Саясат сапар

Асылбек
Жээнбеков,
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"Саламаттуу күчтөрдүн, салмактуу атаандашы болуш керек"
- 7-апрелде элди атты деп кармалган, ошол окуяга тиешеси бар күнөөлүүлөрдүн жарымы качып тынды, жарымынын күнөөсү такталбай соту аягына чыга элек?
- Күнөөлүлөр жооп бериши керек. Бийликтин туура эмес иштерин көрүп республика боюнча 100 миңдеген адамдар толкуп, нааразы болуп чыкты. Аларды көрүп туруп, бийлигин кармап калыш үчүн өз элине каршы ок атып, карапайым калктын канын төккөндөр жооп беришет. Ким атканын, ким буйрук бергени так териштирилип жоопко тартылышы керек.
- Борбор аянтта кан төгүлдү. Кыргызчылыкта ошондой кан төгүлгөн жерге курмандык чалып, тазалоо кылат. Бирок, аянтка бир да жолу жакшылыкка жөрөлгө болгон жок?
- Кудайга ишенип, мусулманчылыктагы парздарды аткарган жакшылыкка алып келет. Кыргыздын салт-санаасын, ата-бабабыздан келаткан улуттук баалуу көрөңгө, нарк-насилдерин тутунуп, үрп-адатын сакташыбыз керек. Сиз айтып жаткан жөрөлгөлөр 7-апрель күнү баатырларга куран окутулуп калың элдин катышуусу менен аянтта өткөрүлдү. Биз дагы Жогорку Кеңеште Акүй салынгандан бери тынччылык болбой, ар кандай кооптуу окуялар болуп кетүүдө деп жакын арада кан чыгарып, жакшы тилек кылып коелу деп атабыз. Кыргызстанды ар жака тартып, бөлүп-жарылбай ынтымак менен жашап, өнүгүү жолуна түшөлү, пейлибиз оңолсун деген тилек кылалы дедик.
- Бакиевдин учурунда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн бир жыл мурун өткөрүүгө жол ачып бердиңиз. Муну ар ким ар кандай баалашты?
- Эски Башмыйзамда президенттик шайлоо 2009-жылдын 25-октябрынан кеч калбай өтүшү керек эле. Бул маселени мага чейин эле Б. Бешимов, И. Өмүркулов ж.б. депутаттар, белгилүү саясатчылар көтөрүп чыгышкан. Мен алардын көтөрүп чыккан маселесин жыйынтыктап Конституциялык сотко шайлоо 25-октябрда өтүшү керек деп кайрылгам. Бирок, Конституциялык сот бул маселени, ЖКга тапшырып койгон. Ал эми ЖКда талкуу болуп, 23- июлда өтсүн деп чечим чыгарганда, биз оппозициялык депутаттар барыбыз макул болбой каршы добуш бергенбиз. Ошол кезде эле мен бул маселенин күнгөй-тескейи боюнча маалымат жыйынын өткөзгөм. Кыскасы, бул маселе боюнча кудайга шүгүр абийирибиз таза. Буга далил катары 2009-жылы Президенттик шайлоодо ким кайсыл тарапта болгонун айтсак жетиштүү болот.
- Ошондо Атамбаевди эл менен жолугушууда мас болуп чыкты дегендин чындыгы барбы?
- Анын баары курулай жалган. Буга мен өзүм күбөмүн. Керек болсо ал кишиге уу берилген, Кудай гана сактаган. Ошол жалган кептерди тараткан адамдар азыр кайда - жараткандан жазасын алып мекенинен айрылышты.
- Апрелдеги окуяда Россия оппозицияны колдоп, Бакиевдин бийлигин кулатууга жардам берди деген кептер да бар. Биле алдыңызбы?
- Кыргыздарга сырттан эч ким жардам берген жок, жалгыз Кудай колдоду. Мен деле окуяны ушунчалык болуп, кайгылуу көрүнүшкө айланып кетет деп күткөн эмесмин. Телефондон партиялаштарым менен байланышып, Бишкекте эмне болуп атканын, нааразычылык акция чоң кайгыга айланып, элдин курамы көбөйүп кеткенин угуп аттым. Көптөгөн жүз миңдеген адамдар чыкты, мынчалык адамдарды акча берсең дагы чыкпайт эле. Демек, ошончо көп элдин нааразычылыгынын туу чокусуна жетип калган. Мен кудайга ишенген адаммын, ошончо элди тургузуп, ойготкон Кудай. Ал эми Бакиевдердин жүрөгүн алып койгон дагы Кудай. Болбосо тишине чейин куралданып, бийликтен кетпейм деген. Кетти.
- 7-апрелде курман болгон 86 баатыр деп аткандардын бири тирүү экен, учурда Россияда автобус айдап жүрөт деп парламентте айтышты го?
- Ооба, ошондой маалымат далили менен депутат А.Сулайманов тараптан берилди. А.Сулаймановдун максаты чыныгы баатырдын ысмын табуу.
- Арак ичип алып чыгышты, кээ бири суу ичкенден кийин эч нерсе билбей калыпмын, кандайдыр бир дары кошуп коюшкан окшойт, ошого октон коркпой каршы турган деген сөздөр да айтылып жүрөт?
- Ал чыныгы акмактардын болбогон сөзү. 89 баатырдын арбактарын сыйлабай, миңге жакын жарадар майып болгондордун канын-жанын сыйлабай, ошол сөздү айткандар бул дүйнөдө дагы, наркы дүйнөдө дагы жакшылыктарды көрбөйт. Элдин антип октон жалтанбай жүгүрүп атканы жүрөктөгү дух, кыргыздын канындагы баатырдык сапаты. Ошол кездеги баалардын өсүшү, жерлердин сатылышы, байланыш түйүндөрүнө негизсиз кошулган төлөмдөр элдин кыжырын келтирип, жеткен чегине жеткирген. Иштеп аткан ишкерлерге тоскоол болуп, көмүскө салык салып жол бербей, бардык тармактарды ээлеп алышкан. Мындай көрүнүш райондук деңгээлге чейин түшүп, ишкерлер кысымга алынып кеткен. Маселен, Алмаз Атамбаевди Кара-Кулжадагы иним үйүнө алып барып коноктоп койгон үчүн шылтоо издеп иштен алып, иш козгогонго чейин барган.
- Бийликке келдиңиздер, бирок эл башкаруу кыйын…
- Келдиңиздер деген туура эмес, коалиция келди. Эл башкаруу оңой эмес экенин бардыгынын колунан келе бербешин бардыгы эле билсе керек.
- Башкаруучу партиялардын бирисиздер да?
- Коалицияда ар кандай күчтөр бар. Арасында революция кылгандар, кылбаган башка дагы күчтөр жүрүшөт. Ал элге маалым. Азыр мамлекет, элдин тагдыры биздин колдо болгондон кийин жоопкерчиликти сезип, туура жол менен кетишибиз керек.
- Эмнеге революциядан кийин Оштогу чоң бийликтердин бирин алган жоксуз?
- Бизде максат бийлик алып, олчойгон орундарды ээлеп калуу эмес болчу. Биздин жашоодогу принцип дагы мындай эмес. Үй-бүлөдө барыбыз мусулманчылыкка, адамгерчиликке баш ийебиз абийирди бардыгынан жогору коёбуз, мусулманчылыкта шүгүрчүлүк деген бар. Бакиевдин одоно жоруктарын, мамлекетти тоной баштаганын башкаларга караганда депутат катары билчүмүн. Ошон үчүн бизге бийлик тартып алуу үчүн эмес, максат бийликке таза адамдарды алып келүү болгон.
- Бюджет тармагын жакшы билесиз, жанагы 9% менен берилип аткан насыя акчаларды мамлекет көтөрө алабы?
- Аны кылбасак болбойт. Азыр жакшы нерсе кылсаң дагы жарайбы, жарабайбы дей беришет экен. Буга сүйүнүш керек. Чынын айтканда Кыргызстан бүгүнкү күндө чет жактардын жардамысыз жашай албайт. Бюджет 22 млрд. дефицит менен чыктык деп өтө эле трагедия кыла бербешибиз керек. Анткени, дээрлик көпчүлүк өлкөлөр дефицит менен жашап атышат. Башка мамлекеттерден биздин өнүгүп келаткан, келечеги кенен өлкө экенибиз айырмаланып турат. Бизде бардык шарттар, кен-байлыктарыбыздын запастары бар. Аны туура алып кетип, мыкты иштетиш үчүн дасыккан адистер, бийликте таза адамдар болуш керек. Мына бардыгыңыздарга жакында маалым болгондой Мегакомдон мамлекеттик үлүштөн 850 миллион сом түштү. Жылдын аягына чейин элдин кызыкчылыгын коргогон Өкмөт дефициттин көпчүлүгүн өзүбүздүн эле булактардан жабат кудай буйруса.
- Бийликте таза адамдар отурат деп ойлойсузбу?
- Эч качан бардыгы таза деп ойлобойм, анткени коалициялык бийлик келди. Мында ар кандай тарыхы, окшошпогон көз караштагы адамдар бар. Коалициялык бийлик келгенден кийин барын таза деп жооп бериш кыйын. Бирок ишенем, Атамбаев баш болгон бийликтеги бир топ адамдар бизди тазалыкка алып кетип атат. Ошон үчүн ушул партияда жүрөм.
(Уландысы 6-бетте)