Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Индия ыйык адамдары

Ширди Саи Баба
Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог
Ширди Саи Баба азыркы тирүү Сатья Саи Бабанын мурунку жашоосу. Ширди Баба Индиянын түндүгүндө жайгашкан Ширди шаарында 1918- жылы дүйнөдөн өткөн. Анын жашоосу ар кандай кереметтерге бай жана кызыктуу өтүп, рухун, духун жогорку деңгээлге жеткирген ыйык адам болгон. Ширди Саи Бабанын жолун жолдоочулар анын тирүү кезинде гана эмес ушул күнгө чейин миллиондоп саналат. Ширди Баба бир да китеп жазып калтырган эмес жана өзү да китеп окуучу эмес экен. Ал миңдеген окуучуларын өзүнүн тубаса билими жана адамзат акылына сыйбаган кереметтери, ар кандай символдор аркылуу окуткан. Бабанын жолдоочуларынын айтымында, анын өмүрдөн өткөнүнө 90 жылдай болсо да, азыркы күнгө чейин адамдарга түш аркылуу келип же ар кандай болуп көзгө көрүнүп жардам берип турат дешет.


(Башы өткөн санда)
Ширди Саи Бабанын айткандары
Ширди Саи Баба өмүрүндө бир да китеп окуган эмес, бирок ал бардык ыйык китептерди эң жакшы билген. Ал келген адамдарга "курандын баланчанчы сүрөөсүн оку, же тиги китептен муну оку" деп айтып койчу. Ал духовный устатыңарды ар дайым сыйлап, таазим кылгыла деп үйрөтчү. Духовный устатыңарга толук ишенгиле. Устат (Гуру) Кудайды, Ааламды силерге тааныштырат. Мен силердин сактоочуңармын. Мен силерди күнөөңөрдөн арылтып, жокчулуктан жана ар кандай көйгөйлөрдөн сактайм. Эгерде силер мага медитация кылсаңар, мени сыйласаңар, менин атымды жана кылган ишимди даңазаласаңар анда ал адам трансформацияланып, кармасынан арылат. Мен мени сыйлагандардын кулумун, мен мага таазим кылгандарды сүйөм жана менден эмне сураса, бардык сурагандарын берем. Менин байлыгымдын эшиги ар дайым ачык. Бирок, буга чейин бир да адамдын акылмандык менен менин байлыгымды арабалап алып кеткендерди көрө албадым. Мен адамдарга: Терең издегиле, казгыла деп айтам, бирок эч ким өз көйгөйүнөн чыгып, чыныгы байлыкты таба албай жатат деген.
Баба эч качан материалдык дүйнөдөн качып, токойго, тоого, үңкүргө жалгыздап барып, духовный бийиктикке жеткиле деп айтчу эмес. Тескерисинче, эл ичинде материалдык дүйнөнүн азгырыгынан качпай жандүйнөңөрдү таза кармап, жогорку бийиктикке жеткиле дечү. Ошондо гана адам Жараткандын чыныгы жүзүн көрө алат деген. Мен сенин ичиңде, өзүңдүн МЕНиңди таап, ага кайрыл ошондо гана келечектин жолу ачылып, Жараткан сени сактайт деген. Баба көптү билип, анын билиминин, илиминин чеги жок болчу. Бир жолу бетин чүмкөп жамынган аял Бабанын алдында жүзүн ачат. Саи Бабанын бир шакирти аялдын сулуу жүзүн көрүп калат да ал оюнда аялдын жүзүн дагы бир ирет көрсөм деп самайт. Шакиртинин оюн окуган Баба аны таяк менен башка бир урат. Баба күндө эртең менен башка шаарларда, мамлекеттерде болгонун, ал жактан эмнелерди көргөнүн айтып берчү. Мухаммед пайгамбар да Саи Баба сыяктуу астралдык саякатка чыкчу дешет. Баба айтчу "менин туруктуу жашаган жерим жок, бүт Аалам менин үйүм, мени Ширди шаарында эле жашайт дегендер жаңылышат, демек алар Саинин чыныгы миссиясын түшүнбөйт. Менин формам жок, мен бардык жердемин, мен бардык заттамын" деп айтканы бар. 1886-жылы Саи Баба бир шакиртин чакырып, "Мен Аллага кеттим, үч күн менин денеме көз салып тур, үч күндөн кийин денеме кайрылсам анда андан ары өзүм денемдин камын көрөм" дейт. Деми токтоп, муздаган денени "өлдү"деген токтом чыгарып, жерге көмүүгө кам ура баштаганда Саи Баба тирилип калат. Баба: Мен эч кимди жарым жолго таштабайм. Бардык зат мага таандык. Мен бардыгын барына берем. Бүткүл Аалам меники. Мен бардыгына бирдей карайм. Менин буйругумсуз жалбырак да түшпөйт. Мени эч ким ачууландыра албайт. Биздин карма кайгыдан да, кубанычтан да жаралат, ошондуктан кайгыны да, кубанычты да бирдей кабыл алгыла. Мен дайым силер мененмин. Мен бул дүйнөдөн кеткен күндө да силерди таштабайм. Мен өлгөндөн кийин да менден жардам күткөндөргө жардам берем. Мен жашаган Ширди шаары, мен жашаган мечит, мен жок болсом да келгендерге күч-кубат берип, тилегин кабыл кылат. Мен өлгөндөн кийин 8 жылдан соң кайрадан Индиянын түштүгүндө төрөлүп, өз миссиямды улантам" деп айтып 1918- жылы дүйнөдөн өткөн экен. Айткандай 1928- жылы Индиянын түштүгүндө Андра Прадеш аймагында Путтапарти деревнясында касиеттүү азыркы тирүү Саи Баба төрөлгөн. Ал эми азыркы тирүү аватар Саи Бабанын кереметтери тууралуу сөз кийинки сандарыбызда.

(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова




Кудай сакта!
Алаамат күн алыс бол!
11- март Япон эли үчүн алаамат күн болду. 9 баллга жеткен жер титирөө жана цунами миңдеген адамдарынан айрып, экономикасын эңшерип кетти. Кудай кылам десе кубарыңдын (атаңдын) акысы жок деп кыргыздын акылмандары бекер айтпаптыр. Бардыгы кудайдын колунда экенин, кааласа бир секундда алаамат салаарын адамдардын эсине салгандай болду. Бирок, чындап эсине келгендер дале болсо адам баласында аз окшойт. Материалдык дүйнөнүн азгырыгынан алыс кеталбай дүнүйө, байлык, бийлик, кресло талаш дагы эле уланып жатат. Оо, адамзат акылыңарга, тобоңорго келгиле. Дүнүйө, байлык, бийлик керек болсо жаныбыз да кудайдыкы экенин унутпагыла. Биз жашаган Жер планетабыз, анын ичинде бардык заттар өткөөл мезгилди баштан өткөрүп жатат. Бул жөнүндө окумуштуулар да, олуялар да илгери эле айтышкан. М.Настрадамустун, Ванганын, Майя календары 2012- жылдары акыр заман келээрин айтышкан. Бул Жер планетасы таптакыр эле жок болуп кетет дегендик эмес. Жердин магнит талаасы ордунан жылышып, жогорку деңгээлге өтүп жатат. Бул жөнүндө интернет сайттарда Япониядагы жер титирөөдөн кийин 14-16 сантиметрге Жердин магнит талаасы жылышканын жазышты. Балким ошол магнит талаа өзгөргөндүктөн жер титирөө болуп жаткандыр. Мындай өзгөрүү 2012- жылга чейин уланат деп айтып келатышат. Планетадагы өзгөрүүлөрдөн энергиянын сапаты да өзгөрөт. Ошол кезде Жер планетасынын энергиясы менен адамзаттын энергиясы бири-бирине дал келбесе, ар кандай кырсыктарга учурашы мүмкүн. Кудай сактасын дейли. Мындай алааматтан адамзатты жандүйнө тазалыгы, духовный өсүш гана сактай алат. Буга мисал 2005-жылда Тайландда болгон цунамиде мечиттин эч бир жери жабыркабаганы далил. Ошондуктан Жараткандан тиленип, барга ыраазы болуп, жокко чөкпөйлү. Кудайдын бар экенине ишенип, Жаратканды сүйүп жашаганга жана сыноосунан сынбай өткөнгө үйрөнөлү. Мындай алаамат ылайым элибизди, жерибизди айланып өтсүн деп тилек кылалы. Кудай айткан "Сактанганды сактайм" деп. Акылман ата-бабаларыбыз "Кудай деген кур калбайт" деген. Тобо дейли, тобо!
Лариса Асанбекова


Акыр заман келатабы?
19-март күнү Ай Жерге жакындайт. Бул кубулушту окумуштуулар "суперлуние" деп тамаша катары айтышып, 19 жылдан бери күтүп келишкен. Ай Жерге 356,5 миң километрге жакын келет. Спутниктин жакындашы жер кыртышынын өзгөрүшүнө, тагыраак айтканда жер силкинип, вулкан атылып, ар кандай жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн. Буга чейин Жер планетасына Айдын жакындашы 1955, 1974, 1992, 2005-жылдары катталган. Бул жылдары үрөй учурган жаратылыш кырсыктары болгон. Маселен, 2005-жылы Айдын Жерге жакындашына 2 жума мурун цунамиден миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган. Ал эми 1974-жылы Трейси Циклону Австралиянын Дарвин шаарын тыптыйпыл кылган.
Жер шарынын климаты бир гана Айдын жакындаган учурунда эмес, андан кийин же ага чейин да улана берет. Маселен, Орусиядагы былтыркы жылдын ысык болушу, атмосферанын туруксуз болуп алмашышы далил боло алат. Бирок, спектиктер акыр заман келди дегенден алыс. Эл аралык радиоастрономиялык борбордогу Пит Уиллер жылдагыга караганда тилсиз жоонун саны арбын болушу мүмкүн дейт. Бул пикирге астроном Девид Ренеке да кошулат. Окумуштуу конспирологиянын сүйүүчүлөрү кандай жаратылыш кырсыгы болбосун айдын жакындашы менен байланыштырып, кезектеги катаклизма деп чыга калышат дейт. Ошондой эле ал жакында эле "планеталар парадын" эскертти. Анда да Күн системасынын чегинде түрдүү кырсыктар болот деп күтүшкөн.





Келиңиз, көрүңүз, билиңиз!
Аурадиагностика
Аура- бул адамдагы 7 чакрадан чыккан энергиянын топтомунан түзүлгөн энерготалаа. Эгерде 7 чакранын кайсы бири туура эмес иштей баштаса терс энергия бөлүп чыгарат. Ошол туура эмес иштеген чакра кайсы органга жооптуу болсо ошол органдарда оору пайда болот. Оору-бул терс энергиянын чогулган жери. Оорунун себеби табылмайынча айыкпайт. Оорунун себеби, биринчи энергоденеде пайда болуп, анан физикалык денеге өтөт. Азыр техниканын жетишкен заманында аураны сүрөткө тартып, 7 чакранын, ауранын кандай абалда экенин көрүп диагноз койсо болот (Аурадиагностиканын жана фото ауранын баасы 1000сом).
Энерготалаанын туура эмес иштеши ооруну эле пайда кылбастан, адамдын иши жүрүшпөй, турмуш куралбай, акчага жетпей, жашоосу бузулган абалга апкелет. Космостук энергиянын жардамы жана парапсихологиялык сеанс ыкмасы менен чакраларды жана энерготалааны калыбына келтирип, ооруну айыктырып, адамдын тагдырын оңдосо болот. Бардык кесиптин өзүнүн сыры, техникасы жана мыйзамы бар.Билбеген адам ток өткөргөн зымды колу менен кармаса ток ургандай эле парапсихология, магиянын сырын билбей колдонгондор өзүнө эле эмес, укум -тукумуна чейин зыян тартат.
Магиянын сырын билгиси келгендер, парапсихология илимине кызыккандар окуп билим алгысы келсе жана сеанс аркылуу ден соолугун чыңдап, тагдырын, ишин оңдогусу келгендер Академик, эниоинженер, парапсихолог
Лариса Асанбековага кайрылсаңыздар болот.

Байланыш тел 89-01-98 Ахунбаева 94 / 2 Офис 3








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??