Коогалаңдагы кокуй күн

Айыкпас дартта жара көп,
Азаптуу калкта арман көп
Бардыгыбыздын кабыргабызды кайыштырып кеткен Ош коогалаңында жоголгон балдардын жакындары Акүйдүн алдына митинг уюштурушту. 9 айдан бери өлүү же тирүүсү белгисиз болгон балдары үчүн сыздаган ата-эне айлабыз кеткенде шаарыңарга келип отурабыз дешти. Анда кеп кезеги митингчилерде.


Шаани Топчубаева:
"Милийсалардан
да көрүп атам"
- Уулумдун табылбай жатканына 10 айдын жүзү болду. Баламдын аты Арзыбаев Мирбек. Алайдын Үч-Дөбө айылынан. Үйлөй элек элем, зыркырайсың да анан. Бир өзбек бала кармалды деп коюшту. Калган 5 бала кармалбай жүрөт. Кыргыз балдарды Жони деген боксер бала Өзбекстанга алып кеткен деп айтып жүрүшөт. Кыргыздын балдары күрөөдө экен, ушуну карап бергиле деп атабыз. Роза Отунбаева эки жолу Ош жергесине барды, бирок эки жолу тең бизге жолукпай баса берди. Ага караганда Ибрагим Жунусов биз менен сүйлөшүп, көйгөйүбүздү угуп кетти. Роза айым барып алып көрүнгөн жерди кыдырбай бизге жолугуш керек эле. Эне катары биринчи бизден кандай жыйынтык болуп атат десе болот эле да. Органдын адамдарына баары бир болуп жатпайбы. Менин баламды тирүү деп атышкан, ошону менен дайын жок.
- Органдагы адамдардын аттары ким?
- Рашид Жумабаевич дегенге барсам. "Туруп туруңуз эже, балаңызды куда кааласа табабыз" деген эле. Айлам кеткенде көзү ачыктарга да бардым. Алар да балаңыз тирүү деп атат.
- Эне жүрөгү эмне деп атат?
- Энелик жүрөгүмдө баламды өлүк деп эч качан ойлобойм. 11-июндагы коогалаңда жүрүп 15-июнь күнү үйгө барган. 17-июнь күнү жоголуп атат. Мен муну бир жагы милийсалардан да көрүп атам. Эгерде табылбаса анда мен тергөө органдарынан эле көрөм. Себеби, алар аралашып бир балээ кылып койду. Тогуз айдын жүзү болду Текебаев менен Бекназаровдун жүзүн көрө албадык. Атамбаев бир-эки ирет жолугушту. Калгандарынын ойлорунда жок.
- Сот иштери кандай жүрүп атат?
- Сотко барабыз, алар мына кел, ана кел деп коюп атышат. Мен өлтүрдүм деп мойнуна алган адамга 3-5 жыл берип коюшат. Ошондойлор кыжырданууну туудуруп атат. Өлкө башындагылар неге сотторду карабайт.
- Өзбектер менен мамилеңер кандай?
- Эми өзбектер менен мамилебиз өтө деле начар дештен алысмын. Бирок, балдарды эстегенде кыжырдануу пайда болуп кетет.


Бурма Ашимова: "Арыз жаз деп коркутуп-үркүтүүгө чейин барышты"
- Балам Ашимов Назарбек 21 жашта эле. 11-июнь күнкү коогалаңда саат 2де жоголгон. Ноябрда ДНКсы чыкты деп Москвадан кагаз келген. Кагаз келгени кайсы менин балам экен деп сурап келсем 35-55 жаштын ортосундагы адамдын сөөгүн берип атышат. Бул чоң кишини кантип дитим барып көмүп алам, менин балам эмес десем, тергөөчүлөр алсаң да аласың, албасаң да аласың, арыз жаз деп коркутуп-үркүтүүгө чейин барышты. Мен албайм деп болбодум, мына март айы болуп отурат. Башка жыйынтык жок.


Абдирахим Данияров:
"Ааламды берсе да балама татыбайт"
- Ош окуясынан бери балам дайынсыз, менин барбаган жерим, какпаган эшигим калбады. Баары жоктон көңүлүм көк таштай калды. Мына баламды таап бергиле деп Акүйдү тегеренип жүрөмүн. Мага ааламды берсе да балама татыбайт, баламды таап беришсин. Балам 2-курста ОшМУда юрфакта окуйт эле. Төрт бала болгон, менин балам үчөөнөн бөлөк качкан. Бычак жеген, келтек жеген үч бала тирүү, менин балам жок. Өзбек балдардын кожоюнун тутуп, мына ушул билет деп берсем Ак-Буурадагы иштеген милийсалар бир да айып жок экен деп кое берген.
- Милийсалардын аты жөнү ким?
- Дүйшөн, Адилет деген балдар, фамилияларын билбейм.
- Эми сиз кандай кадамга барасыз?
- Менде эми Алладан башкадан үмүтүм жок. Өкмөттөн көңүлүм көк таштай калды. 9 айдан бери таппаса, кармаган өзбекти кое берип атышса эмне дейм буларга. Эгерде эч кандай чечим кабыл алышпаса өзбектерди барып өрттөймүн да өлтүрөмүн. Мени да камап өрттөй беришсин.


Гүлсара Курманалиева: "Сотторду алмаштырышсын "
- Баламын аты Жаныбек, Баткен согушунун катышуучусу, 2-группадагы инвалид. Баламдын 3 баласы бар эле. Менин колумда турчу. Ош окуясы болгон учурда 13-июнь күнү облусттук бейтапкананын көчөсүнөн уулума ок тийип ошол боюнча дайынсыз болуп кетти. Изилдөөгө караганда өзбек балдар баламды машинеге салып, Өзбекстандын чек арасына чейин алып барышкан экен. Ошол жерге барганда баламдын чөнтөгүнөн "афганец" деген документин алышкан. Ал жерде багыт берип турган өзбектердин штабы болгон. Ошол штабда баламдын документтин Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Шадманов Абдирашид деген алдырган. Андан кийин эки колун крест байлап суунун боюна алпарышып кетмендеп чабышып сууга ыргытууга, 2 литр бензин куюп өрттөөгө аракет кылышат. Өрттөнбөгөн соң чырпык менен өрттөшкөн. Ошону менен баламдын сөөгү, чабындылары кай жакта калганын билбейм. Он ай болду издеп, боздоп жүрөм. Ошол убакта бир тууган эжеси "Ош шейиттерин" түзүп, өлгөн-тирилгендерди көрүп жүрүп уктаган бойдон турбай бул дүйнө менен коштошуп, кара жерди кучактап жатып калды. Ал кызыман да 3 бала калды. Азыр 6 жетим менен калдым.
- Нариман айыл өкмөтүн кармаштыбы?
- Айыл өкмөтү өзбек улутундагы адам, "мен анткен эмесмин" деп танып, көргөндөр айтып атса да мойнуна албай атат. Акчасы көп экен суудан кургак чыгып жатат. Ошол жердеги өлүктөрдүн көбүнө катышкан. Ошол эле сот органдарына нааразыбыз. Тергөө учурунда кармалып келген балдардын бардыгы сот процессинде акталып чыгып кетип жатышат. Сотторду алмаштырып, тергөөнү жандантсын. Биздин балдар бекер өлгөн жок, кыргыз жерим, элим деп өлүштү. ДНК чыгаруудан Россия баш тартты, эми Кытайга жиберип атышат, бирок ал жактан эч нерсе чыкпасына көзүбүз жетип турат.


Мээрим Айталиева




Бирөөгө ый, бирөөгө ыр

Бүбайша Арстанбекова, укук коргоочу:

"Өмүрүмө кол салды"

- Сиз бул жерде кимдердин укугун коргоп жүрөсүз?
- Түштүк коогалаңында жабыр тарткандардын укугун коргоп жүрөм.
Азыр кан басымым көтөрүлүп тез жардам чакырып, укол алып келдим. Себеби, "Айкөл Ала-Тоо" уюмунун жетекчиси Кошой деген киши өзүнүн кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп 200 адам менен келип, атып-кырып кетем деп мени коркутуп кетти. Анда мени өлтүр, Кошойдун колунан өлдүм, эмнеси болсо да элиме айтып өлөйүн деп кан басымым көтөрүлгөндөн ооруканага кеттим. Мен кеткенден кийин Кошой деген киши өзү келип, жабырлануучулардын алдында кечирим сурап кетиптир. Бирок, жеке менден кечирим сураган жок. Мен укук коргоочу катары Ош коогалаңында каза болгон балдардын энелерине, жакындарына жардам берип, укугун коргоп жатам. Айтайын дегеним эч качан баласы өлүп кан жутуп турган эне, баласынан ажырап кабыргасы кайышкан энеге каршы сүйлөбөйт. Ал эми саясатчылар элдин башын айландырып шейиттерди түндүк-түштүк кылып экиге бөлүп салганы мени өкүндүрөт.
- Сизди ал киши эмне себептен антип коркутуп жатат?
- Себеби, мени Курманбек Бакиевдин тууганы Санжар Бакиевди коргоп жатасың. Бакиев бизди аткан деп айыпташууда. Мен бул жерде эл-жерди коргойм деп шейит кеткен балдардын ата-энелери 9 айдан бери арыз муңун айтып чыгууга мүмкүнчүлүгү болбой, жергиликтүү бийликтерден эч кандай жардам, жыйынтык чыкпагандан жүрөктөрү ооруп, ушул жерге келгендердин укугун коргоп жатам.
- Санжар Бакиевдин укугун коргогонуңуз үчүн ушундай коркутуу болуп жатат дейсизби?
- Албетте, мен мындай коркутууну өмүрүмө кол салуу деп эсептейм. Санжар Бакиевдин укук коргоочусу катары айтып келе жатам. Сот, прокуратура дегендердин колдорунда эч бир далили жок. Ал карапайым, өз оокатын өзү кылган жетим бала. Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, ал мамлекеттик бийликте иштеген эмес, 7-апрелде Бишкекте болгон эмес. Кытайдан 11-апрель күнү учуп келген. Мындан сырткары атасынын бир тууганы кылмыш кылса, калган туугандары жооп берет деген мыйзам дүйнө жүзүндө жок. Ошондуктан мен анын укугун коргодум жана коргой берем.
- Кечиресиз, Санжар Бакиевди кылмышка шектүү деп кармалганы менен эч далил жок деп жатасыз. Теледен көргөзүлгөн фактылар далил эмеспи?
- Июнь окуясына чейин Жалал-Абаддагы Тейит айылындагы болгон окуяда эки киши каза болгон. Аларды сепаратисттик топтун жетекчиси Кадыржан Батыровдун кишилери аткандыгы аныкталып жатат. Ал жерде "Ата-Мекен" партиясы да бар. Анда партиянын лозунгдары жазылып, ооздоруна жоолук байланып келаткандары видео материалда даана көрүнүп турат. Анын видеосун мен силерге берем. Соттун жүрүшүндө Санжар Бакиевге май окуясындагы массалык башаламандыкты уюштурган деген күнөө коюлган. Бул жерде мамлекеттик айыптоочунун айтканынын бир да далили жок. Экинчиден, Санжар Бакиев өзүнүн агасынын бийлигин кайра орнотуу үчүн мамлекеттик мүлккө жана Жалал-Абад областтык админстрацияга кол салды, бийликтин өкүлү Бектур Асановду уруп-сокту деген күнөөлөр коюлган. Сотто күбө катары Бектур Асанов дагы катышып, ал жерде Санжар Бакиевди көрбөгөндүгүн жана ал массалык башаламандыкка катышпагандыгын айтып, далилдеп берди. Жалган маалымат экендиги ошондон кийин белгилүү болду. Ошондуктан КТРКнын Ала-Тоо аналитикалык программасынан кеткен Санжарды коркунучтуу кылмышкер катары көрсөткөн маалыматтын монтаждалып, атайын даярдалып берилгендигине байланыштуу аны кайталап көрсөтпөшүн жана ал материалга тыюу салынсын деп жетекчилигинен сурандык. Бул кийин сот аркылуу аныкталат. Ак ийилет, бирок сынбайт дегендей. Бир күнү чындык чыркырап чыгат.
- Түштүктөгү улут аралык кагылышуудан жабыр тарткандардын борбор калаага келип пикетке чыгышынын максаты эмне, токтоло кетсеңиз?
- Түштүктөн келген жабырлануучулардын максатын мен мындай деп айтып кетер элем. 10 айдан бери бир дагы жардам берилген эмес. Булар материалдык же моралдык жардам алышпаптыр. Керек болсо балдарынан айрылган адамдарга мыйзам боюнча прокуратурадан чечим чыгарып, мыйзамдуу өкүл деген колдорунда кагаз да жок. Сот, прокуратура, милиция, МУКК деген тиешелүү органдар кайдыгер мамиле кылган. Биз талап коюп жатабыз. Биринчиден сот, прокуратура, милиция күч органдарынын башчыларын алмаштыргыла жана ар бир жабырлануучунун арыздарын, медициналык экспертизанын жыйынтыктарын жана күнөөлүүлөргө козголгон иш кагаздарын (делосун) таап, ар биринин колуна бергиле. Экинчиден, жүздөгөн кырчындай жаш жигит-кыздарды ким өлтүргөн? Кандай чаралар колдонулуп жатат? Издөө салындыбы? Кылмышкерлер табылдыбы же табылган жокпу? Мыйзамдуу өкүл катары кайсыл жерге барсак натыйжалуу жыйынтык чыгат деп бул адамдардын укугун коргоп жатам. Булардын негизги талаптары түштүктөгү июнь окуясын ким уюштурду? Күнөөлүү кишилерди таап, күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартып берүүсүн талап кылып турушат. Өз балдарынан ажырап, аянтка чыгып турган адамдарды саясий олжо катары пайдаланабыз деген саясатчы, партиялар, уюмдар келип жатат. Ошолорго угуп койсун дедик, биздин ынтымагыбызды бузбасын, түндүк-түштүк кылып, "Мекен Шейиттери" менен кагыштырбасын деп сурандым.