Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Саясат сапар

Асылбек Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары:
"Саламаттуу күчтөрдүн, салмактуу атаандашы болуш керек"
(Башы 5-бетте)
Мамлекет, элди башкарган адамдар таза, жакшылар болуш керек. Жакшылар деп чыныгы кудайдан корккон адамдарды айтабыз. Атамбаев кудайдан корккон адамдардын бири.
- Мисалы, революция өз максатына жетпей калды деп атабыз. Бакиевдин жанында жүргөндөр бийликке келип, ошол кезде Бакиевдик режимди кулаткан партия кайра оппозицияда калып кетти, муну кандай ойлойсуз?
- Андай дегенге али эрте. Туура, июнь трагедиялык катышуулардан кийин ар түрдүү күчтөр Жогорку Кеңешке келди. А бирок, бийлик кимдин үмүтүн акташ керек? Келечек, кийинки муундар, балдарыбыз үчүн шарт түзүп берели дешибиз керек. Биз дагы бир күнү бул дүйнөдөн кетебиз, артыбызда жаңы өсүп келаткан муун, жаштар калат. Алар кандай мамлекетте жашаш керек. Милициялар уруп-сабап бирөөнүн күнөөсүн мойнуна тага турган, соту акчалуулардын арыгын чаап, байкушка күнөө тага турган мамлекетте жашаш керекпи же акыйкат жашоодобу? Мыйзамды жөнөкөй адамдан президентке чейин сыйлаган өлкөдө жашаш керек. Таза күчтөр эки жакта болуш керек, көпчүлүк болуп бири бийликке келсе, азчылык таза күчтөр аркы жээкте болуп, баланс сакталат. Саламаттуу күчтөрдүн, салмактуу атаандашы болуш керек. Революцияны чогуу кылдык, бир жак бөлүгүнө бийлик жетпей калса капа болбош керек. Кызмат, бийлик барына жетпейт. Алар өзүнүн учурун күтүш керек. Биз таза күчтөрдүн атаандаштыгын түзүшүбүз зарыл.
- Демек, сиз парламенттик башкарууну жактырат экенсиз да?
- Ооба, парламенттик башкарууну башынан эле жактап келгемин.
- Кечээки эки фракциядагы депутаттардын урушунан кийин парламент тарайт деп атышат, булардын жеке мамилелери ушундай кырдаалга алып келбейби?
- Мындай көрүнүш бүгүнкү парламенттин иштеп атканынан кабар берет. Көчөдө эмес, парламентте талаш болгону жакшы. Ортодо талаш-тартыш пикир, идеялардын жарышы болуш керек. Анан жеке кызуу кандуулукка алдырып, уруша кеткени туура эмес болуп калды. Бул бүгүнкү күндө ЖКда маданияттын төмөндүгү, жетишпегендиги катары бааласак болот.
- Депутат, министр, саясатчы кандай адам болушу керек?
- Алар элдин көңүлүнүн чордонунда болгондон кийин, артындагы жаштарга, элге үлгү болушу керек. Бир мисал, Япониянын премьер-министри Американын базасын чыгарам деп бийликке келген, чыгара албай өзү элден кечирим сурап кызматын тапшырып берди. Бизде дагы айрым министрлер убада беришти, аткара албаса кетебиз дешкен.
- Бизде ар кандай диндеги адамдар бар, сиз кайсы диндин өкүлүсүз?
- Ата-бабам тутунуп келеткан эле мусулман динин карманам, 6 жылдан бери намаз окуйм. Атам, апам динге жакын адамдар эле. Апам 12 жашынан 75 жашка чейин намазын үзгөн жок. Үйдө ар дайым курандын үнү угулуп турчу. Кудайдан күнүгө тилейм, менин уул-кыздарым жана урпактарым чыныгы мусулман болушун.
- Депутаттыкка чейин бизнесмен, Ошту кармаган чоң муштумдардын бири болупсуз. Азыр да анын калдыктары барбы?
- Атам абдан жүрөгү назик, ошол эле кезде катаал, кайраттуу, арстан айбаттуу киши болгон. Бирөөгө кошомат кылба, бирок сыйла, тең ата сүйлөш деп тарбия берген. Анан сиз айтып жаткан убакта заман ошондой болчу, өзүң күчтүү болбосоң, сага бирөө үстөмдүк кылат. Ошон үчүн өзүңө тың болуш керек болчу. Бирөө үчүн чоң муштум эмес, өзүм үчүн коргонуу болгон.
- Канчанын тумшугун талкаладыңыз эле?
- (Күлүп) Жаш кезде кызуу кандуу, жүрөктүү, курч болосуң. Жиниң келгенде колу-бутуң иштеп кеткен учурлар болот да. Азыр токтолуп намаз окугандан кийин андай учур боло элек. Шариятта деле бирөө жаман сөз айтса, ага жооп кайтарсаң болот. Бирок, эгер ошонун барын кечирип койсоң кудай сага эки эселеп жакшылык берет. Биз ар дайым салабаттуу, кайраттуу, кечиримдүү, ак жүрөк болушубуз керек. Жашоо өтүп кетет артыбызда жакшы ат калыш керек.
- Саясатта кээ бир саясатчыларды сабагыңыз келип кетеби?
- Келет, бирок болбойт. Эл карап турат, жаштар үлгү алып турат. Биз аларга жакшы жагынан үлгү болушубуз керек.
- Айлыгыңыз үй-бүлөңүздү каржылаганга жетеби?
- Депутаттык айлык жетпейт. Кудайга шүгүр чарба бар.
- Бизнесиңизди ким көзөмөлдөйт?
- Депутат бизнеске аралашканга мыйзам жол бербейт. Ошон үчүн ишеничтүү адамдар, жетекчилер ишеним укуктун негизинде жумушту алып барышат.
Дайырбек Орунбеков




  Жылт эткен 20 жыл

Эркин эл, эгемен мамлекет
Эркин эл, эгемен мамлекет болгонубузга 20 жылдын жүзү болду. Ошол жылы төрөлгөн бала быйыл 20 жашка чыкты.
Мурунку кыргыз коомунда мыкты деген эр-азаматтар бул куракта эл башкарууга жарап, өлкөнүн ысык-суугуна арлашып калышчу. Башкасын айтпаганда да, 20 жаш - өз алдынча үй-бүлө күтүп, түтүн булатып калган убак.
Бүгүнкү маселе биздин 20 жашка чыкканыбызда эмес, маселе - ушул 20 жыл ичинде биз эмнеге жетиштик? Эмнеге жетишкен жокпуз? Эмне үчүн жетише албадык - мына ошол тууралуу сөз кылып, талдоодо турат?
Биз бул жерге чогулуп отургандар бир нерсени толук жана так түшүндүк - ал 20 жыл ичинде биздин адашып, башка жолго түшүп алганыбызды түшүнгөнүбүз болду. Батыш сунуш кылган жана 20 жылдан бери орното албай жаткан демократия - эл бийлиги эмес, уурулардын, каратып туруп калп айткан эки жүздүү адамдардын, элди, жерди саткандардын жана чыккынчылардын, кыскасы бийликке жетип, өлкөнүн байлыгын ээлеп алууга аракет кылган жеке жана арам ойлуу топтун кызыкчылыгын коргой турган система экенин көрдүк.
20 кылым ичинде улут катары жок болуу коркунучуна кабылбаган Кыргыз, ушул 20 жыл ичинде улут катары адам ишенгистей деңгээлде бузулду. Бир-эки эле фактыны айтайын: өз элибиздин уламыштарында жана санжыраларында да, башка элдердин биз тууралу жазган кабарларында да кыргыз кызы көчөгө чыгып, өткөн-кеткен эркектин жолун тороп турганы тууралуу маалымат жок. Азыр ал биздин коом үчүн кадимки боло келгендей көрүнүшкө айланды. Биз ушунтип аңгичалыш эркектер менен аягы суюк аялдардын жолун ачтык. Азыр ага да көндүк. Гезит-журнал, кинолорубуздун барында дырдай чечинген жылаңач аялдар менен эркектер.
Экинчи, кыргыздар "жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн" деп айтышчу. Азыр кеп жеген эркек жок. Анан да, убагында А. Акаевдин алдап атканын билип туруп эле алдатып жүрдүк. Билгенден кийин көптөр аны кыргыз эмес экен деп чыгышты. Анткени, Кыргыздын канында калктын алдына чыгып калп айткан мындай эки жүздүүлүк жок. Акаевдин саясатын ачыкка чыгарып, бир жолу ошондогу премьер-министр Т. Чынгышов элдин көзүнчө: "Жалкоо менен кем акыл адам гана уурдабайт" дебедиби! Кыргыз эли бир топко чейин анын бул сөзүн түшүнбөй жүрүп, кийин зорго түшүндү.
20 жыл ичинде биз "энеден төрөлүп, эл үчүн өскөн" эр-азамттарды эмес, душманды чакырып, өз элин, өз жерин саткандарды тарбиялап өстүрдүк. Каратып туруп калп айткан алдамчы шылуундардын санын арбыттык. Коррупцияны күчөттүк. Кылмыш кылуу көбөйдү. Улам баңги заттарды колдонгондордун саны ушул күнгө чейин өсүүдө.
"Бастыра албаган жол бузат, башкара албаган эл бузат" дегендей, эки президент тең элди бузду. "Лөлүдөн баатыр чыкса, биринчи өз чатырын чабат" болуп, экөөсү тең өз элин өздөрү талап-тоноп, анан качып кетишти. Эми дагы уялышпай: "Элди минтип башкарыш керек. Тигини тигинтип, муну минтиш керек эле" деп өздөрүнөн кийинки президентке акыл үйрөтүп жүрүшөт.
* * *
Эмне үчүн ушундай болду? Бул сормо саздан эми кантип чыгабыз?
Мындан 2,5 миң жыл мурун жашап өткөн улуу грек философу Платондун: "өз жолунан адашкан улут кабыл алган мыйзамдарын дайым кайра-кайра оңдой берүүгө мажбур болот" деп айтканы бар.
Кечээ жакында эле көзү өткөн орустун улуу тарыхчысы Лев Гумилев болсо: "Чоочун эреже менен жашаган улут эч качан өнүкпөйт" деп жазып керээз калтырды.
Демек, биз азыр жашап жаткан сормо саздан чыгуунун бир гана жолу бар - ал улуттун өз жолу. Анткени ал жол - улуттун өзү менен кошо жаралган жана миңдеген жылдык сыноодон өткөн. Тарихий шарттан улам биз ата-бабалар салган ал жолду мындан 100 жыл мурун үзүп, бизди басып алган эл тарабынан сунуш кылынган система менен жашоого аргасыз болгонбуз. Кийинки 20 жылдан бери биз дагы сырттан сунуш кылынган эрежелер жана мыйзамдар менен күн кечирип келатабыз.
Биз - кыргыздар кечээ жаралган эл эмеспиз. Биздин бери болгондо 3 миң жылдык, ары кеткенде 6 миң жылдык тарыхыбыз бар. Ушул убакыттын ичинде кыргыз эли өзүнүн дүйнөгө үлгү болор мыкты жол-жоболорун иштеп чыккан. Ошонун бири ушул Курултай институту. Ал миңдеген жылдык жана ондогон элдердин элегинен өткөн, дүйнөгө үлгү болор мыкты тажрыйба.
Баяс Турал
P.S. Баса, быйыл эгемендүүлүк алганыбызга 20 жыл толот. Биз өткөн күнгө сереп салып, жаманын, жакшысын талдап, андагы каармандар менен ой бөлүшүп, тарыхты барактайлы дедик. Буйурса эмки сандан баштап "20 жылда биз эмнеге жетиштик, эмнеден кемидик" маанисинде маек-макала жарыялап туралы дедик.




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??