Чуулгандуу сүрөтчү
Чуулгандуу сүрөтчү Корея элинде жомок, табышмак катары кабылданып келгени менен бул тарыхый доорду (18-кылымдын 70-жылдарында болгон окуя камтыган) Чосон династиясы анын жүргүзгөн бийлиги жана ордо сүрөтчүсү тууралуу чагылдырылат. Фильм жалпы жонунан корей элинин маданиятка болгон көз карашын жана саясатын баяндайт. Фильмди башкы каармандар ордо сүрөтчүсү Ким Хон До жана анын шакирти Шин Юн Бок көркүнө чыгарат. Устат Ким Хон До сүрөт мектебиндеги мыкты сүрөтчү болгондуктан ал куугунтукталат. Анын кайра кайтып келишине сүрөт мектебинин студенттери тарабынан тартылган ханыша айымдын туура эмес иштерин чагылдырган автору белгисиз сүрөт себеп болот. Муну династия башчысы Чосон бул сүрөттүн автору ким экендигин билсе жалгыз Ким Хон До билет деп аны кайрадан сүрөт мектебине чакырып алат. Бирок, Ким Хон До ал сүрөттүн автору Шин Юн Бок экенин билгени менен айтпайт. Ошентип ордо сүрөтчүсү Хон До Юн Бокко устат болуп калат. Ал эми Юн Боктун эркек кейпине келишинин себеби… Ал атактуу жыгач уста, ордо сүрөтчүсүнүн кызы болот. Анын ата-энеси атайын саясий себептер менен өлтүрүлгөндөн кийин аны багып алган атасы эркекче кийинтип жүрүүгө аргасыз болгон. Бир жагынан сүрөт мектебине кыз балдарды кабыл алууга ал кезде уруксат жок эле. Династия башчысы Чосондун атасы Садонун белгисиз өлүмү табышмак бойдон калат. Муну фильмдин аягында ордо сүрөтчүлөрү кыраакылык менен изилдеп чыгышат. Акырында династияга каршы иш жасаган министрлердин күнөөсү аныкталып, бийликте жана элде тынч, жакшы жашоо уланат.
Фильм Түштүк Кореяда 2008-жылы тартылган жана жыйырма бөлүмдөн турат. Башкы каармандары ордо сүрөтчү устат: Ким Хон Дону, Пак Син Ян, жана шакирти жаш сүрөтчү Шин Юн Боктун образын Мун Гын Ён жараткан. Ал биринчи эле экрандан кете баштаган мезгилде коомдо чоң резонанс туудурган. Ал эми сүрөттөр болсо Чосон доорунун чыныгы сүрөтчүлөрүнүн картиналары. Аны бүгүнкү күндө Улуттук Корей музейинен көрсө болот. Ал сүрөттөр чыныгы тарыхый фигура. Роман Ли Чжун-Мёндун калемине таандык.
Пак Син Ян
(Ким Хон До)
1968-жылы 1-ноябрда Кореяда туулган. Москвадагы Щепкин атындагы училищадан билим алган. Үй-бүлөлүү. Спорт менен машыгып ден-соолугун чыңдаганды сүйөт. Тартылган фильмдери абдан көп болгондуктан төгөрөктүн төрт бурчунан Пак Син Яндын күйөрмандарын жолуктурууга болот. Жараткан образдарынын арты менен көптөгөн ийгиликтерди багындырган. Учурда Түштүк Кореяда жашап, эмгектенет.
Мун Гын Ён ( Шин Юн Бок)
Түштүк кореяда Чванчжуда шаарында 1987-жылы 6-майда жарык дүйнөгө келген. Ал Түштүк Кореянын эң сүймөнчүлүктүү актрисасы, белгилүү модель. 12жашынан баштап киного тартыла баштаган. Мун Гын Ён чыгармачылыкта "Күзгү жомок" фильмине тартылгандан кийин атактуулукка жетишкен. Андан кийин "Менин кичинекей келиним"фильмине тартылган. Үй-бүлөдө атасы, апасы жана сиңдиси бар. Бош убактысын китеп окуп жана кино көрүү менен өткөрөт. Ал 2006-жылы өз демилгеси менен Хеонем шаарындагы жарым жартылай жетим жана кедей үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган мектепти сатып алып, компьютердик класс, ашкана, ваннасы менен толуктап аны кайрадан социалдык жактан жетишпеген үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 200 вон акчага жасатып чыккан. Муну менен ал өз максатымдын бир бөлүгү аткарылды деген пикирди билдирген. Мун Гын Ён ондогон кинолордо башкы каармандын образдарын мыкты жараткан. Көптөгөн сыйлыктарды багындырган.





Киного жан киргизген кыргыз артисттери
Чынгыз Мамаев
(Ким Хон До), актер:
- Үн коштогон кино менен өзүңүз аткарган кинонун кандай айырмачылыгы бар экен?
- Үн коштоо, актерлук чеберчиликти талап кылат. Кээ бир актерлордун үнү жетпей же тилинде дефект болот, ошондой себептерден улам жарабай калат. Экөөнүн эмгеги бирдей. Театрда жакшы актер болсо, дубляжда да кейипкердин образын мыкты ачып бере алат. Себеби, өзүңдүн жүзүң көрүнбөгөн менен ошол кишинин эмоциясына кирип, сөздөрүн кынаптап аткарасың. Чыныгы артист кандай ойносо, сен да ошондой ачып бергенге аракет кылышың керек.
- Өзүңүздүн купулуңузга толдубу?
- Бул дубляж башка кинолорго караганда 100% мыкты деп айтпасак да жакшы деген баага татыктуу. Буга чейин дубляжда такшалып калгангабы жакшы чыкты. Коомчулук да жакшы кабыл алып жатышыптыр. Фильмди көрармандардын суроолору боюнча кайрадан эфирге бергени жатышат. Демек, бул кайсы бир деңгээлде элге жакканы деп түшүнөм.
- Сиздин көз карашыңыз боюнча "Чуулгандуу сүрөтчү" фильми коомго жакшы таасирин бере алабы?
- Жакшы таасирин берет. Саясат, маданият жагынан пайдасы бар. Анткени, маданияты жок эл, "жок болот" деген сыяктуу ичинде катылган терең сыр бар. Ал эми кинодогу терс каармандар кыңыр иш кырк жылда билинет деген маанини түшүндүрөт. Саясатчылар бул кинону көргөн болсо аларга да кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизиши мүмкүн.
- "Чуулгандуу сүрөтчү" фильми бир караган адамга дубляж эмес чыныгы өздөрү аткарып жаткандай таасир калтырат . Айтайын дегеним дубляж мимикасы менен дал келген. Көшөгө артындагы кыйынчылыктар тууралуу айта кетсеңиз?
- Чындыгын айтканда эфирден үнүбүз эле кеткени менен маөдай тер жумшалган чыныгы эмгек талап кылынат. "Чуулгандуу сүрөтчүнү" кышында даярдадык. Студиянын суугуна карабай 3-4 саат олтуруп иштедик . Чынын айтканда дубляждын акчасын көбөйтсө жакшы болмок. Өткөндө Кубат Оторбаев чакырып алып бизге ыраазычылыгын билдирип, телевидениенин ардак грамотасы менен сыйлады. ЖКнын депутаты Ө.Текебаевдин "кыргыз тилин өнүктүрүүгө бюджеттен акча бөлүш керек"- дегени иш жүзүнө ашса абдан сонун болмок.
Нургүл Кулманбетова
(Шин Юн Бок), актриса:
- "Чуулгандуу сүрөтчү" фильмине кантип үн коштоп калдыңыз?
- "Дөөлөт" студиясы ачылгандан бери режиссер болуп дубляж жасап эмгектендим. Ошондон бери иштешип келе жатам. Ушул фильм заказга түшүп калгандан кийин мага сунушташты. Баягы күнүмдүк жумушум катары көрүп, окуп калдым.
- Көрарман катары мага Юн Боктун үнүн ким окуду экен деген кызыгуу пайда болгон эле. өспүрүм баланын үнүн окшоштуруп кантип окудуңуз?
- 14 жылдан бери куурчак театрда эмгектенип келем. Юн Боктун үнүн окугунда кыйынчылык деле болгон жок. Бирок, фильмдин эки эле сериасында ыйлабай аткарбаса калгандарын бүт ыйлап ойнойт эмеспи, ошол жеринен кыйынчылыктар болду. Режиссер мага талап коёт, ыйлаган жеринен ыйлаш керек. Эгер туура бере албасаң жөнөкөй эле сүйлөгөн сөз дагы билинип калат. Ар бир үн мен аркылуу кетет, кейипкердин ички жан дүйнөсү менен берилип аткаруу керек. Үнүм менен акча тапкан адаммын. Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы болот. Кээ бирөөлөр ойлойт булар жөн эле окуп коюшат деп, чындыгында андай эмес. Биз да алардын арасында жашагандай эле болобуз.
Кайгырганда кайгыргандай, күлгөндө күлгөндөй үндү бергенге аракет кылып кыйналган учурлар да, жыргаган учурлар болду.
- "Чуулгандуу сүрөтчү" сизди коомчулукка тааныта алат деп айта аласызбы?
- Билбейм, негизи атак- даңкка умтулбаган адаммын. Ушул фильмге үн коштогон үчүн популярдуу болом деп деле ойлобойм. Мүмкүн менин фамилиям элге белгилүүдүр. Негизи мен табигаттымдан элдин алдына ачык чыкканды жактыра бербейм(уялам) болбосо, ырдаганды да жакшы билем. Кээ бирөөлөр драмтеатрга барып ачыкка чыкпайсыңбы деп калышат. Буюрганы болот деп турам.