Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Акыл жаштан

Бир кадам артка, эки кадам алдыга
Ө мүрбек Бабановдун бир айлык мөөнөткө 1-вице-премьер-министрликтен убактылуу чегиниши коомчулукта түрдүү пикир жаратты. Мисалы, "Жарандар коррупцияга каршы" борборунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова: "Бабанов жаш саясатчы катары болочокто эки кадам алдыга ташташ үчүн бир кадам артка чегинди" деген оюн айтты.
Чындыгында эле Өмүрбек Токтогуловичтин күтүүсүздөн жасалган бул кадамы көпчүлүктүн колдоосуна татыды. Себеби, оппозиция 1-вице-премьерди жеке иштерин мамлекет иштерине аралаштырган деген жөнсүз айып тагып келаткан. Ал эми Ө.Бабановдун кызматынан бир айга убактылуу чегиниши депутаттык комиссиянын эркин иштешине өбөлгө түзүп, натыйжада чындыктын бети ачылмакчы. Мунун аркасында Ак үй, Көк үй ичинде жана сыртында жүргөн саясий фигуралардын чыныгы жүзү ачылып, эл кимдин ким экендигин билип, анын аркасында өлкөбүздө тынчтык биротоло орнойт. Себеби, беткабы сыйрылган оппозициянын айрым дөө-шаалары баягыдай кыйкырып чыгып, элдин кулагына "кесме" иле албай калат.
Башка саясатчылар Бабановдон өрнөк алабы?
Бабановдун мындай саамалыгын жаш саясатчылар да колдоого алышты. Буга байланыштуу парламенттеги КСДП фракциясынын өкүлү Данияр Тербишалиев минтет: "1-вице-премьердин өз эрки менен кызматтан убактылуу кетиши башка чиновниктерге үлгү болушу керек". Ошондой эле ал мартабалуу аткаминер өз дарегине айтылган сындан улам каалоосу менен креслону бошотуп бериши Кыргызстан тарыхында алгачкы ирет болгонун, мындай көрүнүш прецедент жаратышы керектигин кошумчалады.
"Медалдын эки бети бар" демекчи, Өмүрбек мырзанын убактылуу "отпускеге" чыгышына айрым фигуралар каршылыгын билдирди. Мисалы, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев: "Бабановдун бир айга отпускага кеткендей түр көрсөткөнү, "балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат", деп бир айга чейин кырдаал өзгөрүп кетет деп үмүттөнгөн айла-амалы деп ойлойм" деп кескин сындады. Анын пикирине таянсак, Бабанов кара жанын ойлоп, жоопкерчиликтен качып, ордун убактылуу бошотуп берген экен. Бирок, жолдош Текебаев эгер жаза тайып тагылган айыптар далилденип калса, Бабанов жоопкерчиликке тартыларын неге айтпайт? Мындай ойду 1-вице-премьер-министр "Вечерний Бишкек" гезитине курган интервьюсунда деле жашырбайт. "Эгер күнөөм болсо, жооп берүүгө даярмын" дейт ал.
Ошол эле интервьюсунда, Өмүрбек мырза өзүнө карата жүргүзүлгөн "кара пиар" президенттик шайлоо астында өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевге карата катуу сокку уруу далалаты экенин ачык айтыптыр. Ал сөзүн андан ары төмөндөгүчө уланткан: "Көпчүлүккө менин коррупциялык схемалардын бетин ачканым жаккан жок. Ири уюлдук компаниянын тегерегинде маселе көтөрүлгөндө, ага кызыгдар күчтөр дароо көтөрүлүп чыкты".
"Ар-Намыстын" шайы оогондо
Макаланын башында Өмүрбек Токтогулович акыйкаттын түбүнө жетип, анын аркасында Кыргызстанда стабилдүүлүктү орнотууну көздөп кызматтан убактылуу чегингенин баса белгиледик. Ошондон кийин парламенттеги оппозициялык маанайдагы "Ар-Намыс" фракциясынын он депутаты элдин бейпилдиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн коалицияга кошулууга даяр экендигин расмий жарыялашты. Бул аркылуу алар Бабановдун демилгесин колдошорун далилдешти. Мунун негизинде коалиция тарайт-тарабайт маселесине чекит коюлгансыды. Себеби, Камчыбек Ташиев башында турган "Ата Журттун" айрым мүчөлөрү коалициядан чыгып кеткен күндө да, андан курама өкмөт ыдырабайт. Бул биринчиси. Экинчиден, "Ата Журт" фракциясында спикер Ахматбек Келдибеков акыркы убакта мамлекеттик ишмер катары өскөнүн көрсөттү. Фракция ичиндеги пикир келишпестиктерге чекит койгондой болду. Ал турсун Ахматбек мырза Камчыке досунун акыркы мезгилдеги кадамдарын тарткылап, туура жолго багыттап жаткандыгын да көрдүк. Төрага коалициялык келишимге кол койгон киши катары, анын кабыл алган чечимдерин башкалар да аткарышына жетишип жатат.
Сөздүн ток этерин айтканда, 1-вице-премьер жаштыгына карабастан көпчүлүккө үлгү болуп, жакшы саамалык баштады. Муну туура түшүнгөн саясий күчтөр азыркы өкмөткө кошула баштады. Буга "ар-намысчы" он депутаттын мисалы далил.




Өмүрбек Бабанов:
"Саясатта чынчыл болуш керек, ошондо гана жыйынтык болот"

19-апрель күнү "Республика" саясий партиясынын офисинде Биринчи-вице премьер-министр, партиянын лидери Өмүрбек Бабанов "Кыргызстандын келечеги" кыймылынын өкүлдөрүнүн демилгеси боюнча алар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда алар кыймылдын максаттарынын бири катары бардык бийлик бутактарында анын ичинде депутаттык комиссиянын ишине дагы жарандык көзөмөл жүргүзүү экендигин айтышты. Ошондой эле бул кыймыл Ө. Бабановду коргоо боюнча комитет түзгөндүктөрүн жарыялашты.

"Өз эркиңиз менен кызматтан убактылуу чегинип туруңуз мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн болгон ниетиңиздин актыгын дагы бир ирет далилдеди. Парламенттик комиссия өзүнүн обьективдүү жана адилет чечимин чыгарышына биз ишенебиз", деди Ө. Бабанов менен жолугушуунун катышуучулары.

Алар мамлекет жетекчилери Президент Роза Отунбаевага, Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Келдибековго, Премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жана депутаттык комиссиянын төрагасы Токтогул Тумановго кайрылуу жолдогондуктарын маалымдашты. Ал кайрылууда "Өлкөбүз үчүн оор кырдаалда парламенттик көпчүлүк коалицияны ийгиликтүү түзүүдөгү Ө.Бабановдун ролу өзгөчө белгиленип, бул кадамы менен ал мамлекеттүүлүктүн сакталып калышына жана мамлекеттик башкаруунун бекемделишине өзүнүн зор салымын кошту", деп белгилешти кыймылдын мүчөлөрү. Өлкө жетекчилери Ө.Бабановдун мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө багытталган күч-аракетин колдойт деп ишене тургандыгын айтышты.

Ал эми Ө.Бабанов жолугушуу учурунда колдоосу үчүн кыймылдын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди. "Акыркы күндөрү мага республикабыздын бардык региондорунан көптөгөн партиялаштарыбыз, жөнөкөй жарандарыбыз телефон чалышып сурашып жатышат. Кечээ Ошто мени колдоо боюнча комитет түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдашты. Мындай элибиздин колдоолору мага зор дем-күч берет. Саясатта чынчыл болсоң гана жакшы жыйынтык болоруна мен дагы бир ирет ынандым. Саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин күчү элде, элдин колдоосунда", деп айтты Ө.Бабанов. Ал депутаттык комиссиянын обьективдүү чечимин күтүп жаткандыгын билдирди. "Депутаттык комиссиянын чечиминен кийин башталган реформаларды алга жылдыруу боюнча ишимди улантам жана учурда биз үчүн туруктуулук, ынтымак жана элибиздин биримдиги негизги маселе болушу экендигин белгилеп жана биздин бардык иш аракетибиз ушул максатта жана багытта болушу керек", деп ал сөзүн жыйынтыктады.





Нарында "Бабановду коргоо комитети" түзүлдү
Нарында "Бабановду коргоо комитети" түзүлдү. Мындай маалыматты "Республика" партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Айнура Темирова таркатты, деп билдирет кабарчы Күмөндөр Усуптегин.
"Биз Нарын шаарынын тургундары, азыркы биринчи вице-премьер-министрдин кызматынан убактылуу четтетилген Өмүрбек Бабановдун тегерегинде болуп жаткан "кара пиарга" карата партиябыздын лидеринин кадыр-баркын коргоо максатында "Бабановду коргоо комитетин" түздүк. Кезинде Өмүрбек Бабанов Ак-Сай, Арпа жайлоолорун, "Торугарт" бажы өтмөгүн өлкөнүн ичине 60 чакырым жылдырбай, ордуна келтирген. Бүгүнкү күндө биздин мамлекетте тынчтык, стабилдүүлүк, өнүгүү керек. Дал ушул нерселер биздин партиянын программасында айтылган. Биздин партиябыздын лидерине жөн жерден эле көө жаап, ак жерден каралоону, ага карата атайын уюштуруп жаткан "кара пиарды" токтотууну талап кылабыз", деп жазылат Жогорку Кеңешке жиберилген кайрылууда.
Кайрылууда 17 адамдын тизмеси жазылган.


Данияр Алымбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??