Көз караш

Сыргак АБДЫЛДАЕВ:
"Азыркы бийликтегилерге "элита" терминин колдонуудан алысмын"
(Башы 2-бетте)
Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга өзгөчө маани берип, байкап келем. Айтайын дегеним, тарыхый өзгөрүүлөр убактысы келип жетти, дегеле мындан башка жол жок. Азыр кыргыз эли жаңы, таза, акылдуу саясатчыларга, мамлекеттик башкаруучуларга чаңкап турган учуру экендиги сыр эмес. Улуттун жаңы идеяларга жана максаттарга болгон интеллектуалдык ачкачылыгынын артка кайткыс процесси башталды. Эмне үчүн дээрсиз? Бул башка суроо, эң негизгиси процесс башталды. Ошон үчүн мен кыргыз саясатынын клоундарына эчак эле крест коюп койгом. Алардын доору бүттү. КЕЛДИБЕКОВ менен ТАШИЕВ элдин башын айланткан караңгы мезгилдеги саясий карьера жасоочулар доорунун акыркы ноталары болуп калат.
- 2005-жылдын март окуяларынан алда канча мурда жасаган кээ бир божомолдоруңуз ишке ашып отурат. Кыргызстан, дегеле бүтүндөй Орто Азия чөлкөмү чырдуу аймакка айланды. "Ата Мекен" парламенттик шайлоодо жеңилди. Ушул жаатта бир нерсе сурагым келип турат. Сиз КР Президенти катары Роза Исаковнага Бакиевдердин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жол бербешин суранып кайрылуу жолдодуңуз эле. Сиздин кайрылууңузга назар салышпады көрүнөт?
- 2009-жылдын август айында Алматы шаарында бир эсте каларлык жолугушуум болгон. Белгилүү бир стратегиялык анализ жана моделдештирүү лабораториясынын эксперттери байланышка чыгышкан эле. Алар менен узакка созулган сүйлөшүүлөр болду. Өзүмө да күтүүсүздөн Бакиевди келерки жылы тактыдан кулатышат деп айткам. Ошону менен бирге өз оюмду жаңы төңкөрүш 2010- жылдын күзүндө болот деп бекемдегем. Менин жеке эсебим так ушул мезгилди көрсөткөн эле. Бирок, мен бир аз жаңылыптырмын, Бакиев апрелде күйүп кетти. Мындай ишеним кайдан алынды дээрсиз? Бакиевдин кулашы тууралуу эсептөөлөр бир катар ички жана тышкы факторлор менен шартталган болчу. Мисалы, таасир этүү аймактары жана Бакиевдин режиминин ресурстары сыяктуу негизги моменттерде. Ушул моменттердин башталышында эле Бакиев бийлигинин бекемдик белгилери четинен сөгүлө баштаган.
Анын мамлекетти башкаруу колунан келбеси башынан эле түшүнүктүү болчу. Ошон үчүн ал эч кандай ресурсунун жоктугуна карабастан, бийликке отурган биринчи күндөн баштап оппозицияны кысымга алып, жөпжөнөкөй кылмыш терроруна алуу жолуна түшүп кетти.
Ошон үчүн ал калың элдин козголоңу менен жеңилүүнүн кучагында калды. Ошентип, арадан жарым жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин 7-апрель күнү кечинде казакстандык эксперттер мага чалышып, менин божомолдорум туура чыккандыгын айтышты. Барынан кызык кабарды алардан эртеси күнү уктум. Алардын оюнча, Астана Бакиевди кыргызча териштирүүдөн кутултууну көздөп жатыптыр. Мунун өзү белгилүү бир жыйынтык чыгаруунун негизи десек туура болор эле.
Бир топ логикалык ой жүгүртүүлөрдөн кийин, Бакиевди жоопкерчиликтен качырышат деген ойго келдим. Ошондуктан, башында эле Бакиев эч качан жасаган кылмыштары үчүн жооп бербейт деп боолгологон элем. Бирок, казактар берген кабарлардан бөлөк менин божомолдорумдун бекемделишине башка дагы бир катар фактылар себеп болгон эле, муну азырынча ачыкка чыгарбай эле турайын. Ал эми КР Президенти Р.ОТУНБАЕВАГА жолдогон кайрылуум, сырткы күчтөрдүн катышуусу менен жүздөгөн кишилердин өлүмүнө катыштыгы бар башкы күнөөкөрдү өлкөдөн чыгарып жиберүүнүн кесепеттери туурасында жасаган ишаратым эле. Эми минтип өздөрү кыйын абалга кептелип отурушат. Ал кезде Роза Исаковна көп нерсени чече албасын түшүнөт элем. Аянтта төгүлгөн кан үчүн Бакиевди жоопкерчиликтен качыргандар ошол апрелчи команданын ичиндеги эле бөлөк оюнчулар болду. Анын кесепеттери бүгүн айдан ачык көрүнүп турат: Бакиев кланынын эркиндикте калган мүчөлөрү сырткы күчтөрдүн буйругу астында иштеп жатышат. Азыр кыргызча териштирүүгө кошуна мамлекеттер тартылып калуу коркунучу бар. Андыктан, эми Бакиевдер кайсы мамлекеттин аймагынан ким менен бирге сокку урат деген суроо мен үчүн ачык бойдон калууда.
- Кыргызстан бүгүн карызга белчесинен батып турган чак. Бюджет таңкыстыгынын 60%ы сырттан келген карыздын эсебинен жабылмай болду. Ошентип, өлкө карызы ИДПнын 55%ын түзүүдө. Ушул жерден сиздин сөзүңүздөн цитата келтиргим келип турат: "Ким кайтарымсыз акча берет? Эч ким. Берсе өз саясатын жүргүзүү үчүн, өз кызыкчылыгы үчүн! Биздин амандыгыбыз карыздарда эмес, кыргыздар!". Ушундан улам суроо: Сизге өлкөдө эч нерсе өзгөрбөй эле, Кыргызстан баягы эле Акаев, Бакиев схемасы менен келаткандай туюлбайбы?
- Бул геополитиканын мурдатан эле белгилүү болгон классикалык чындыгы. Каражат -үчүнчү өлкөдө саясий кызыкчылыкты өнүктүрүү, жаңы плацдарм жана таасир күчөтүүдө колдонулуп келген башкаруунун салттуу куралы. Кыргызстан дагы бул катардан оолак эмес. Азыркы учур чындыгынын эң бир басмырлантчу жери, биздеги саясий топтордун бригадирлери бөтөн өлкөнүн оюнунда үйрөтүлгөн маймылдардын деңгээлине түшүп, тышкы оюнчулардын алдында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын дүңү менен да, чекене да сатууга даяр экендиги. Ошондуктан, бөтөн өлкө саясатынын Кыргызстандагы малайлары мени тыйынча кызыктырбайт. Азыр мен үчүн РФ менен АКШ кызыкчылыгынын тирешүүлөрү эмнеге алып келет, эки державанын атаандаштыгы кыргыз элине кандай мүшкүлгө турат деген суроолор маанилүү. Ошон үчүн азыр Москва менен Вашингтондун Кыргызстан жана анын тегерегиндегилердин ар бир кадамына саресеп салып отурам. Азыркы учурда мага Кремлде РФнын тышкы саясаты жана стратегиялык багыттары боюнча бирдиктүү көз караш, командалык оюн түзүлө электиги белгилүү. Өз мезгилинде орусиялык саясий экрандын бульдозерлеринин бири Владимир СОЛОВЬЕВ "Кремлдин көп мунарасы бар. Бири эмнени ойлонгонун экинчиси билбейт. Бирок, баары эле президенттин атына жамынышат" деп таамай белгилеген жайы бар. Кыргызстандын мисалында бул өзгөчө байкалат.
Москванын тышкы саясаттагы оңунан чыкпаган иштери тууралуу жөпжөнөкөй фактылар конкреттүү мисалдарда оркоюп көрүнүп турат. Биринчи мисал, көпкө жашап, анын натыйжасында кыйроого дуушар болгон АКАЕВДИН орусиялык режими. Экинчи, ири кыйроо БАКИЕВГЕ болгон оюндун туура эмес эсеп менен жүргүзүлүшү. Бүгүн болсо биз мурдагы туура эмес эсептөөлөрдүн кайталануусун көрүп жатабыз. Кыргыз саясатынын идеецтери негизги оюндар РФ жогорку саясий башкармалыгынын ички териштирүүлөрүнө байланган кремлдик командалар согушунун шестеркаларына айланып калышкан. А чыныгы турмушта экономикалык кызыкчылыктары Түндүк Европа менен АКШдан тартып Азиялык-Тынч океан аймагындагы өлкөлөргө чейин тараган кремлдик макулуктар Орусиянын тышкы саясатын талкалап жатышат. Постсоветтик өлкөлөр арасында орусиялык көз караштын жоголуп баратканы жана КМШ өлкөлөр ичиндеги өнөктөштөрүнө болгон кош стандарттуулук ушундан улам болууда.
АКШ жана ЕСтин постсоветтик өлкөлөргө карата болгон саясаты РФнын жосунсуз жоруктарына толугу менен карама-каршы келет. Вашингтон менен ЕС Орто Азияда жеткиликтүү деңгээлде координацияланган оюн алып барышууда жана Орусияны байкаларлык жоготууга дуушар кылып, анын 21-кылымдагы нефти-газ ресурстары менен бирге болгон кызыкчылыктарын аймактан акырындык менен сүрүп чыгууда. Бул жааттан алып караганда, 2011-2012-жылдардагы Кыргызстан үчүн болгон күрөштүн жыйынтыктары мага белгилүү. Орусия Орто Азия чөлкөмүндө кыргыз плацдармы үчүн болгон күрөштө утулат. Ал эми Кремлдин кыргыз бригадирлеринен турган өнөктөштөрү Орусия бронепоездинен биринчи эле батыш семафорунда түшө качышат.
- Сиздин оюңузча, саясатчылар азыр өлкөдө түзүлгөн кризистен чыгуунун кандай жолдорун сунуш кыла алышат?
- Азыркыларбы?! Бийлик үчүн күрөш жана өлкө экономикасын кызыкчылыктарга ылайыктап бөлүштүрүүдөн бөлөк эч нерсе!
- Анда Сиздин өз өлкөңүзгө жана элиңизге айтар сунушуңуз барбы? Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстанды ар тараптан сынга алууга болот эмеспи…
- Идеялар бар. Алардын сааты келе элек, ошон үчүн унчукпай турайын. Болбосо, ал идеялар да парламенттик республиканын тагдырын кайталап калуусу мүмкүн. Анын үстүнө пикирлеш күчтүү командасыз жана элдин ишенимисиз мен эч ким эмес экенимди жакшы түшүнөм. Ошон үчүн өз идеяларымды азырынча Швецияда эле бышырып турганым оң го.
- Келечекке пландарыңыз барбы? Мындан ары эмне кылайын деген оюңуз бар?
- Бир гана планым бар - эмне болгон күндө да мындан ары жашаш керек. Олуттуу жооп берсем, китебимди жазып бүтүрүп, басып чыгарсам дейм. Алдыга өзгөчө максат деле койгонум жок. Ден соолугум ордуна келсе, иштесем дейм, үй-бүлөм менен дүйнө кезип саякаттагым келет. Каледон аралдарына баргым келет. Ал жерде Кандагардан тапкан досум жашайт. Айтымында, аякта баары кооз жана тынч. Көгүлтүр ирим (лагуна) менен алтын кумдун жер үстүндөгү бейиши. Алтын кум үстүндө жер бейишинин жымжырттыгын уккум келет.

- А үйүңүзгө кайтайын деген оюңуз жокпу?
- Азырынча жок. Эмне үчүн дээрсиз? Бул сурооңузга апрель окуяларынан кийин болгон төмөндөгү фактылар менен жооп бергим келет:
1. Депутат Р. Шабатоевдин жана башка бир нече буюртма киши өлтүрүүлөрдүн аткаруучулары болгон Ж.Зикирбаевдин тобу жок кылынды.
2. М. Садыркулов, С. Слепченконун өлүмүнүн негизги күбөсү О. Осмонов бир илинчеги калбай тиги дүйнөгө кетти.
3. Г. Павлюктун өлүмүнө байланышкан кылмыш ишинин расмий версиясына ылайык КР ГКНБнын кызматкери Алдаяр Исманкулов катардагы кылмышкер, демек казак атайын кызматынын калкалоосу астында РКнын аймагында бейкапар күн кечирет. Демек, ал өз ишин дагы уланта берет дегендик.
4. Мага болгон кол салууга байланышкан кылмыш иши качан эле жабылып, архивдин таштанды челегине ыргытылган.
5. Окурмандар үчүн дагы бир сырды ачып коёюн: мага кол салууга катышкан 4 кишинин үчөө эбак коё берилген.
6. Акырында жыйынтыктоочу факт - жогоруда саналган бардык өлүмдөрдүн буюртмачылары эркиндикте ойноп жүрүшөт… Өзүңөр жыйынтык чыгарып алсаңар болот. А мен азырынча унчукпай турууну тандадым.
Маектешкен
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА