Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Күркүлкүн

Нурбек Алимбековдон баян
Ымыркай кез
- 1975-жылы Оштогу айтылуу Ак-Буура дарыясынын боюндагы Папан айылында туулгам. Ата-энем мугалим кишилер болгон, атам азыр 76 жашта, апабыз арабыздан кетип калды. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын жетинчисимин.

Аганы көрүп ини өсөт
- 5 уул катар төрөлүп, кыздардын ортосунда төрөлгөмүн. Ошондон улам жанагы идиш-аяк кармай койгон, же тамак жасай салганды үйрөнгөн жокмун. Көпчүлүк жигиттер билгендей тамак жасоодо адаттагыдай жумуртканы кууруй салганга, студент кезде картошкадан анча-мынча чыз-быз кыла койгонго шыктуу элек. Кээ бир мырзалар үй ишин катырып, керек болсо уйдан бери саап коет. Кыздар менен аралаш өскөндөр кыздардын оюнун ойноп, кыз мүнөздүү болуп калышат. Бирок, мен улуу агаларымдын кылган иштерин, аскердеги сүрөттөрүн көрүп шыктанып чоңойдум.

Чоң энемдин жомогу
- 3 жашымдан баштап чоң энемдин колунда өсүп, кайда барса жанында болдум. Жайлоого кеткенде жанынан чыкчу эмесмин. Мектеп жабылгандан август айынын акырына чейин жайлоодо жүрөр элем. 2-класска чейин шаарды көрбөй, жайлоодо жүрдүм. Ошол кезде жайындасы орозо кармаган маалга туш келген. Энемден "орозо деген эмне?" деп сурасам, "ал чымчык, таң менен кошо учуп келет, аны кармап алабыз" деп койчу. Балдарга "орозо деген чымчык" деп аларды жеңип алат элем. Кийин эс тартканда орозо эмне экенин баамдап түшүнүп, өзүмчө ошол бала кездеги энемдин сөзүн эстеп, бактылуу балалыкты бир көздөн өткөрүп, эстеп алам…

Бала кездеги волейбол
- Папан эли волейбол оюнун көп ойношот. Топко алы жетип калганынан баштап эле волейбол деп чуркашат. 4-5-класстан баштап үйүбүздүн үстү жагында арык бар болчу, ошого жиптен сетка токуп алып топ ойнойт элек. Кийин университетте окуп жүргөндө дагы волейболду таштабай, азыркы күнгө чейин ойнойм. Бала кезде оюндун көп түрлөрү бар эле. Чүкө, чикилдек сыяктуу оюнду айылдын болгон балдары топтолуп алып ойночубуз. Азыр айылга барсаң ал оюндар унутулуп, эч ким ойнобойт экен. Убагында ата-энебиз "кечке эле ойноп жүрө бересиңби" деп чүкөбүздү бербей койсо, азыр жаш балдарды чүкө ойното албайсың. Көрсө, чүкө, ордо, чикилдек оюндарынын өзүнүн философиясы, тарбиялык мааниси терең экен. Кыштын күндөрү хоккейге басым жасап, таяк издеп түнү бекинип алып, короодогу алманын түз бутагын кесип алып, бутактарын көрсөтпөй жыйнап койчу элек. Антпесең алманы кескенге каршы болушар эле.

Күмүш медаль
- 1-класска 1982-жылы бардым. Алгачкы күндөн баштап жалаң "5" деген баа менен окудум. Математиканы 4 жашымдан баштап эле үйрөтүшкөн. Апам ыраматылык, математикалык эсептерди ой жүгүртүүгө салып, салыштырмалуу "балам, 4 тооктун канча буту болот. Эки тооктун бутуна 4 койдун бутун кошсо канча болот?" деп сурай берчү. Ошондо эле көбөйтүү, кошуу, кемитүүнү үйрөтүп коюптур. Ошонун таасири менен математика, химия, физиканы жакшы окудум. Облустук олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды жеңип алдым. 1-класстан баштап мектептеги коомдук иштерге активдүү аралашып, класском, окуу комитетине төрагалык кылдым. Мугалимдин баласы жакшы окуп, ата-энесин уятка калтырбаш керек деген түшүнүк бар болчу. Ошол себептен дагы тырышып, сезимимде жакшы окуйун деген гана түшүнүк ээлеп турчу. Мектептеги мугалимдин балдары барыбыз жакшы окудук. Жогорку окуу жайга барсам, мыкты студент болсом деген тилек бар эле. Студент болгондон кийин өзүмдүн жашоо багытымды кенен алып кетип, келечегиме жол ачыларына абдан ишенчүмүн. Мектепти күмүш медаль менен бүттүм.

Келинчек менен келечек план
- Келечекте жогорку билимге ээ болом. Аялым дагы жогорку билимдүү, ортодо түшүнүүчүлүк, сый-урмат болсо, алган айлыгыбыз, эмгегибиз менен кенен жашайбыз деп кыялданчумун. Анткени, ошол кезде атам 11 баланы айлыгы менен эле кенен бакчу. Эсептөөм менен 3 жылдын ичинде эки адамдын айлыгы менен үй алса болмок. Азыр "кудайдан Жигули сурадың эле, андан дагы чоң ырыскы, мүмкүнчүлүк берилди" деп тегерегимдегилер айтып калат. Ошон үчүн кудайга ниетиңди түз коюп, жакшылыктарды сурасаң, сөзсүз орундалат.

Балалык сүйүү
- Мектепте бири-бирибизге "+" деп жамап койчу эмес белек. Сабак бүткөндө кыздарды бир кучактап алганга шашабыз. Акыркы сабакта агайыбыз чыгары менен будуң-чаң түшүп, кыздарга жүгүрмөй. Бир күнү кыздар арызданып коюп, агай-эжейлерибиз кулактан чоюп, ошондон кийин ал жоруктарды таштадык. Кийин 9-10-класстарда кыздарга кат жаза баштадык. Жактырган кыздарга кат жазып, бирөөлөр аркылуу жиберебиз. Анан жооп күтүп көпкө убараланасың. Күтүп жүргөн катыңа "мен азыр жашмын, ал нерсени ойлоно элекмин" деген жооптор келет. Эч кимден "жок, мен каршымын" деген жооп алган жокмун.

Студент
- Алматы технологиялык университетине окууга кетип, ал жакта 1 жыл казак группасында окудум. Ошол жылы энем каза болуп калыптыр. Сессия бүтө элек, мага кабарлабай коюшуптур. "Энесинин баласы эле, угузуп койсок кайгырып бирдеме болбосун. Спорт менен дагы машыгып жүрөт, тескери жолго түшүп кетпесин" дептир. 1-курсту бүткөндөн кийин эле Ошко окуумду которуп, ОшТУдан бүттүм.

Бизнес башаты же кыйылган теректер
- 1996-жылдан тартып айылдан терек алып келип сатып бизнес баштадым. Талас, Бишкектеги теректерди бүт кыйып саттык. Кийин "Папан курулуш" деп ишкана ачып Россиядан керектүү жыгач курулуш материалдарын ташыганга өттүк. "Папан курулуш" ишканасынын иштеп атканына 5-6 жыл болуп калды. Ишканада 100гө жакын жумушчу иштеп, мамлекетке 30 млн. сом салык төлөйт.

Жубайым
- Жубайым менен студенттер күнүндө таанышып калдым. Досумдун келинчегинин курбусу, группалашы экен. Эртеси кафеге келип отуруп жылуу мамиледе болуп кеттик. 1 жыл сүйлөштүк. Кара-Кулжанын Буйга деген айылынан болот. 1998-жылы үйлөнүп, 3 кыз, 1 уулдуу болдук. Келинчегим дагы мектепти алтын медаль менен бүтүргөн. Бишкекте турабыз, келгенибизге 10 жылдын жүзү болду. 2 жыл мурун Бишкек шаарына депутат болуп шайлангамын.

Депутаттыкка кадам
- Шаардык Кеңешке депутат болгон себебим, шаар бюджетине миллиондоп чогулган каражаттар кайда кетет, ошону билгим келди. Өзүмдү дагы сынап көрөйүн дедим. Бизнесте жүргөндө көптөгөн бюрократиялык тепкичтер, бир эле кагазды бүтүрүш үчүн бир нече чоңдун астынан өтүп, акча берип бүтүрөсүң. Мына ушуларды жеңил жол менен, ишкерлерге шарт түзүп берүү максаты болгон. Жогорку Кеңешке келгениме былтыркы жаздагы окуялар түрткү берди.

"Черныйлардын" кылтагы
- "Черныйларбыз" дегендер мага дагы кылтак ыргытып көрүшкөн. Бир жылы досум экөөбүз бильярд ойноп атсак, бирөөлөр телефон чалып, жолугушмай болушту. Келип "черныйларбыз, айына бизге баланча суммада "доля" берип турасың" деди. "Сөзүңөр бүтсө кете бергиле" дедим. Жанымдагы досум милиция кызматкери эле ал аркылуу тактасак, аларды милициялар өздөрү жибериптир. Бул тууралуу айтып министрге кирип, ошол жиберген милиция кызматкери кызматынан алынып, жанындагыларга сөгүш жарыяланган.
Дайырбек Орунбеков








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??