Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бирбүркүм

Кечиккен депутат
Депутат Ширин Айтматова ширин түш көрүп жата береби же түйшүгү көппү ар дайым сессияга кечигип, ортолоп калганда келет. Акыркы күндөрү депутат айымдын депутаттык мандатына ичи жылыбай, ичиндеги интригалар ирээнжитип атыр дейт. Депутаттыктан тажаганын да жашырбай, кетсемди деп жүрөт дейт.

Темирден "китлап"
Саясатта Кытайдын "китлабындай" болгон шыпырлар көбөйүп кетти. "Калпты чындай айтса, чын чычайып чыга качат" дегендей тим эле тил эмизсе билбеген жан ишенет да. Дегеле алдаркөсөлөрдүн тили ширин болот эмеспи. Качан алданып калгандан кийин жер муштап каласың. "Мекен Ынтымагы" партиясына жамынып чоң болгусу келген Темирбек Асанбеков ар кайсы жакка бир урунуп алапайын таппай жүрү.Саясатчылар теңине албай койгон соң, жазмакерлерге жабыша баштаптыр. Жакында бүт жазуучулардын дөө-шааларын жыйып, аксакалдарга ойдаа мактанып. "ак сүйлөптүр". Минтип канчаларынын оозун ачтырып, кийин ишеничтен кеткенин баары билбесе да билгендер четтен чыгат. Эми чын дилден ишенишкен тиги улуу адамдардын көңүлүн булгабасаң экен Темике. "20 жыл топтогон байлыгымды чачып, мени жаман атты кылган жигиттер менен шайлоого катышып, жем болуп калдым. Акчамды сурагы жок бердим. Бөлүнгөн акчалар чындап иштегендерге жетпей оңду-солду кеткен экен. Иштегендерге берип койсоңор болмок… ж.б.у.с сөздөрдү кайсы бетиң менен айттың. Кайсыл акчаңды, канча акчаңды, кимге, качан, кантип бердиң эле? Баса, ал акчалар кимдики эле? Шайлоодо иштегендерди алдап ким бербей койду эле? Шайлоого катышкан жигиттер тескерисинче сага жем болушпады беле. Жасалмалуулукту жактыра бербейм деп көкүрөк кагыпсың, чындыкты бетке айткандан коркпосоң адамдын артынан сүйлөбөй (бул сенин адатың), сени "жеп" кеткендер менен бетме-бет телеэрөөлгө чык. Чындыкты ошол жерден айтышалы. Аркадан ушактаганды эркек дебейт. Сен айткан Абийир деген алты сөздү өз жандүйнөңдөн издеп көрчү, бар бекен. Сенде абийирдин "а"сы да жок болсо керек. Өзүңдүн ашмалтайыңды чыгарып калпты ышкырта бербесең.

Бектемир Акуновду унуткандарга баракелде!
Тээ 2007-жылдагы апрель митинги болгону көпчүлүктүн эсиндедир. Карапайым эл саясаттын, саясатчылардын жүзүн ошондо бир байкаган. Барынан өкүнүчтүүсү, ошол митингде эл-жерин ойлоп, мекенинин бүтүндүгүн ойлоп, акыйкатсыз бийликтен калыстыкты талап кылган Бектемир Акунов Нарында убактылуу кармоочу жайда милициянын токмогунан каза тапканда, анын сүрөтүн аянтка көтөрө чуркашып, Бакиев бийлигин боктогон саясатчылар бүгүн бийликке келишкен соң ал тууралуу эстеп койгон бирөө жок. Маркумду токмоктоду деп шектелген кызыл шапкелер да 1 жылга эркинен ажыратылып гана тим болгону аз келгенсип, ошондо Нарын шаардык ички иштер башкармалыгын башкарган адам азыр Нарын облустук ИИБде начальник. Ал эми ошондогу губернатор Жыргалбек Азылов учурда Бакиев ыроологон элчиликте дале элчиликтен былкылдабай отурат. Так что, эшеги суудан өткөн эргулдарга баракелде дебеске аргабыз канча?

Ордунда жок депутат
120 депутатыбыз бар. Сессияга катталганы 106, отурганы 36 же андан көбүрөөк. Добуш берүү башталганда бал издеген аарылардай ары-бери чуркап, ордунда жок депутаттардын атынан добуш берип калышат. Ошондо ордунда жок депутаттардын добуштары толук бурмаланып, теңирден тескери кетиши ыктымал. Ойлоп кетесиң, ордунда жок депутаттар үчүн атайын кнопка баскыч кызматкер алса Гүласел Садырбаевага окшогон аксакал эже депутаттарыбыз убара тартпайт эле…


Чокморов чакырат!
"Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,
Жаркын талант чайпалбай да төгүлбөй,
Элестелип бүт дүйнөгө таркады
Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй" деп
Атактуу акын Жолон Мамытов Сүймөнкул Чокморовго ыр арнады эле. Дүйнөгө кыргыз жүзүн тааныткан улуу инсаныбыздын арабыздан кеткенине көп болду. "С.Чокморов" атындагы фонду жана уюштуруу тобу 2011-жылдын 28-апрелинде саат 10.00дө Аламүдүн районунун райондук маданият үйүндө өтө турган СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын Лауреаты, кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны Сүймөнкул Чокморовдун эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында жана Байтик айылында Сүймөнкул Чокморов атындагы маданий комплексти курууга арналган марафонго чакырат. Агабыздын талантын баалаган арабызда ак ниет адамдар арбын чыгаар. Бардык каалоочуларга эшик ачык.
Дареги: Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Жеңиш көчөсү 101, Аламүдүн райондук маданият үйү
Уюштуруу комитетинин байланыш телефону 0(312) 33 89 08, 33 89 09, 34 21 22

"Ар-Намыстын" намысы
Темирдей тартип орнотом деген Кулов, өзүнүн короосуна чамасы келбей калдыбы, башын аттагандар чыга баштады. Темир генералдын кайраты тайдыбы же кутум уюштуруучулук болуп атабы, айтор 10 депутат оолугуп коалициянын босогосунда күйүгүп жүрүшөт. Алардын айтымында Кыргызстан кыйроо алдында турганда, колтуктан жөлөп-таяп калалы деп шымаланып атыр. Алардын жоругуна күйгөн берки депутаттар жер сабап атышат. Аркы жээктеги депутаттардын көч башында Анвар Артыков, бүтүндүктү бүлүндүргөн өзбек депутаттын артында айтылуу генерал Токон Мамытов турат экен. Кабатыр болгон берки жээктеги депутаттар Токон мырзаны атайын "Ар-Намыстын" арасын ажыратуу миссиясын аткарууга келген деп өздөрүнчө күбүр-шыбыр. Эптеп жүргөн эмелер эле, депутат кылып койсо адам тааныбай калды деп нааразы болгон арнамысчылар томсоруп отурушат.


Өзбектер айтышты, Роза эже эсиңизге келиңиз
Өзбек улутундагылар өлкө башчыга кайрылуу жазыптыр. Кайрылуунун кыскача мазмуну төмөндөгүдөй:
"Биз оппозиция үчүн жан тартып келгенбиз. Бакиевдин режиминен жабыр тарткан Роза Исаковна мурунку бийликтин изин баспаса керек дегенбиз. Бирок, июнь окуяларынан кийин өлкөнү башкара албаганыңыз аз келгенсип, маалыматыңыз да жок экен. Ошондуктан бир тууган эки элдин ортосундагы кагылышуудан бейкүнөө адамдар кайтыш болуп кетти. Биз бирөөнү күнөөлүү дегенге укугубуз жок. Бирок, оюбузду айтууга укугубуз бар. Анткен менен биздин укугубуз укук коргоо органдары тарабынан тепселип келет. Биз арыздансак ИИМ, МУКК кызматкерлери үй мүлкүбүздү жок кылабыз деген ар кандай коркутуулар болот. Сиз тараптан чара колдонулуп жатканын билебиз, бирок өзбектер бийликте Мырзакматов, Асанов, Душебаев, Өмүрзаков өңдүү чиновниктер отурганда ишене албайт. Сиз Асановдун Амир Тимур шаарчасынан 2 млн. доллар өлчөмүндө акча чогултуп алганын билбесеңиз керек. Ал эми Өмүрзаков май айында Жалал-Абадда болгон окуяга тиешеси бар.
Июнь коогалаңында өзбектер көбүрөөк жабыр тартканы эч кимге жашыруун эмес. Азыр жабыр тарттык деген арыз коогалаңда талап-тоноп, өрттөгөн кыргыздардан барып жатат. Бул деген биздин сизге т.а айлана-чөйрөдөгүлөрүңүзгө ишеним артпаганыбыздан кабар берет. Эсиңизге келиңиз, сиздин жаныңызда коррупционер, улутчул, кримчөйрөнүн авторитеттери, наркооборондор курчап жүрөт. ЖКда кечээки кылмышкерлер отурат. Шаарды улутчул "мактоо чак келбеген" адам башкарып жатат. Абактарда күнөөсүз, өз үйүн, аялдарынын намысын, кары-картаңдарды коргогондор кыйноо менен ар кандай күнөөнү алып жатышат. Кыйноо менен чындыкты билүүгө болбойт. Сиздин жаныңыздагылар эптеп капчыгын толтуруу менен алек. Кыргызстандын түштүгү "саан уйга" айлангандай. Донорлор бөлгөн каражаттар өз дарегине жетпей жаткандыгы капалантат, уялтат. Бизде рейдерлик менен басып алган, мамлекеттик кызматтагы адамдардын укук бузган фактылары толтура. Башкасы эмес керек болсо бул кайрылуунун сиздин колуңузга жетерине ишенбейбиз. Кийинки 5 жылдан бери бизнес кылган өзбектер учурда издөөдө (финансылык абалы издөөдө) экени сизди тынчсыздандырбайбы. Өз эркиндигин миңдеген долларга сатып алгандар да бар.
Эгерде өлкөдө тынчтык болсун десеңиз ар бир кайрылууга анонимдүү болсо да кайдыгер карабаңыз. Сизге мамлекеттик кызматкерлердин рейдерлик иштери тууралуу фактыларды берүүгө, керек болсо иштешкенге даярбыз. Тез аранын ичинде чара колдоносуз деп ишенебиз". Кыз боозуп энесин коркутат эле болуптур. Урушту ким баштаганын бул ашыналар билбейби. Дагы кыргыздын кең пейилине шүгүр дегиле.




  ар бир үйгө!

Шашылыңыздар! Шашылыңыздар! "Асман пресс" гезитине жазылыңыздар!
2011- жылга жазылуу Кыргызстандын бардык байланыш бөлүмдөрүндө экинчи жарым жылдыкка жазылуу жүрүп жатат. Жазылуу бир айга Бишкек шаары боюнча 82 сом 89 тыйын, 3 айга 248 сом 67 тыйын, 6 айга 497 сом 34 тыйын. Башка аймактар үчүн бир айга 87-54, 3 айга 176-64, 6 айга 525-24 тыйын. "Асман пресс" эң кызыктуу коомдук саясий гезит.
Шашылыңыздар! Шашылыңыздар! "Асман пресске" жазылыңыздар! Ой жеткен жерге кол жетет! Жазылсаңыздар биздин гезит ар бир үйгө жетет!







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??