Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Берки жээк

Роза Акназарова, ЖК депутаты:
"Депутаттар эмне профессионал болуп кетиппи"
- Коллегаларыңыз көтөрүп чыккан гимнди, тууну алмаштырабыз деген демилгесине кандай карайсыз? Туу менен гимнде кандай кемчилдиктер бар. Азыр экономикабыз белчесинен сазга батып турганда, ушундай кадамга баруунун кажети бар беле?
- Желегибиздин түсү көк болуш керек, Манас бабабыздын желеги көк түстө деп атышат. Эпосто туу тууралуу "көк асаба Кызыл туу көктү жарган ызы чуу, ак асаба Кызыл туу, айгайлаган улуу чуу" деген саптары бар. Асаба дегени таягы, туусу желеги. Азыркы желегибиздин өңү кызыл. Бул кандын, тынчы жок жашоо, согуштун белгиси, жамандык алып келе турган өң" деп атышат. Антейин десең кытайдыкы деле кызыл, алар жакшына эле жашап атышат. Азыр кыйчалыш маалда депутаттар ушуну кое турушса болмок. Көк түстү тандап ала турган болсок, былтыр кайгы тартып аткан Оштогу туугандарыбызга өөн учурайт. Биз эмне болбосун терс жагын көрүп, аны сындаганга уста болуп алдык. Өзүбүздүн желегибизди сыйлаганга үйрөнсөк. Анан кызыл экен, күн карама экен деп жээрий берсек болбойт. Гимнди берилүү менен угуп, аткарышыбыз керек. 7-апрелде гимн ойнолуп атат, эл укмак түгүл туш келди басып жүрүшөт. Гимн, туубузду сыйлабасак мамлекетибизди сүйүп жарытпайбыз.
- Гимнде эки сөзү туура эмес жазылган дешет?
- Ушуну атайын Юдахиндин китебинен котормосун карадым. "Бейкут" которулганда "жай, тынчтык мезгил" болуп которулат. Мисал келтириптир "бейкут турган Гүлай, чочуп карай койду". Ушундай эле депутаттар профессионал болуп кетиппи? Гимндин сөзүн жазган кишилер да бир нерсеге таянып, бир нерсени билип жазышты да. Керек болсо муну легендарлуу парламентте карап чыгып, талкуулашкан. Изилдеп чечим чыгарыш үчүн илимпоз, тарыхчы, философ, тилчилердин ортосунда талкуулоо керек. "Бейкут" деген сөз Баткенде "кут кетсин" деген маанини берет экен. Баткенде ушундай маанини берет экен деп гимнди өзгөртүүгө ашыкпай, ошол элге түшүндүрүү жүргүзсө болмок. Кыргызстандын дээрлик көпчүлүк аймагында "бейкут" сөзүн тынчтык маанисинде кабылдашат. "Бей" деген сөз уланган "Бейиш" сөзү бар, аны дагы жаман кабыл алалыбы? Эгерде тууну алмаштырсак көп убаракерчилик, чоң чыгым кетет. Желегибиз паспортубузда, унаалардын номурунда бар. Эгер алмаштырсак азыр биздин жарандар кайсы гана жерде жок эмес? Алардын барынын паспортун алмаштырууга туура келет. Бул бир эле мисал, андан дагы көп убаракерчилик толтура.
- Гимнди Кыргызстандын атуулу билиши шарт. Арабызда орус депутаттар, кээ бир кыргыз чиновниктер билишпейт. Ар кайсы жерде кээ бири шоу кылып гимнди ырдап, каткырып күлүп атышат. Буларга кандай чара колдонуу керек?
- Бир аземдин ачылышында гимндин музыкасы эле ойнотулуп, эч ким деле ырдабайт. Кээ бири керек болсо колун жүрөгүнө алып туруудан да кайдыгер болушат. Орус туугандар эмес, өзүбүздүкүлөр жатка билбей, өзүбүздүн баалуулуктарыбызды барктабай атса, башкалар сыйламак беле?




Мирхамид Токтогулов, "Ак Шумкар КУТ" ЖКБ жетекчиси:
"Көк асабаны кайрып келиш керек"

Улуу баянда, Манас дастанында, Манас атаны кан көтөрөөрдө, Акбалта ата Жакып атага кайрылат: "Бай Жакып, эл айткандай, башаламан жарыбайт, башчысыз эл-журт марыбайт. Теңир жалгап баштуу болуп отурабыз. Асабаны алып чык, белгисин коёлу",-дегенде, Жакып атабыз кызыл тууну алып чыгат. Ошондо каарланган Акбалта ата: "Оо, бай Жакып бу не кылганың, согушта сунаар кызыл тууну көтөрүп, биз Кагандуу болуп отурабыз, Көк Асабаны алып чык", деп урушат. Ошондо белен турган Чыйырды эне Көк Асабаны бере салат.
Эгерде биз аталардын арбагы, улуулардын урматын сыйласак, Айкөл Манас бабанын, атпай кыргыз эл үчүн, асыл кыргыз жер үчүн кан жанын берген Эрендердин баасын билсек, журтка жугумдуу болуп келген көк асабаны кайра кайрып келиш керек. Түшүнгөн кишиге аны эмнеге экенин чечмелеп отуруунун кажети жок. Болгону казактардыкына окшоп калбас үчүн же түпөгүн, же байрагын кошуп коюубуз керек. Ал эми адистердин иши.




  Аркы жээк

Абдырахман Маматалиев, ЖК депутаты:
"Туунун түсү көк, ак, кызыл болот"
- Гимндин сөзүн, туунун түсүн өзгөртөйүн деп атасыздар?
- Гимндин бир топ сөздөрүн алмаштыруу керек деген ой көп жылдан бери айтылып жүрөт. Мурдагы чакырылыштагы ЖК депутаты Мурат Жураев Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгып, телевидение, гезиттер аркылуу чоң талкуулар болгон. Туу боюнча мындан 2 ай мурун депутат Карганбек Самаков атайын мыйзам даярдаганы тууралуу баяндаган. Туунун өңүн көк түскө алмаштыруу талкуулары көбөйүп кетти. Ошону комиссия менен карайлы деп, комиссия түздүк. Мен ошол комиссиянын төрагасымын. Өзөртөлү деп сунуш кылган жокмун, сунуштарды карап чыгалы деп атам. Гимнде "бейкуттук", "дилин даяр берүүгө" деген саптары коомго жакпай атса, мамлекеттик символикалар жөнүндө деген мыйзам боюнча карап чыгуу керек. Гимн аткарылып атканда кошулуп ырдалат. Көптөн бери талаш маселе болуп келатат. Муну парламент кабыл алган, демек парламент чекит койуш керек.
- Желек тууралуу кандай кемчиликтерди таап атасыздар?
- Элде айтылып жүргөндөй кызыл түс жамандык чакырган, канды чагылдырат дешүүдө. Жергебизде дегеле кан төгүүлөр токтобой койду. Түндүктүн тегерегиндеги турган күн, бул түндүк күйүп аткандай жана күн карамадай көрүнөт. Бул дагы талаш пайда кылгандан кийин, чек коюп, аягына чыгыш керек.
- Турция, Кытайдын желеги кызыл, алар өнүгүп эле атат го?
- Кытай боюнча, алардын туусунун түсү кызыл болгону максаттуу. Алардын максаты дүйнөнү басып алалы, экспансия кылалы дешет. Максатына жараша туунун түсү кызыл. Биз тынч жашоодо жашайлы деген максатыбыз болгондон кийин кызыл өң шарт эмес.
- Өзгөрткөндө кандай туунун варианттары бар?
- Мурдагы Кыргыз ССРинин тушундагы тууну карап атабыз. Ал жерде кызыл, көк, ак түс бар. Ошол тууну көтөрүп жүрүп өнүгүп, тынч жашоону өткөрдүк. Мурдагы авторлорго шек келтирели деген да ой жок. Аларды чакырып чогуу иштешип атабыз. Алар дагы туура түшүнүштү. Кызыл туудан мурун да иштелип чыккан көп туунун варианттары болгон экен, эң акыры кызыл туу сунушталыптыр.
- Тууну алмаштырсак паспорт, унаалардын номери, ж.б. туунун символикасы чагылдырылган бардык документтерди алмаштырабызбы?
- Барын кошо алмаштыруунун кажети жок. Мисалы СССРдин паспортун кечээ күнгө чейин көтөрдүк, унаалардын номерлери али күнгө чейин пайдаланып жүрөт. Бул көп деле көйгөй эмес. Аздыр-көптүр каражат кетет, ансыз деле жыл сайын тууну, гимнди алмаштырыш керек дегендер чыгып атат, демек чекит коюу керек. Аны дагы мурдагы эле авторлор өзгөртүү киргизет.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??