Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Экстрасенс

Олуя Мишель Нострадамус

5 кылым өтсө да атагы таш жарган айтылуу олуя Мишель Нострадамус 1503- жылы 14-декабрда Франциянын кичинекей Салон шаарчасында туулган. Мишельдин чоң атасы еврей жана энеси еврей болгон. Алар християн динин тутунушкан. Бала төрөлгөндөн башатап эле аны астраномия, медицина, математика илимдерин окута башташат. Ал эми Мишельдин таятасы балага магиянын сырларын үйрөтүп, каббала билимине окуткан. Ушунчалык берилүү менен окуган бала келечекте орду ыйык китептеги пайгамбарлардын катарында болооруна ишенип кызыгуу менен окуйт. Мишель Нострадамус медициналык билимге ээ болгондон баштап эл кыдырып, жер кыдырып жүрүп Ажане шаарына токтоп, ошол жерден үй-бүлө күтүп, эки балалуу болот. Тилекке каршы балдары жана аялы чума оорусунан кайтыш болушат. Үй-бүлөсүн жоготкон оор кайгыдан кийин Мишель Борбордук Батыш Европага жол алып, медицина менен астралогия илимин кошуп, оорулууларга эң жогорку тактык менен диагноз коюп иштей баштайт. Барынан кызыгы Нострадамус ушул ыкма менен ушул күнгө чейин элге кызыгуу жаратып келе жаткан алдын ала айтууларын айтып, бийик жетишкендиктерге жетип, атагы алыска тараган.

Нострадамустун бир нече кылымга чейин алдын ала айткандары убакыт сааты келгенде туура чыгып, адамзатты таң калтырып келатат. Мишель өзү жашап турган мезгилдеги адамдардын тагдырын эле айтпастан, келечекти көрө билип, алды жакта боло турган башка элдин, жердин, коомдун, кээ бир атактуулардын тагдырын алдын ала айткан. Буга мисал, Чернобыль АЭСинин жарылышы, Индиядагы тирүү аватар Саи Бабанын жерге жаралышы, дүйнөлүк согуш жана башка көптөгөн алдын ала айтуулары дал келгенин ошол мезгил келгенде, айтылган окуя болгондо таң калуу менен айтып жүрүшөт. Нострадамус замандаштарынын көптөгөн сынына туш болуп, алдын ала айтууларын атайлап сырга катып жаза баштайт. Кийин атактуу олуя дүйнөдөн өткөндөн кийин экинчи никеден төрөлгөн уулу Цезарь атасынын айткандарын чечмелеген адамдардын сыйлуу катарын толуктайт.

Эмне себептен Нострадамус ачык жазбай сырга катканын монарх Генрих 2-ге жазган катында айтылат. "Алдын ала айтууга Кудай гана жардам берет, ошондуктан айтылган нерсенин болоор же болбосун Кудай гана чечет. Айтылган нерселерди акыл менен ача турган болсоң, ал эч качан ачылбайт. Адамдын жандүйнөсү гана Кудай менен байланышып турат, келечектин эшигин жандүйнө менен гана ачса болот. Ошондуктан менин айткандарым учурунда болобу же болбойбу бир гана Кудай билет" деген экен. Мишельдин алдын ала айтууларынын биринде Ирактын лидери Саддам Хусейн тууралуу да бар экен. Анда мындай деп айтылган. "Юпитер (Америкалыктар) Месопатамии ( Ирак) шаарын террористтерден бошоткон болуп басып алат, ал мамлекеттин башчысы тез өлүмгө туш болот. ( Саддам Хусейнди асып өлтүрүшкөн). Ал өз өлүмү менен өлбөстөн ага каршы атайын уюштурулган каралоонун негизинде өлөт. Ал адам өлгөндөн кийин анын ордуна башкаруучу болуп, атайлап өлтүргөндөр келет. Бирок, ал башкаруучу эч кимге көрүнбөй көмүскө башкарат. (Америка). Чындыгында Саддам Хусейндин ак экени азыр ачыкка чыгып олтурат. Нострадамустун көптөгөн айтууларынын ичинде 2012- жылдагы боло турган "акыр заман" тууралуу да айтылган. Ооба, замандаштар алдын ала айтуулардын дал келээр-келбесин бир гана Жараткан чечет. Бардык олуялардын алдын ала айтуулары адамзатка берилген аян. Келечектеги жамандыктарды болтурбай коюга жана окуяны жакшы нукка өзгөртүүгө адамзаттын жандүйнөсүнүн тазалыгы гана жардам берет. Ошондуктан урматтуу окурмандар, заман өзгөрсүн десек ар бир адам өзгөрүүнү өзүбүздөн баштасак, сүйүктүү Жер энебизди жана адамзатты акыр замандан ( таптакыр жок болуудан) сактайбыз. Ылайым Жараткан ар бир адамдын жүрөгүнө ыйман салып, жандүйнөсүнө нур жаадырсын. Аминь.




  Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова

Өзүмдү тапкан жол
Астралдык устат
Элдик медицинада элге таралган жалпы ыкмалардан башка ар бир табыптын болобу, дарыгердин болобу өз ыкмасы болот. Мен ондогон элдик медицина мектептеринен, институт, академияларынан билим алдым.
Ошого карабай биринчи жолу көзгө көрүнбөгөн жогорку күчтөр, башкача айтканда астралдык дүйнөдөгү менин устаттарымдын мага көрсөткөн ыкмасы менен иштеп келатам. Мага келген адамды диагностикадан өткөргөн соң, келген адам сеанска макул болсо, сеанс түшүндүрмө иши менен башталат. Пациенттер бардык суроолоруна ишеничтүү толук жооп алганда гана адиске ишеничи артылат. Ишеничсиз эч бир оору тез айыкпайт. Ошондуктан биринчи орунда адамдын адиске болгон ишеничи турат. Менин сеансым эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө энергоденени космостук энергоканалдар аркылуу тазалоо болсо, экинчи бөлүктө энергоденени калыбына келтирүү эсептелет. Сеанстагы адамдар денелерин бош коюп, көздөрүн жумуп, өз ичтеринен Жараткан дейбизби, Кудай дейбизби, Теңир дейбизби айтор, жогорку көзгө көрүнбөгөн күчтөрдөн өздөрүнүн жети чоң ата-чоң энелеринин, өз ата-энелеринин, өзүнүн, балдарынын, келечектеги небере-чөбөрөлөрүнүн бул жашоодо же мурунку жашоодо билип билбей кетирген кемчиликтери, күнөөлөрү үчүн кечирим сурашат.
Андан кийин бардык душмандарын, таарынткан адамдарын кечирип, аларга бардык жакшылыктарды каалашат. Өзү бул жашоодо же мурунку жашоосунда билип билбей кимге кандай жамандык жасаган болсо, кимдир бирөөнү таарынткан болсо ал адамдардан кечирим сурайт. Ушундай кечиримдерден кийин гана жараткандан тиленип, тилегинин аткарылышын суранышат.
Ар бир адамдын каалоосу, тилеги ар кандай болушу мүмкүн. Каалоолорго эч кандай чек жок. Сеанста суранган каалоолор, тилектер аткарылат. Мисалы, "душманым бир айга жетпей өлсүн" деп сурансаңыз ал деле аткарылышы мүмкүн. Бирок, мындай тилекти суранардын алдында өзүңүздүн келечегиңизди ойлонуңуз. Себеби, бул тилекти душман эмес, суранып жаткан адам өзү алат. Себеби, сеанс учурунда өтүнүчтөр космос талаасына жетип, кайра материя түрүндө суранган адамдын өзүнө кайтып келет. Космос талаасында душманга сурандыңызбы же өзүңүзгө сурандыңызбы талдап отурбайт, сиз сурандыңыз демек сизге кайтып келет. Ошондуктан кандай душман болбосун жакшылык гана каалашыңар керек, албетте, өзүңүз жакшылык алгыңыз келсе. Акылман бабаларыбыз "таш менен урганды аш менен ур" деп бекер жерден айткан эмес.
Бул мезгилде мен космостук энергиянын жана космостук көзгө көрүнбөгөн күчтөрдүн жардамы менен ар бир пациенттин жети денесиндеги ар кандай кара энергиядан, блоктордон, адамдын аурасын тазалап, биополедеги деформацияларды түздөп, оңдоп, жогорку күчтөр менен чогуу иштейм. Адамдын жети денеси, жети чоң энергоборбор (чакра) менен байланышып, 72000ден ашкан энергоканалдан (нади) турат. Бул энергоканалдар (нади) аркылуу чакралар космос менен жердин энергиясын иштетип адамдын аурасын пайда кылат жана кайсы чакрага кайсы органдар тийиштүү болсо, ошол органдар энергия менен камсыз болот.
Космостук энергиянын жардамы менен адамдын денесиндеги бардык блоктордон тазалагандан кийин экинчи бөлүк, калыбына келтирүү иши башталат. Көзүн жумуп турган пациенттер биринчи бөлүм менен экинчи бөлүмдү айырмалаш үчүн пациенттерге "новый сон" деген сөздү айткан соң, экинчи бөлүм башталат. Биринчи бөлүмдө пациенттер жогорку күчтөрдөн ар кандай тилектеринин аткарылышын суранса, экинчи бөлүктө суранган тилектеринин аткарылгандыгын, кабыл болгондугун образ түрүндө учур чак менен көз алдында элестетишет.
Бул мезгилде космостук жогорку күчтөр пациенттердин тилегинин аткарылышына көмөк көрсөтүп иштешет.
Сеанс убагында пациенттер денесинде ар кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын сезип турушат, Сеанс учурунда дене ысып-күйүп жалындагандай сезим пайда болуп, тердеп чыгышат же муздак шамал болгондой чыйрыгуу сезим пайда болот. Денеде кумурска жөргөлөгөндөй, жыбырагандай сезим болот. Кээде ымыр- чымыр болуп дене оорлошуп уюгандай, кээде тескерисинче дененин салмагы сезилбей абада калкып тургандай сезилет. Көбүнчө буттарды жерге кагып койгондой оорлошуп, колдор шар сымал үйлөп койгондой сезилет. Көп учурларда адам эстей баштап, көздөрүнөн өзүнөн -өзү жаш куюлат. Кээ бир учурларда пациенттин "үчүнчү көзү" ачылып, пациент мурунку же болочок жашоосун көрүп, астралдык саякатка чыгып кеткендери да болот. Сеансты ар бир адам ар кандай сезет. Таптакыр эч нерсе сезбеген адамдар да болот. Эгерде адам денесинде эч кандай энергиянын жүрүшүн сезбесе сеанс жардам берген жок дегендикке жатпайт. Ар бир адамдын сезгич жөндөмүнө, кара энергиянын аз же көп экенине да байланыштуу болот.
Сеансты жамаат менен да, жалгыздап да өткөрсө болот. Жамаат менен өткөн сеанста адамдардын энергияны сезүүсү күчтүүрөөк болот. Себеби, ар бир адамдын колдоочу периштелери да жардамга келет. Жамаат менен өткөргөн сеанста "сиздин энергияңыз барыбызга жетеби" деп менден сурашат. Мен өзүмө тийиштүү биоэнергия менен эмес, жогорку космостук энергия менен жана жогорку космостук күчтөр менен иштегендиктен, энергия барыбызга жетет. Аалам чексиз жана андагы энергия дагы чексиз, түгөнгүс. Космостук энергиянын жардамы менен иштегендиктен биздин адистигибиз космоэнергет же болбосо эниоинженер деп аталат. Космостук энергоканалдарга туташтыруучу ар бир адистин өзүнүн ачкычы болот. Башкача айтканда сөз түрүндө же жест түрүндө коду болот. Код ачылары менен сеанс башталат.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??