Өлкөбүздө чыгармачыл адамдарыбыз арбын болгону менен элдик аспапты аздектеп келгендер саналуу гана экени талашсыз. Ата-бабабыздан калган кыл кыякты тартып, даңазалап жүргөн жубайлар Бакыт Чытырбаев менен Айдай Стамкулованын үйүндө болуп, кош жылдыздын балдары да таланттуу экенине күбө болуп кайттык. Анда эмесе көңүлүңүздөрдү жубайлардын маегине бурабыз.


Айдай
Стамкулова:
"Байтик айыл өкмөтүнүн эл артисти болуп жүрөм"
- Айдай эже, айтыңызчы эмне менен алектенип жүрөсүз?
- Азыр Байтик айыл өкмөтүнө караштуу үч мектепте ыр, комуз, бий боюнча сабак берем. "Кербез" бийчилер тобун түзгөм, кыздар бийлеп, ырдап, комуз чертишет. ХХI кылымдын жылдыздары, Ноорузга карата, Ала Тоо таңшыйт сыяктуу чоң-чоң концерттерге тартылам. Айылда кээде майрамдарда концерттерди өзүм уюштурам. Байтик айыл өкмөтүнүн Эл артисти болуп жүрөм (күлүп). Жаздан баштап кеч күзгө чейин убактым деле болбойт. Бакы байкеңер көчөт отургузуу менен алектенгендиктен мен кол кабыш кылып, алардын тамак-ашын даярдап берип турам.
- Кесибиңиз боюнча кыл кыякчысызбы же бийчисизби?
- Консерваторияда комуз бөлүмүндөмүн. Күрөңкеевге келгенде прима кыл кыякка бөлүп коюшкан. Аны бүткөндөн кийин комузга кайра окуганымда 2-курсуман баштап кыл кыяк ачылып калды, кыл кыякты жолдошум Бакыт тартып бергенде аябай кызыгып калгам. Буга чейин чынын айтканда кыл кыякты көргөн да, уккан да эмесмин. Ошентип кыл кыяк бөлүмүнө которулуп кеткем. Кыл кыякты өздөштүрүп анан таанышып калгам. 5-курсту бүтүп атканда турмушка чыккам. Ал эми бийчиликти "Сейтек" борборуна барып жүргөндө өздөштүрүп алгам.
- Уулдарыңыз да таланттуу болсо керек…
- Кичине чактарында Саякбай атанын Манас айтканы бар эле, ошону коюп койчубуз. Ал эки саат айтып бүткөнчө укташып анан ойгонушчу. Жомок катары угузчубуз. Кичүү уулубуз ырга аябай жакын, көбүнчө ырдап жүрөт. Ырды да бат жаттайт. Ал эми улуу уулубузду атасы азыр пианиного, скрипкага алып барып атат. Музыка чөйрөсүндө өскөн бала кийин кесиби музыкант болбосо да аспапта ойноону өздөштүрүп алса ашыкча болбойт.
- Стол четине отуруп калганда эмне жөнүндө сүйлөшөсүздөр?
- Чыгармачылык жөнүндө сүйлөшөбүз. Атасы балдары менен китеп, музыка жөнүндө чоң кишилердей сүйлөшөт. Бул жерде кыякты мындай тартыш керек, тигиндей ырдаш керек экен деп сөз кылабыз. Күн алыс комуз менен ырдап турабыз. Байкеңер көңүлү келгенде кыл кыяк тартат. Бакыга жаккан чыгарма сөзсүз элге жагат. Анткени, ага оңой менен жага бербейт.
- Чыгармачыл үй-бүлө катары биргеликте концерт берүү оюңуздарда жокпу?
- Концерт бериш үчүн бышып жетилиш керек деп ойлойм. Бакы байкеңер кыл кыяктагы күүлөрдү нотага түшүрүп бүтүп, китеп чыгарса анан окуучулары менен биргеликте концерт берсе дейм. Бирок, ал үчүн чоң даярдык керек. Эл баалап чыныгы талант болуш керек да. "А, дагы бирөө экен" дедирбей. Мен көбүнчө Мыскал апанын ырларын ырдаганды жакшы көрөм. Кыл кыякты бүткөндөн кийин "Кызыл гүл болуп жайнайсың" деген ырды кыл кыякка салып комуздай кылып ырдап көрсөм дегем. Кыл кыякка "Кызыл гүл" жакшы түшкөн. Азыр башка да ырларды салып ырдап көрөйүн деп атам. Комузга бардык ыр келе берет эмеспи, кыл кыякка келе бербейт экен. Кыл кыякты кайгылуу дешип, терең өтө оор нерселерди алып чыгышат.
- Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
- Аябай бактылуумун деп эсептейм. Жолдошум мени аябай жакшы түшүнөт. Бардык жактан колдойт. Эки балам бар. Экөөбүз бири-бирибизди толуктап турабыз. Биздин жан дүйнөбүз башкачараак кыялкеч, оокатка, байлыкка кызыкпайбыз, кыялыбыздагы нерсени аткарып, жүрөгүбүздөгү нерсени жасасак жыргап калабыз. Мен эле эмес туугандарым да "биздин күйөө балабыз жакшы" деп мактап жүрүшөт. Анткени, бул киши өзү да аябай назик киши, көңүлгө карап, кагып-силкпейт. Аябай жөнөкөй мисалы, Нурак Абдрахманов менен канча чет өлкөгө барышты, бир жолу ММК айтып чыгышпайт. Башкалар баратабыз, келдик деп эле айтып жүрүшөт го. Мен деле жолдошуман үйрөндүм, сыныктан башкасынын баары жугуштуу экен да. Өзүм табиятыман шайырмын, Бакы болсо токтоо. Мен да токтоо болуп калдым. Кайын журт жактан да мага повезло. Кайненем "тигил жагың калды, бул жагың чачык, тамагың мындай" дебейт. Чыгармачылыкты аябай колдойт. Кайынсиңдилерим да түшүнүктүү, чыгармачылыкка жакын адамдар. Андыктан жакшы мамиле кылышат.
- Ашыраалы Айталиевден да таалим алып калган экенсиз. Эмнеге төкмө акын болуп кеткен жоксуз?
- Жаштык кылып төкмөчүлүккө өтө берилбептирмин. Бирок, А.Айталиев аракет кылсаң жакшы болот деп айтып калаар эле. Мен ал кезде төкмөчүлүктүн жолун түшүнчү эмес экенмин. Ыраматылык Ашыкем айта берчү, чыксаң кыздардан сен биринчи болот элең деп. Көңүл деле бөлбөй жүрчүмүн да. Азыр өкүнөм.
- Азыр ырчылардын көбү эле тойлорго барып ырдап калышпадыбы, сиздер да барасыздырбы?
- Тойлорго мен көп барам. Эстрада менен, комуз менен ырдай берем. Тааныгандардын баары эле чакырат. Тойго чакырышкан учурда кыздарымды да кошо ала барып бийлетип жүрөм.






Бакыт
Чытырбаев:
"Күүнүн маңызына жетүү үчүн 15-20 жылым кетти"
- Бакыт агай, сизди кыл кыяктын атасы деп угуп калам, азыр кандай жылыш бар?
- Эми кыл кыяктын атасы деген туура эмес. Болгону мен ошол музыканы нотага түшүрүп алып, ал толук түшпөйт экен, аны кайра түшүрүп бир топ убара болуп атып акырында бир шарты келип күү дегенди туюп калдым. Ошондон баштап кыл кыякты тартып калдым. Жеткен ийгилигим ушул эле болгону. Ошентип тартып жүргөндө көрбөгөндөр көрүп, угуп калышты. Бүгүнкү күндө ал жактан жылыш жок. Болгон жылыш балдарды үйрөтүп аттым, азыр да үйрөтүп атам. Мен ал күүнүн маңызына жетүү үчүн 15-20 жылым кетти. Көп убакыт өтүп кетти. Азыркы үйрөнөм деген балдарга ушул жолду кыскартып оңой, түшүнүктүү кылып үйрөттүм, алардын деле саны көп эмес, болгону 2-3. Нурбек, Залина, Айнура тартып жүрөт. Залина менен Нурбек окшоштуруп атышат. Кийин алар менен байланыш үзүлүп калды. Алар азыр өз алдынча изденип жатышат.
- Багбанчылык менен алектенгениңизге канча жыл болду?
- Быйыл 12 жылдын жүзү болду.
- Эмне себептен питомниги-ңизди "Бейиш багы" деп атадыңыз?
- Себеби, алма деген биз билгени библия менен куранда айтылат эмеспи, Адам ата менен Обо эне бейиште жүргөндө алманы жей коем деп алданып калышкан деп. Диний уламыш боюнча бул дүйнөгө түшүп калганбыз да ушул алманын артынан болгон. Алма чындыгында бейиштин багы да.
- Жамин Акималиев "жамин" деген үрөөндү таап чыккан эле. Сиз да өзүңүз өзүнчө бир сорт ойлоп таптыңызбы?
- Эми ал киши окумуштуу, илимий мекемеде иштеген. Анын кол алдында окумуштуулар эмгектенген. Бул көп жылдык программанын негизинде жасалат да. Биз деген жөнөкөй дыйканбыз. Жылына көчөттүн момунча санын чыгарабыз деп эле жүрөбүз. А селекция деген бул ондогон жылдарды талап кылат. Алар мен жасаган тиричилик үчүн убакыт бөлбөш керек. Алар лабораторияга отуруп алып, ак халат кийип жасайт. Ал бир адамдын колунан келбейт.
- 12 жыл мурун канча сорт менен баштагансыз?
- Карлик деген бакты көрүп алып, суктанып биринчи ошол тамырды издөөдөн баштагам. Аны Казакстандын Мерке деген жеринен барып таап келгем. Адегенде 5-6 сорт менен баштасам керек. Аны деле мыкты питомниктерден сатып алып баштагам. Бүгүнкү күндө жалпы жонунан 70 сорт бар. Анын ичинен 45 алма, 15 алмурут, 10дон ашыгы алча, өрүк сыяктуулар.
- Бакчаңызга олтуруп кыл кыяк тартып каласызбы?
- Бактын арасына отуруп кыл кыяк тартканга мүмкүнчүлүк жок. Балдарга үйрөтүп атпайынбы мына ошол нерсе кыл кыякты көздөй буруп кетип жатат. Эгер ал жак болбосо таптакыр эле унутуп калгыдаймын. Мектепке барып үйрөтөм дегенде окуучуларда жок экенин көрүп аларга берүүгө далалат кылып өзүңдөгүнү ача баштайсың. Үйгө келгенде ошол нерсе калып калат да эч нерсе кереги жок болуп отуруп алып кыяк тарткан учуруң болот.
- Чет өлкөлөргө көп чыксаңыз керек…
- Көп деле чыкчу эмесмин, 1990-жылдан баштап 1996-жылга чейин бир топ жерлерге бардым. Францияда шаардык театр дегени бар. Ал театрга бүт дүйнө боюнча тандамал өнөрлөрдү чакырат экен. Ошолорго илинип калып, алар 4 жыл катары менен чакырып барып жүрдүк. Алар монголдор менен багыты бир экен, тамыры бир, өнөрү бир деп жүрүштү. Монголдордо "Орюнхур" деген кыл кыягы бар, башы аттын башындай болгон эки кылы бар. Бир-эки ирет Америкага фестивалга бардым. Европанын бир катар өлкөлөрүндө болгом.
- Монголдордукунан кыргыздардын кыл кыягынын кандай айырмасы бар экен?
- Алардын мүнөзү башкачараак. Айырмасы чынында эки тил сыяктуу. Алардын музыкасы 5 баскычтан турат, а биздики 7 баскычтан турат. Кичине башкача көрүнөт. Тондордун арасы алыс. А бизде жакын тондор бар. Жакын үндөр алардын кулагына жаман угулат. А бизге алардыкы жат угулат.