын активин "Serpeus Inc." компаниясынын сатып алуу фактысы чагылдырылышы керек деп эсептейбиз.
"Serpeus Inc." компаниясы адилет чечим чыгаруу үчүн КРнын сотторуна бардык материалдарды тез арада өткөрүп берүүсүн талап кылат.
"БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсынын менчик ээси жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык соттук тартипте чечилиши керек. Болбосо, "БиМоКоМ ЛТД" ЖЧКсын Serpeus Inc. компаниясы тарабынан 195 млн. долларга сатып алгандыгы үчүн Кыргыз мамлекетине компенсация төлөө милдети жүктөлөт. К.Нурдинов
К.Нурдинов