Абактан азатка жол издеп

Чынара Батырова, Алтынбек Итибаевдин адвокаты:
"Күнөөсүз адамдын тагдыры талкаланып жатат"
14-апрелде маркум депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишкенине туптуура эки жыл толот экен. Ушул убакыт аралыгында кылмыш иши ачылбай, шектүү деп гана кармалган Алтынбек Итибаев аттуу жигит УКМКнын СИЗОсунда күн кечирип келет. Ал эми Алтынбектин жакындары, тарапташтары анын ак экенин айтып жатышат. Алтынбектин адвокаты Чынара Батырова менен да ушул туурасында маек курдук.


- Чынара айым, Алтынбек күнөөлүү эмес экенине кандай далилдериңиз бар?
- Бир эле мисалды айтсам, сот ишинин материалдарында "Итибаевдин кылмыш ишин жасаганын көрдүм" деген бир да күбө жок. Санжардын бир кошунасы менен жансакчысынын "Чымыр денелүү адам болчу" деген болжолдуу гана айткандары бар. Мен өзүм Ошко барып Санжардын ата-энеси, бир туугандары менен жолуккам. Алар өздөрү да "Биз бул ишти ким кылганын билебиз" деп айтышты. Бирок, Алтынбектин ак экенин түшүндүрүп, " Алтынбекке жазган арызыңарды алгыла" деген биздин суранычыбызды да четке кагышты. "Мунун барын убакыт өзү көрсөтөт. Алтынбекке жазылган арызды да албайбыз, бардыгы мыйзам чегинде жүрө берсин. Мындан кийин бул иш менен биздин тынчыбызды албагыла, эми-эми айыгып бараткан жараатыбызды кайрадан сыйрыбагыла" деп жооп узатышты.
- А сот иши эмне болуп жатат?
- Азыр сот процесси конкреттүү каралган жок. Буга чейин 30 жолу сот болуп, жыйынтыктуу эч нерсе чыкпай, улам артка жылдырылып келет. Алтынбектин адвокаттары, тергөөнүн тили менен айтканда "заказчик" деп айыпталып жаткан Мурас Маташов менен "аткаруучу" деп айыпталып жаткан Итибаевдин иши "эки башка каралат" деп жатканда, макулдугубузду бербей, "бириктирилсин" деген талап менен 1-Май райондук сотуна кайрылдык. Анткени, "заказчик" делген Мурас буга чейин издөөдө жүрүп, 7-апрелден кийин өз эрки менен сотко көрсөтмө бергени келген эле. Аны да башында камашып, бирок ортодон аз убакыт өтпөй, "алибиси тастыкталып жатат. Эч жакка кетпейт, көзөмөлдө болот" деп эркиндикке чыгарышкан. Алтынбекке коюлган 97, 294-статьялар Мураска да коюлган, бирок Мурас эркиндикте, Алтынбек камакта отурат. Экөөнө кылмыш иши бирдей козголуп жаткандан кийин, мыйзам да экөөнө бирдей болушу керек да, чынбы? Анын үстүнө, Мурас менен Алтынбек ошол күнү бирге жүргөндүгүн айткан 5-6 күбөнүн көрсөтмөлөрү бар. Демек, экөөнүн "алибиси" бирдей. Биздин биринчи айтылган талабыбызды аткарышкан менен, "Алтынбек дагы көзөмөлдө болуп, эркиндикте сотко келип көрсөтмө берип турсун" деген экинчи талабыбызды өзгөртүүсүз калтырышты. Сот "Биротоло акталып чыгат же биротоло камалат" дегендей кылып коюшту. Бирок, камаганга эч кандай далилдүү факт жок.
- Эмне үчүн мындай теңсиздик болуп жатат деп ойлойсуз?
- Бул жерде эч ким Алтынбекке карата жоопкерчиликти алгылары келбей жатат. Анткени, Алтынбектин ишин башында карап, күнөөнүн барын мойнуна алдырганга мажбурлашкан тергөөчүлөрдүн экөө каза болушса, бири оор абалда ооруканада жатат. Анан алардын кылган "кылыгын" кийинкилери тарткылары келбей жатса керек. А убакыт деген эч кимге, эч нерсеге карабайт экен, өтүп атат. А темир тор артында күнөөсүз адамдын тагдыры талкаланып жатат…
- Өзүңүздүн Итибаев менен жеке тааныштыгыңыз барбы?
- Жок. Эч кандай тааныштыгым жок.


Мээрим Айталиева




КР Президенти Р. Отунбаевага
КР Жогорку Кеңешинин төрагасы А. Келдибековго
КР Баш прокурору К. Байболовго
КР УКМК төрагасы К. Душебаевге
КР ИИМ министри З. Рысалиевге
КР Акыйкатчысы Т. Акунга жана жалпы элге

Кайрылуу

Биздин сиздерге кайрылып жаткан себебибиз төмөндөгүчө:
2009-жылы 14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди өз үйүнүн алдынан жан алгычтар атып кетишкен. Ошондон бир жума өткөндөн кийин 2009-жылы 20-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан Итибаев Алтынбек күнөөлүү катары кармалып кеткен. Эки жылдын жүзү болду, ушул убакытка чейин иштин чоо-жайы билинбей келет, ошондой эле тергөө иштери бизди канааттандырбайт. Анткени, башынан эле тергөө одоно бузуулар менен башталган. Итибаев Алтынбек ак жеринен эки жылдан бери УКМКнын СИЗОсунда отурат. 30 жолу сот иши каралды, бирок эч кандай жыйынтык чыгарылбай келет. Анткени, бир да так материал Итибаев Алтынбек Санжар Кадыралиевди аткан деген далил жок. Бул иш мурдагы бийликтин адамдары кылганы элдин барына маалым. Ур-соккуга алып, ар кандай коркутуулар менен Итибаев Алтынбетин мойнуна алдырышкан. Сот процесси жүрүп жаткан маалда эч бир күбө келген жок, убакыт өтүп жатат Алтынбектин ден соолугу күндөн күнгө начарлап жатат. Сиздерден сураныч өз көзөмөлүңүздөргө алып, иштин жыйынтыгын чыгарып берүүнү суранабыз!


Итибаев Алтынбектин үй-бүлөсү




  Сандан-санга

Ричард Хевитт, илимпоз
БӨЛҮНГӨН ДИНДЕРДИ БИРИКТИРҮҮ
(Башы өткөн санда)
Эгерде кыргыздар көп кылымдар мурда христианчылыкка же иудаизмге кайрылган болсо, анда алар пайгамбарлардын жашоосундагы айрым каада-салттардан алган күндө да, "Жакып уулу Манас" деген атты кабыл алышмак эмес. Анткени, бул ысым чаар китепте андай деле даана берилбей, үстүртөдөн айтылган. Бир гана ошол адамдан тараган өз тукумдары аны Жакыбдын уулу катары билишмек. Ал эми баштапкылар аны Жусуптун баласы экендигин билишкен.
Манас урааны
Кыязы, чаар китептеги мындан башка да көптөгөн каармандардын Манас менен жалпылыктары бар. Маселен: Манас менен Дөөттүн. Келиңиздер, бул темага кайрылардан мурда Манасенин мүнөзү Жакынкы чыгыштык контексттен кантип алмашылып калганына көңүл буралы. Иудалык жана Исламдык айтып берүүчүлөр Жусуп жөнүндөгү тоораттык, библиялык жана курандык баяндамалардын жаралуусуна каада-салттарды кошо киргизген. Кыргыз эпосунан чыккан Орто азиялыктардын Манасына таандык эр жүрөктүүлүк менен күч-кубаттуулук, Жакынкы Чыгыштын Манасесинин баянында да берилет. Мынакей, Жусуп тууралуу күрттөрдүн аңгемесинен үзүндү. Бул көрүнүштө Жөөт менен Жусуп бири-бирине бетме-бет Мисир жактан келишти.
Анан Жөөттүн каары мурдунун учуна келгендиктен, бардык египеттиктердин жүрөк үшүн алган ушунчалык ачуу үнү менен бакырды. Египеттеги дубалдардын жарымы кыйрап, ал жакта жүргөн бүткүл кош бойлуу аялдардын боюнан түштү. Айран калган жана чочуп кеткен Жусуп өзүнүн тун уулу Манассиге Жөөттүн желкесинен кармап, аны ачуудан арылтуу керектигин кол жаңсап көрсөттү.
Мисирден "Биздин адилеттүү Жусуп кожоюнубуздун баяны жөнүндө" деген китепте да Манасенин кыйкырыгы Жөөттүн үнүнө окшоп кетет.
Ошондо Манасе тактысынан турду да, таякты алып, Шымонду сабап, абакка отургузду. Анан Манасе кыйкырганда уруулар ылдый эңкейишип калды, керек болсо анын агасы (Жусуп) да өз ордунан ыргып турду. Уруулар байыркы еврей тилинде "Бул адам биздин арабыздагылардын бирөөсү экендиги калетсиз" деп бири-бирине айтышты.
Кыргыз Манасынын үнүндө да ал төрөлгөнгө чейин эле ушуга окшогон сестендирген добуш болгон.
"Курсакта жатып бакырды,
Мунуң "Манастап" ураан чакырды!"
Манасеге ыйык китептин чегинен сырткаркы сызыктарды аралаштырган египеттиктер менен Күрдстандын уламыштары бизге кыргыз баатыры Манас менен байланышкан маалыматтарды берет. Чаар китептеги булактардан Манаска тийиштүү мүнөздөрдү дагы көралабызбы?
Койчу падыша
Манас бала кезинде койчу болгон. Ал алптарды жеңип, элдик баатырдын деңгээлине чейин өсүп, акырында эл тандаган хан болду. Дөөт дагы ушундай эле алпты жеңген соң, элдик баатыр атанып, элинин тандамал падышасына чейин өсүп жеткен малчы бала болгон. Төмөндө бала Манастын жеңишин сүрөттөгөн саптар жазылган.
"Ал балбанга келгенде
"Бул сөзүн айтып турду эми:
"Атаңдын көрү, Канжар алп,
Сен - жылкычы, мен - койчу,
Балдардын барын кыйратып,
Бул зордукту сен койчу!
Талап жедиң этимди,
Он эки балбан болсоң да,
Эми жору чукуйт бетиңди..."
Чаар китептеги малчы бала да алптын алдына сүрдүү басып келип:
Алп Голийатка жолугуу үчүн Дөөт аскерлердин алдына бетмаңдай чуркап чыкты…
"Пелиштилик туруп, Дөөттү карай басканда, Дөөт катарды көздөй тез жүгүрүп, анын алдына чыкты..."
Манас сыяктуу Дөөт дагы алпка анын сөөгүн канаттуулар жеп кетерин сөз кылды.
Пелиштилик Дөөттү көргөндө, жекире карады, анткени Дөөт жаш, кызыл жүздүү жана келишимдүү жигит эле. Анан пелиштилик Дөөткө: "Мага таяк көтөргүдөй, мен итминби?" деди. Пелиштилик Дөөткө өзүнүн кудайларын оозанып каргыш айтты... Дөөт алпка мындай деп жооп берди: "Бүгүн Теңир сени менин колума салып берет, мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асман куштары менен жер жырткычтарына берем, ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет".
Алп Канжар "бардык балдарды кыйнап" жибергендиктен Манастын каары кайнады. Ал "балдар" Манастын жоокерлери эле. Пелиштилик зор Голийаф да Израил аскерлерин (балдарын) кыйнагандыктан Дөөттүн ачуусу келген.
Дөөт болсо пелиштиликке мындай деп жооп берди: "Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайы кудуреттүү Теңир атынан келатам.
Манас алпты өлтүрүп атканда, аны башка чапкан эле:
"Качырып кирип канжарды,
Как төбөгө салганы.
Манастан чокмор жегенде,
Башы кетти быркырап.
Балбан жерге жыгылып,
Жаны кетти чыркырап."