Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
ОшТВнын алып баруучусу Гулкайыр Жанымбетова:
"Көз арткан жигиттер көп"
- Борбордук теле менен аймактык телевидениени салыштырууга болобу?
- Техникалык жагын салыштыруу кыйын. Борбордогу телевидениялардай жасоого бир топ каражат керек. Аймактык каналдар өзүн-өзү каржылагандыктан бул жаатта бир аз кыйналып калышат. Бирок, даярдаган материалдары боюнча борбордук каналдардан эч кандай айырмасы жок. Айтайын дегеним учурда ОшТВ каналында башка теледегилердей жабдуулары жок болсо да, элдин талабына төп келген программаларды даярдап, элге жеткирүүдө.
- Ош калаасына кандай себептер менен келип калдыңыз?
- Апрель окуяларынан кийин Улуттук каналдын Ала-Тоо дирекциясынын жетекчилиги алмашты. Мындай учурда мурунку жетекчи менен келген кадрларга кысымдар, жек көрүүлөр күчөдү. Теледен кетем деп жүрсөм, Сюита эже Ошко келип иштөөнү сунуш кылды. Макул болуп, 23-августnа Ошко учуп келгем. Ошол күндөн тарта ОшТВ каналында эмгек жолумду улантып жатам.
- Үй-бүлөңүз Ошко кетүү чечимиңизди кандай кабыл алды?
- Ошто туугандарың жок, кыйналасың деди. Айрым апчелерим барып иште, Ошту да көр, баштаган ишиң үзгүлтүккө учурабасын деп кеңештерин беришти.
- Оштук мырзалар Таластык кызга көз артып жатышса керек?
- Көз арткандар көп деп айтсам мактанган болуп калам го. Эфирден көрүп жактырып, таанышсак, мамиле курсак деген жигиттер бар. Жумуштагы кыздар айтып келишет сени сурап жатат деп. Анда жакшы маалымат берип, рекламалагыла деп күлүп коём. Көз арткандардын арасынан бирөөсү иргелип чыкса керек.
- Эгерде Оштон сиздин колуңузду сураган татыктуу мырза чыкса каласызбы?
- Ал мырзаны жактырсам, мамилебиз келишсе балким калып калам. Сыйлап, урматтап, кадырыма жетсе үй-бүлө курууга даярмын.
- Устаттык кыласызбы? Сиздин устатыңыз ким жана сиз тарбиялап жаткан алып баруучуларга кандай мамиле кыласыз?
- Устаттык кылып, тарбиялаган шакиртим жок. Себеби, мен учурда устатымдан сабак алган шакиртмин. Менин телевидение тармагына келип калуума Сюита Соурбаева эжекемдин салымы чоң. Жогоруда айтып кеткендей ТВга келип бат эле эфирге отуруу көптүн бактысына туш келе бербейт. Мен дайыма айланамдагы жакшы адамдардын барына сүйүнүп, ушул адамдарга жолуктурган кудайга рахмат деп айтам. Сюита эже мага иште эле эмес турмуштук жактан да акыл айтып, кеп-кеңеш берчү инсан.
- "ОшТВнын" аурасы кандай?
- Аура жакшы. Коллектив жаш болгондуктан ушак, интрига дегенден алыспыз. Бардыгы өз иши менен алек. Кесиптештерим менен болгон бир туугандай мамиле ишке көңүлү жок келген учурда дагы барын унуткарып, маанайды көтөрөт.
Максүт БӨРҮЕВ




  Тележүз

5- каналдагы жаңылыктар менен тааныштырган мырза Каныбек Асанкарыев менен азыноолак маек.
Каныбек Асанкарыев,алып баруучу:
"Биздин каналда интрига жок"
- Каныбек, алып баруучулук карьераңызды качан, кантип баштагансыз?
- Алып баруучулукту аркалап келе жатканыма быйыл 1-мартта эки жылдын жүзү болду. Жумушка кадрларды алып жатат, келип көрбөйсүңбү деген курбу кызымдын сунушу менен кокустан келип калгам.
- Мурун алып баруучулукту кыялданчу белеңиз?
- Бул ишке күтүүсүздөн келдим. Алып баруучулук кыялыма эмес, оюма да келчү эмес. Себеби, буга чейин бизнес менен алектенчүмүн.
- Диктор болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
- Өкүнбөйм. Кесибим боюнча телерадио жана кино адисимин. Экинчи кесибим экономист.
- ТВ деле шоу-бизнес сыяктуу. Сиздин чөйрөдө чыныгы достук болобу же атаандаштык гана өкүм сүрөбү?
- Албетте чыныгы достук болот деп эсептейм. Ал эми иште атаандаштык сөзсүз болот. Себеби, атаандаштык болбосо өсүп-өнүгүү болбойт да.
- Телевидениеде интрига көп болот дешет. Ал учурда кантесиз?
- Биздин каналда интриге деген нерсе жок. Андыктан андай учурга кабыла элекмин.
- Эфир сиз үчүн?
- Эфир мен үчүн элге маалымат жеткирүү болуп саналат.
- Эфирде өзүңүздү эркин сезип калганга чейин кандай этаптан өттүңүз?
- Менин оюмча эфирде эркин сезүү мүмкүн эмес. Анткени, эфир түз өтөт. Анан толкундоо сезими эч качан кетпейт. Такалып калбайын, маанисин туура берип, интонацияны туура койсом экен деген ой ар качан болот.
- Жеке автордук көрсөтүү алып чыгууну ойлоно элексизби?
- Жеке автордук көрсөтүүнү чыгаруу кыйын, анткени ал продукт көрүүчү үчүн туура жана чынында керек нерсе болуш керек. Анын үстүнө жөн эле же чала бир нерсени чыгаргым келбейт.
- Бош убактыңыз аз болсо керек. Антсе да хоббиңиз барбы?
- Бош убактымда китеп окуганды жакшы көрөм. Айрыкча психологиялык китептерди көп окуйм. Анан досторум менен бильярд, футбол ойногонго убактымды коротом. Кээде фотоаппаратымды алып сүрөт тартам.
- Келбетиңизге кыздардай эле көңүл бөлсөңүз керек?
- Чындыгында көп деле көңүл бөлбөйм. Бирок, сүйлөшкөн кызым кам көрүп, кеңеш берип, мындай кыл, тигиндей кыл деп турат.
- Качан тойго чакырасыз?
- Кудай буюрган маалда.




  Коңур үн

Гyлбайра Камалидинова, ди-джей:
"Катуу чүчкүрүп анан жаңылык окуп кеткем"
"Алмаз" радиосунда угармандарын тамашага салып, кооз үнү менен арбаган ди-джей Гүлбайра бизде мейманда.
- Радио популярдуулугун жоготту, аны бир гана унаа айдоочулар угат дегенге кошуласыңбы?
- Мүмкүн айрым замандаштарыбыз ушундай ойдодур, муну да туура түшүнсөк болот. Себеби, көпчүлүк замандын талабы, тагдырдын буйругу деп тытынып иштеп жүрүп жумуштан кайткан учурда гана автоунаадан угуп калышат болушу керек. А бирок, ушуну менен катар эле бүгүнкү күндө угармандарыбыз түрдүү пункттардан байланышка чыгып турушат, ошон үчүн мен жогорудагы ойго толугу менен кошула албайм.
- Жумушуң өзүңө жагабы?
- Жаратканга шүгүр келтирем, жумушум көп эмгекти талап кылса да өзүмө жагат. Мен радиодо ди-джей гана эмес администратордун милдетин аткаргандыгыма байланыштуу көпчүлүк учурда документтик иштер менен алектенем. Андан сырткары эфирди көзөмөлдөп турам, ал эми өзүмдүн эфирим учурунда эл менен баарлашып, тамашалашуудан кадимкидей көңүлүм көтөрүлөт. Бул үчүн жалпы угармандарга ыраазычылык билдирем. Ар дайым бар болушсун!
- Радиодогу тааныш үндү базардан же башка жерден укканда эмне дешет?
- Бир жолу кичи автобуска түшүп даректи сурап кайрылсам, айдоочу байке менин атымды айтып жооп берип калды. Таң калып мени кайдан тааныйсыз десем, "Алмаз" радиосундагы Гулбайрасың да туурабы деп жооп берип жатпайбы. Күлүп рахмат айтып жол кире сунсам албай коюп, дайыма түшүп тургула ээ деген.
- Кайсы бир ди-джей сенин ди-джей болушуңа түрткү болгон чыгар?
- Мени бул тармакка өзүмдөгү күчтүү кызыгуу жетелеп келди десем болот.
- Түз эфир учурунда болгон кызыктар менен бөлүшсөң?
- Негизи биздин эфир тамашалуу болгондуктан көп эле кызыктар болуп турат. Бир жолу эфир алдынан катуу чүчкүрүп алып анан жаңылык окуп кеткеним эстен кетпейт.
- Кандай мырзалар менен тил табыша албайсың?
- Баары менен кандай жагдай түзүлбөсүн тамашалашып сүйлөшүп кете берем. Кээде ойлоп коем, бир аз тамашаны азайтышым керек го деп. Бирок "уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы" дегендей болуп атат.
- Үнүңө суктанып артыңан чуркаган жигиттер көп болсо керек?
- О-ой тим эле көп, аябай чуркатам дегенден алысмын. Үнүмдү жактырып сыйлашса мен деле сый мамиле жасайм. Ар бир адам жакшы тилек менен жанындагыларга сый көрсөтсө сөзсүз аны да сыйлоочулар арбын болооруна ишенсек болот.

Мээрим Айталиева









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??