Сандан-санга: сериал

Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма "Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар
ошол түн
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
- Сенин боюңда барбы? - Нурлан эшик ачылаары менен салам-алиги жок эле курсагы челкейген келинди тиктеп туруп калды. Баян теңселе түшүп, каалганын туткасын кармады. Жыгылып кетпесем экен деп коркту. Адатынча калыбынан жазбай мостоюп тиктеп турган кой көздөрдү көрүп, жаны кашайды. Нурландын ушул турушуна кантип туруштук берээрин билбей, ичи бышты. Дайыма ушу. Тоо ураса да солк этип койбойт. Баян жарылып кетпей араң турса, Нурлан талыган буттарын алмак-салмак солбуп коюп, андан жооп күтүүдө.
- Сен турган эле жериңде терезеден тиктеп туруп, Американы ачканга маш эмессиңби, - Баян кыжырлана сүйлөдү.
Эркинен тыш эле бир колу менен чедирейген курсагын жашыргандай калкалап алды. "Кандай келесоосуң?" өзүн-өзү ичтен жекирди. "Нурландын алдында солк этпей турам" деп өзүнө-өзү нечен жолу сөз бербеди беле?
Эмичи? Аз эле жерден жыгылып кала жаздады. А анын кучагын эңсегеничи? Анын мисирейген муздак жүзүн көрүп сезими басаңдамак турсун, кайра ого бетер жалындап чыкса болобу… Негизи бул сезим аны ошол түндөн кийин таптакыр эле бийлеп алган. Бирок Нурландан андай ой-сезимдин жыт-жыбыры да байкалбайт.
- Боюмда бар экенин көрүп турбайсыңбы.
- Канча ай болду? - Нурлан жай сураганы менен анын сумсайган кой көздөрү сентябрдын күзгү күн чубагында өзгөчө муздай түшкөнсүдү.
Баяндын жүрөгүнө канжар сайылгандай болду, анткени Нурландын азыркы көз карашы да ошол түндөгү көз карашына окшоп, муздак жана кайдыгер эле.
- Токто, жооп бербесең да болот. Мен өзүм айтайын. Тогуз айлык, туурабы?
- Таптың. - Баян танган жок.
- Демек, менин балам.
- Ооба, Шерлок Холмс, ошондой. - Баян өзүнүн орой жооп бергенине ыңгайсызданды, бирок "айтпай-дебей кирип келгени үчүн туура эле" деди ичинен.
Эгер ал айттырып, кат жазып же телефон чалып, анан келсе, бир жакка кетип же бекинип калууга мүмкүнчүлүгү болмок. Бирок ушу кебетеси менен оонап, каерге чейин жетмек белгисиз… Ой, ошол түнкү окуянын натыйжасы менен келишүү ал үчүн оңойго турган жок! Ал кайрадан жаза басып, өзүн сүйбөгөн эркектин төшөгүндө тебеленди!
Баян Нурланды астыртан уурдана карап койду.
Неге жетип келди? Мөөнөтү бүткөнчө тура турса өлөт беле? Биякта бир нерсеси калып жаткансып, жетип келгенин кара! Кара башынын кызыкчылыгынан башканы ойлобогон буга, кайда жүрсө баары бир эмеспи. Качан болсо күтпөгөн жерден пайда болот да турат. Азыр Баян муну менен жолугушуп, сүйлөшмөк турсун, өз алапайын таппай араң жүргөн чагы.
Ал түндөн бери дээрлик тогуз ай өтсө да Баян "Мындан ары кантип жашоом керек?" деген суроого алигиче жооп таба элек болчу. Ошон үчүн азыр Нурланды көрүп, же кубанып анын кучагына бой таштай албай, же андан артын карабай качып кете албай, эки анжы ойдун ортосунда эзилип жатты. Экинчисин кылайын десе биринчиси койо бербейт, биринчисин кылайын десе Нурландын көздөрү…
- Жообуң даяр болгончо, балким, үйгө кир дээрсиң? - Нурлан жумшак сурады.
- Мен сага жооп бергенге милдеттүү эмесмин.
- Жок, алтыным, кандайча милдеттүү эмессиң? Милдеттүүсүң. Кана сигналды өчүрүп, мени үйүңө киргиз?
- Жок. Киргизбейм.
Эркек үндөбөй аны четке түртүп коюп, босогону аттады. Дароо коопсуздук сигналы иштеди.
- Ызылдатпай өчүр сигналды.
Баян анын талабын аткарган жок.
- Нурлан-нөл-нөл-бир. Сигналды өчүр, Гемма! - деп Нурлан айтаары менен эле:
- Коопсуздук сигналы өчүрүлдү, Нурлан мырза, - деген аялдын жагымдуу үнү жаңырды. - Кабарлоо түзүмү баштапкы абалына келтирилсинби?
- Ооба.
Экөө кире бериште унчукпай турушту.
- Кайтып үйгө келишиңиз менен, Нурлан мырза.
- Рахмат, Гемма.
- Нурлан, бул эмне кылганың!
(Уландысы кийинки санда)




  Айымдарга кеңеш

Жаз жана жүз
Жаздын келиши менен жаратылыш гана ойгонбостон адамдын организми да ойгонот эмеспи. Андыктан бетибиздин териси да өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Бетти аймалаган ызгаар сууктан кутулдук деп кубанганыбыз менен бетибизге кара тактар түшүп, безетки көбөйүп кеткенин байкап жатабыз. Мындай кырдаалда кандай чара колдонуу керектигин билбей жаткан болсоңуз бул материал сиз үчүн.


Беттин терисинде эмне болот?
- Кышкы суукта беттин коргоп туруучу пленкасы жабыр тартат. Теринин бузулушуна суук шамал менен кар түрткү болот. Жаратылыш берген коргоочу каражаттан арылган тери жабыркай баштайт. Бул аз келгенсип адамдын бардык организми витаминдерге муктаж болуп, иммунитет начарлайт.


Эмне кылуу керек?
- Колдон келишинче бетиңизди кайнатылган суу жана ар кандай чөп кайнатмалары менен жууңуз. Маселен, петрушка, ромашка ж.б. ушул эле чөптөрдүн кайнатмасын тоңдуруп коюп бетиңизге сүрсөңүз да болот. Мончого түшүп туруу да пайдалуу экенин унутпаңыз. Эгерде андай мүмкүнчүлүк болбосо жок дегенде бетиңиз менен моюнуңузду бууласаңыз болот.


Эмнеге тыюу салынат
Эгерде айдай чырайыңызды бузуп албайын десеңиз салондорго барып тазалатып, пилинг жасатпаңыз. Күндүн ультрафиолетовый нурларын өткөзүүгө жөндөмдүү болуп, клеткалардын бардыгы ачылып калат.


Кантип азыктандырабыз?
Терини ичинен да, сыртынан да азыктандыруу кажет. Анткени, беттин териси сиздин эмне жегениңизден да көз каранды. Андыктан мүмкүн болушунча витаминдүү, микроэлементтерге бай азыктарды пайдаланууга аракеттениңиз. М: боор, балык, жумуртка, оливка майын. Суусундукту көбүрөөк ичиңиз, күнүнө 2-2,5 литр. Ал эми сырттан азыктандыруу эң оңой. Маселен, кадимки лимон бетти агартып, жылтырап майлануусун алдын алат. Жүзүм майлуу териге жакшы. Жүзүмдөн жасалган ширени эч кандай кошулмасыз пайдалансаңыз болот. Мындан тышкары түрдүү маскаларды жасасаңыз болот.
Кургак беттерге:
1 чай кашык каймак же быштак,
1 чай кашык бал,
10 тамчы лимон ширеси.
Майлуу беттерге:
Бир жумуртканын агы,
0,5 чай кашык лимон ширеси.
Жогорудагы маскаларды таза жуулган бетке 15-20 минута коюп жылуу суу менен жууп салыңыз да бет май сыйпаңыз.




Жылдыздар кандай кам көрөт

Гүланда, ырчы:
- Жаздын келиши менен бетке витамин жетишпей кургап бузула баштайт. Бул учурда мен да бетиме маска жабам. Ал үчүн дрожжини кубик түрүндө кесип алып, лимон ширеси менен сүттү аралаштырып, коюу болуп калган кезде бетке коюу кылып жабуу керек. 20 мүнөт күлбөй, кыймылдабай жатыш керек. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Ушул эле маскага бал кошуп койсоңуз да болот. Мындан тышкары бет майларды колдоном.


Райхан Абдувалиева, ырчы:
- Азыр өзүмдү караганга деле көп убактым болбой жатат. Көп учурда баалуу бет майларды сыйпайм. Кышкысын малина, клубника дегендерди муздаткычка салып тоңдуруп коем. Жаз келгенде аларды бетке сүйкөсө агарат, жумшарат.


Шайыр Касыма-лиева, актриса:
- Чындыгында аябай деле кам көрбөйм. Кадимки эле косметикаларды, көп учурда күндүн нурунан сактоочу бет майларын колдонууга аракет кылам. Каалоочулар болсо быштак, бышкан сүт, жумуртканын агын аралаштырып 15 мүнөт бетке койсо беттеги майда тактар, сепкилдер жоголот. Жогорудагы масканы бетке жабаар алдында марлини моюнуңузга чейин жаап анын үстүнө масканы жылуу бойдон коюп, үстүнөн жүз аарчы менен жаап коюңуз. Бул масканы жатаар алдында жасаганыңыз дурус. Бетиңизге ар кандай тактардын түшүп кетүүсүн алдын алат.


Бактыгүл Бадыева, ырчы:
- Ромашкага бетимди ар жума сайын буулап турам. Ромашка бетти тазалап, агартуучу касиетке ээ. Азыр салон ачкандыктан ал жактагы мыкты косметологдордон ар кандай процедуралардан өтүп турам.


Махабат Сексенбаева