Жаз менен жаңы сыйлык

Жаздын алгачкы айындагы аялдардын майрамында таланттуу аял акындардын талантын аял президент баалап сыйлык, наам ыйгарды. Биз алардын сыйлыгын куттуктап, наамын "жууп" төрдөн орун берип, кепке конок кылдык.

Гүлсайра Момунова, Эл акыны:
"Калемимде элибиз күлсө күлүп, ыйласа кошо ыйлапмын"
- Гүлсайра эже, ушул даражага жетиш үчүн канча өмүрүңүз поэзия кайыгында өттү?
- Мектеп курагында, 14 жашымдан ыр көлүнөн суу ичип баштаптырмын. Азыр кудайга шүгүр, 74 жашка келдим. Ошондо 60 жылдык өмүрүм поэзиянын ташкындуу бирде тунук, бирде буркан-шаркан түшкөн көлүндө чабак уруп сүзүп келе жатам. Анын ортосунда журналистика жаатында да эмгектендим. Азыркы "Кыргыз Туусу" гезити "Советтик Кыргызстан" болуп турган убагынды Кыргызстанды түрө кыдырып ар кыл темада макалаларды жаздым.
- Мыкты акын болуш үчүн акынга тагдыр керек дешет. Ырларыңыздын өзөгүндө сиздин тагдыр барбы?
- Өзүңдүн тагдырыңды жаза берсең эле ошол элдин тагдыры болуп чыга келет экен. Улуу Ата Мекендик согуш убагы менин бала кезиме туш келди. Эл көргөн запкыны көрдүк. Ошондогу атамды сагынып жазган ырларым гезит бетине чыгып, аны элдер окуп алып ыйлашкандары али күнчө эсимде. Кийин турмушка чыгып, бала-чакалуу болгондон соң жолдошум каза болуп калды . 48 жашымда 2 уул, 1 кызым менен жалгыздыктын азабын тарттым. Ошол мезгилде балага да, жумушка да жетишипмин. Жашоомдогу кубанычтуу, кайгылуу күндөрдү кагазга түшүрүп, калем менен сырдашыпмын. Калемимде элибиз күлсө күлүп, ыйласа кошо ыйлап, ырдаса кошо ырдапмын. Учурда 2 уул, 1 кыз, 7 неберем, 3 чөбөрөм бар. Адам убакытты туура пайдаланса өмүрү текке кетпегени ушул деп түшүнөм.
- "Эл акыны" наамын алам деген оюңузда болду беле?
- "Эл акыны" боло электе эле элдер мени эл акыны деп кабыл алышкан. Кайда барбайын сөз беришсе "Эл акыны" деп сөз беришчү. Ой менин андай наамым жок десем деле, өкмөт бербесе койсун, биз бердик, дешээр эле. Негизи акын аялдар тартынчаак болобуз. Чыныгы ак кызмат кылгандар наамды сатып алуу дегенди билбейт. Кыргызда сөз бар "Сурап ичкен суу ичкен" дегендей. Жазуучулар союзуна кимдер төрага болуп келсе эле жылда бул наамга көргөзүшчү. Кудайдын буйругу менен быйыл алып олтурам. Чындыгын айтканда аялдардан акыркылардан болуп бул наамды Тенти Абдышева, Майрамкан Абылкасымова алыптыр. Андан бери эч ким ала элек экен.
- Пайгамбар жашына келип (кечирээк) наам алганга таарынган жоксузбу?
- Таарынычым жок. Тескерисинче кубанычтамын. Анткени, неси болсо да көзүмдүн тирүүсүндө көрдүм. Эмгеги бааланбай өтүп кеткен инсандар канча алар. Раматылык Субайдылда Абдыкадырова, "Эл акыны" болгон аял акын бар ал, "менден кийин эч ким бул наамды албаш керек дептир" деп ошол акынды каргап жүрүп өтүп кетти. Ал ким экенин мен деле билем. Ошол сөздү угуп алып бул наамдан түңүлүп деле калгам. Бул жеке менин наамым эмес, жалпы акын-жазуучулардын наамы болду. Анткени, азыр артыбызда бизден кыйын жазган уул-кыздарыбыз бар. Эми ошол таланттарга жол ачылды.




Кален Сыдыкова, "Даңк" медалынын ээси:
"Чыныгы турмуш чыгарма жазууга түрткү болду"
- Бул сыйлык сиздин чыгармачылыгыңызга, ишиңизге чоң дем берсе керек. Маанайыңыз кандай?
- Маанайым жаз күнүндөй, абдан жакшы.
- Сөз баккан, сөз кадыры үчүн күйгөн айымдардын бирисиз. Сиз үчүн чыгарма жазуу жумушпу же эргүүбү?
- Экөө тең, эргүү да, жумуш да десем болот. Анткени, интеллектуалдык эмгектин туу чокусу жазуучулук өнөр. Жазуучу бул жаратуучу.
- Сиздин "Эр издөө", "Тирүүлөй жесир", "Олжо катын" жана башка аңгемелериңизде аялдардын көйгөйлөрү мыкты чагылдырылган. Ушул темага кайрылып калганыңыздын себеби эмнеде?
- Бул кадыресе турмуштагы көйгөйлөрдүн бири. Мен аял, эне, анан чыгармачыл адам катары ушул темага кайрылгам. Чыныгы турмуш ушундай тематикадагы чыгарма жазууга түрткү болду десем жаңылышпайм.
- "Даңк" медалына сизди кимдер көргөздү?
- Менин буга чейин кылган эмгегимди баалап мени ушул сыйлыкка Мамлекеттик китеп палатасы, Улуттук жазуучулар союзу жана журналисттер союзу колдоду.





Бактыгүл Чотурова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Ырларымды урдаткан жокмун"
- Кыргызда "Туулганына сүйүнбөй, турганына сүйүн" дейт экен. Ырларыңызды уурдатып күйүнгөн мезгилиңиз болду беле?
- Менин ырымды кимдир бирөөлөр тарабынан уурдалганын жолуктурган жокмун.
- Буга чейин канча китебиңиз жарыкка чыкты?
- 6 поэтикалык китебим, 3 ырлар жыйнак жарык көргөн.
- Генерал болууну эңсебеген солдат, солдат эмес деп коюшат. Сизде мындан да жогорку сыйлыктарга ээ болуу жөнүндө кыялдарыңыз барбы?
- "Жакшы тилек-жарым ырыс" ар адамда болот эмеспи, эгерде жакшы чыгармаларды жарата алсам, бааланган күнгө эмне жетсин.


Назгүл ЭСЕНГУЛОВА