Өнөркана

Баян Акматов:
"Намёк менен ырдайм"

Эрлан Салбаров:
"Бизде атаандашуу болбойт"
- Экөөңөрдү тааныштырган чыгармачылык жол болдубу?

Б: - Мен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 3-курста окуп жаткан мезгилде Эрлан 1-курстун студенти эле. Ал Балыкчы шаарынан окуп келген экен. Биздин жашыбыз да тең. Алгач көпчүлүк студенттердей эле саламдашып коюп жүрдүк. Акыры өнөрдүн аркасы менен бириктик. Эрлан аккордеон, мен комуз чертем. Бирге ырдоону биринчи Эрлан сунуш кылды. Себеби, тааныш байкелери ырдап жүргөн экен. Ошолордун планындай кылып экөөбүз бирге ырдап чыкмай болдук.
- Чыгармачылыктын изи кайсы учурдан башталды экен?

Э: - Бала кезден эле аралашкам десем болот. Кичинекей кезимде Рыспай, Асанкалый, Чубактын ырларын оозумдан түшүрбөй ырдап, ошолордой болуп ырдасам деп кыялданып жүрчү элем. Өзүм Ысык-Көлдүн Тоң районунан болом. 10-класс кезимде Балыкчы шаарындагы индустриалдык техникумда окуп, ал жерден аккордеон, комузду мыктылап үйрөндүм. Эл аралап тойлордо, кафелерде ырдадым. Ал эми чоң сахнага былтыр "Аралаштын" концертинде чыктым. Буга чейин конкурстарга катышып эле жүргөм. Чоң сахнанын сүрү бир топ эле болот экен.

Б: - Нарын областынын Эмгек -Талаа айылында төрөлүп чоңойдум. Чыгармачылык мен жана менин үй-бүлөм үчүн чоочун эмес дээр элем. Анткени, чоң аталарыбыз Акмат жамакчы экен. Азыр 84 жаштагы чоң атам Табалды комуз менен ырдап жүргөн киши. Ошо адамдын таасиринен уламбы төкмөлүк өнөрдү аркалап кеттим. Азыр да айылга барып калганда чоң атамдын маңдайына олтуруп алып ырдап берем. Ал киши менин биринчи сынчым десем болот.
- Устаттарыңар жөнүндө айта кетсеңер?

Б: - Замирбек Үсөнбаев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев агайлар.

Э: -Балыкчыда техникумда окуп жүргөндө Талант Сыдыков агайдан көп нерселерди үйрөндүм. Андан кийин Улукмырза Полотов агайымдан сабак алып келе жатам.
- Экөөңөр келишим менен иштейсиңерби же кыргызча элеби?

Э: - Баян экөөбүздө эч кандай атаандашуу же бири-бирибизге тирешүү болбойт. Сен аз ырдадың, мен көп ырдадым деген нерсе жок, андай жашабайт дагы. Биз бир тууган ага-инидейбиз. Баян беш маал намаз окуйт.

Б: -Эрлан дагы беш маал намаз окуп, дин жолунда жүргөн мырзалардан. Кандай кырдаал болбосун адам кечиримдүү болуш керек. Кимден күнөө кетсе да биринчи кечирим сураган адам ал чоң сооп табат делет.
- Үй-бүлөлүүсүңөрбү?

Б: -Келинчегим экөөбүз наристе күтүүдөбүз. Биз буга чейин ичкиликсиз кантип той өткөрөбүз деп башыбыз маң болгон. Акыры эки тарап кеңешип ичкиликсиз той өттү. Абдан жакшы болду. Ошондо биринчи ирет тойду ушундай өткөрсө болооруна ынандым.

Э: - Азыр бойдокмун. Сүйлөшкөн кызым бар. Ал менин чыгармачылыгымды туура түшүнөт деген ойдомун.
- Динде ырдабаш керек, ал шайтандын иши деген сыяктуу нерселер айтылат го?

Б: -Бизге да убагында ошондой нерселер айтылган. Бирок, биз Жеңишбек агабыздан үлгү алып ата-энени даңктаган. Ата Мекенди сүйгөн ырларды жаратууга максат койдук. Негизи кудайды даңазалап, бирок ошого жараша адамдын ички жан дүйнөсү да туура келсе бул абдан жакшы нерсе.
- Кандай чыгармаларды аткарып жүрөсүңөр?

Э: -Биздин репертуарыбызда азыр "Делбирим", "Кыргыз жери" жана "Энекем" аттуу ырлар бар.

Б: -Андан тышкары аккордеон комуздун коштоосу менен Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Чубак Сатаевдин, Бек Борбиевдин ырларын аткарып жүрөбүз.
- "Энекем" деген ырыңардын автору ким?

Э: -"Энекем" деген ыр Жалал-Абаддык Максат Өзүбеков деген байкенин калемине таандык. Биз муну бир тойдон угуп калып эле ырдап калдык. Буйруса келечеги алдыда десек болот. Анткени, бардык уккан адам сыртын салбастан бул ырдын маанисине баа берип, ал тургай көздөрүнө жаш алгандары да болот.
- Азыркы төкмө акындар кээ бир адамдарды көкөлөтүп жиберишет. Өзгөчө тойлордо. Сенин чыгармачылык турмушуңда көңүлүңө туура келбеген нерселерди мактаган убагың болобу?

Б: -Мактаган убактарым 50/50% десем болот. Мындайча айтканда чукуп сүйлөө деп коебуз го (намёк кылып дегендей), ошентип ырдайм. Кээде таарынгандар болот. Бирок, биздин ырларды илгерки Жеңижок, Токтогул атабыздын ырдаганына салыштырып болбойт. Анткени, алардын ырлары ташка тамга баскандай болгон үчүн баштарынан оор тагдырды өткөрүшпөдүбү. Кыргызда "сөздөн чалынган турбайт, буттан чалынган турат" дегендей нерсени эске алам. Тамаша катары тийишип, адамдардын турушун бир нерсеге салыштырып ырдаган мезгилдерде ичип алган адамдар аны түшүнбөй чын ойлогон учурлар болот.
- Учурда угармандардын табитин талкалаган эстрада ырчылары бар. Буга сиздердин көз караш кандай?

Б: -Ооба, ар кандай учурлар бар. Биз жандуу үн менен ырдап кайсыл жерде болбосун эл алдында жана өзүбүз теңдүү ырчылардын алдында жүзүбүз жарык.

Э: -Азыр чынын айтканда эстрада ырчыларынын таланттары бар. Бирок, өкүнүчтүүсү тартип азыраак . Акчанын күчүнө таянып элди алдап чыгып жатышат.
- Баян мырза, айтсаң эл аралап жүрүп эмнени байкай алдыңыз?
- Кыргыздын төкмө өнөрүн түшүнбөгөндөрдү көрдүм. Байлыгына манчыркап бул дүйнөгө түркүк болчудай, башына кыйынчылык келбечүдөй, бей-бечаранын жашоосуна мурдун чүйрүгөндөргө жаным кашаят. Бир кишини мындай кой, килейген Япониянын абалы не болду. Бул адамзат үчүн сабак болуш керек. Оомал-төкмөл дүйнө манчыркаганды да түркүк кылбайт тура. Теңчилик, кең пейилдик керек. Бул тууралуу төкчү жерден төгүп коюп жатам.
- Эрлан мырза, чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктар тууралуу айтсаңыз?
- "Улуу устатым Улукмырза" аттуу чоң программадагы концертке катыштым. Агайымдын тарбиялаган шакирттери чогулуп өткөргөн бул концерт абдан жакшы өттү. Жумамүдүн Шералиевдин "Сезимдеги ой" деген ырын жандуу үн менен 2 аккордеон, 2 комуздун коштоосунда беш бала аткардык.
Назгүл ЭСЕНГУЛОВА