Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бөлүнчөктөр

Бөдөш Мамырова, ЖК депутаты:
"Алар мандатынан айрылышат"
- "Ар-Намыс" фракциясынын 10 депутатынын кадамынан кийин Атамбаевге кайрылуу кылып, коалицияга кирүүнү сунуштаптыр дешет. Коалицияга кирели деп атасыздарбы?
- Коалиция дегенде кеңири коалициянын жетекчиси катары парламентте добушка ээ болгон "Республикадан" Канат Исаев, "Ата-Журт" партиясынан Камчыбек Ташиев, "КСДПдан" Чыныбай Турсунбеков бар. Коалиция жөнүндө сөз болуп аткандан кийин, Атамбаевге барып сүйлөшүш керек деп анча-мынча байкабагандар чуркап жүрүшөт. Ал деген премьер-министр, коалицияны парламент шайлаган, фракциянын жетекчилери менен сүйлөшүү керек. Биздин 10 депутатты "Атамбаев менен жолукту, сүйлөшүп атат, бүгүнкү кыйынчылыктан чыгуунун жолун издеп атат" деп атпайбы, Кулов жөн эле борттон ары калып, күйгөн кишилер башкалар болгондой. Бул жерде коалициялык өкмөттү сактап калуу жөнүндө сөз болсо, биринчи жолу коалициянын лидерлери менен сөз жүрүш керек. Анан "менин 10 депутатым өтөт экен, мени дагы кошуп ал" деген кеп жок. Элди өнүктүрүү боюнча бардык фракциянын алдыга койгон максаты, программасы бар. Феликс Шаршембаевич фракция жетекчилери менен жолугуп сүйлөшкөн. Лидерибиз өзүнүн сунушун, программасын айткан, талкуулап атышат. Анан Кыргызстан кыйроо абалына түшүп калгандай кокуйлап жүгүрүп, сактап калалы дегендер чыгып атат. Ар нерсенин чеги, жолу, процедурасы болот. Ар кимибиз чокчоңдоп, көрүнгөн киши менен сүйлөшүү жүргүзүп, "Кыргызстанды мен гана сактап калам" деген эрдемсинген башаламандыктан кайтышыбыз керек.
- 10 депутаттын коалицияга киребиз дегени мурдатан эле фракция ичинде талкууланып келген турбайбы. Бул туурасында Токон Мамытов сөз кылды?
- Мен фракция жетекчисинин орун басарымын, бир дагы жыйындан калбайм. Бирок, бул тууралуу эч кандай талкуу болгон эмес. 10 депутаттын коалицияга киребиз деген сунушу да болгон эмес. Мүмкүн өздөрүнүн ичинде күбүр-шыбыр болгондур.
- Алар Кыргызстанды сактап калалы деп ушундай кадамга барган турбайбы?
- Ачык эле айтайын, бул биздин башмыйзамга туура келбейт. Топтолуп алып бир ууч депутат коалицияга кире албайт. Фракция кеңешип оппозициялык фракциябыз деп жарыялаганбыз. Оппозициялык маанайдагы депутат эмес, фракциябыз. Анан жарымыбыз пропозиция болуп, жарымыбыз оппозицияда калса кандай болот?
- Алардын максаты кандай. Коалицияга кириш үчүн фракциядан чыгышы керекпи?
- Кыргызстандын келечегин сактап калабыз деп атышат. Эмне калган депутаттар Кыргызстанды жоготуп, сазга батырып салалы деп атышат бекен? Эгер фракциядан чыкса, алар депутаттык мандатынан айрылат.
- 10 депутат партиянын мурдатан оор жүгүн көтөрүп келаткан мүчөлөрүбү же…
- Шайлоо алдында келип калган жаңы мүчөлөр. Буларды жаңы келди деп күнөөлөгөндөн алысмын, аны мезгил көргөзүп, тарых таразалайт. Шайлоо алдында бир ооздон программаны кабыл алып, ишке ашырабыз деп келгенбиз.
Дайырбек Орунбеков




  Саясаттурмуш

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты:
"Боюмдан башкасын
сындай бергиле"
- Маектин башында сурап алайынчы, ачуу суроолорго чычалап кетпейсизби?
- Эгерде ишмердүүлүгүмдү сындасаң чычалабайм. Анан адамдык абийириме же келбет боюма тийишпегиле, оюма тийише берсең болот.
- Былтыр бул маалда сиз тууралуу кептер кызуу жүрүп, апрелдеги тополоңдо "кулагын кесип салыптыр" дешкен. Конгантиев дагы катуу ур-токмокко алынган. Сизди туугандарыңыз барып чоң суммадагы акчага бошотуп чыкканбы?
- Бир жылдан ашып кетти. "Өлбөстүн күнү өчпөс" экен. Азыр артка кайрылып караганда көзү өтүп кеткен балдарыбызга куран гана окушубуз керек. Саясатчылар, элди башкарам дегендер экинчи мындай кадам кайталанбай турган мыйзамдарды кабыл алып, элдин башында турам деген адамдарга өзгөчө талаптар болсо. Ошол убакта бир топ ушактар жүрдү. Москванын өкмөтүндө иштеген, каржы министрлигиндеги экономист коллегаларым аялыма чалып алып "жолдошуңуздун көзү өтүп кеттиби" деп сурашыптыр. "РенТВ" деген телеканалдан "Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри ооруканага жетпей кайтыш болуптур" деп жарыялашыптыр. Бул жактагы курсташтарым чогулуп алып үйгө келишиптир. Тирүү экенимди угушуп кайра сүйүнүшкөн. Акчага туугандары сатып алыптыр деп да чыгышты. Антпей эле Таластагы досторум, куда-сөөктөрүмдүн жардамы менен чыктым. Жанымда Искендер Айдаралиев бар болчу. Түнү бою азыркы губернатор менен сүйлөшүү жүргүзүп, эртең менен тынчтык митинг өткөрөлү дедик. Чырдын башы митинг өткөрбөйбүз дегенден чыкпады беле. Алар макул болуп эки талап коюшту. Болот Шерниязовдун тирүү экенин далилдеп алып келип көрсөткүлө, экинчиси Молдомуса Конгантиев келбесин дешти. Ошол убакта премьер-министрдин сүйлөгөн сөзүн уккан эмесмин, элге катуу тийсе керек. Таластагы абалды түшүнгөндөн кийин, борборго байланышып, абалды түшүндүрөйүн деп, бир да чоңду таба албай койдум. Алдырарда жаздырар болуп президенттин жардамчысы дагы жок болчу. Премьер-министр трубкасын албай койду. Эртең менен саат 8де премьер-министр менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болуп калды. Азыр да кеч эмес, тынчтык жолу менен бүтүрсөк болот. Шерниязовду алып келейин, Конгантиевди бул жакка жибербегиле дедим. Данияр Үсөнов "бул жакта контрреволюцияга даярданып атышыптыр, элдин барын камадык. Шерниязов дегенди жибере албайбыз. Сени түндө эле жумуштан четтеткемин, сен эми 1-вице-премьер эмессиң" дегенге чейин жеткен. "Конгантиев Таласка жеткен, ошол жакта отурат. Ал тартипти жөнгө салат, сен кийлигишпе" деди. Коопсуздукка менин тиешем жок, премьер-министр түздөн түз жоопкер. Сиз ушуга милдеттеме ала аласызбы, эч нерсе чыкпайт деп жооп бере аласызбы?" десем, "сен бул процесске аралашпа. Тартип болгондон кийин гана экономикалык жакка жардам бересиң" деген. "Атаңгөрү, ушу болбой калды го" деген ой кетти.
- Ал маалда Молдомуса Конгантиев кайда эле?
- Ошол маалда Конгантиевди УВДга келди деп айтып калышты. Чек арадагы жоокерлерди дагы алдырып, куралчан алып келиптир. Искендер Айдаралиев менен кеңешип, "кой, ок чыгып кетпесин деп РОВДлардагы ок-дарыларды бекиттирип, элге такыр ок атылбайт" дегенбиз. Молдомуса Ташболотовичке кайрылдым, эмне коменданттык саат киргизилдиби, чек арачылар чек арада туруш керек. Ички чырга такыр киришпеш керек болчу деп. Ал "алып келип алдык, эми сыртында турбаса дагы зданиянын ичинде турсун" деди. Ошентип УВД ичинде болуп калдык. Болбосо облус жетекчилери менен эле жолугуп, Бишкекке кетмекмин.
- Мурдагы президент Курманбек Бакиевди кээ бирөөлөр "жакшы адам эле, баласы жаман көргөздү. Керек болсо президент өлкөдөгү болуп аткан кээ бир туура эмес иштерден маалыматы жок болуп, айланасындагылар жаман көргөзүп, атын булгады" дешет. Сиз жанында жүрдүңүз, кандай адам эле?
- Жеке өзү жаман эмес киши эле. Өзүн алып жүргөнү, ж.б. касиеттери бар болчу. Тилекке каршы президент катары элдин эсинде калбай кала турган болду. Анткени, кан төгүлүп кетти. Качып жүрөт. Ошондуктан кимге канчалык көп мүмкүнчүлүк берилсе, тиги дүйнөгө барганда дагы ошончолук көп сурак болот экен. Бийик тепкичтерге чыккандан кийин, принциптерден тайбаш керек тура. Мурункулардан такыр сабак ала албай койдук. Өткөндөгү президентибиз дагы өз үй-бүлөсүнө алы келбей, күйөө баласы, аялы, баласы, кызы башкарды. Ал киши дагы качып жүрөт. Кийинкиси да ошентти. 2008-жылдан баштап баласы республикалык бюджетке колун салды. 2009-жылы мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөргөндөн кийин бүт барын жасай баштады…
(Уландысы кийинки санда)
Дайырбек Орунбеков
P.S: Кийинки санда депутат А.Жапаров Бакиев бийлигин барактап, апрелден баштап, бүгүнкү күнгө чейинки саясаттын күнгөй-тескейин тескеп, айрым адамдардын жүзүн ачат.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??