Көгүлтүр оттогу көк кашкалар

Актанган Тургунбек Кулмурзаев же биз деле эсептегенди билебиз!
"Кыргызгаздын" учурдагы директору Тургунбек Кулмурзаев мырзага окшогондор жогорку кызматты ээлеп отура беришсе, өлкөдө иштеп жаткан инвесторлор да жакын арада далысын салып туруп алмакчы. Кыязы, Кулмурзаев мырза Кыргызстандын көгүлтүр отуну жок экенин, бирок жарандар күнүмдүк турмушунда газы жок жашай албасын унутуп калган окшойт.
Газ тармагындагы эсептөөлөрдүн математикасы эң эле жөнөкөй: көгүлтүр отун канчалык көп сарпталса, ошончолук "Кыргызгаздын" кирешеси жогору болот. Кыязы, директор Кулмурзаевдин акчага муктаждыгы жок окшойт. Башкача айтсак, учурда башкарып турган ишканага акча тарткысы келбегени айдан ачык болуп жатпайбы. Анын иш аракеттерин талдап көрсөк, бир күнү каржы министрлигинен акча сурап, экинчи күнү ишкананын мурунку жетекчилерин жамандап, каралап эле жүгүрүп жүрөт. Кирешелүү ишкана бир жылда эмне себептен чыгашалуу компанияга айланып калгандыгына жоопкерчиликти өзүнөн алып салгысы келгендей. Дал ушуну депутаттар анын эсине салып койгондо, Кулмурзаев мырзанын жини кайнап, каяша айта баштады.
Калайык калкка сатылган газдын түпкү баасына Кыргызстанда сатылган газдын көлөмү таасир тийгизет. Газ канчалык көп көлөмдө сатылса, компанияга ошончолук жакшы киреше келет эмеспи. Мунун негизинде өнөр жай керектөөчүлөрү менен сүйлөшө билүү жана кошумча керектөөчүлөрдү издеп табуу ыкмасы жатат. Мисал үчүн, 2009-жылга чейин "Кыргызгаз" жылына 600 миллион кубметрден ашуун газ сатып келген. Ал эми 2010-жылы Кулмурзаев мырза болгону 250 миллион куб метр газ сата алган. Мунун натыйжасында "Кыргызгаз" ишканасынын чыгашасы 120 миллион сомдон ашкан. Дал ушундай кырдаалда мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөй турган болсо, ишкананын чыгашасы жарым миллиард сомдон ашып кетмек экен. Кулмурзаев мырзанын башкармалыгынын баасы дал ушундай турбайбы. Өзүңөр деле эсептеп көрсөңөр, бул эмне деген акча? Баса, дагы бир айта кетчү нерсе, буга чейин "Кыргызгаз" ишканасына салык төлөөчүлөрдүн акчасы бюджеттен бөлүнгөн эмес. Эми Кулмурзаев кызматтан кетип, андан ары да шерменде болбоштун ордуна колун сунуп алып акча сурап жүрөт. Мына ушундан улам төмөнкү суроонун туулушу жөн жерден эмес: эмне үчүн өз ишин билбеген, коррупцияга малынып калган директорго чыдап, калайык-калк өз акчасын төлөшү керек?
Эми Кулмурзаев жөнүндө айта берсек сөз көп. Мисал үчүн, өткөн жылдын декабрь айында "Кыргызгаз" каратып туруп 7,8 миллион АКШ доллар баасына казакстандык трубопроводдон газ уурдап алган. Аңгыча Кулмурзаев элге жар салып Кыргызстан Өзбекстандын алдында карыз эмес деп мактанып жүргөн маалда, бул карыз түздөн-түз "Казтрансгаз" компаниясына карызга айланып калганы жөнүндө бир сөз да айтпайт. Өкмөт каякты карап жүрөт? Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, 2010-жылдын аягында казактар Кыргызстан аркылуу өткөн транзит кызматын колдонуудан баш тартышкан. Себеп? Кулмурзаевдин ким экенин билип калган казактар, дагы газыбызды уурдап албасын деп чочулап калгандыктан, кыргызстандык транзитти колдонбой эле коелу деп чечишкен. А силер билесиңерби, бул транзит үчүн биз жылына 1,5 миллион АКШ долларынан ашкан акча алып турчубуз. Бул акча бизге көптүк кылып калыптырбы? Дал ушундай татаалдыктар жана кемчиликтер "Кыргызгаз" ишканасында мындан 10 жыл мурун орун алып келген. Ал кезде башкарма ким эле деп сурабайсыңарбы? - Кулмурзаев. Эң таң калычтуусу Кулмурзаев "Кыргызгазда" иштеп келген жетекчилерди сындап, каралап келет, көрсө өзүн жамандап жаткан турбайбы…
Анысы аз келгенсип, газдын баасы жөнүндө туура эмес маалымат таратып келет. 2009-жылга чейин Өзбекстан Кыргызстанга саткан газ үчүн аныкталган бааны койгон. Эми 2010-жылдан тарта газдын баасын эсептөө эл аралык формула боюнча жүргүзүлүп, газдын баасы ар бир 3 ай сайын кайра каралып, нефть жана мазутка болгон баанын таасири астында өзгөрүп турат. Газ сатып алуу боюнча былтыркы жылдагы келишим боюнча 2010-жылы газдын орточо жылдык наркы бир миң куб метри үчүн 227 АКШ долларын түзгөн. Ал эми Кулмурзаев болсо 240 доллар деп айтып келет. 2011-жылы болсо газдын баасы төмөндөдү деп айтып келет. Бирок, газга болгон дүйнөлүк баанын өсүшү байкалып жатпайбы. Демек, үстүбүздөгү жылдын ушул чейрегинде газдын баасы 240-245 АКШ долларын түзүп калабы? Ал эми буга чейин убадаланган газдын төмөн баасы кайда калды?
Өз ишинде көптөгөн жаңылыштыктарды кетиргени үчүн Кулмурзаев дайыма эле актанып, ишканадагы катанын баары ал келгичекти эле орун алып калгансып сүйлөйт. Кулмурзаев мырза, кичине көзүңдү ачып, тиешелүү отчетторду бир окуп көрсөңүз боло. Сизге чейин компания киреше да алып, калайык-калкка газ тартуулап турган эле. Балким "Кыргызгаздын" мурунку директорлору деле уурдап келгендир, бирок аталган ишкананын карызын ушунчалыкка жеткиришкен эмес эле.
С. Намазбеков




"Penwell" деп айтсак "Рейман" деп билебиз
5-апрелде Мегакомдун тегерегиндеги чатактуу абалды иликтөө боюнча иш тобунун жыйынтыктары маалымдалып, бир топ нерселер жарыкка чыкты. Биринчиден, "БиМоКоМ" ЖЧКсынын мүлкүн 2009-жылы ээлеп алган "Альфа Телеком" уюшкандан тартып, ушу күнгө чейин Максим Бакиевдин көзөмөлүндө болуп келген. Экинчиден, уюлдук оператордун мүлкүнө ээ болууга эки талапкер аныкталды - Penwell Business Limited ("питердик связисттер") жана эл аралык инвестициялык холингтин бөлүмү Serpeus Inc (2008-жылы уюлдук оператордун акциялардын баш пакетин сатып алгандар).
Үчүнчүдөн, андан аркы иш-аракеттердин сценарийи түшүнүктүү болду: мамлекет "Альфа Телеком" Жабык Акционердик Коомунун 100% акцияларын конфискациялап (буга чейин улутташтыруу каралып жаткан), мүлккө ээ болуу маселесин чечүүнү толугу менен сотко ыйгарат. Бирок, жыйынтык кимдин кызыкчылыгына болбосун, иш тобу өкмөткө мыйзамдуу менчик ээси менен кошумча инвестициялык макулдашуу түзүүнү сунуштайт.
Мындай жагдай Мегакомго доосун барынан катуу коюп жаткан Penwell Business Limited тарабына жагары күмөн. Соттук таймашта алардын позициялары барынан начар. 2007-жылы ошо кездеги өнөктөшү Максим Бакиев менен кошумча макулдашуусун аткарбай коюп, Мегакомдогу үлүшүнөн кол жууп калышкан.
Тактык киргизип алалы: Леонид Рейман - РФ мурдакы байланыш министри, президенттин экс-кеңешчиси, "Связь-банк", "Мегафон" жана "Скайлинк" уюлдук операторлору, "Межрегиональный транзиттелеком" (МТТ) шаар аралык байланыш оператору жана бир катар кичерээк активдер кирген ири империянын (кайра эле мурунку) ээси. Ушул бүт чарбаны Реймандын кызыкчылыгында "питердик связисттер" деп аталган топ башкарган. 2008-жылы "питердик связисттер" Eventis Telecom Holdings сатып алып, аны КМШ өлкөлөрүнө экспансияга аттандырышкан.
Реймандын "экс" категориясына кирип калышына анын "оффшорлорго" - накталай каражаттарды чыгарууга (обналичивание) болгон ашыгуусу себеп. 2007-жылдын ноябрь айында Британиялык Виргиния аралдарынын (BVI) прокуратурасы бермудалык IPOC фондунун ишкердүүлүгү иликтөөдө АКШнын юстиция министрлигинен жардам сураган. Ал фонд министр "приватташтырган" жогоруда аталган активдерди чогулткан. IPOC россиялык министр Ремандын көзөмөлү менен "кылмыш жолу" менен табылган кирешелердин "ширмасы" катары колдонулган фонд экенине шек жараткан. BVI башпрокурорунун каты прессага жайылып кеткен. 2006-жылдын май айында Цюрихтин арбитраж соту Байланыш министри МТС "Телеком XXI" компаниясын сатып алуудан "финансылык киреше" алган жана IPOC фондунун бенефициарийи деп табылган. Мындай жагдайда Реймандын чиновник катары карьерасынын урай башташы анын "империясынын" кулаганы. 2008-жылы министрдик креслодон ажырап, 2010-жылы Дмитрий Медведев кеңешчи ордунан кетирген.
Сүрөттөлгөн окуялар "питердик связисттер" станында нааразычылык менен чагымчылдык алып келди. Команданын жарымы Реймандын душмандарына өтүп, мурунку императорду "кулакка тартууга" активдүү катышкан. Башкалары абалдын курчушун байкап туруп, жеке ишкердүүлүккө жол таап кетишкен. Сокку жеген чиновник менен кайгысын тең тартууга аз гана киши макул болгон. Бирок, ошол калган бир ууч жакындары менен министрлик кезден калган "май запастары" маал малы менен күч көрсөтүп туруу үчүн Рейманга толук жетиштүү.
Юридикалык кемчиликтерин түшүнгөн күчтөр "Кремлдин колдоосуна" таянгандай түр көрсөтүп, бул конфликтке саясий боек сүртүүгө аракет жасады. Алар Кыргызстандагы россиячыл маанайдагы саясий элита "улуу байкенин" эркине каршы чыкпайт деп болжолдошкон. Бул планда орус инвесторлорунун жападан жалгыз жеңиши болду. Ал Россия мамдумасынын КМШ чөлкөмү боюнча комитетинин төрагасы Алексей Островский (ЛДПР) менен эл аралык мамилелер боюнча комитеттин мүчөсү Семен Богдасаровдун ("Справедливая Россия") биздин өлкөгө жасаган сапары болду. Визиттин жыйынтыгында экөө тең "россиялык инвесторлордун" укугун коргоо боюнча билдирүү таратышты.
"Кремлдин узун колу" начар даярдалган "липа" экени байкалат. Орус бийлиги оозеки түрүндө дагы, ММК аркылуу дагы Мегаком маселесине болгон кызыкчылыгы тууралуу билдирүү тараткан жок жана мындай кызыкчылык болушу да мүмкүн эмес.
УК Финам менеджмент аналитиги Анна Зайцеванын пикиринде, орус бийлиги мүмкүнчүлүгү жетишинче Кыргызстанга кысым көрсөтүшү арсар. Себеби, Россиянын биргелешкен башка долбоорлорду аягына чыгаруу кызыкчылыгы жогору. Расмий Москванын бул маселеде реакциясы катары РФ тышкы иштер министринин орунбасары Григорий Карасиндин "КР жана РФ ортосундагы экономикалык өнүгүүнү жакшыртуу жаатында региондор аралык кызматташуу" форумундагы билдирүүсүн айтсак болот. Депутаттардан айырмаланып, Карасин мырза "россиялык инвесторлор" тууралуу "лам" деп да ооз ачпады. Болгону президент Роза Отунбаева тарабынан түзүлгөн комиссия Мегаком маселесин тыкыр иликтеп, оңгулуктуу чечим кабыл аларына ишенерин билдирди. Мындан Огнянниковдун/Рейман группасы алдыдагы сот процессинде "кремль огунан" колдоо таппастыгын түшүнсөк болот. Тескерисинче, куугунтуктагы олигархтын позициялары күчөсө, ансыз да оңой эмес болуп жаткан эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге казык кагылмакчы.
Айдарбек Айтикеев