Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Тирүүлүктүн көркү сый


Макаламдын башында өзүм жетектеген кароосуз калган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көргөзүү иштери менен алектенген "Таң сулуу-Айжамал" коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгү тууралуу кеп сала кетүүнү туура көрдүм. Акаев бийлигинде карапайым кыргыз жарандарынын адилетсиз, көз көрүнө укуктары тебеленип "кайда барсам мамайдын көрү" болуп турган учурда 2004-жылы түзүлүп, азыркы убакка чейин өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Жетим өз киндигин өзү кесет дегендей, коомдук бирикмелер мамлекет тарабынан каржыланбасы ар бирибизге белгилүү. Уюм өзүнүн ишмердүүлүгүн мүчөлүк акынын, гранттардын, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өзүнүн уставтык максаттарын ишке ашырат. "Таң сулуу-Айжамал" коомдук бирикмеси ошол эле мүчөлүк акылардын топтолуусу менен көптөгөн жетим балдар үйлөрүнө, майып балдар үйлөрүнө кайрымдуулук иштерин жасап келүүдө. Карапайым эл өз эмгеги менен каражат таап, өз чөнтөгүнөн кайрымдуулук иш чараларды жасоо менен бирге мамлекет тарабынан чагымчылардын айынан карапайым элдин суроо талаптары орундалбай, укуктары тебеленип, канчалаган кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрсөк да келечектен үмүт үзбөй келебиз.
Коом жана учур
Коомдо ар башка түшүнүктөгү, ар кандай көз караштагы, ар башка деңгээлдеги пейил-көйү ар кыл адамдар жашашат жана ар биринин жашоодогу укугу жана жоопкерчилиги да бар. Калыстык, адилеттик өкүм сүргөндө гана чындыкка баш ийүү калыптанат. Муну менен кыргыз элине эмгеги сиңген, ар бир ишин жети өлчөп бир кесип аткарган, бир канча мамлекеттик иштерди аркалаган коомдук ишмер Үсөн Сыдыков тууралуу кичине жеке өз оюмду айткым келди. Ооба, Үсөн Сыдыковичке уюлдук телефон байланышындагы сүйлөшүүлөр боюнча иш козголуп, соттук кароодо каралып кандайдыр бир түшүнүксүз жаза берилгенине күбө болдум. Биз кыргыз эли эки ыңкылапты башыбыздан өткөрдүк, ошол ыңкылаптарда мындай уюлдук телефон менен сүйлөшүүлөрдү кимдер гана сүйлөшпөдү, ага бир жараткан күбөдүр. Кандай болгон күндө да бүгүнкү күндүн эртеңи болот дегендей Үсөн Сыдыковичтин кыргыз элине кылган кызматтары көмүскөдө калбарына ишеним артар элем. Ар бир адам жеке өз оюн айтууга укугу бар экенин эске алып Үсөн Сыдыковичке мындан аркы иштерине ийгилик, кажыбас кайрат каалар элем. Башыңызга түшкөн бул оор кырдаалды өзүңүздүн кудайым берген кайратыңыз менен жеңип чыгып кетесиз деп толук ишенем. Үй-бүлөңүздүн төрүндө неберелериңиздин сүймөнчүлүгүнө ээ болуңуз. Ошону менен бирге Кеменгер, айкөл кыргыз элиме кайрыларым, чындык жараткандын улуу мыйзамдарынын бири, ал сакталбаса коомдун өнүгүшү мүмкүн эмес. Жеке кызыкчылыктар коомду тебелеп кете берет, бул эртедир-кечтир бүлүк сала турган көрүнүш. Айкөлдүк, бийик кеменгерлик менен кең пейилдүүлүктүн ажырымсыздыгы, кыргыз элинин кылымдап түзүлгөн улуттук менталитети, тагдыры жана тарыхий табылгасы.
Ар бир адам доомат коюдан мурун өз салымын салмактап, өзүнө-өзү калыс болгондо, алганынан бергени көбөйө баштаганда жараткандын берекеси көбөйүп, ырыс алды ынтымак келе баштайт. Сый кеткен жерде чыр өкүм сүрүп күч алат. Менменсинүү, жеке кызыкчылыгы үчүн гана аракеттенүү акыры келип коом менен каршылашууну камсыз кылаарын убакыт көргөзүп жатат. Кыргыздын сый мыйзамы бул ынтымак ырыстын ачкычы. Улукман элимде бекеринен "Улууга урмат - кичүүгө ызат" деп айтылбагандыр. Коомчулукту жана адамды дал өзүндөй сыйлоо, башканын кызыкчылыгын түшүнүү, адилеттүүлүктү коргоо кыргыз элинин тубаса жакшы сапаттарын өзүңдө калыптандыруу, өзүн коомдо алып жүрүү, колдон келишинче үлгү көрсөтүү бул калктын жакшыруусун арттырууга жеке салымыбыз экенин эсибизден чыгарбасак. Жан дүйнөбүз таза болсо ошончолук ишибиз оңолуп жогорулай берүүбүз туурулуу иш. Жекеликтен качуу коомдук кызыкчылыкты таразалоо, көпчүлүккө пайдаңды тийгизүү, өз кызыкчылыгыңды чектей билүү, зыяндуу нерселерден сактануу, талаш -тартыштарды алдын ала чечүү, калыстыкка баш ийүү коомдук адилеттүүлүккө жол көргөзөрү айкын көрүнүш. Ким гана болбосун максатты так коюусу жана милдетти так аткаруусу, кагазда жана иште тактык, коромжуга жол бербөөсү, кеңешип иш кылуусу, сырды сактай билүүсү ар бир инсандын ийгиликке жетишүүсүнө жол ачат. Келечекте Улукман кыргыз элимдин башына жараткандан корккон, жан дүйнөсүндө ыйманы бар эл башчысы келээри анык. Анткени, кыргыз элим жакшы жашоого, жараткандын бардык жакшылыктарына татыктуу меймандос айкөл, кечиримдүү эл экенибизди тарых тастыктап келет.
Айгүл Шадыбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??