Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Мындай "Дастандын" россиялыктарга кереги жок…

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Москвага жасаган акыркы иш сапарынын алкагында Кыргызстанда саясий туруктуулук орномойунча, кыргыз өкмөтү берген убадалар аткарылмайынча, Россия жардам бербейт деп ачык-айкын айтылган. Буга чейин айтылган сөздөр, жарыяланган макулдашуулар, анын ичинде "Кыргызгазды" сатып алуу, 30 миллион АКШ доллар өлчөмүндө насыя бөлүп берүү жана Кыргызстандын тышкы карызын "Дастан" заводунун акциясына алмашуу иштери узакка созулуп кетээрин айтышкан. Ушуну менен бирге, Советтер Союзу учурунда аскер комплексинин бир бөлүгү болуп, торпедаларды чыгарган ишкана орустарга анчейин деле кереги жок. Айрыкча акыркы жыл ичиндеги окуялардан кийин. Маселен, заводдун абалы начарлап кеткен.

Биздин торпедалар - саясаттын жана ири саясаттын бир бөлүгү.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов кызматынан бошотулган соң дароо эле депутаттарга кайрылып кээ бир сырлардын капкагын ачууга шашылды. Анын айтымында, былтыркы жылы "Дастан" заводунан 2 миллион АКШ доллары чыгарылып кеткен. Заводдун жетекчилигинин айтымында дал ушул көлөмдөгү каражат Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) шайлоо алдындагы компаниясына которулуп берилген. Атамбаевдин партиясына басым жасоо аракетин уланткысы келген оппоненттер Байболовдун билдирүүлөрүн иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүүнү чечишти. Премьер-министрдин өзү да үнүн катуу чыгарып бул кырдаалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга буйрук берди.

Тарыхка кайрылсак, иштин баары өткөн жылдын апрель айындагы бийлик алмашуудан кийин өндүрүштү түшүнбөгөн, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын өкүлү Сергей Даниленко мырзанын заводго жетекчиликке келгенинен башталган. Ал ишкананы карабай таштап салган, жада калса жумушчулардын айлык маянасын жана мамлекетке салык төлөө иш чараларын жүргүзүү системасы башаламанга учуратылган. Апрель айына чейин эптеп чогулган (3 миллион АКШ долларына жакын акча) акчаны "Дастан" бир заматта коротуп, торпедаларды жеткирүү боюнча Индия менен келишимин ишке ашыралбай калган. Акчасы жок калган "Дастан" тиешелүү темир-тезекти кайдан сатып алмак эле. Россиянын бул жерде тыңчылары көп эмеспи. Алардын баары 2009-жылы эле орустарга бере коебуз деген "Дастандын" бүгүнкү күндөгү абалын билип-көрүп, чоң акчага келген, баалуу обьект болбой калганын көрүп турган.

Өткөн жылдын соңунда Даниленко мырзанын үстүнөн кылмыш иши козголот. Анткени, анын ар кырдуу махинацияларынын натыйжасында заводдон 16 млн. сом чыгарылып кеткен. (Бирок бул Байболов айткан 2 млн. доллар эмес окшойт, кыязы, Байболов мырза бардык чындыкты айтып бүтө элек окшойт?). Ошентип үстүбүздөгү жылдын башында заводдун директору өзгөрөт. Элдин айтымында, ал Даниленкого окшогон "ууру" болбосо да, заводду бутуна тургуза алчудай эмес.

Россия "Дастан" ишканасына муктаж эмес экени айдан ачык. Бул жөнүндө дагы бир ирет айтып өткүм келет. Анткени, Россиянын ансыз деле мамлекеттик заказы жок турган жана торпеда чыгарган үч өндүрүш өнөр-жайы бар. Алар аз келгенсип төртүнчү заводду мойнуна отургузуп алабы? Бирок, россиялыктар тынбай, бизге завод керек, иштеп чыгарылган документтер чет жакка сатылган эмес деп айтышат. Анткени, иштелип чыккан көптөгөн документтер Советтер Союзу убагынан бери сакталып, россиялык разработкаларга окшошуп кетет. Андыктан Россия иштеп чыккан кагаздар бүткүл дүйнөгө таралып кеткенин ким каалап турат дейсиңер. Кантсе да "Дастандын" разработкалары эскирип калган. Ал эми дүйнө аскер өнөр жайындагы инновацияларды иштеп чыгууда ордунан жылбай турган жок. Өткөн мезгилдин калдыгы болуп эсептелген заводдун бир нече жылдан кийин кимге кереги бар дейсиңер?

Бакиевдердин артынан өзгөчө мыкаачылык менен түшүп алышкан, эми бийлик адамдары ойго келбеген иштерди жасай башташты. Белгилей кетчү нерсе, азыркы учурда "Дастандын" тегерегинде сот иштери жүрүп жатат. Эсиңизде болсо керек, 2009-жылдын 3-февралында мурунку президент Курманбек Бакиев Россия президенти Дмитрий Медведев менен жолугуп, бир топ келишимдерге кол коюшкан. Дал ошол мезгилде Кыргызстандын Россияга болгон карызын "Дастан" ишканасынын акциясынын 48 пайызын алмашуу сөздөрү айтылган. Мындай иш чаранын Кыргызстан үчүн дагы бир бажырайган пайдасы бар эле. Россиялык мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик заказдар боюнча тендерлерге катышуу үчүн, сынакка катышам деген ишкана Россия Федерациясында орун алып жайгашып же болбосо мамлекеттин ал ишканада акциясы болушу керек. Эгерде россиялыктар "Дастандын" акционерлери болуп кала турган болсо, анда кыргызстандык ишкана россиялыктар кызыктуу, тиешелүү тендерлерге катышып, иши да көбүрөөк болуп, акчасын да көбөйтүп алмак. Ушуну менен бирге, "Дастан" Кыргызстандын аймагында орун алгандыктан, заводдун жумушчуларынын айлык маянасы жогору болуп, мамлекет өз учурунда көбүрөөк салык чогулта алмак.

Бирок, дагы бир кызыктуу нерсе, ал кезде мамлекет ишкананын акциясынын 48 пайызына эмес, 37 пайызына гана ээлик кылып турган мезгили эле. Россиялыктар менен жетишилген келишимдерди аткарыш үчүн Кыргызстандын өкмөтү тиешелүү токтомдорду кабыл алган. Ошентип отуруп Кыргыз мамлекетинин "Дастан" заводундагы акциясынын үлүшүн 48 пайызга жеткириш үчүн, "Дастан" ишканасынын акционерлер кеңеши акциянын кошумча эмиссиясы тууралуу чечим кабыл алат. Ошентип мамлекет акциянын көлөмүн жогорулатып отуруп, өз үлүшүн Россияга берип коймок. Дал ушундай чечимге ишкананын директорлор кеңеши келип, компаниянын кошумча акциялары жарык көргөн. Бирок, тилекке каршы мындай кадам менен мамлекет миноритарийлердин укуктарын чектеп койгон. Кошумча акциялардын чыгарылышы менен миноритарийлердин үлүшү 12 пайыздан 1,5 пайызга чейин жеткирилген.

Дагы бир кызыктуу иш, апрель айына чейин заводдун директору болуп турган Алексей Ширшов мамлекет үчүн мамлекеттин заводдогу үлүшүн жогорулатты деп күнөөлөнүп жатпайбы. Ал Россиянын президенти менен сөз байлашып калган имиш. Эми өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, урматтуу окурман, ушундай макоолукту ким көргөн? Максим Бакиевдин мурунку шериги, баса, аны менен президенттин уулунун мамилеси 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин солгундап калган. Балким ал Кыргызстанда олигарх болуп жүргөндүр, бирок ошончолукка жетпейт эле го. Маселен, миноритарийлердин тобуна залака келтирип, "Дастандын" акциясынын кайсы бир бөлүгүн орустарга берүү жөнүндө чечимди түртүп чыкпайт эле го. Ширшовдун кадыр-баркы Россиянын президентинин беделине жетет деген турасыңарбы? Россиянын жетекчилигине ал болгону Кыргызстанда иштеген чакан ишкер.

Ошентип, Ширшовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, биринин артынан бири сотко өткөрүлүп жатат. Аны азыркы бийлик адамдары М. Бакиевдин убагында директор болуп турган кезде мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп заводдун акциясынын кошумча эмиссиясын чыгартып, директорлор кеңешине, акционерлер кеңешине, өкмөткө жана мурунку президентке басым жасагандыгында деп күнөөлөйт.

Ширшов мырза бир жылдан бери чет мамлекетте жашап келет. Ал эми сыртынан айыптап коюу биздин мыйзамдарга шайкеш келбейт.

Чындыгында Ширшов периште эмес, бирок мындай күнөө тагуу эч бир акыл-эске жатпайт. Эми өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, учурда мамлекеттин "Дастан" заводундагы катышуусу 37 пайыз эмес, 48 пайызды түзөт. Бул жаманбы?

Кайсы себептерден улам учурдагы бийлик адамдары Бакиевдердин жана алардын курчоосундагылардын мыйзамга жатпаган иш аракеттерин кылдат иликтеп, талдабай, артты карап күлгөн иш чараларды көрүп жатышат? Элге эптеп "Иштеп атпайбызбы. Көптөгөндөрдү жоопко тарттык" деп айткандын эле амалы окшойт. Ал эми өз ишин билбеген адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында, иштер орун таппай, дүйнөлүк аренада биздин өлкө шылдың болуп атпайбы.

Айта кетчү нерсе, "Дастан" орустарга башка себептерден да улам кереги жок. Мейли эми, өкмөт орустарга ишкананын акциясынын 48 пайызын берип койду дейли. Бирок, акциянын калган 50 пайызы эки жеке компанияга таандык болчу (анын бири Максим Бакиевге таандык). Апрель айынан кийин алар улутташтырылып, бирок де-факто алар мамлекетке өткөрүлүп берилген эмес. Анткени, алар камакка алынып, сот иштери жүрүп жатат. Эми ойлонуп көрсөңөр, орустарга тобокелге түшүүнүн эмне кереги бар? Акциянын 48 пайызын алганын алып, акциянын башка жарымы эмне болот, алар үчүн да сот иштерин жүргүзүш керек экенин түшүнүп турушат. Кантсе да, Азимбек Бекназаров ойлоп тапкан улутташтыруу жөнүндө декреттер мыйзамга шайкеш келбегени айдан ачык болуп турбайбы. Андыктан бул чыр-чатактардын чечилиши айлап-жылдап созулушу мүмкүн. Ошентип орустарга, чын-чынына келгенде "Дастандын" анчейин деле кереги жок. Биздин саясатчылар жөн жерден гана өзүн мактап, элге таанымал болуп алышты.

Азиз Тургунбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??