Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Тургуналы Арипов, Майлуу-Суу шаарынын башчысы:
"Менин ордум 30 миң доллар экен"
- Былтыр Оштогу коогалаңда Майлуу-Суудагы аскер бөлүгүндөгү курал-жарактар элге тарап кетти эле, алар кайтарылдыбы?
- Эски бийлик кетип, жаңы өкмөттүн бийлиги орногуча ар кандай башаламандык, жол тосуулар болду. Криминалдык абал өтө өрчүп кетти, анын ортосунда июнь окуясы чыкты. Аскер бөлүгүндөгү куралдарды тартып алуу 13-июнь күнү болду . Ошондо аскер бөлүгүнө басып алуу болуп, куралдарды тартып алышты. Муну экинчи тарабынан жаштар патриоттук дем менен мекенди коргойбуз деп ушул кадамга барышты десек болот. 26 автомат алынып 4 күндөн кийин 22си тапшырылды. Калганы 10-15 күндөн кийин толук өткөрүлүп берилди.
- Жакында шаардык Кеңештин 19 депутаты сизге ишеним көрсөтпөй жатканы маалым болду. Сиз келгенден бери эч кандай жумуш аткарылган жокпу? Ишеним көрсөтпөгөнгө негиз барбы?
- Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин депутаттарынан, төрагасынын атынан мага шаардын мэри катары ишеним көрсөтпөө, четтетүү сунушу жазылды. Көздөгөн максаты элдин кызыкчылыгын коргообу же депутаттык мандатка жамынып, өз кызыкчылыктарын, кылмыштарын жашыруубу? Мен ошол ишеним көрсөтпөгөн депутаттар жана аларды колдоп жүргөн төрага жөнүндө маалымат берип коёюн. 2010-жылы 9-июлда КРнын Эсептөө палатасынын текшерүү жыйынтыгы чыккан. Текшерүү убактысы 2005-жылдын 1-январынан 2009-жылдын 31-декабрына чейин камтыган. Бюджетке чыгым келтирилген жалпы сумма 5 816 593 сомду түзгөн. Анын ичинен 4 248 070 сому казыналык менен электромеханикалык колледждин ортосунда жасалган. Касым Келебаев электромеханикалык колледждин директору, шаардык кеңештин көрүнүктүү депутаты. 2010-жылдагы текшерүүдөн сырткары 2011-жылы текшерүүдө казына бөлүмү менен мэриянын ортосунда 200 миң сомду 2009-жылы сентябрь айында ыйгарып алуу далилденген. Тергөө жүрүп жатат, күнөөлүү, күнөөлүү эместиги соттон далилденет. 2009-жылы ошондой эле чыгым келтирүү медициналык колледж менен казыналык жана мэриянын ортосунда болгон. 1 376 416 сумманы түзгөн. Медициналык колледж өздөрүнүн жазасыз каларына ишенишип, 2009-жылдагы текшерүүдөн жыйынтык чыгарбай, 2010-жылы да бюджетке 209 700 сом чыгым келтирген, банктан алып кириш жасабастан өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул боюнча төлөмдөрдүн кайтарылуусун укук коргоо органдары текшерүүлөрү зарыл. Медициналык колледждин директору Г.Ф. Манаф-Заде шаардык кеңештин көрүнүктүү депутаты. Батирлерди муниципалдык менчикке алуу шаардык кеңештин сессиясында каралбаган титул тизмесине кирген эмес. Мэрия 2010-жылы жалпы суммасы 200 миң сомго таманташ (брусчатка) чыгаруучу жабдуу сатып алышкан. Жабдууну бүгүнкү күнү 50 миң сомго сатып алса болот. Айтып кетчү жагдай жабдуу иштебейт. Чыгым бүгүнкү күндө 200 миң сомду түзөт.Төрагалык милдетти бул учурда Жаныш Шадманов аркалаган. Ошондуктан бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгынан улам шаардык кеңештин төрагасы да каршы болуп чыкты. Ошондой эле электромеханикалык жана медициналык колледждин директорлорунун орун басарлары да шаардык кеңештин депутаттары. Мурдагы мэрдин, азыркы төраганын демилгеси, кысымы менен эки ай мурун жок эле жабдууну акты түзүшүп, кабыл алышып, акчаны бөлүп алышкан. Шаар боюнча акчалай келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 7 616 953 сомду түзгөн. Укук коргоо органдары кайтаруу боюнча иш жүргүзүшүп жатышат. КРнын Эсептөө палатасынын пландуу текшерүүсүндө кээ бир кылмыштардын прокуратуранын текшерүүсүндө бети ачылган.
Алардын баары мыйзамсыз, жеп-ичүүлөр менен алектенишкен. Азыр ошолор мэр, төраганын ордуна кадр даярдашып атышыптыр. Мэрдин орду Акаевдин ордунда 10 миң доллар турганы ырас. Бүгүнкү күндө булардын экономикалык кылмыштарынын бетин ачканым үчүн, менин ордумду алышка ставкасы 30 миң долларга чыгыптыр.
- Ал акчаны кимге сунуштап, кызмат сурап атышыптыр?
- Азыр өзүлөрүнө тийиштүү адамдарды издеп, жүгүрүп жүрүшүптүр.
- Сиз дагы акча берип кызматка келсеңиз керек анда?
- Жок. Революциядан кийин эл чакырып, шаар башчы болуп берүүмдү сунушташты. Губернатор көргөзүп, президенттин указы менен шаар башчы милдетин аткарууга бекидим. Көпчүлүк жерде криминалдык топтор, кээ биринде акимдерди эл кууп чыгып өз кишилерин отургузуп алышты. Мен мыйзам жолу менен бардым.




Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты Элдар Аттокуров маекте.
"Мыйзамдар аткарылбаган жерде - хаос"
- Сизди көпчүлүк учурда чыгармачыл инсандардын арасынан көп көрчү элек, кийинчерээк өлкөнүн саясий майданында да көрүнө калып жүрөсүз?
- Саясатка эч кандай тиешем жок, саясаттын кир оюунуна киргим да келбейт. Бирок, саясат босогобуздан аттамак тургай, төрүбүздө жашап атат. Оппозициянын да бет пардасы сыйрылып кимдин ким экени ачык көрүнө баштады. Азыркы саясий агым өтө ыплас, мүмкүн акыркы булганыч агымы болушу керек. Коомдун көйгөйүн айтып турганга жаштардын интеллегенция тобу чыгышы керектиги учурдун талабы болуп турат. Саясаттын сасык оюнчулары жакын арада жаштардан идиректүүлөрүн издей башташат. Бирок, биз алар баскан жол менен барбайбыз. Революция дайыма татыктуу уулдарын жутуп тынат. Революция жолу жаңылыш жол. Өлкөнүн өнүгүүсүн дайыма активдүү интеллегенциялык топ, көп жылдарга созулган таза салымы менен кана алдыга жылдырат. Бул топ бийликке баруу үчүн эмес, аткарылбай жаткан мыйзамдарды ишке киргизүү талаптары менен алдыга кадам таштайт. Башкача айтканда революция жолу менен эмес, мыйзамды аткартуу талаптары менен өлкөнү алдыга жылдырышыбыз керек.
- Сөзүңүз кур болбошу үчүн бир мыйзамга токтоло өтпөйсүзбү?
- Аткарылбай жаткан мыйзамдардын бири эмес миңи бар. Бийлик деле азоону үйрөткөндөй биринчи жанына жолотушпайт анан акырындап жүгөн салса болот. Болбосо коркунучтуу ажыдаарга айланып кетиши бат эле. Кыскасы мыйзам менен бирден башын чаап туруш керек. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамын кабыл алганыбызга 22 жылдын жүзү болду. Жыйынтыгы Чудинов менен бүттү. Окурмандар мамлекеттик тил мыйзамынын 8,9,10,11 беренелерин таап окушса, тил мыйзамынын тебеленип жаткандыгына өздөрү күбө болушат. Бул беренелерди жалпылап айтканда Кыргыз Республикасынын Президенти, спикери, премьер-министри, жогорку соттун төрагасы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү мамлекеттик тилде сүйлөп, жазып жана жыйындарда өз оюн так түшүндүрүп бере алышы керек. Бардык расмий иш-кагаздарынын түп нускасы мамлекеттик тилде болуп, керектүү учурда расмий тилге которулушу керек. Мыйзамдарга бармак басты, көз кысты кылып жатып, тил саясаты алдыга жылбай келет. Айыл өкмөтүнөн баштап жогорку бийликке чейин мамлекеттик тилде сынак беришпегенден кийин, бул оору кайталана берет. Ошондуктан Мамлекеттик мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн биз Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңештин спикерине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, Массалык маалымат каражаттарынын КТР, НТС, 5-канал телекөрсөтүүлөрү менен кайрылуу жасадык. Бул мыйзам кандай аткарыларын бийликтин жүзүнө койдук.
- Мыйзам деген сөзгө кандай түшүнүк бересиз?
- Ар бир сөздүн өзүнүн теориялык аныктамасы бар. Бирок, мен лекция окуп жатпагандан кийин кыскача эле айткым келет. Мыйзамдар аткарылбаган жерде - хаос.
Дайыр Тейишов




  Эми эл эмне дейт

Кеп чындыгын серепчилер айтсын
Биз жактап, мактап, атын көтөрө чуркаган Кумтөр кенин иштетүү менен өлкөнүн экономикасына эмне пайда келди. Биз оозубузду ачканда эле эмне пайдасы бар экен дейбиз да, азыркы бөрү заманда. Маселен, ички дүң продукцияны алалы, Кумтөр долбоору продукция өндүрүү боюнча эсептегенде 5,4 -5,6 пайызды түзөт. Өнөр жай өндүрүүдөгү үлүшү жана экспорту болсо 42-48 пайызды камтыйт. Ал эми өлкөбүздүн жалпы экспортундагы үлүшүндө Кумтөр долбоору 42 пайызга чейин сыртка өз өнүмдөрүн чыгарат экен. Эми мамлекеттин казынасына келели. Жыл сайын кеч күздөн тартып, эрте жазга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджет көк бөрү болуп тартылат. Ошол республикалык бюджетке орчундуу салым кошкон Кумтөр долбоору экенин чындап эл арасынан келгендер бар да акыры, ошолор акыйкаттык үчүн белгилеп калышат. Бюджеттин киреше бөлүгү үчүн Кумтөрдүн үлүшү 5 пайыздан 8-9 пайызга чейин түзөт. 5-9 деген айтылганда аз көрүнгөнү менен республикалык бюджеттин көлөмү -90 миллиарддан ашык сомдун 5-9 пайызын эсептеп көрүңүз, ошондо билесиз, бир эле компаниядан канча каражат түшөрүн. Азыр биз болгону Кумтөрдөн түшкөн каражат жөнүндө сөз кылдык. Ал эми кенде иштеген эки жарым миңден ашуун жердештерибиздин жумуш орундары, алардын эмгек акыларын айтып майдаланбай эле коёлу. Эки жарым миң киши деп биз түзмө-түз кенде иштегендерди гана айтып жатабыз. Алардан сырткары, канчасы кыйыр түрдө Кумтөргө эрмешип, жармашып, чиновниктердин айлыгындай маяна алып жүргөндөрү да бар. Болбосо чоңдон-чоң салып, тааныштан-тааныш издеп Кумтөргө эптеп тыгып коюңузчу деп жанталашып жүргөндөр бекеринен жармашат дейсизби, урматтуу окурман. Анан эле ийгилик алып келип жаткан азыркы тил менен айтканда, престиждүү ишкананы сындап жатып калабыз. Бери эле дегенде эки жарым миң кишиге жумуш таап берген кайсы ишкана бар. Башкасын айтпай эле коёлу. Пайдалуу маалымат катары айтып кетсек, 1994-жылдан бери Кумтөрдү иштеткен ишкана сөзсүз төлөмдөрү эле 451 миллион АКШ долларын түздү, башкача айтканда биздин мамлекеттин капчыгына 21 миллиард (!) 197 миллион сом киреше кирди. Ал эми Кумтөрдөн түшкөн акча республикалык бюджеттин канча тешигин жаап жатканын өзүңөр шайлаган депутаттарыңардан сурап көргүлө!
Асан кайгы








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??