Бирбүркүм

Султанов кайда?
"Ата Журттун" араларын кара мышык аралап, бөлүнүп-жарыла баштады деген кептер айтылганына көп болду. Садыр Жапаров менен Камчы Ташиев, Мелис Мырзакматовду жакалаштырып, ага-ини Марат Султанов менен Акмат Келдибековду араздаштырып ийишти эле. Жакында аталган партия лидерлери Келдибеков, Ташиев, Жапаров арай көз чарай отурушуп элге кеп болбойлу, ортодогу интриганы токтотолу дешиптир. Болбосо коалиция ыдырап, "Ата Журт", "Ар Намыс", "Ата Мекен" биригип бийлик түзмөй болушкан. "Ата Журтка" Текебаевдин текеберлиги жакпай ойлор ойрон болуптур. Баса, Марат Султанов он күн ашык болду дейт ишке келбегенине. Ал Кыргызстанда эмес, четте жүрөт экен. Тымызын президенттикке аттанууга кам уруп атыр дейт.


Отунбаева ооду
Роза айымдын акыркы мезгилде таманы жерге тийбей айылчылаганга өттү. Европа, Америкага барып келгенден бери, өзгөчө Хиллари айымдан сыйлык алгандан бери кыргызга болгон мүнөзү өзгөрүп, өзгөгө ооп желип-жортуп эле калды. Жакында Ошко барып, өзбек туугандарына айай көрүнүп, кечирим сурап келди. Муну билермандар азчылыкка болушкан океандын ар жагындагы өлкөгө, өзү мүчө болгон жөөттөрдүн Массон уюмуна берген убадаларын аткара баштады дешти. Ош коогалаңында эл-жер коргоп курман болгондорго эмгиче зыйнат кылып, баалап койбогонго түштүк эли түңүлүп отурат. Чыныгы баатырлар ушулар эле. Эч болбосо эбин таап, көңүл алып койсоңуз болмок.
Учурда президенттик аппаратта Улуттук концепсия даярдалып атканын, анда кыргыз тили мамлекеттик тил болбой эле буту-колу тушалып калганын депутаттар айтып жакасын карманышты. Бу апжебиз кайда баратат? Баса, Отунбаеванын Англиядагы кызымдын үйү деген үйдү Максим Бакиев алып берип, кызматына эжебиз Максимдин жакындарын качырууга, бошотууга убада кылган имиш. Мындай кеп акүй короосунда айтылып жүрү. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи, Бакиевдердин сыртка чыгып кетиши, болбосо кечээги эле кармалган Малеванная, Жороевдердин качып кетиши күмөн санатат.

Кулмурзаевдин кулкуну
Кыргызгаздын деректири Кулмурзаев Жогорку Кеңештин комитетине келди. Газ боюнча кызуу талкуу жүрүп, деректир газдын дарегин ар кандай божурап, депутаттар алган жоопторуна канааттанбай суроолорду жаадырышты. Кулмурзаев кутулайын дедиби, оройлоно жооп берип, депутат Азамат Арапбаев менен айтышканга чейин барды. Ал газ башкармалыгына келгени кадр маселесинде туруктуулук жок, 37 адам жумуштан шыпырылып, 257 млн. сом коромжу болсо, ортодон көптөгөн газ сол жакка солонуп кетиптир.


Байболов Силичти тааныйбы?
Өткөн аптадагы гезитибиздеги Байболов менен болгон маектен улам телефон кулагы тыйылбай, Байболов менен Силичтин мамилесине кызыгып сурап атышат да эй. Бу кандай, Байболов маегинде "Менин аны менен (Силич менен) тааныштыгым жок, эгерим көргөн эмесмин" дейт да, кайра эле кийинки жоопторунда "маалыматты Силичтен угуп атканын, бирок жеке тааныштыгы жоктугун айтат". Андай болсо гезитке чыккан Силич менен түшкөн сүрөтүн кайда катат. Байболовдун сөзүнө ишенебизби же сүрөтүнөбү дешет. Кимге ишенсеңер өзүңөр билгиле.


Абактагылар ачка эмес экен
Абактагылар ачкачылык жарыялап, туугандары Акүй алдына депутат, өкмөттү демитип барган. Камалгандардын ата-энеси балдарыбыз ачка отурушат, койгон талаптарын аткаргыла деп көздөрүнө жаш алышкан. Бирок, абактагылар алдын ала тамак-ашын камдап алып, түнү кампайып тоюп алып атканы маалым болду. Молдовановкадагы №1-колонияда ачка отурабыз деген камактагылардын ордуларынан бекитилген тамак-аштар чыгыптыр. Аны кызматкерлер текшерип, сүрөткө түшүрүп алышкан. Мына өзүлөрүнүн ички мыйзамында туруктуу, чындык үчүн чыркырайт деген камактагылардын калпы чыгып калды. Кечээ ачкачылык акцияларын токтотуп, тамакка киришишти. Койгон талаптары аткарылган жок.


Жол болсун Жолдошева
Жылдыз Жолдошеваны Курманжан датка энебиздин атындагы фонд түзүп, анын атына жамынып өз пайдасын көрүп атат, бирок энебиздин күмбөзүнө же башкасына бир да кол кабыш кылып койбоду деп жазмакерлер далай жазышты. Ушундай сындар жетер жерине жеткенби же чындап эле "Курманжан Датка" фондунун кызмат кылар учуру келгенби, айтор жакында Ошко барып, датка энебиздин күмбөзүнөн кабар алып, курмандык чалып кайтты. Ичибиз жылып калды. Быйыл Алай ханышасынын жылы, энебизге кызмат кылар күн келди. Ишиңиз илгерилеп, жолуңуз болсун Жылдыз айым.


Укук коргообу же кордообу?
Оштогу укук коргоо кызматкерлери коогалаңдан кийин каалагандай сайрандап, укук коргоо эмес, укук кордоого өтүштү деген даттануулар бар. Жакындан бери кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдү издейбиз деген шылтоо менен Оштогу ишкерлерди кекиртектен кармап кекетип атышыптыр. Мемиреп жаткан мейманканалардагы конокторду кокодон алып, бүктөп барып камап, укугун тепсеп атышыптыр. Мындай кордолгон фактылар күн санап катталганын айтып, кордук көргөн ишкерлер дат деп жүрүшөт.


Белгилүү эстрада ырчысы
Шахрезада Аскаровага
кызы Айнура Дүйшөналиеванын
мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу "Асман пресс" гезитинин жамааты көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.

"Асман пресс"