Сандан-санга

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова
Өзүмдү тапкан жол
(Башы өткөн санда)
Төлгөчүнүн барынын эле сөзү так,
өзү ак эмес

Күндө эртең менен саат жетиде туруп, кудайга сыйынып ибадат кылгандан кийин, күн мурунтан жазылып, белгиленген убакыт боюнча менин кабыл алуума эки аял келди. Экөө көп жылдан бери эң жакын курбулардан экен. Бир жылдан бери экөөнүн тең ден соолуктары начарлаганы аз келгенсип үй-бүлөдө да тез-тез уруш-талаш болуп, иштери да ойдогудай болбогонун кеп салышып, менден жардам сурап келгендерин айтышты. Узун бойлуусунан келген бир аз толмочураагынын аты Светлана, орто бойлуу сулууча аялдын аты Елена экен. Эмнегедир бири бирине салкын мамилелери, кирип келишкенде эле мага сезилип турду. Экөөнү өзүмдүн ыкмам менен диагностикадан өткөргөндөн кийин, бардык кызыктырган суроолоруна менден жооп алышкан соң, жүздөрүндө таарынычтын изи да калбай, эми ичтериндеги ич күптүүлүктүн кандайча башталганынан кеп салып өтүштү.
Светлана бир ишканада иштегенине он сегиз жыл болсо да эмнегедир иши бир ордунан жылбайт. Башкача айтканда көп жылдан берки топтогон тажрыйбасына жана жогорку билимдүүлүгүнө карабай кызматтан таптакыр эле көтөрүлбөйт. Канча жолу бөлүм башчынын орду бошоп Светлана бардык жактан төп келген кадр экенине карабай кийинки иштегендер дайындалып, Светлана жөнүндө унутуп калгандай элес калтырат. Жакында бөлүм башчылыктын орду бошоп, Светлана "сөзсүз мени дайындайт" деген ишеничте жүрөт. Бирок, бул үмүтү дагы сүзүлгөн жиптей үзүлөт. Себеби, бөлүм башчылыкка башка шаардан келген адам дайындалат. Ушул окуядан кийин гана Светлана эмне себептен иши жүрүшпөгөнүнүн себебин билүү үчүн төлгөчүгө кайрылып көрөт. Төлгөчү болсо калп-чынды аралаштырып туруп, "жакын курбуң сага дуба жасаткан" деп ишендирет. Светлананын эң жакын курбусу Елена гана болгондуктан, төлгөчүнүн сөзүн курбусуна айтып, "мен сага кандай жамандык кылдым" деп таарынат. Елена мындай каралоого чыдабастыгын айтып, Светлана барган төлгөчүгө ал да барат. Мына кызык, төлгөчү эми Еленага, Светлана "жамандык" жасап жүргөнүн айтып божурайт. Ошентип, эзилишкен эзелки эки курбунун ортосун кара мышык аралап, бир-бирине таарынычтары күчөп, бири-бирин каралайт. Экөө тең мурункудан да жаман абалда болуп, бири тез-тез ооруй баштаса, экинчиси таптакыр жумушка орношо албайт. Ушул тапта Еленанын үй бүлөсүндө күндө уруш-талаш күчөп, күйөөсү менен ажырашууну ойлонуп турган кези экен. Эмне себептен эки курбуга тагдыр сыртын салып турганын менден далилдүү жана реалдуу жооп алышкандан кийин, экөө тең "көзгө көрүнбөгөн денени тазалоо жана калыбына келтирүү" сеансынан өтүүгө макул болушту.

Урматтуу окурмандар, мен бул окуяны сиздерге айтып жаткан себебим, ар кандай төлгөчүлөрдүн айткандарынын барына эле ишене бербей, өзүңүздөрдүн да ички туюмуңуздарга ишенич артыңыздар . "Кой аксагы менен миң" дегендей, пенде болгондон кийин арабызда ар кандай адамдардын бар экени чындык. Бири чын дили менен жакшылык жасап, жогортон берилген касиет менен жараткандын мыйзамын бузбай элге жардам берип, туура жолго салган болсо, бири жараткандын мыйзамынан эч түшүнүктөрү жок эле калпты, чынды койгулаштырып, кудайга жамынгандар аз эмес. Андайлардын "касиети" кара күчтөр (терс энергиялуу) болгондуктан оң бараткан жолуңдан адаштырып, кара күчтүн колуна салып берери шексиз.

Кай бирлери болсо өздөрү жасап жаткан магиялык иштин аягы эмне менен бүтөрүнөн кабары жок билимсиздиктен жана кайдыгерликтен ар кандай терс көрүнүштөргө туш болушат. Кудайдын "Билбестик жоопкерчиликтен куткарбайт" деген мыйзамы бар. Жогоруда айтып өткөн эки курбу бири-бирине "магия" китебинен ар кандай ыкмаларды колдонуп көрүшүп, өздөрүнүн абалдарын ого бетер оорлотушкан. Менин он жылдан ашкан иш тажрыйбамда мындай окуялар далай кездешкен жана аягы жамандык менен аяктагандары да бар. Дагы бир мисал, бир адам иши жүрүшпөгөнүнөн төлгөчүгө кайрылат. Төлгөчү тигил адамга "бир эки айлык эле өмүрүң калыптыр, жакында сени өлүм күтүп турат" дейт. Аны уккан тиги адамдын көңүлү чөгүп, "кайгысын" унутуш үчүн ичкиликти күнү-түнү, айлап ичет. Көп өтпөй боору эзилип кетип, бул дүйнө менен кош айтышат. Күйөөсү каза болгон аял "баягы төлгөчүнүн айтканы туура келди" деп, эми өзү жөнүндө билгиси келип кайрылат. Төлгөчү болсо "мен айтпадым беле, эми сени да өлүм күтүп турат"дейт. "Бул дубадан тазалаш менин гана колумдан келет, болбосо күйөөңдүн артынан оо дүйнөгө барасың" дейт. Мындай сөздү уккан аял ошол жерден эсин жоготуп кое жаздап, үйүнө араң жетет. Ишенейин десе тиги төлгөчү өзүн кудай сезип, ар кандай сөздөрдү айтып мактанганын, оозунан ичкилик буруксуп, сөгүнүп-сагынган кейпин эстеп ирээнжийт. Ишенбейин десе күйөөсүн өлөт дегени чын келип, күнү-түнү ойлонуудан уйкусу качып, башы оорлошуп, жүрөгү да ооруп, өзү кыска мөөнөттө арыктай баштайт. Мага келгенде Викториянын сөөгү эле калыптыр. Жараткандын жардамы менен бир нече сеанстардан кийин Викториянын ден соолугу кайра калыбына келип, иштери да оңолуп жакшы болуп кетти. Алты жылдан бери майрам сайын белегин, гүлүн алып мага ыраазычылыгын билдирип турат. Турмушка чыгып бактылуу жашап жатканына төрт жылдан ашып калды. Анын жашоосундагы жакшы өзгөрүштөргө мен чын дилимден кубанып кудайга ыраазычылык билдирем.

Урматтуу окурман, бул мисалдарды келтирген себебим, тагдыр ар бир адамдын өз колунда. Келечектеги тагдырды оңдосо болот. Адамдын келечекке жолу миң кырдуу, кайсы жол менен алдыга койгон максатка жетиш адамдын каалоосуна же кайсы жолду тандоосуна байланыштуу.
Ошондой эле сиз өз тагдырыңызды кандай энергиялуу адамдын колуна тапшырганыңызга да байланыштуу. Елена менен Светлананын окуясында төлгөчүнүн туура эмес маалыматынын натыйжасында эки курбунун мамилеси бузулуп, бири-бирин душман көрө башташкан. Ансыз да экөөнүн энергоденесиндеги деформация күчөп, андан ары ого бетер бузулуусуна өздөрү шарт түзүп беришкен. Экинчи окуяда Виктория менен күйөөсү төлгөчүнүн сөзүнө ишенгендиктен, ошондой эле төлгөчүнүн алдыда боло турган окуяны туура эмес түшүндүрүп бергендиктен күйөөсү каза болуп, өзү да аз жерден калган. Мунун себеби, биринчиден, ал адамдын жан дүйнөсүндө пайда болгон коркунуч, экинчиден, ошол окуянын болооруна ишенич, үчүнчүдөн, ошол окуяны болтурбоого эч кандай аракеттин жасалбаганы, төртүнчүдөн, ошол ишеничти өзүнө таңуулап алгандыгы (программирование). Адамдын аң сезимине төлгөчү өз программасын таңуулап коюп койгон соң, адамдын аң сезими ошол программа менен иштей баштайт. Башкача айтканда компьютерге вирус киргизгендей эле кеп. Ошондуктан урматтуу окурман төлгөчүнүн барынын эле сөзү так, өзү ак эмес.
(Уландысы кийинки санда)