Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга: сериал

Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма "Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар ошол түн
(Башы өткөн санда)
Баян аны иш бөлмөсүн көздөй ээрчитти. Нурлан Баянды ээрчип баратып, "менин балам" деген буга чейин өзүнө жат сезимден чыңалып, муштумдарын бекем түйүп алды.
О, Кудай жалгай көр! Эми анын баласы бар! Мына бул майпаңдап алдында басып бараткан аял анын баа жеткис асылзатын көтөрүп баратат. Кош бойлуулук басыгын өзгөртүптүр. Өзгөрбөй койчубу, өзү айткандай жаңы бир өмүрдү көтөрүп жүрсө… Баяндын бөлтөңдөгөн көчүгүнөн сылап жибере жаздап токтоду, чочуп кетпесин деди.
Нурлан андан көзүн тарта албай кыйналды. Майпаңдаса да, бөлтөңдөсө да, ал үчүн Баяндан ашкан сулуу жок ааламда. Өсүңкү чачтары кулпуруп, сүттөй аппак жүзү нурданып, бир аз чыбырчык тердеген мурдунун дердегей таноосу дем алган сайын ого бетер кериле түшүп, ого эле көзгө сүйкүм көрүнөт. Ал балким кучактаар беле, өпкүлөөр беле, бирок "Эмне үчүн Баян ага бала жөнүндө айтпай жүрдү?" деген күдүк ой аны токтотуп жатты.
Ал бардыгын капысынан келип өзү көрүп, өзү билди. Тогуз ай бою кымындай шек билдирбей жүргөнү кандай? Мунун себеби бирөө гана болушу мүмкүн. Баян аны өз жашоосуна баш бактыргысы да келбейт окшойт. Нурлан ушул ойдон улам тиштенип, араң чыдап турду. Баян каалайбы, каалабайбы Нурлан баладан баш тартпайт. Эч кимден акыл сурабайт.
- Бала качан төрөлүшү керек? - Чыдамсыздана сурады.
- Кудай буйруган күнү.
- Баян, биздин убактыбыз аз. - Нурлан адатынча чечкиндүү киришти.
- Кандай убакыт, эмнеге? - Баян чочулай сурады.
- Эмнеге дегениң кандай? Үйлөнүүгө.
Баян так ушундан корккон. Нурландын мүнөзүн беш жылдан бери беш колундай жаттап бүткөн. Ал бир нерсени баштады дегиче, аягына чыгармайын жаны тынбайт. Азыртан анын үмүтүн үзүш керек. Кечеңдетүүгө болбойт.
- Мен кайра да турмушка чыгайын деген оюм жок. Бир жолку оозумду күйгүзгөнүм жетишет.
- Мирбек менен бир жолкусу жетиштүү болду дечи, бирок мен Мирбек эмесмин.
Ооба, Нурлан Мирбек эмес. Бул эки эркектин айырмасы асман менен жердей. Мирбек Шаршенов Баяндын мектеп партасынан эле сүйүп, турмушка чыккан күйөөсү болчу. Ал негедир ошол балалык мүнөзү менен калып, турмушка жеңил баа карачу. Бой-келбети келишкен сулуу жигит эле. Бирок жоопкерчиликсиз, ишке да жөндөмсүз, үй-бүлөгө да карамы жок, сылаңкороз бир пенде болчу.
Нурлан ага такыр окшобойт. Сыртынан карасаң адамга ымаласы жок. Бирөөнү ынандыргысы келсе аябай өжөр, айтканынан кайтпайт. Максатына жетиш үчүн тоону да тешип өтүүгө даяр. Келбети: бою узун, тулкусу чымыр, жүзү аксаргыл, бир аз толкундуу кара-күрөң чачы кыска тегизделген, алагар, кой көздүү мырза.
- Нурлан, мен түшүнөм бул сага күтүүсүз жаңылык болгонун. Бирок…
- Эч кандай бирок-сирок дегениңди укпайын! Биз токтоосуз үйлөнөбүз!
- ...Сен бара-бара көнөсүң, - Баян көжөлө сөзүн улады. - Бардыгы өз ордуна келет.
- Сен эмнеге менден боюңда барын жашырып жүрдүң?
- Анын жүйөөлүү себеби бар.
- Кандай себеп?
Ал себепти буга кантип түшүндүрөт? Баян аны ойлуу карап турду.
- Кандай себеп сени кармап жүрдү, ачык айт?
- Мен сенин билишиңди таптакыр каалаган эмесмин. - Баян чынын айтты.
- Эмне үчүн мен билбешим керек эле? - Ал жүткүнө берди да, Баянды ээгинен көтөрүп, көзүнө тигилди. - Сен эмне, балага менин фамилиямды беришимди каалабайсыңбы?
- Баланын фамилиясы бар. Менин фамилиям.
- Жаңыласың, - Нурлан колун тартып алды. - Ал Мирбектин фамилиясы. Менин балам анын фамилиясында жүрүшүнө жол бербейм.
- Мен өз атамдын атына жаздырам. - Баян актангандай сүйлөдү.
- Кереги жок. Уулум төрөлөөрү менен өзүнүн фамилиясын - менин фамилиямды алат.
(Уландысы кийинки санда)




  Тегирмен

Мирлан Баековдун артыкчылыгы менен кемчилиги
Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ,
манасчы, акын:
Артыкчылыгы: Ырдаса ыры бүтпөгөн, колунан аккордеону түшпөгөн, сулуу кыздардан үмүтүн үзбөгөн, "Жоролор" деген шериги бар, жүрөктө "Кызыл өрүгү" бар, мурда куудулдай сезилген, кийинчерээк ырчылыкка секирген Мирлан Баеков - күтүлбөгөн жерден кыргыз шоу бизнесине баш багып кирип келди. Чынында кандайча келгенин өзү аңдаганча элдин баары "кызыл өрүк, кызыл өрүк" деп ырдап калышты. Бул жагынан элге сиңимдүү кылып ыр жаратып, жеткиликтүү түрдө ырдаганына Мирланга баа берсе болот. Баштапкы же кийин чыгарган ырларында сөзгө, уйкаштыкка маани бергени билинип турат. Жашоодо өзү да жөнөкөй, элпек жигиттей көрүнөт.
Кемчилиги: Анткен менен үнүндө Мирбек Иманбековго кандайдыр бир окшоштук бар жана аны жоюу керек. Ырас, Мирланды тааныткан жанындагы достору, "Жоролор" тобу болду. Демек, ырчылык жөндөмү жогорулап бараткан жигит жандоочуларынын көмөгүн эч качан унутпаш керек. "Ата тилеги" деген ырынын мазмуну аябай сонун. Бирок, клиби белгиленген мазмунду ачып бере албай калган. Эң негизгиси эки ыр чыгара салып эле концерт бергендердин катарына Мирлан азырынча кошулбай турса жакшы болмок. Мен ырчыга мындан да бийик чыгармалылык ийгиликтерди, талбай изденүүнү каалайм.

Шоу бизнес чөйрөсүнө аралашканына мерчемдүү гана убакыт болсо да ырлары хитке айланган ырчыбыз Мирлан Баековду тегирмендин ташына салып айлантууну чечтик. Бул жигитке ыраазы болгондор да, нааразы болгондор да арбын. Андыктан Мирланды алыс жакындан тааныгандардын
сөзүнө кулак төшөйлү.


Алмаз Шаадаев, ырчы:
- Чыгармачылыгын, ырдаганын жакшы эле баалайм. Айрыкча улуу муундагы адамдарга өтүмдүү ырдайт. Бирок, ырчы болгондон кийин стиль жагына да көңүл бурса жакшы болмок, чач жасалгасына, кийимине дегендей.


Назира Тилекова, "Тамчы" гезитинин редактору:
- "Кызыл өрүк" ырынын автору Мирлан Алыкулов ал ырды Урмат Бөкөнбаевге жана Мирлан Баековго берген экен. Бул боюнча жазганбыз. Мирлан Баеков бул ырга акча салып, клип тарттырып хит кыла алды. Бирок, анын ыр тапкандыкы эмес, баккандыкы, бул ырдын багын мен ачтым дегени авторду нааразы кылып койду. Ага чейин канча ырдаса деле чыга албай жүргөн дейт М. Алыкулов. "Кызыл өрүк" Мирландын багын ачтыбы же тескерисинчеби, билбейм.


Назгүл Насиева, продюсер:
- Ал баланы жаман көрүп калгам. Бир ирет кайрылганымда шаарда эмесмин, тигиндей, мындай деген. Он мүнөттөн кийин алдыман чыгып калды. Мирлан ушундай калпты сүйлөгөндүн эмне кереги бар дедим. Ошентип уят болуп калса дагы кечирим сурагандын ордуна керсейет. Ошондон улам жаман көрүп калгам. Бул балага мурун да, кийин да кайрылып көргөн жокмун. 10 мүнөттүн ичинде калпты айтып кармалган. Элге таанылган менен улууга урмат, кичүүгө ызат деген болуш керек. Бир ыр менен чыгып алып эле керсейип ары-бери басып калган болбойт. Баягында өзүнө деле ушундай бала боло турган болсоң эч качан өспөйсүң деп айткам. Миң атактуу ырчы болсо да урмат-сыйды билиш керек.


Айгерим Расул кызы, ырчы:
- Ырын угуп жүрөм. Бир эле ыры менен популярдуулукка жетише алды деп ойлойм. Ырды чын жүрөгү менен аткарган. "Кызыл өрүк" деген ырынан башка ырын уккан эмесмин, өзүн деле көргөн эмесмин. Ырынан эле тааныйм.












кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??