24.03.2011-31.03.2011
Кой. Бул жума сизге көңүл жылытарлык деле эч нерсе алып келбейт. Мүмкүн болушунча коомчулуктан четтөөнү каалайсыз. Кийерге эч нерсем жок, же ооруп атам же… айтор, болгон шылтоону табасыз. Сүйүү жаатында жабыр тартып жүргөн болсоңуз бул аптада ишиңиз алга жылып кетет деп айтуудан алыспыз. Колуңуздан келишинче кайыр саадакка кылууга аракеттениңиз.
Букачар. Букачарлар жеке өз иштери менен алек болушат. Сиздин кыялыңызды орундатуучу күндөр эми келип жетти. Иштеген жериңизде, досторуңуздун арасында өз ордуңузду биле жүргөнүңүз ашыкча болбойт.
Эгиздер. Кандай жерге барбаңыз көңүл чордонунда болууга аракет жасаңыз. Сизден тажрыйбалуу адамдардын айткандарына кулак түрө жүрүүңүздү айтышат жылдыздар. Дем алыш күндөрү ден соолугуңузга кам көрүп, спорт менен машыгыңыз.
Бөйөн. Бөйөндөрдүн биринчи планына билим алуу, саясий кызыкчылыктар турат. Бөйөндөрдүн бир бөлүгү үй-бүлөлүк, же жакын адамдарынын көйгөйүн чечүү менен убараланышат. Ошондой эле жан дүйнөңүзгө ырахат тартуулап музыка угуп, кинотеатрларга барыңыз.
Арстан. Киреше алуу булактары, социалдык абалды жогорулатуу боюнча маселелердин үстүндө жүрөсүз. Сизден социалдык статусу жогору адамдар менен ымала түзөм десеңиз бул апта эң ыңгайлуу учур болуп бере алат.
Бийкеч. Жылдыздардын жымыңдашы иш жумаңыз жакшы өтөөрүнөн кабар берет. Жуманын экинчи жарымында чечилбеген юридикалык суроолор сиздин пайдаңызга чечилет. Алдыңызга кандайдыр бир максат койгон болсоңуз ага жетүү үчүн бардык нерсеге даяр болуңуз.
Тараза. Коллектив менен жакшы мамиледе болуңуз. Анткени, ишиңиздин алга жылуусу үчүн бирге иштеген адамдардын жардамы керек болот. Жалаң эле иш деп жүрүп ден соолугуңуздун начарлап кеткенин байкабай калып жүрбөңүз. Колуңуздан келишинче витаминдүү азык-түлүктөрдү пайдаланганга аракеттениңиз.
Чаян. Чаян жылдызындагы селкилер үчүн апта жагымдуу, романтикалуу кечелерге бай болот. Жуманын экинчи жарымында таанышуулар көп болуп, жаңы досторду табасыз. Чыгармачылык менен алектенген чаяндарга жума жаңы эргүү тартуулайт.
Жаачы. Жылдыздар сиздин жаңы идеяларыңыздын ишке аша тургандыгын айтышат. Идея тапкандыкы эмес, идея ишке ашыргандыкы дейт. Андыктан башка бирөөнүн идеясы болсо да тартынбай ишке ашырганга далалаттаныңыз. Жакын адамдарыңыз менен урушпайын десеңиз, айткан сөздөрүнө маани бербей эле койгонуңуз дурус.
Текечер. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык экенин эсиңизге салып, коңшуңуз менен мамилеңизди бекемдеңиз. Жакшы көргөн адамыңызды таарынтып албайын десеңиз, туура эмес сүйлөп алуудан этият болуңуз. Айтылган сөз атылган ок экенин унутпаңыз. Жума ошондой эле маданий иш чараларга катышууга ыңгайлуу.
Суупери. Сууперилер жакын адамынан кымбат баалуу белек алышат. Каржы маселесин ойлонбой деле койсоңуз болот. Себеби, кайдан-жайдан жеке бюджетиңизге киреше кирет. Жума күнү шаар четине чыгып кетсеңиз болчудай.
Балыктар. Сиздин тамашакөй-лүгүңүз көпчүлүктүн көңүлүн бурат. Өзүңүздүн келбетиңизге да көңүл бура жүрүңүз себеби, кайсы жерге барбаңыз сыртыңызга карап тосуп алып, сүйлөгөнүңүзгө карап узатат. Жалпысынан алганда апта балыктар үчүн ийгиликтүү болот.щ