Бирбүркүм

"Самопал" генерал дейби?
Байболов запастагы полковник болуп жүрүп эле бир секирик менен генерал-лейтенант болуп алган. Мунун артында да талаш-тартыштар абдан эле көп. Мыйзамды катыра жазып жүргөн киши өзү да мыйзамды бузуп генерал-лейтенант болуп алганына таң каласың. Болбосо, полковниктен кийинки наам генерал-майор болуш керек эле. Буга да Кубатбек Калбековичтин жообу даяр: "Мен убагында полковник болгом. Ал наамды алганым эмне экен? Мен деген мамлекеттик кызматтын 2-даражадагы мамлекеттик кеңешчисимин. Ошол үчүн автоматтык түрдө генералдык-лейтенанттыкты алдым". Чунак кишинин минтип айтканынан улам, адам пайгамбар жашына барып калганда мактанчаак болуп калабы деп да ойлойт экенсиң. "Мен эле мен" деп төшүн каккандар көп. Бир эле өзү элди бейишке жетелеп, калгандарынын бары тозокко ээрчитип кетип аткандай сүйлөгөндөрдү санап бүтө албайсын (булар туурасында өзүнчө кеп кылсак жарашат). Кубатбек мырзанын жогорудагы "мен эле мен" деген жообуна биздин да төмөнкүдөй жообубуз бар. Кубатбек Калбекович, биринчиден полковниктен кийинки наам генерал-майор (муну жогоруда да айтып өттүк), экинчиден, мамлекеттик кызматтын 2-даражадагы мамлекеттик кеңешчилери 100дөп саналат. Сиздин айтканыңыз туура болсо, ошолордун барына эле генерал-лейтенант наамын бере бербейлиби? Алардын деле "автоматически" алганга акысы бар турбайбы? Анан үчүнчүдөн, да айта турганыбыз бар. Сизди жана Болот Шерниязовду бардык эле аскер адамдары - милициясы да, чек арачысы да генерал деп эсептешпейт. Өзүңүздүн чыныгы наамыңызды билгиңиз келсе экс-кесиптештериңизден эле сурасаңыз болот. Албетте, өзүңүздүн жакын адамдарыңыздан бөлөк. Алар бул наамдар мыйзам чегинде берилсе гана тааный тургандыктарын ичинен да, сыртынан да билдирип жүрүшөт.


Самаковдун салымы
Кумтөр алтын кени иштеп атат, иштеп эле атат дегеле кыргыздын капчыгына жарытып пайда алып келди деген кеп уга элекпиз. Жакында журналисттер, депутаттар атайы изилдеп барып келди. Ал дагы мамлекет тарабынан уюштурулбай депутат Карганбек Самаковдун каржылоосу менен уюшулуп, атайы иш чарага 100 миң сом өз капчыгынан сууруп чыгыптыр. Бу Карганбек мырза каякта жүрөт десе тымызын улутту унутка калтырбай аракет көрүп жүргөн тура. Манасыбызды дагы кытайлар тартып алды деп ыйламсырап жүргөнбүз. Ал тууралуу сөз айтылбай калган. Көрсө, Карганбек Самаков ЮНЕСКОго барып, дипломат эмеспи эпке келтирип Манасты кайра кыргызга каттатыптыр. Кызыгы бу саясатчыларың кылган ишин жар салчуле, Карганбек мырза бул ийгилигин катып жүрөт. Эми борбор калаага Манаска келишкен эстелик курам деп билек түрүнүп туру. Бали деш керек!


"Республиканын" режими
5 коалиция бийликке келип, "Ата Мекендин" депутаттары жардамчылары жок эле иштейбиз деп шантаж кылышкан. Атаандаш "Республикачылар" биз дагы жардамчысы жок иштегенге кудуретибиз жетет деп жар салышты. Бүгүнкү күндө республикачылардын жардамчылары иштеп атат, бирок айлык алышбаптыр. Бозоргон жардамчылар депутаттарынын кулагын кашып, колтукка түртүп атыр. Депутаттар айтарын айтып алып, ара жолдо абдан кыйналып туру.


Манас университети чайканага айланганда
Байболов парламенттеги трибунада Отунбаеванын жакын туугандарынын бири Кыргыз-Түрк Манас Университетинин жарымын алып алган деген маалымат тараткан. Чындыкты билели деп, университетке байланышсак кабылдамасындагы айым капкайдагы шылтоолорду ойлоп таап, шефин ордунда жок, бул чогулушта, тигил жыйында деп айтор, ар кайсы жакка бекитти. Сулайман мырзаны чындыкты сүйлөгөн мырза деп жүрчү элек. Чындыкка келгенде молдонун да оозу жабылат деген чын окшойт. Биздин сурообузга жооп берүүдөн неге качып бекинди десең? Кайыпов жумушка келди бекен деп жана бир чалсак кабылдамадагы кокуй кыз чайканага чалып атасыз деди. Жанатан чалып ректорат менен байланышып жатпадык беле, кандайча чайкана болуп калды десек, кошоктоп шылтоо айтса "коңурук" тартып ийгиң келип кетет экен. Эртеси дал ошол маалда жана бир чалсак күзөт бөлүмү болуп чыкты. Кайыповду жашырып, Манас университетин кубулткандарга кудая тобо дедик. Мынчалык неге жашындыңыз Сулайман ака?


Жекшенкуловду жектеп атышат
Ар келген бийлик Аликбек Жекшенкуловду тепкилемейи бар. Бакиевдин учурунда 3 жолу капкан салынып, акталып чыкса, эми дагы кылтак салынып атыптыр. Башында Бабанов менен Отунбаева турат дейт. Аликбек мырзанын жанындагы жардамчысына иш козгоп капаска салышты. Алыста жүргөн Аликеңе эми сюрприз кылып, келсе иш козгойт элек деп колду түрүнүп атыр азыркы бийлик. Анчейин эле аңдып калыптыр, Аликеңден эмнеге коркушат болду экен эй?


Чотонов чот кагып Бекназаров майли деди
"Революция өз балдарын жеп жутат" деп француздар айткандай бийликке келген соң Отунбаева да мурдагылар сыяктуу революционерлерди четтетип, Бакиев акырынан жем жегендер менен биригип, ал тургай аларды ачык эле коргой баштаган. Анан 7-апрель жакындаганда эски чокой эске түштүбү, айтор Чотонов менен Бекназаровду чакырып алып, ушинтип эле жүрө бересиңерби деп кызмат сунуш этиптир. Азикең бекер жата берип жамбашы талыган белем, дароо эле президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болууга майли дейт. Дүкөңө президенттин өкмөттөгү өкүлү бол же элчи бол десе, адатынча көкбеттенип ойлонуп көрөйүн дептир. Азыр Чотонов элчи болсомбу же көкүйгү "демчи" болсомбу деп чот кагып отуру.


КСДП 120 каарманын сыйлады
Туптуура бир жыл мурун кандуу окуянын башталышы, биринчи октун атылган үнү, үрөй учурган ызы-чуулар форумдун имаратынын алдында тутанганы көз алдыбызда. Мына бүгүн ошол күндү эске салып элдин жыргалчылыгы үчүн өз өмүрүн арнаган апрель шейиттерине куран окутулуп, ошол кандуу окуяда каармандык көргөзгөн эр азаматтардын 120сы төш белгилер менен сыйланышты. Сыйлыкка партиянын мүчөлөрү жана карапайым адамдар ээ болушту. ЖК депутаты Гүлнара Жамгырчиева сыйланып, ал 7-апрелде шейит кеткен 87 баатырдын өлүмү бекер кетпеши керек. Ал баатырлар ар дайым арабызда. Биз аларды эскерип жүрүүгө милдеттүүбүз деп көзүнө жаш алды. Биз да элибиздин башына мындай күн кайра кайталанбасын, мекенибизде стабилдүүлүк, токчулук болсун. Бийлигибиз теңчиликти, кеңчиликти апкелсин деп турубуз.


Сулайманов Камчыны "сулайта" чапты, эмнеге?
Күтүүсүздөн Сулайманов Ташиевди тумшукка коюп нокаут кылганы, алдын ала түзүлгөн сценарий деп жүрүшөт. Асия Сасыкпаеванын сол кулагына "шак" эткен дабышка караганда төрага Келдибеков Алтынбек Сулаймановду чакырып, "баштабайсыңарбы" дептир. Анан Сулайманов сценарий боюнча иштеп, Камчыны капилеттен мурунга бердирип, кан жалатып салыптыр. Муну менен Алтынбек мырза кимдир бирөөнүн "заказынын" курмандыгы болуп калды дешет билермандар. Мушташка чейин бир топ күн башта Бабанов спикерге кирип кетип оо бир топто чыгып, алдынан тосуп чыккан Сулаймановдун далысынан таптаган. Анан калса спикердин кабинетине Алтынбек мырза маршруткадай эле каттап калган дешет. Акүйдөгүлөр эми Ташиев жооп кайтарбаса, коалицияны чындап бузбаса парламенттин "паханы" Сулайманов болуп калат дешүүдө.


Шералыны унутпагыла
Эски бийликти ордунан козгоп, музду жарып, революцияга камчы салгандардын ана башында Шералы Назаркулов турган. Ал өмүрүн эркиндик, теңдик үчүн кыйган. Анан барып март, апрель ыңкылабы болуп атпайбы. Эскерүүгө, сыйлыкка келгенде негедир Шекем унутта калып калат. Кечээги апрель баатырларына берген баатырлыкты алгач Назаркуловго беришсе болмок. Ыңкылапта курман болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллиондон каражат бергенде да Шекемин үй-бүлөсү унут калган. Эй, билермандар аркага кылчайып, эски чокоюңарды эстей жүрсөңөр!