Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Камкордук

Бала, көз караш жана балдар үйү

Бирөөлөр балага зар болуп көрүнгөн жерге сыйынып, барбаган жери калбай жүрсө, бирөөлөр өз кан жанынан бүткөн баласын жээрип таштап кетишет. Тилекке каршы мындай көрүнүш күн санап көбөйүп келет. Ар бир бала жарык дүйнөгө өз ырыскысы менен келет дейт. Ымыркайда эмне күнөө, ата-энесинин кетирген катасы үчүн баласы жооп бериши керекпи. Картайганда арка жөлөк болчу, үзүлгөнүңдү улачу балаң болот го. "Жаратылыштын катасы" делип, кароосуз калган бөбөктөрүбүздү асырап алгандар да жок эмес. Беловодскийдеги мектепке чейинки балдар үйү - үй- бүлөлүк асыроочу борбору канча бала болбосун өздөй көрүп, бооруна кысып кызматын кылып келет. Бул интернатта жалпысынан 116 бөбөк тарбияланат. Биздин келечегибиз болгон бөбөктөрүбүзгө кайрымдуулук иретинде "Асман пресс" гезитинин редакциясы акчалай жардам көрсөтүп, балдарга таттуу алып барып кайттык. Кыргызда айтмакчы эшигин көрүп төрүнө өт дегендей, бул балдар үйүнүн эшигинин алдынын тазалыгы маңдай жылытат. Андан соң кире бергенде балдарга арналып уюштурулган атайын бурчтар көз жоосун алат. Ар бир бөлмөнү мезгилге карата жасалгалап турушат экен. Балдардын жашоо шарты анча-мынча үй-бүлөлөргө караганда алда канча бийик экени айтпаса да айкын болду. Бирок, бардыгы түгөл болгону менен кандайдыр бир муздактык сезилип турду. Барганыбызда ойлорунда эч нерсе жок наристелер жакын адамдары келгендей түр менен тосуп алышты. Өздөрүнчө кубанып, ырдап, бийлеп, болгон өнөрүн көргөзүштү. Балдарды карап туруп кантип таштаганга дити барды экен дебей койбойсуң. Бардыгын жомоктогудай элестеткен бөбөктөр аруу таза бойдон эр жетилип, эл керегине жараган балдардан болушсун деп тилеп алдык. Кетерибизде "дагы келесиңерби" деген наристелердин суроосу жүрөгүбүздү тилип өттү. Эшик босогосун аттаганда эки көзүн жалдыратып жалжал тиктеп, бу дүйнөдөгү не жаман, не жакшыдан капарсыз наристе көз караш менен узатып калган баланы көрүп, таштап кеткен ата-энесине наалат дейт экенсиң. Ак сүтүн бербесе да энелик мээримин төгүп баккан Нина Немятова, Людмила Нефоросная, Ольга Андреева, Альфия Ягудина айымдарга абдан ыраазы болдук. Ал эми балдар үйүнүн директору жүзүнөн мээрим төгүлгөн Горохова Анна Генадиевнага суроо менен кайрылганыбызда буларды айтты.
"Балдар үйү 1934-жылы негизделген. Сиздер көрүп турган бул имарат 1991-жылы курулган. Бардык шарттары бар, балдар үйүндө 58 кызматчы иштеп, 116 баланы тарбиялап жатабыз. Кээ бир балдардын ата-энелери жок таштанды болсо, кээ биринин туугандары бар же жалгыз бой аялдардын балдары. Алар бир айда бир келип балдарын үйлөрүнө алып кетип турат. Балдарды төрт маал тамактандырабыз. Жумасына мончого жуундурабыз. Бассейинибиз да бар. Балдарды ар тараптан өстүрүү үчүн, бөлмөлөрдү төрт мезгилге карата жасалгалоо кызматчыларыбыздын өз күчү менен болуп жатат. Мисалы, сиздер көрүп тургандай "дүкөн, чач тарач, поликлиника" бурчтарын түзүп, балдарды ойнотуу менен ошол профессия тууралуу түшүнүк беребиз. Андан тышкары сүрөт тартышат, мультфильм көрүшөт, ырдап бийлешет. Биздин кызматкерлер айлыктары аз экенине карабай балдарды сүйгөндүктөн иштеп жүрүшөт. Мамлекеттин бизге бөлгөн каржысы эч нерсебизге жетпейт. Бирок, кудайга шүгүр жакшы адамдардын жардамынан куру эмеспиз. Бизнесмендер, кээ бир ишканалар, жеке адамдар жардам кылып турушат. Биз аларга чексиз ыраазыбыз. Азыр балдар сыртка чыгып ойногонго оюнчуктар жетишпей жатат. Анан дагы бөлмөлөрдү кооздогонго сүрөтчү керек. Балдар үйүнө жардам бергиси келген сүрөтчү болсо жакшы болот эле. Балким сиздердин гезитти окушса жардам берүүчүлөр чыгып калаар. "Асман пресс" гезитинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирүү менен ишиңиздерге ийгилик каалайбыз" деп сөзүн бүтүрдү.
Кызматчылардын ар бир балага өз баласындай үйрүлүп түшүп камкордукка алгандары бизди кубандырды. Канчалык камкордукка бөлөнүп, шарты жакшы жерде өсүп жатышса да балдардын көзүндөгү кусалыкты көрүп, кудайым эч качан эне-баланы ажыратпасын деп ойлодум! Ар дайым үйүбүздө бала болсун!




  Бабалар адеби

Ким менен кандай мамиледе болуу усулу
Бирөө адептүүлүк үйрөтсө, үйрөнбөгөн адам - айбан,
Кечирим сураса кечирим тутпаган адам - шайтан

Адегенде душман арттырып албоого аракет кыл. Кокусунан бир киши душманың экенин билсең, каала ачык, каала жашыруун абалда анын сактануусунан, купуя аракетинен ар дайым кабардар болуп тургун, энөөлүк кылбагын. Ага өзүңдү ашкере коркок кылып көрсөтпө.
Душманыңды майда, күчсүз деп ойлоп койбогун. Айрыкча, өзүңө оолак жүргөн адамдын душмандыгына караганда, өз жаныңда көбүрөөк жакындашып жүргөн кишинин душмандыгынан корккун. Анткени, анын кылган арамдык ишин жат душман кыла албайт, ал сенин ал-абалыңды, сырыңды толук билет, жат душман эч нерсе билбейт да. Сабыр кылгын, душмандарыңды көбөйтпөгүн, чыныгы досторуңду көбөйтүүгө аракет кыл. Ачууң келген чакта өзүңдү тыйгын. Акырын, жумшак сүйлөгүн. Бирөөнүн жүзүнө ачык айта албаган сөзүңдү ал жок учурда айтып ушакчы болбогун. Эч качан эки жүздүү, ыпылас болбогун. Эки жүздүү адамдан ыраак болгун. Чагымчы адамдан этият болгун. Анткени, чагымчынын бир саатта бузган ишин бир жылда дагы түзөтүп болбойт. Сен канчалык улук, кадырлуу болсоң дагы өзүңдөн пасыраак адам менен урушпагын.
Эгерде бир адам сенин айыбыңды, кемчилигиңди бетке айтса, сен аны туура кабыл алып, өз кемчилигиңди тезинен жоюуга аракет кылгын.
Сага өз муктаждыгы тууралуу арызданып келген кишини эч убакта кемсинтпегин, ага кайра жардам берип, аны зарылдыгынан куткаргын! Өзүңдөн кичүүлөргө жакшы мамиле кылгын. Аларга мээрбан болгун. Дегеним, кичүүлөр сенин эгинзарың болуп саналат, өзүңө тийиштүү бардык иштериң алардын жардамы менен бүткөрүлөт. Эгерде ошол эгинзарыңды өзүң кыйратып алсаң, анда сенин жекече тиричилигиң зор кызыкчылык менен өтөт. Досуңа дагы, душманыңа дагы мээримдүү болгун. Көпчүлүктүн алкышына татыктуу болууну кааласаң ырайым кылуу жолуң дагы жакшы туткун.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??