Жандүйнө

Көлөкөм менин
Экөөбүздү тааныштырган жаздын жылдыздуу түнү эле. Азыр кайда жүрдүң экен менин жан эркем Айдай? Сени алгач көргөндө сулуулугуңа гана суктанып калбастан, акылдуу назик жан экениңди да сезгем. Бирок, сулуунун жүрөгү суу деген чын беле айтор, менин жүрөгүмө ысык чокту таштап кете бердиң. Ага өзүмдүн бала кезимден дос болуп жүргөн Бакыт себепчи болду. Мен сени күнү-түнү ойлойм, эстейм. Бирок, сен кечирбейсиң анткени, ишеничиңди актаган жокмун. Ошол күндү эстесем барын унутуп эч ким жок ээн талаага кетким келет, көлөкөм. Баса, сага менин көлөкөм деген сөзүм абдан жакчу эле го. Аны укканда күлкүң шаңшып бир гана мен үчүн жашап жүргөндөй сезчүмүн. Аттиң, ошол күндөрдүн тамыры кыркылды да бир гана элес болуп кала берди. Сен эстейсиңби? Мен ар дайым эстейм. Сен үчүн жанымды берүүгө даярмын. Кайрадан жаңы өмүр баштасак арманым жок өтөөр элем. Айдай, көлөкөм менин, кечирчи. Келчи!
Дамир