Төбөлдөрдөн төматек

Кубатбек Байболов, баш прокурор:
"Бабанов, анын жубарым-бектери жүзү кара экенин мойнуна алышсын"
(Башы 2-бетте)
- Бабанов Максимдин мүлктөрүн алып атат. Максимден араң кутулсак Бабанов чыкты деген кеп желип-жортуп жүрөт. Мунун чындыгы барбы?
- Алып атпайбы. Максимдин медиаресурстарынын барын басып алып, ошолорду агытып тайраңдап эле атпайбы. Маселен, 5-каналды, НТСти алып көргүлө, улутташтырылганына карабай Бабановдун карамагында. Алар бизди бир беткей согуп, уурусу күч болсо ээси доого жыгылат болуп атпайбызбы. Максимдин куйруктары баары биригип келип туруп бизди төөбастыга алып атат. Бабанов баш болуп Мурзалиев, фракция башчысы Исаев баары Максимдин кол алдында иштегендер. Ал эми Исаев деген неме Токмокто чуусу чубалып жатса, биякта элге сынтакканды эмне кылат? Анын кылмыш иштери депутаттыгына байланыштуу гана токтотулуп турат эмеспи.
- Максимдин бир топ мекеме-ишканалары болгон. Ошолорду мамлекет алган-албаганын калың калк билбейт. Булар да билинбей жең ичинен аш болуп кетпейби?
- 47 чоң объект улутташтырылды. Көз жаздымда калган бир топ мүлктөрү азыр чыгып атат. Аны конфискация жолу менен алганы жатабыз.
- 7-апрелде Максимдин акчалары чачылып эле жатып калды. Убактылуу өкмөт миллион доллар бөлүшкөнү да ачыкка чыкты. Ошол чачылган акчаларды көзөмөлдөй алдыңыздарбы?
- Мен бул кызматка келгенден беркисин айтайын, негизинен 21 миллиондон ашык доллар чыккан. Барына тең прокуратура тергөөчүлөрү акт түзүп, мүшөктөргө бекитип Улуттук банкка өткөрүп берген.
- 2005-жылдын 24-мартында Жалал-Абаддагы банкта жоголгон акчанын изин таптыңыздарбы?
- Ооба, аны тергеп, күнөөнү Жаныш Бакиевге, анын өнөктөштөрүнө коюп, сотко жибергенбиз. Эми сот карайт.
- Саясатчы катары сурагым келип турат. Коалиция тарайт деген кептер айтылып атат. Коалиция тарагандан бир нерсе өзгөрөбү? Коалиция түзүүнүн негизи кандай?
- Кеп азыр коалициянын сапатында деле эмес. Маселе ошол түзүлгөн конструкциянын чабалдыгында болуп атпайбы. Ич ара абдан карама-каршылыкты туудуруп атат. Мурдагы аралашма бийликтин аракетиндей эле. Коалиция тараса эле кризиске кабылабыз деген болбогон кеп. Парламенттин табияты ушундай, бүгүн мунусу тараса, эртең башкасы түзүлөт. Мына Турция, Италияда күн алыс эле коалиция тарап, башкасы түзүлүп атпайбы. Алар эч нерсе болбой эле өнүгүп атат.
- Мурдагы бийликте криминалитеттер күч алып кеткен. Азыркы бийлик алар менен күрөшүүнү баштадык деди эле. Бу маселеде жылыш барбы же эски бийликтегидей эле алдап-соолап коюу күчпү?
- Жок, криминал менен күрөшүү болуп көрбөгөндөй аракеттин үстүндө. Акаев, Бакиев тушунда аябай күчөп кетпеди беле. Азыр алгылыктуу аракеттер бар.
- Азыр оппозициянын атын укпай калдык. Бул өнүгүүгө кедерги тийгизбейби?
- Азыр оппозицияң кайда, пропозицияң кайда - билинбей калды. Кечээ эле Максимдин жанында арыгын чаап жүргөндөр бүгүн тим эле чынчыл, коррупцияга каршы күрөшчүл болуп чыгып атпайбы. Кыргызстандын мүлкүн тоноп алгандар бийликке кайра келип, башкаларга көө жаап атса накта күйүт ошондо экен да.
- Революция өз максатына жетпей калды дейсизби?
- Революция максатына жетпей калды. Ийлеп-ийлеп итке салынды болду. Акаев, Бакиев кезиндеги ичип-жеген шумпайлар бүгүн кой терисин жамынып алып бизди шорлотуп атпайбы.
- Мыйзамды мыктап түшүнгөн адис катары айтсаңыз, бизге кандай башкаруу формасы керек. Дегеним, азыркы жолубуз деле бир беткей болбой, аралашып эле жатып калды го.
- 2005-жылы парламенттик жана президенттик конституциянын долбоорун иштеп чыгып жарыя кылбадым беле. Кандай болгон күндө да бир беткей болуш керек эле. Таза парламенттик же таза президенттик. Азыр парламенттик башкаруу деген менен анын классикалык, илимий жобосу башкараак. Бизде кайрадан эле баягы буламык болуп калды. Кайра эле баягы аралашма башкаруу иштеп атат. Бийликтин эки легитимдүү чоң борбору чыгып атпайбы. Булар акыры тирешпей койбойт. Мындан жаңжал чыгат. Бизге парламенттик башкаруу жарабайт деген болбойт. Болгону азыр байкалып тургандай мүчүлүштүктөр болгонунда.
- ИИМден Баш прокуратурага келгениңиздин жөнүн да ар нерсеге жоругандар болгон. Кыскасын айтканда бул жакка өз кызыкчылыгыңыз менен келген экенсиз. ИИМден пайда табалбадыңызбы?
- Эми өзүм билип эле автобуска түшүп Кара-Балтага кете бергендей эмес да. Бар дешти бардым. ИИМде шайлоодо административдик күчтү пайдаланбайсыңар деген талап менен турбадымбы. Мен ойлойм, ошого байланыштуу жылдырды го деп. Ал жерде канткен менен административдик күч бар. Министрдин кол алдында эле 17 миң киши бар.
- Өзүңүздүн партияңыздын иш аракетине каршы турган турбайсызбы. Административдик күч колдонулбай, "Ата Мекен" аз добуш алып калды. Туурабы?
- Биздин партия административдик күч колдонбойбуз дегенбиз. Максатыбыз эски жаман адаттан арылуу болгон.
- Өкүнүп калдыңарбы?
- Албетте, ар бир нерсенин утулуу, утушу болот эмеспи. Эми акча каражатынан да башкаларга караганда ченелүү болбодубу. Башка партиялар кандай чачты көрдүңөр да. Акча чачуу жагынан бул кыргыз тарыхында болуп көрбөгөндөй шайлоо болду.
- Азыр "Ата Мекен" ичинде келишпестиктер, ыдырашуу болуп атыптыр, Текебаев колундагы бийлигин алдырып ийди дешип…
- Андайлар бардык эле партияда болуп атат. Парламенттик башкаруунун табияты ушундай. Мурун партиянын ролу жок болуп, бийликке катышпагандыктан кимиң лидер болсоң ошоң бол деп жүрбөдү беле. Азыр эми чоң таасирге ээ болгондон кийин ички күрөш сөзсүз болот. Боло турган нерсе, болуш керек. Партиянын ичиндеги тазалыкты сактай турган бирден-бир механизм.
- Баш прокуратуранын мурдагы имаратынын абалы кандай болот. Кайрадан кайрылып баруу мүмкүнчүлүгү барбы же…
- Биз ойлогонбуз, ремонттоп, көчүп барсак деп. Эксперттер аныктама беришти, өрт абдан катуу болгондуктан курулуш жабдуулары жараксыз болуп калыптыр. Ремонттогонго болбойт экен. Эми дээрлик буздуруп кайра салдырууга мажбур болуп атабыз. Тендер жарыяладык, буюрса жылдын орто ченинде башталат. Мамлекетке кайтарылган акчалардын эсебинен каражат бөлүндү. Бир жыл ичинде бүтүрсөк деген ой бар.
- Кубатбек Калбекович, маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!
Керим Айдаров