Ач жүзүңдү айлакер

Максим Бакиевдин миллиондорун бийликтегилердин кимиси жеген?

М ындай окуялардын бири, коомдун тигил же бул инсанына тиешеси бар, же банк ячейкаларына тиешелүү окуя. Акыркы мезгилде дал ушул окуяга байланыштуу бир топ билдирүүлөр жасалып жатат. Бирден-бир маанилүү суроо банк ячейкалары ачылып жаткан мезгилдеги маанилүү адамдардын ысымдары эмне үчүн аталбай жатат? Бекназаров унчукпай, тым-тырс отуруп калды. Анын айтылуу "уулу" деп жүргөн Владимир Краснокуцкий жөнүндө да маалымат чыкпай калды. Эскерте кетсек, ал Бекназаровдун маалында көптөгөн мыйзамсыз иштерге колу малынып калган. Бул туурасында да маалымат айтылбай калды. Ал эми көптү билген, ячейкаларда канча акча бар эле, алар кайда кетти деген суроолорго так жооп бере алган, бул иштин өзүн түздөн-түз иликтеген шаардык прокуратуранын ишти бүтүргөндөн кийин кызматынан четтетилген жетекчилер кайда? Алардын тагдырынан эл-журт кабардар болбой калды го…

Бүгүнкү күндө "бекназаровчулардын" ичинен Улуттук банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Сүеркул гана калыптыр. Аны Азикенин тууганы деп жүрүшөт.

Тарых барактарына кайрылсак. Улуттук банкка Сүеркул ксерокопия жасаган кызматчы болуп кирген. Анын тиешелүү финансы билими да жок деп жүрүшөт. Карьералык тепкичтен өйдө көтөрүлгөнү үчүн ал Марат Султановго чоң рахмат айтышы керек. Ал кезде Султанов Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасы кызматын ээлеп турган эле. Жыл өткөн сайын, жигиттер чоңоюп, иш илгери боло берет. Улуттук банктын башкармалыгында түндүк тараптан чыккан балдар көп болуп калгандыктан, Султанов Улуттук банкта ксерокопия жасагандан баштаган, түштүк тараптан чыккан баланы колдоо максатында Сүеркулду өйдө жылдыра баштайт.

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын кызматкерлери жумшагыраак айтканда, Сүеркулду абдан жаман көрүшөт. Аны интрига жасаган жана өзүнөн акылдуураак чыгып калган атаандаштарды кылмыш иштерин козгоо аракеттери менен жолдон алып салганы үчүн жаман көрүшөт. Учурда ал Наполеончик деген атка жаман мүнөзү жана килейген амбициялары үчүн конгон. Мындай жактары анын профессионалдуулугуна шайкеш келбейт.

2010-жылдын 7-апрелинен кийин Сүеркул банк көзөмөлүнө куратор болгон. Анткени, Улуттук банктын төрагасынын ал кездеги башкы орун басары, дал ушул банк көзөмөлүнө куратор болгон, бирок коен жүрөк Кубанычбек Боконтаев эс алып жүргөн, же ооруп калган маалы эле. Ал кезде башкы прокуратурада өз иштерин жасап жаткан Бекназаров менен болгон туугандык мамилесин эске тутсак, Сүеркулга банк ячейкаларындагы акчалардын тагдыры тууралуу, алар менен ким ойноп жатканы соп-сонун белгилүү болушу керек. Эмне үчүн ал анда оозуна кум тыгып алгансып унчукпайт? Балким ал дагы Максим Бакиевдин акчасына кол салып койгондур?

Апрелден баштап башкы прокуратуранын кызматкерлери Сүеркул жаман көргөн адамдарга кылмыш ишин козгоп, ал иштерде атайын адамдардын оозунан чыккан сөздөрүн жазышкан. Ошентип ал Улуттук банкта "серый кардинал" деген атка конуп атпайбы. Мындан тышкары мамлекеттин банктарда жаткан каражаты кайсы жакка агып кеткени тууралуу ар түрдүү версияларды жазып жатат. Чынында алар мамлекеттин ичинде калып эле, кээ бир жергиликтүү чиновниктердин чөнтөктөрүнө агып түшкөн. Учурда ал өзүнүн төрайымы Бактыгүл Жээнбаева экөө журналисттер менен маектеринде, же атайын пресс-конференцияларда мурунку айткан сөздөрүнө тескери сүйлөп, же муну, же тигини айтып турган мезгили. Муну атайлап эле жасап жатат. Максаты ансыз деле эч нерсени түшүнбөгөн элдин мээсин чайкап, банк ячейкаларында жана банктарда акчанын кантип бөлүнүп жатканын билдиргиси келбейт. Андыктан төмөнкү суроонун туулушу табиятка шайкеш. Эмне үчүн ушул күнгө чейин Сүеркулдун персонасы укук коргоо органдары тарабынан иликтөөгө алына элек? Же алардын оозун да ошол банк ячейкаларынан алынган акча менен басып тим болуштубу?

Акыркы мезгилде мамлекеттик чиновниктердин оозунан чыккан маалыматтарга таянсак, ал кезде банк ячейкаларынан момунча акча алынган деген маалыматтар бүгүнкү күндө чындыкка шайкеш келбей, андан көбүрөөк акча табылган деп айтылып жатпайбы. Мисалы, ал кезде банк ячейкаларында 100 миллиондон ашуун АКШ доллары сакталып келген деген маалымат бүгүнкү күндө белгилүү болуп жатат. Бул каражат жападан-жалгыз Максим Бакиевге таандык болчу. Бул акча каякта калды?

Эскерте кетсек, өткөн жылдын май айында Азимбек Бекназаров, банк ячейкаларында 35 миллионго жакын АКШ доллары табылган деп жарыялаган эле. Ал эми башкы прокуратура болгону 19,5 миллион АКШ доллары туурасында айтып жатат. Аны да Улуттук банктын сактоосуна жөнөткөн. Дагы 2 миллионго жакын долларды финансы полициясы таап, аны Борбордук казначейликке жөнөткөн.

Дал ушундай олчойгон сумманы (100 миллион доллар) Максим Бакиев Кыргызстанда кармап турган. Аларды жумшоонун максаты - өлкөдө орун ала турган ар түрдүү тартип бузууларга беленделген. Бирок, ал каражатты тиешелүү ишке жумшоого жетишпей калган, анткени жаңы бийлик келип, бийликти ээлеп, тактыга отуруп жаткан мезгилде ал чет мамлекетте жүргөн эле. Биздин ишеничтүү булактарга таянсак, 2010-жылдын 7-апрелинде тиешелүү автомашинанын багажнигинде 20 миллион долларга жакын каражат чыгарылып кеткен. Ал каражат экс-президенттин уулуна таандык болуп, анын буйругу менен чыгартылган. Ал эми акчаны чыгарып бараткан кишинин артынан куугунтук уюштурулуп, ага ок жаңылып, жарадар болгон. Кичүү Бакиевдин калган каражаты банк ячейкаларында калып, бир аз убакыттан кийин жоголуп кеткен. Максим Бакиевдин бул каражатынан тышкары, сейфтерде анын үй-бүлөсүнүн акчасы жана мүлкү, ошондой эле банктын жөнөкөй кардарларынын акча каражаттары сакталып келген.

Болжол менен Улуттук банктын жана Борбордук казначейликтин кароосуна 21,5 миллион АКШ доллары жөнөтүлдү дейли. 20 миллионго жакын каражатын Максим Бакиев чыгарып кетти дейли. Калган 60 миллион кайда калды? Бул акча кичүү Бакиевге жана башка жеке тараптарга тиешелүү болчу. Бул суроого жоопту анан издейли. Азыр табылган акчалардын дарегине кайрылалы. Маселен, ошол 21,5 миллион долларды убактылуу өкмөт каякка коротту. Же болбогон эле муктаждыктарга сарптап койдубу? Ушул убакка чейин чыгымдар тууралуу элге түшүнүктүү маалымат айтылбады.

Андыктан төмөнкү суроонун туулушу жөн жерден эмес. Экс-башкы прокурор бизден эмнени жашырып жатат? Балким Кубатбек Байболов парламентте сүйлөп жатып, ал акчанын каякка кеткенин, шайлоого беш күн калганда жарым миллионду улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы кантип алып койгондугунун четин гана чыгарып айткандыр? Мурунку башкы прокурор акчанын бөлүнүшү тууралуу фактыларды айтам деп атат. Балким Байболовдун кылтыйткан маалыматы жогоруда айтылган калган акчанын каякка жана кимге кеткендиги тууралуу болуп жүрбөсүн?
А. Турсункулов